Пример HTML-страницы

Өч алдым билбейм кимден 4 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=17347&preview=true Кызыктуу окуялар.

«ӨЧ АЛДЫМ, БИЛБЕЙМ КИМДЕН«

              ……..4-БӨЛҮМ………

Калилдин көзү чыгып кете жаздады, сүйүнгөнүм ай. Канчалаган жылдан бери самаганым ушул эмес беле?

 

—Албайсың могу кызды, эки дүйнө ыраазычылыгымды бербейм. Акыркы сөзүм ушул, калганын өзүң бил..

—Ата эмнеге? Түшүндүрүңүзчү мага, ар бир нерсенин себеби болуш керек, себеби барбы?

—Бар, бар көп себеби… Мен сага түшүндүрүп бербеймин, албайсың дедимби албайсың. Ала турган болсоң мен аталыктан кечем, сени жок эсепке чыгарам..

—Ата сиз мага өмүр бою үлгү болуп келгенсиз, ыраазымын берген наныңызга. Азыр болсо түшүнбөй жатам өмүр бою чынчылдыка, тактыка жана тайманбастыка тарбиялаган атама эмне болуп жатканын. Ушул күнгө келип сиздин бай-кедейге, орус-Кыргызга бөлгөнүңүздү көргөн жок элем. Азыр убагында Клара үй кызматкери болгону үчүн гана кабыл албай жатасызбы? Клараны өзүмдөн артык жакшы көрөм туура, мен аны сүйөм бирок, ата сизди кечип кетчүдөй эле эмес. Маакулмун сиздин сөзүңүздү эки кылбайын таштоого, унутууга дарманым жетет сиз айтыңызчы бир эле суроом бар жооп бериңизчи мага.

—Айт, сура жооп берем.. Могунуңду жоготсоң болду..

—Ата эсиңиздеби мага жомок айтып бергенсиз. Ал жомок чындык экенине жакында эле көзүм жетти. Башкы каарман сүйүктүүсүн айыкпас илдеттен сакайта албай канчалык кыйналат, азап чегет, жашоонун маңызын жоготот, жүрөгүн сууруп бергиси келет бирок, колунан эчнерсе келбейт айласыздын жашоосунда жашап калат. Айттыңыз эле сүйүктүүсү ыйласа жүрөгү тилинет, онтосо жашагысы келбей калат деп ошол каарман сиз, сүйүктүүсү апам экенин түшүнгөнмүн. Мына мен да мындан кийин ошентип жашайм. Жашоомдун маңызы кетип, бактысыз болом. Жүрөгүм оорукчан болот, бул жашоодо жөн эле тирүүлөрдүн катарын толуктап бирок, дилим өлгөн болот. Азыр Клараны жиберсем жүрөгүм кошо кетет, маакул өзүмдүн жашап өткөн жашоомду балама да ыраа көрөм десеңиз айтканыңыз болсун…

—Эрбол мени кыйнадың, жарга такадың эмне дешти билбей калдым. Маакул балам сен айткандай болсунчу, арсыз атаң өлүп кетсинчи. Бактылуу болгула..

 

Мени жеп таштачу көзү менен бир карап, бурулуп алды. Арт жагынан көз жашын сүрткөнүн даана байкап калдым. Мен жеңдим дедим, сүйүндүм. Калил бөлмөсүнөн чыкпай калды. Астыга дароо түшүп келишкен соң биз ынтымактуу жашап калдык. Эрболго бериле баштадым, чын дилим менен сүйүп калдым, алсыздык кылдым. Келин болуп келип, бактылуу жашаш эмес болчу менин максатым. Астра эженин жалооруй карап:-кызым деп айтканын укканда качанкы муз болгон жүрөгүм ээрип кеткен көрүнөт. Кылган ишиме өкүнүп, кайнатамдан уяла баштадым. Мурун эл көзүнчө эле сыйламыш этсем эми жүрөгүм менен сыйлагым келди. Балким, убагында бул дагы адашкандыр, мастыка же напсисине алдыргандыр. Ичимден Калилди актай баштадым, мурунку кек жоголуп баратты. Сүйүү ушунчалык адамды өзгөртөбү э? Ишенбейм, ишенбеймин жарым жашоомду кек алуу үчүн коротуп алып кандайдыр жарым жылда жеңилип бергеним эмнеси? Баардыгын таштайм, кек албаймын.. Кудай берген момун кайненем, сүйүктүү жолдошум менен сыйда эчнерсе болбогондой жашоо баштайм. Бактылуу болууга акым бар!-деп чечтим. Мисирейип, байсынган кыялым өзүнөн өзү жок болду. Жароокер, мээримдүү, сүйүктүү жар, камкор, элпек келинге айландым да калдым. Бул жашоо мага жагып калды, үстүмдөн кектин жүгү басып дайым оор жүрчүмүн. Азыр баардык жок унутулуп оор жүктөн арылдым.

Арадан жыл айланды, бизде жаңылык болгон жок. Кудайдын насиби деп күтүүдөн тажаган жокпуз. Кайнатам мени менен урушууга кынтык таппай турат. «Отурсам опак, турсам допак»-деген өзбек элинин сөзү бар эмеспи так ошондой десем болот. Канчалык кайнатамды ынтымака чакырдым өзүнүкүн бербей койду. Бир күнү үйгө чакырып калышты ата-энем төркөлөтүп. Шаарга көчүрүп келип үй бүлөөмдү, ашкананы апама берип койгон элем. Жашоосу бир топ оңолуп калган. Эми төркүнүм дагы кайынжуртума тең келе алышмак. Айтышат эмеспи «Тең тең менен, тезек кабы менен»;-деп ошондой болду окшобойбу.

 

—Эмне деп жатасыңар? Тажаттыңар мени, эй бала ушул катыныңды көрсөмчү аллергия болом. Бөлүнүп кеткиле, алыс болгула. Төркөлөтүп дегенди мага угузбагын.

Ылайым эле туубас болуп калсын катының, өз айыбын сезип башыңды бошотуп кетсин!-деп тескери бата берди. Ыйлап жибердим, негизи жүрөгүм кадимки алсыз аялдын жүрөгүнө айланган эле кайра муз басып кетти окшойт. Чыдабай кеттим анткени, боюмда бар болчу. Бир жылдан соң боюма бүтүп эки айлык болгон болчу. Ичимдеги балама өлүм тилеп бата кылгандай эле болду окшойт. Өзүмдү эмне десе десин, эмне кылса кылсын болгону төрөлө элек балама тийишпесин. Ичимдеги түйүлдүк энелик мээримди ойготуп койгон окшойт, чырылдап коргоого өттүм.

 

—Ата каргаба, каргабай кал.. Оозуңду жап, сүйлөбө мени ур, сөк, теп болгону каргаба. Мен туубас болбоймун, туубас эмесмин боюмда бар. Баламды каргабай кал, маакул кетейин калбаймын. Кетсем да чыныгы жүзүңдү ачып кетем, жөн койбоймун. Баламдын атасын тартып алып жатасыңбы мен да сени уулуңдан ажыратам. Жакыныңсыз калтырам, мага окшоп жалгыздык кандай экенин билесиң. Жүрөк тилинип оорулу болгон кандай экенин билесиң.

—Клара сен сөз да тыңшайсыңбы э? Сенден баардыгын күтсө болот экен да, жогол көзүмө көрүнбөй кет. Менде сеникиндей эки жүз жок, болушум ушул. Ичиңдеги бала кимдики экенин кудай билет, жогол.

—Ики кыйынын кара, эй Калил оозуңду жапкын. Сыйыңды жайына койгондо оозуңду жаап калбадың эми шашпагын. Таң эле атсынчы эртең тууган-урук чогулат ошол жерде уятыңдан өлөсүң..Туугандарыңдын көзүнчө шермендеңди чыгарам.

 

—Курук доомат, жогол..

 

—Эмне эле деп жатасың кызым?

Атаңды сенсиреп, атынан айтканы жетип калдыңбы? Мурун келиндерди кайнатасы камчылап койсо деле үн катышчу эмес эле бул эмне кылганың кызым? Сага нараазымын..

 

—Апа, сиз эчнерсени билбейсиз, бул деген айбан. Менин тагдырымды талкалаган ушул. Баардыгын жашыргам мен, Эрболду сүйүп калам деп ойлогон эмес элем. Эми баарын кечирип, баардыгын унуткандан кийин Калил мынтип чыкпадыбы. Ушуну менен экинчи жолу тагдырымды талкалап жатат. Эми мен кечирбейм, жашырбайм. Ошол акчага зарыгып жүргөн кезде силердин үйүңөргө келип үй кызматчы болуп жүргөнмүн. Кетер күн келгенде аяш атам каза болуп калып кеткен элеңер. Калил ошондо эртерек келип калган, кийин сиз келип булганган шейшеп тапкансыз. Ошол шейшеп менин намысым эле, ошол намысымдан айрыган ошол күнү. Эч камырабастан мен азгырып койнуна киргендей кайра мага сөз арткан. Айта алган эмесмин, шермендечиликтен коркконмун. Ошол күнү эле өз жанымды кыят болчумун бирок, Калилди жазаланбай калуусун каалабадым. Азаптап керек болсо өз колум менен өлтүргүм келген. Ошол максат менен чоңойдум, жада калса өч алуу үчүн Эрболго турмушка чыктым. Түйүлдүк баардыгын өзгөрттү эле, эми араң тынч жашоого умтулган элем болбоду..

 

—Калп, калп бул курук доомат. Ойлоп тапты, бизди уруштурайын деп таап чыккан кеби. Ошол кезде бул чычкандай кыз эле менин колумдан андай иш келбейт..

 

—Уяты жок акмак, сен ушунча кылган жакшылыгыңды, камкордугуңду бир ушул ишиң менен жууп кеттиң. Эми өзүң жоголуп кеткин, жаштар өзү чечип алат калганын. Мейли Клараны билбейт экенмин бирок, сени мыкты билем. Аял дегенде жата калышыңды да билем. Канча жолу кармалдың унчукпадым, сени жаттап бүткөм колуңдан келет..

 

—Астра мен эмес, ишенсең калп айтты.

 

—Ата, мен мындайды күткөн эмесмин. Сага ишенейин десем башынан каршы болуп туруп алдың. Кеп байлыктабы десем биз деле мурункудай бай эмеспиз, кеп эмнеде анда?

Клара сени болсо кечире албайм, ишенгим да келбейт сага. Балким чын, балким калп эң башкысы бул эмес. Эң башкысы сен мени колдонгонуң, алдаганың. Атам экөөбүздү төшөктөш кылганың. Эми чындап кет, сүйүүмдөн намысым күчтүү..

Апа сиз мени кечириңиз мен да кетишим керек. Мындай булганган жашоодо калгым келбейт. Атамды куубаңыз кечириңиз аны. Каарыганда көчөдө калбасын. Силерди багам болгону атамды башка көргүм келбейт.

 

—-Балам кетпе, эгер азыр кетсең мени өлдү дей бер. Апам жок деп эсептесең болот, кеткиле кана. Ким мени аттап өтө алса кете берсин..

 

—Ишенүү, ишенбеш өзүңөрдүн ишиңер болгону билип койгула мен талкаланган тагдырым үчүн Калил сенден өч алам..

 

—Жогол канчык жогоол……

 

—Ата сеники чын болсо кана эң ыйык сиз үчүн мен. Башымдан кармап карганыңызчы. Алдаган болсом балам жакшылык көрбөй калсын ушул, өлүгүн көмүп калайын деңизчи…

Эрбол атасына ошенткенде Калил колу титиреп кетти. Оозунан сөз чыкпай калды. Күнөөсү ачылып айласыз диванда илинип турган бир костюмду алып чыгып кетти. Артынан мен кийген халатым боюнча эле чыгып кеттим. Ыйлап бараттым, кайда экенин өзүм билбейм. Көз жашым көл болду, жан дүйнөм жок болду.

Артымдан үйдө турган волга келип токтоду. Мурун Раистер волгада жүрүшчү эмес беле. Кызматтан түшсө да волгасы калыптыр. Жаман оюмда Эрбол артыман келиптир дедим. Азыр эле ааламга таарынып кетип жатсам машинаны көрүп сүйүнүп, бир саамга бактылуу болуп кеттим. Эх кана ошондо машинадан жан сүйгөнүм түшкөндө.. Машинадан мага тааныш кутурган көз көрүндү, ошол он беш жаштагы кордукту көргөн күнүм эске түштү. Баардыгы бүтүптүр дедим, мени көздөй кележаткан Калил болчу.

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE