Пример HTML-страницы

Өч алдым билбейм кимден 17 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=17347&preview=true Кызыктуу окуялар.

«Өч алдым, билбейм кимден

……………..17-бөлүм…………….

Авариядан кийин врачтар бир жылда эки жолу даарыланып тур, дешкен болчу. Мен Эсен менен болуп жүрүп бир дагы ооруканага барганым жок. Ошонун кесепети окшойт, же кылган күнөөлөрүмө ушундай жол менен жооп берип жатамбы. Иши кылып төшөктөн тура албай калдым. Каникейди акылдуу аял деп жүрсөм андай эмес экен. Жакшылык аялын алып кетип калганына мени күнөөлөп жүргөн имиш. Өз баламдын жүрөгүн жаралап, булардын колуна салып берсем жаман ойлорун карап кой. Негизи эле Эсен ата тарбиясын, Жакшылык өз энесинин тарбиясын көрбөй тарбияланышты. Ошонун натыйжасы окшобойбу, экөө тең кандайдыр бир деңгээлде кээде акылсыздык кылып коюшат. Жакшылык мага таакыр кабарын билдирбей жүрөт, Эрбол менен Каникей келип алып менин башымды оорутушат, дарегин сурап.

Бир күнү Каникей жалгыз келиптир.

—Эй Клара, убагында менин үйүмдөн туз татып, далай күн баш калкаладың. Күндөшүм болгонуңа карабай баткырдым. Ошого рахматың ушулбу? Жакшылыкты окуттук ичпей, жебей. Үзүрүн көрөөрдө мынтип сага кетти.

—Каникей ошондо сен жакшылыгыңдан эмес, ошол үйгө жамбашымды баткырып алайын эле деп баткырыптырсың мени. Аны сокур адам да билип калды. Жакшылыкты болсо атасы окутту, ал анын милдети. Өз баламдын укугун талашкан сен кимсиң? Эрбол келсин жооп берем, сен мага эч ким эмессиң чыгып кет.

—Ий арсыз эрден эрге кыдырып жүрүп, эми адам болуп калдыңбы,? Сенин ойнооктугуңдун кесири Эсениңе тийди, рас болот ошол сага сооп болот уктуңбу. Ал сага аз керек болсо, шерменде ий.

—Каникей озуңа карап сүйлө, табалабагын. Тообо дегин уктуңбу, өзүңдө да үч бала турат.

—Сен балдарымды каргап жатасыңбы? Эй азыр атаңды таанытып коём, жап озуңду.

—Мен каргаган жокмун, ушул күнгө келип бир адамдан башка эчкимди каргай элекмин.

—Эй бешоогур кайнатам сага тийишкенине деле ишенбейм. Баланы атага кайчаштырып, баласы аркылуу атасынын жанын алдың. Үйдү көздөгөнсүң да э, бир ок менен эки коёнду бир атыпсың. Ошондо эле тиги арам ойношуң менен байланышың болгон да э. Арамдан туулган арам балаң эки дүйнө жакшылык көрбөйт.

—Каникей мен сага айттым оозуңду жап дедим, азыр өлтүрүп салам.

Кандайча барып Каникейди муштап калганымды билбей калдым. Кирпигине чаң жугузбай, канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай абайлап жүргөн баламды каргаганда өзүмдү колго ала албай калдым. Ар бир эле инсанга ичинен чыккан наристеси ыйык болсо керек, туурабы? Атырылганы атырылып алып, канча күндөн бери ооруп алсырап тургандыктан таяк жеп калдым. Же түрмөдө иштесе машыккан аялбы, билбейм.

Оозу мурдум кансырап жатып калдым, Эсенди келбей турса экен дедим Каникей кеткиче. Бул акыбалда мени көрсө, Каникей кылганын билсе кызыл кандуулука алдырып коёбу деп корктум. Ойлогон оюмду ит каап, Эсен кирип келди. Баардыгын түшүндү, Каникейди жерде турган үбөлүк менен токмоктоп салды.

—Кол көтөрбө аял затына Эсен.

—Апа колумду учу да тийген жок.

Таяк тийип жатканына өзүнүн абийрин таза деп эсептеди окшойт. Мына ошондо үчүнчү дүйнөлүк согуш башталды окшойт. Каникей кетпей олтуруп алды Эрболду чакырып. Эрбол жетип келип Эсенге атырылды. Эсенди бир урса турбай калышы мүмкүн. Ошондой оор операциядан кийин балам жанып турган шамдай, бир катуурак жел болуп өтсө лап эте өчүп калат. Баса албай калсам да, жөргөлөп төрт аяктап жүрүп баламды урдурбай коргоп калдым. Милицияны өзүм чакырдым, жакшылыкча бүтүрөөлү дегенге көнбөй койду. Каникей Эсенге, мен Каникейге арыз жазып жөн эле чырмалышып кетти иш. Акчанын эле шору экен, мен го аз эле акча кетирдим Эсен экинчи топтун майыбы болгон үчүн анча деле кыйнашкан жок. Эрбол Каникейди коргоп калуусу үчүн очойто акчасы кетиптир. Эрбол мени карап башын жерге салса, өкүнүп, мени сагынып жүргөнүн көзүнөн окуйм. Эрболдун бүтпөс махабаты колумда турса чыгарып жиберген, өзүмө сооп болот. Мынтип кайнене-кайната болуп калганыбыздан кийин, бирибизди бирибиз сотко бербей тынч эле жүрсөк болмок экен. Каникей билдирбегени менен карамүртөз аял тура, жок андай деле эмес. Болгону өзүнүн күйөөсүн, мээнетин, бактысын коргоп жатат окшойт. Өзүм үчүн жооп бере албай жатканда, бирөөнү мүнөздөбөй эле коёюнчу. Кудай айтканы болот да.

Эсен сабактан чыгып, түштөн кийин кичине соода кылат. Ал акча бизге жетпейт, өзүм болсо үй ичинде аздан баспасам алыс чыга албайм. Даарыланууга акча жок, сиңдимден сурай албайм. Айласыз үйдү сатып, жер там алдым. Ашкан акчамына даарыланайын деген элем, кашайып үйгө дагы милиция келди. Дагы эмненин үстүнөн чыктым деп коркуп кеттим. Мен эмес эле, Эсенге келишиптир. Өзүнөн бир жаш улуу кыз менен мамиле түзүп жүрчү экен, кыздын боюнда болуп калып, балама арыз жазганы жатышыптыр. Кудай ургур адамдар экен го, экөө сүйлөшсө эмнеге сотко берет? Мага келип баарын ачык айтышса, мен эмне бир нерсе демек белем. Кайрадан баш коштуруп коймокмун. Ансыз деле коркутууга эле жиберген окшойт, ойлонгула эле деди.

Баягы эле апам байкуш жетип келди, туугандар менен кеңешип, кыздын колун сурап бардык. Канчалык кыйналып турсам да, апама ооруп жатканымды билдирбей жаттым. Үйдөн ашкан акчаны калың кылып берип, кыргызча той деп акырын чыгарып кеттик. Дагы жакшы ошондон эки ай өтүп эле жайкы эс алуу башталып анча билинбей калды. Келинимдин аты Перизат экен, сиңдим экөөнүн аты окшош экен деп биринчи өзүмө аябай жакын кабыл алдым. Сиңдим менен күйөө баламды өкүл-ата, өкүл-апа коюп бердим. Ойлогон ойду, кыстаган турмуш жеңет деген ушул окшойт, куйтуңдаган келиним аябай куу чыкты. Төркүнүнө ташынат, калпты ышкыртат экен. Мен түшүнбөйм жаш болуп туруп, ушунчалык чоң катындардай тилдүү болуш мүмкүнбү э. Сүйлөсө тили буудай кууруйт, байкуш баламдын сөөгү эле калды. Жаштарга аралашпайын деп жөн койдум. Жыл айланбай эле өзүмчө жашайм деп чыкпадыбы. Ошондо эстеп кеттим, мен дагы кайненемди ооруп турган маалында, Жакшылыкты кошуп туруп таштап кеткеним. Келме кезек ушул тура. Анысына да маакул болдум, магазиндин эки бош турган бөлмөсүнө көчүп кетишти. Жалгыз калдым, балам онунчу класстан кийин мектепти таштоосуна туура келди. Көздүн карегиндей сактап баккан балам, иштеп баштады. Жүрөгүм ачышса да, ооруп турганда мен өлүп калгычам өз оокатын кылганды үйрөнүп алса деп жаттым. Өкүнүчтүүсү үмүт арткан балам, окуй албай калды. Дүкөндүн жанында жашаган курбум мага коңгуроо кылып турат. Айтышынча келиним төркүндөрүн көчүрүп келип алган имиш. Эсен деле кызык, башында каршы болумуш болуп алып кийин мен бөлүнө бергиле десем кудуңдап кетип калды. Бул балам үчүн мен жанымды аябай, ичпей, жебей жүрсөм кылганы бул. Мейли эми тынчып кетсе болгону.

 

Уландысы бар

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE