Пример HTML-страницы

Өч алдым билбейм кимден 18 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=17347&preview=true Кызыктуу окуялар.

Өч алдым, билбейм кимден.

……….18-бөлүм…….

Жадырап келген жазда келиним кыз төрөдү. Сүйүнүчүм койнума батпай турган кезим, көптөн бери неберелүү болсом Ырыс койоюн деп жүргөм. Тилеген тилегим ишке ашып, неберелүү болгон соң балама коңгуроо кылып, Ырыс деп ысым ыйгарганымды сүйүнүп айттым. Балам болсо тамагын аста кырып, ыңгайсыздана сүйлөп турду. Кызымдын атын келиндин ата-энеси коюп коюптур Айдина деп, эчак эле. Ушул кандай болсун? Кызынын баласына кудасынан озунуп ат койгонун эми көрүп жатам. Желмогуздай келиним биздин өмүр баяныбызды ата-энесине төкпөй чачпай айтып берген окшойт. Мени таянаары жок деп, тоготпой кылып жаткандары да. Бул окуя мага аябай катуу тийди, төшөктөн турбай калдым. Перизат төрөт үйүнөн өзү чыгып кетиптир. Эсен жумушта болгондон кийин мен чыгарып кетүүгө барсам, кетип калыптыр. Неберемди көрсөтпөй туруп кетиптир. Төш жагым оттой күйүп, жанымды ачыштырып турду. Мен мындай эч качан кылган эмесмин, Жакшылыкты кайненем кайгыдан өлүп калбасын деп бергем. Орукчан адамдын каарына калуудан коркуп, дайым көңүлүн алууга аракет кылчымын. Эрбол түрмөдө жатса да, беш жылдай кызматын кылып жашадым. Тообо эми эмне болот. Жолдон машина тосуп, үйгө кайтып келдим. Эсен ошол эле күнү үйгө келди. Үч айдан бери менден кабар албаган балам келиним кетээр замат келди. Демек Перизат Эсенди мага жибербей жүргөнбү?

Үйгө кирип келип эле мен тааныган Эсен мени катуу кучактап калды.

—Апа, апа мен сизди жакшы көрөм, сизди сагындым жаным апа. Кечирип коюңузчу, алсыздык кылып жатам апа. Перизаттын мүнөзү оор, чыдабай калдым. Бир күнү өлтүрүп коём деп корком. Өз кызымды мага көрсөтпөй кетти. Бир нерсе десем эле сотко берип, каматам дейт. Камалып кетсем сизден корком, бул кайгыны көтөрө албай калабы дейм. Мына апа кичине акча чогулттум, даарыланып баштаңыз. Анан сүйүнчү мен Жакшылык байкемди таптым. Жеңем экөө Америкада экен, иштеп жүрүшүптүр. Акыбалды айтсам мени жанына чакырды. Жакында кетем, Перизаттан кутулайын.

—Балам андан кутулба, мени десең жашайсың. Жаш болсо кийинчирээк токтолот балам.

—Апа сиздин алдыңызда, милдетимди аткара албай жатам.

—Баары жакшы, анда эртеңден калбай бар да Перизат менен кызыңды алып кел. Неберем, келиним менен калам мен.

—Ал калбай койсочу.

—Мен көндүрөм балам, мага кой.

Эртеси эле барып, Перизатты алып келди. Унаадан түшкөндө эле маанайлары жайында эмес экенин түшүндүм. Менимче Америкага кетерин айтып койгон окшойт.

Перизат кирип келип эле диванга дүп жыгылды. Бутун асманга асып алган жөн эле, азыркы кыздарга эмне болгон? Мен кайненемдин алдында мынтип жатчу эмесмин. Кийин Рыспек менен кетип калгандан кийин деле, кайненемдин сыйын жайына койчумун. Көрмөксөнгө салып, неберемди колума алдым.

Өзүм байкабай «Ырысым»-деп эркелетип алыптырмын. Муну угуп алып келиним, чыр салды.

—Апа эмне өз атынан атабай жатасыз? Ата-энем койгон атты, жактырбай жатасызбы? Кызымдын өз аты бар керек болсо.

—Кызым, сенин кызың менин неберем болот. Неберемди өзүм каалагандай эркелете алам, Ырыс деймби же берекем деймби өзүм билем. Кыскасы мындай Перизат, мага үн көтөрчү болбогун. Менин акыбалым бул болгону менен Эсендин ата-журту кыйындар. Кайнатам сот, кызды өзүбүзгө жөн эле алып коёбуз.

—Апа хаа бул жомоко өзүңүз ишенесизби?

—Бул жомок эмес, Перизат мындай кылыгыңды койгун. Мен кече адвокат менен сүйлөшкөм, бала никеде төрөлдү. Муну тастыктаган ЗАГСтан күбөлүк бар, боюңда болгондо он жетиде болсоң, төрөгөндө он сегизде болчусуң. Демек баламды сотко берчү себеп жок, Эсенге эч кандай күнөө коё албайсың, акың жок.

 

Законду деле билбейт да бул, кече эле мектепти бүтсө. Анан окубай эле балдар менен бактын түбүндө, жыргап жүрсө эмнени билмек эле. Ал эмес мен деле билбейт элем, адвокат менен сүйлөшкөндөн кийин мага түшүндүрдү. Перизатка шарт койдум.

—Перизат мындай, эгер кызыңсыз төркүнүңө кайткың келбесе жөн жүрөсүң. Мен сага мүмкүнчүлүк берем жакшы келинге айланууга. Эсен болсо, Америкага барып иштеп келет, сен мени менен каласың.

__Кызды алып кала бергиле, иттей байланган жерим жок. Эсен жок бул үйдө бир күн да турбайм.

Перизат жаш болсо да, бир топ кыйын экени көрүнүп турду. Кызын таштап кетүүсү да толук мүмкүн экен. Демек бул кызга башкача мамиле кылуу керек. Ымыркайды мага таштап кетсе, бул жаным менен карай албайм. Өз жанымды араң эптеп жүргөндө, баланы энесинен ажыратып албайын.

—Перизат сен акылдуу жансың да, туурабы. Мындай кылалычы, мен силерге жамандык каалабайм. Кантип эле өз балдарыма жамандык каалайын, болгону силерди ынтымакта жашасын деп жатпаймынбы. Эсен барып иштесин, эки-үч айдан кийин сени чакырат. Экөөң иштей бергиле, жаш эмессиңерби. Мен даарыланам ал убака чейин айыгып, кызды алып калам. Багып берем силерге, жаш эмесминби.

—Апа эмне деп жатасыз? Кантип жалгыз жаш бала менен каласыз.

—Балам баары жакшы, мага кой.

—Мен маакулмун, үч ай, үч айдан өтсө мен кызды таштап кетем.

Үчөөбүз мынтип келишкен соң, Эсен чогулткан акчага Эсендин документтерин бүтүрүп, билет алдык. Ошол жумада эле балам океандын ары бетине учуп кетти. Мынтсем бизге жакшы деп ойлодум, Перизат неберемди чоңойтуп берсе алып кала бермекмин. Эсен болсо иштеп келип окуса, келечегин оңдоп алмак. Перизат болсо кете берсин, мындай аялдар бактылуу болууга татыктуу эмес. Эсен кеткенден бери байланышкан жок, Перизат болсо үч айдан кийин неберемди алып төркүнүмө барып келем!-деп кеткен бойдон келе элек. Перизат кеткенден кийин эле Эсен коңгуроо кылды. Жумушка орношуп, жакшы иштеп жатканын айтты. Менин атыма акча которуптур, үйдө жегенге эчнерсе калган эмес эле, рас болбодубу.

Эртеси эптеп чыктым, банктан акча алып ооруканага түз өтүп кеттим. Врач аябай таң калды, жашым кырк үчтө болуп туруп, кемпирдей басып калганыма. Айлам канча, айткан анализин тапшырдым, мени ооруканага калтырды. Бир жумадан кийин Перизат үйгө келдим!-деп коңгуроо кылды. Оорукананын дарегин айтсам келди, үйдүн ачкысын алып кетүүгө. Эсендин акча салганын угуп көздөрү жанып кетти, үйдө жегенге нерсе жок болгон үчүн Перизатка беш миң бердим. Перизат ал акчаны алып кетип калыптыр, бир да жолу мени сурап келген жок. Телефонун албайт, үйгө чыгып барсам эч ким жок экен. Күз келип баштаган болчу, үй кичине суук тартып калыптыр. Үйдү тазалап, үйгө майда-чүйдө алып келип кайра ооруканага бардым. Жүлүндөн анализ алмак эле. Бул коопту экенин мага бир да жан айткан эмес. Туура эмес алган экен, сол жагымды башкара албай калдым. Оорукананы сотко бердим, андай кылдым, мындай кылдым баарыбир колумдан эчнерсе келген жок. Акыры баса албасам да, үй ичинде жөргөлөп калдым. Перизатка коңгуроо кылуума туура келди, жалдырап жатып, келип кетүүсүн сурандым. Мисирейип неберемди албай келиптир, акыбалымды көрүп туруп эмне болдуңуз деп койгон жок. Ата-энеси ушундай тарбия бергенби?

—-Перизат кызым, Эсенге сени кетип калды деп айткан эмесмин. Кайтып келбейсиңби, Эсен эчнерсе билбей калат. Акча салып жатат, эч нерседен кем болбой жашайсың. Сага иштегенден көрө, кызың менен чогу жыргап жашаган жакшы да туурабы?

—Апа мен кайтпайм, Эсен өз тандоосун жасады. Ал акчадан болсо баш тартпайм, кызына алимент төлөш керек. Жиберип жатканынын жарымы меники.

—Айтканыңдан кайтпайсыңбы, мен маакул эмесмин. Бир тыйын бербейм сага, шартым бар.

—Кандай шарт?

—- Он күндө бир келип, мага он күнгө жете турган тамак жасап берип турасың. Отун ташып коёсуң, эшике чыга албайм көрүп турганыңдай.Мен сага бир айда бир акча берем.

—Эмнеге кызматчы эле алып албайсыз?

—Менин да душмандарым бар, балдары таштап, келини кетип калды деп!-айтышат. Эл көзүнө, анан неберемди алып келип тур.

—Ушуга ылайык акча бере аласызбы?

—-Келген акчанын жарымын берем, анан балам сага байланышса үйдөмүн дейсиң. Баардыгы жакшы деп ойлосун, иштей берсин келбей.

 

Бул сөзүмдү ойлонуп айттым, балам мага мурунку сүйлөшкөндө Медакадемияга тапшырам деп жаткан. Балам мектепте окуганда болгон күчүмдү Эсендин билим алуусуна салгандыктан, англис тилинде кенен сүйлөчү. Бул деген эң жакшы мүмкүнчүлүк келгени, баламдын окуп мыкты адамдардын катарын толукташына түрткү болот. Кайдагы оору менен баламды кең келечегинен айрыгым келбейт.

Перизат башында айткандай эле он күндө бир келип кетип жүрдү. Бара-бара он беш күндө бир болуп кетти. Билинбей жүрүп бир жыл өтүп кетти, андан бери эки-үч жолу мыкты деген ооруканага барып даарыландым. Акыбалым күндөн-күнгө начарлай берди, жылыш болгон жок.

Ошентип кыштын күнүндө суук үйдө жалгыз калдым, биринчи от жагууга акыбалым келсе кийин ордумдан жылбай калдым. Турушум менен Перизатка көз каранды болдум да калдым.

 

Уландысы бар….

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE