Пример HTML-страницы

Өч алдым билбейм кимден 20 бөлүм (аягы) 

https://kyrgyzcha.site/?p=17347&preview=true Кызыктуу окуялар.

ӨЧ АЛДЫМ, БИЛБЕЙМ КИМДЕН.

……….20-БӨЛҮМ………………

—Апа эмне ыйлап жатасыз? Сиз айткандай атам менен жараштым, сиз менен жараштырайын!-деп чакырдым. Көзүңүңздүн жашы эми акпасынчы апа, сизди баарыбыз жакшы көрөбүз…

 

Балам ушинтип жатса жүрөгүм элжиреп кетти. Ыйлабайын десем да жашым токтобой жатты. Мени алаксытууга Рыспек жаныма келип кучактап калды. Сезип турду мендеги бир сезим Рыспекти түртүп, жолобо дегенсип турганын. Бул сезимди башкара алдым, унчуккан жокмун. Бир колум менен кучактап, далынан таптап койдум.

—-Рыспек мени кечирип койчу.

—-Клара мен сени күнөөлү деп эсептеген жокмун. Баламды дарылоо менин милдетим, ал акчалар кайда калган акча. Кайрадан ыраазымын менин баламды эр азамат кылып, чоңойтконуңа. Сен мени кечир Клара, жалгыз таштаганыма кечир. Сенден бир жолу сурап койбой, күнөөлү кылганыма кечир. Мен сени сүйөм, сүйүп өтөм түбөлүк.

—-Сүйүүгө татыктуу эмесмин, сени кечирдим. Балдарым, кызым, апам, сиңдим, Рыспек, Эрбол мени кечиргиле. Акылсыздык кылып, баардыгынын жашоосуна оор күндөрдү салдым. Бардыгын артка кайтарууга мүмкүн болгондочу, баары башкача болмок.

—-Апа антпеңизчи, сиз боорукер болбогонуңузда жашооңуз соонун болмок. Бизге окшогон акылсыздардын артынан көп азап тартып калдыңыз.

—Ошо да апа, мен кеткенден бери айыкпай ооруп жатыптырсыз. Бизди ойлоп баарынан жашырыптырсыз.

—Жок балам келиним карап жатты, жалгыз болгонум жок.

—Кана анан келиниңиз? Келин бар үй да ушундай болобу? Жашырбаңыз апа, Америкадан келип аны менен өзүм сүйлөшөм.

Андан кийин сиңдим кучактап кечирим сурады, өзүн ойлоп мен жөнүндө унутуп койгону үчүн. Булар күнөөлү деле эмес, өзүм баламдын Америкага кеткенин, келиним кетип калганын айткан эмесмин. Күйөө баладан уялдым, мен үчүн сиңдим тил угуп, үй-бүлөөсү бузулбасын дедим. Күйө баламды тойдо көргөн боюнча эми көрүп жатам, жакындан билдим. Момун, ак-көңүл, колу ачык, ичинде арамы жок жигит экен. Перизатым ошол үчүн бул жигитти жакшы көрүп калды да. Кечинде Жакшылык кой алып келип, түлө өткөрдү. Эртеси Америкага учуп кеттик, жакшы сөз жан эргитет дейт эмеспи, кечеги уккан жылуу сөздөр мени кыйла чыйралтып койгон. Дарыгерлер өздөрүнчө сүйлөшүшөт, түшүнбөйм. Ары жагымды бир тартат, бери жагымдан бир тартат. Иши кылып болушунча даарылашты. Үч айдан кийин чыдабай калдым, үйүмдү сагындым. Кетем деп чыр сала баштадым. Эчнерсе сезбеген бутум, ийне сайгандай тызылдап баштады. Күн сайын жылыш болуп жатты, Эсендин ыйлаганы ай. Байкушум түндө иштейт, күндүзү менин жанымда болот. Бутумду врач үйрөткөндөй ушалап чыгат, уктап алчы деп жалдырайм. Чарчаганын билдирбей күлүп эле коёт. Өзүнүн жеп ичкенин, жашаганын актайын деп акчаны үнөмдөгөнү да. Ошентип операция кылууга да кез келди, бул операция мени бутка тургузмак же биротоло жаткыра чапмак. Эсен агайына ишенгендиктен ойлонбой туруп көндү. Мейличи буйруганы болот да, жакшы үмүт кылайын. Операциядан кийин ойгондум. Бутумду кыймылдатууга шаштым, ишенесизби бутумдун манжаларын кыймылдаттым. Мага баш беришти, өзүм башкардым. Демек эми өзүм басып кетем. Балам экөөбүз кучакташып ыйлап жаттык, телефондон видио кылып Кыргызстан менен сүйлөшүп сүйүнчүлөдүк. Баары ыйлап жатышты, ушул убакта өзүмдү чексиз бактылуу сездим. Мени ушунча көп адам жакшы көрсө, мен болсо өмүрүмө кайдыгер караптырмын. Менин акым жок буга, өзүмдү жок кылууга акым жок. Жакындарымдын башына аза салып кетүүгө акым жок. Ушул төгүп жаткан көз жашым акыркы болсун, эми ыйлабайм. Сөз берем, эми көзүмдөн кубанычтын гана жашы чыгат. Бактылуу болом……..

Убакыт өтүп, врач уруксат бергенде Кыргызстанга кайтып келдик. Бирок, мени майып арабасына олтургузушуп Аэропорттон алып чыгышты. Эшик ачылаар замат жакындарымды көрдүм. Көөп шариктерди үйлөп, кооз кылып сүрөтүмдү тартышып, сиз биздин бар байлыгыбызсыз!-деп жазып алышыптыр. Жанакы эл баатырларын тосуп алгандай кол чабып жатышты. Бир эле жакындарым эмес, бардык турган адамдар кол чабып жатышты. Өзүмө өзүм сөз бергендей ыйлаган жокмун, ичимдеги кайнап чыккан сүйүнүчтүн жашын да чыгуусуна жол бербедим. Эшике сүйрөп чыгышкандан кийин, Жакшылык көтөрөйүн дегенде өзүм акырын турдум. Кадамымды жай болсо да өзүм таштадым. Ымыркай жаңы басканда тай-тайлап кубанабыз го, так ошондой болуп жатты. Баардыгы менин ар бир кадамыма сүйүнүп жатышты. А мен болсо балдарымдын балакай кезин эстеп кеттим, тай-тайлатып бастырып. Таштаган кадамдарына кол чабып сүйүнгөнүмдү эстеп кеттим. Ошондо түшүндүм жашоодо мээрим жашап турганда, үмүт эч качан өчпөйт экенин. Керемет дайыма күтүүсүздөн боло берээрин.

Мына ошентип мен тиленген кез келди, үй-бүлөөм бирикти. Болгону неберем Айдинаны алып келүү керек эле. Эсенге Жакшылык менен Наргизаны, сиңдимди кошуп Перизаттын төркүнүнө жибердим. Айдинаны алып келиш керек болчу. Өзүм бармакмын, болгону алыс жол жүрө албайм. Кечке маал баары ызы-чуу болуп кирип келишти. Там-туң баскан кызымды алып киришти. Айдинаны эркелетип, бетинен өптүм.

—-Апа дагы бирөө бар, сиздин уруксаатыңызды күтүп жатат. Кире берсинби?

—-Ал ким экен, киргиз.

Эшиктен Перизат келиним кирип келди. Күтүүсүз болду мага. Башын жерден көтөрө албай турду.

—Апа мени кечирип коюңузчу, акылсыздык кылдым. Баардыгын башынан баштоого уруксат бериңиз.

—Баарыңар чыгып тургулачы, келиним менен жалгыз сүйлөшөм.

Баардыгы чыгып кетишти.

—Перизат мен сени кечирем дечи, Айдинанын өз ата-энеси менен өскөнү жакшы. Бирок, сен күйөөгө тийем деп жатпадың беле?

—Апа колумдан келген жок, көп ойлондум. Сиздин акыркы айткан сөздөрүңүз эсиме келтирди. Эми айтканыңыздан чыкпайм апа.

—Болуптур, мен эмне демек элем. Эсенге эч нерсе айтканым жок, сени карады дедим. Чындыкты билбейт, билсе эч качан эрчитип келмек эмес.

—-Ыраазымын апа ыраазымын.

—Болгону өзүмдүн тагдырым кайталануусуна жол бере албайм.

Үйүбүз тардыгын эми сездим окшойт, үй-бүлөөбүз чогулганда. Үйгө батпай кетебиз, болгону эки бөлмө болсо анан. Эсенге Рыспек күтүүсүздөн үй алып берди. Рыспектин ошондо мен көргөн жалгыз уулу бар экен. Ал баласы айылда калыптыр. Аялы болсо үч жыл мурун авариядан каза болуптур. Ошол үчүн Рыспекти акыркы көргөнүмдө көздөрү муңдуу болчу экен да. Эсен аялы менен кызын алып көчүп кетти. Америкадан даарыланганы барганда иштеген акчасына мурунку дүкөндү кайра иштетип алды. Жакшылык да машина менен иштеп баштады. Иши жакшы жүрүшүп жатты окшойт үйдүн алдына чоң үй баштады. Эсен болсо Медакадемияга тапшырды. Эсен алып кетем дейт, Жакшылык өзүм багам дейт. Экөө кадимкидей талаштан урушуп кете жаздашты. Балдарыма ушунча кадырым кымбат экенин жетине албай кеттим.

Эсенге Жакшылыктын үйү бүтмөйүнчө кызын карашам деп калып калдым. Таарынгансып кетти бирок, майда-чүйдөсүн көтөрүп алып эк-үч күндө бир акыбалымды сураганы келип турат. Мындан артык бакыт барбы? Чыныгы бакытты кудай ачуу азаптардан кийин берет тура. Мына эми баары жакшы болот экенине толук ишенем.

Перизат менен Наргизанын боюнда болду, үй-бүлөө мүчөлөрүн чыдамсыздык менен күтүп жаттык.

Анан күтүүсүздөн чакырылбаган коноктор келди. Рыспек баласын, апасын алып келиптир. Эмне үчүн келишкенин түшүнбөй турдум. Келген конокту киргизип, дасторкон жайып чай бердим. Анан кайненем апамды чакырышымды айтты.

Сиңдим үй алып, ошол жакта жашап жатышкан. Чакырдым, Жакшылык барып алып келди. Эки кудагый эми таанышып жатышты. Кызык дүйнө э, балабыз балалуу болуп калганда таанышып жатышат. Жакшылап таанышып алып, анан кайненем сөз баштады.

—Айланайын Клара эми өзүң кайнене, чоң-апа болуп калдың. Жашоо ушундай экен, биз ойлобогон нерселер көп болот. Көзүм өтүп кете электе өзүмө милдет болгон ишти аткарып кетейин. Рыспек баламдын сенсиз кыйналып жашаганына канча жылдан бери күбө болуп келем. Сен дагы Рыспекти жакшы көрөөрүңдү билем. Эми ортоңордо бала, небере бар жарашып алгыла. Рыспектин баласы менин колумда калат, келиним жаш кетти жарыктык. Экөөңөр эки жакта жалгызсырабай чогу болгула.

 

Иий кирээрге тешик таппай калдым, уялганымды ай. Баламдын, келинимдин алдында колумду сурап жатты. Өлбөгөн шыйрагым эле калды, уят эле уят.. Кайненеме атырылып кете жаздадым уятымдан. Чын келинимден катуу уялдым. Сөз баштайын десем апам оозумду жаап койду.

 

—Ооба кудагый, туура айтасың. Баласы бар ортодо, экөө эки жакта жүргөндө эмне. Мына менин чалым эрте каза болуп, жалгыздык кандай азап экенин билем го. Экөө сүйлөшө алышса баары эле ыраазы.

 

Эсенди чакырбасам да келип калды. Атасы балама алдын-ала айткан экен да.

 

—Апа, жалгыз болбоңуз. Атам менен жарашыңыз, мен маакулмун. Атам экөөңөрдү өзүм алып кетем..

—Ий муну карап кой, өзүнө даяр малай издеп жатканын. Ата-энеңе тынчыраак жашоо бергиле, өздөрүнчө эле жашашат. Апам мынткенде баары каткырып жиберишти. Дароо болбосо да Рыспек экөөбүз бара-бара жакшы болуп, мамилебизди кайтарып алдык. Бир бөлмөлүү квартирага экөөбүз өзүнчө бөлүнүп кеттик. Рыспек күндө мени жетелеп алып сейилдетип келет, чогу тамактанабыз. Көчөдө дайыма колтукташып жүрсөк, элдин баары суктануу менен карашат. Эсен уулдуу, Жакшылык кыздуу болду. Ырыс деген атты талашышып, баарын күлдүрүштү. Жакшылык Ырыскан, Эсен Ырысбек койду. Жээнтек той өткөрдүк. Тойго Эрбол Каникей менен келди, кошуна курбум келди, Рыспектин баласы чоң-апасын эрчитип келди. Баардыгы чогулуп, балдаргы бата беришти. Катаңды мойнуңа алып, чын жүрөктөн кечирим сурашканда баары жайына келет тура. «Сабырдын түбү сары алтын», «Таш менен урганды, аш менен ур»-деген макалды эстеп өмүр сүрүү керек экен. Бул өмүр баянды мени аясын!-деп айтып жатканым жок. Жана өзүмдүн баардык кылганымды жашырбай айттым, актанып кээбир жерин жашырбадым. Бул өмүр баянды угуп өзүнө сабак алабы деп жатам. Балким, бирөөнү кек алуудан артка кайтараар деген үмүттөмүн.

(((((((АЯГЫ))))))))((((((СОҢУ)))))))

 

Чыгарманы күтүп , чын дилинен кайгырып, ыйлап, берилип окуганыңыздар үчүн чооң рахмат.

Сөз аягында айтчу сөздүн баарын, чыгармага кошуп айттым.

Бактылуу болуңуздар….!!!!!!

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE