Пример HTML-страницы

Өч алдым билбейм кимден 11 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=17347&preview=true Кызыктуу окуялар.

«Өч алдым, билбейм кимден«

………….11-бөлүм…………………

«Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт»-деген макал менен баштагым келди бүгүнкү сөздү. Ошол күндү эстесем жашоомдогу чыныгы азап эми башталган экен. Жолдо баратып көз жашым көл болду, тандап сүйгөн Рыспегим мындай чыдамсыз экенин байкабаптырмын. Бир балам Эрболдо экинчиси оорукчан жүрөгүм талкандай талкаланып, жашоодо бар деген кереметке ишенбей калдым. Сабырдын түбү сары алтын деп кайненем көп айтчы эле, сабырымдан кымындай да караан калбады. Базарга жетиптирмин кичине өзүмө келип, эки жакты карасам. Кайака баратканымды дагы билбейм, чет жакта суу саткан кыздардан кичине суу сатып алып ичтим. Анан базар аралап өтүп баратып орус кемпир сатып олтурган эски гөлөчтү алып кийип алдым. Гөлөчтү кийер замат бутум кайнак суу куйгандай ачышып кетти, шарт чечип карадым бир нерсе чагып алдыбы деген ойдо. Эч нерсе жок экен, түшүнбөй калдым эмне болгонун. Эсенди акырын жерге жаткырып карасам таманым асфальттын ыссыгына күйүп, суу толуп бөлтөк болуп кетиптир. Гөлөч кийгенде жарылып ачышкан тура. Ошол жерде Эсенди эмизип олтуруп калдым, Рыспек кайдан жайдан пайда болуп калды. Экөөбүздүн көрүшкөнүбүзгө бир күн өтө элек мен аны катуу сагынып кетиптирмин, чынында Рыспекти жанымдан артык көрөм кучактап алдым. Баягы эле айтылган сөздөрдү кайталап кетпечи деп жалдырап ыйладым. Карызды эптеп төлөйм дедим, көнбөдү. Наабыт болгон жеңил машинанын айдоочусунун туугандары арыз жазып, Рыспекти издөөгө салышкан имиш. Бул дагы карыздан, түрмөдөн качып мени таштап кетти. Рыспекти акыркы көрүшүм ушул болду окшойт. Рыспектин ата-энесине Эсенди берип өзүм иштесем болмок бирок, элдин балдарындай баламдын дени сак эмес. Коштошуп жатып мени Эрболго кайтышымды айтып кетти, ошол үчүн да мен аны жек көрүп кеттим. Сүйгөн адам сүйгөнүн башкага ыраа көрөбү айткылачы?

Сүйгөн адам артка бир кылчайбастан качып кете алабы?

Сүйгөн адам өлүмгө тик карай албайбы сүйүүсү үчүн? Мына мен сүйөм, сүйүүм ушунчалык күчтүү мен аны далилдей алам. Махабатымдын алдында мага өлүм эч ким эмес, сүйүү үчүн жанымды кайыл кыла алам. Демек, Рыспек коркок экен, сүйүүнү билбейт экен, мени сүйбөйт экен ооба сүйбөйт экен. Эрболго кайт дегенин укканда аябай жиним келди, ыйлап олтура бериптирмин бир маалда бир чоң эле эже бир түрткөндө селт эте түштүм. Эсеним ыйлай бериптир, ушунча катуу ойго батыптырмын колумдагы баламдын ыйлаганын укпай калыптырмын. Сүт чыкпай Эсендин курсагы ачып чыр салган тура. Бараар жерим жок, ата-энеме барсам Рыспектин артынан жүргөндөр ийзиме түшкөн болсо даректи билип алып аларга да зыян келтиреби деп корком. Кайненеме мурункудай бастырып бара албайм, эми ал үйдө Эрбол бар. Эрбол ооруканада болсо да баарыбир кайтып келген болот да. Ылдый бассам күнүнө төлөп жатуучу жай бар экен, дүкөндөн шам-шум эткенге тамак алып кирип кеттим. Балам уктаган соң суусап жанындагы эле дүкөндөн суу алууга чыктым. Жаткан жеримдин жийиркеничтүү ажатканасынан башка эчнерсеси жок экен. Дүкөнгө кирсем бир кыз үйгө кийген халатчан эле турат. Анча көңүл бурган жокмун биринчи, анан жанына барсам аябай жаман жыт бурк этти. Кызды жакшылап карасам сары, толук келген кыз экен. Сулуу деп айтмакмын эгер бир көзү башка жакты карап, мурду бир топ эле кыйшайып турбаганда. Бирок, акча сунган колдорун карасам таптаза, үстүндөгү халаты да жакшынакай. Чачы чала суу экен, оюмда үйүнөн бир нерсеге эле чуркап чыга койгон бирөөго дедим. Көзүнүн акыбалына карабай жакшынакай, тыкан көрүнгөн кыз тамеки алып жатыптыр. Дүкөнчүгө олдоксоң жалжактап күлгөндө, көзүмө сүрөттөлгөн тыкан кыздын образы дароо бузулду. Жаман карап койдум, ал кыз чыгып кеткен соң өзүнчө кибирендим эле ичимде байкабастан үнүмдү чыгарып айтып алыптырмын. Дүкөндүн ичи да сиңип калган начар жыт жыттанат экен, дүкөнчү мени жаман карап койду үн катпай. Чыгып жолдон өтүп эле бөлмөгө келсем жанакы кыз тамекисин чегип туруптур, билмексенге салып кирип кеттим. Көрсө мен жаткан эле бөлмөнүн жанындагы бөлмөнү сары кыз түнү менен алыптыр. Мен билбестен денесин саткан кыздар байырлаган жерден бөлмө таап жатыптырмын. Таң атканча айкырык аралашып чыккан ах-өхтү угуп жатуума туура келди. Таң атпай ал жерден чыгып ооруканага бардым, Эрбол кадимкидей болуп калыптыр Жакшылык атасын кучактап олтурат. Тартынбай кирип бардым, бөлмөнүн жыты сиңгенби же Эрбол мени жактырбадыбы мурдун билинер билинбес чүйрүп койду. Акыбалын сурап анан коштошуп чыктым. Кайненем мени күтүп олтуруптур босогодо. Майып арабада олтурган кайненемди эмнегедир аяп кеттим, байкушум менин ошончо кылганыма көз жумуп баласы үчүн дайыма мени кайтаргысы келе берет. Апама айтып ыйлабаган, кайненеме Рыспектин кеткенин айтып ыйлап алдым. Чогулткан акчасы бар экен кичине, ошону берди. Албай коюууга аргам жок, алдым да баатир издеп жөнөдүм. Баатир таап көчүп бардым, тамак-ашты биринчи убака жетээрлик алып келип алдым. Бир жума өтүп өтпөй кайненем эшик кагып келиптир. Эмне болгонун сурай албадым, киргизип чай берип эки күнчө карадым. Акыры чыдабай сурадым.

 

—-Апа эмне болду? Жакшылык кана?

—Эчнерсе болгон жок, Жакшылык атасы менен мен коноко келдим.

Болду ошол ошол болду башка оозун ачкан жок. Бир нерсе болгонун сезип турдум же апамды таштап чыга албайм сыртка. Эртеси чыдабай Эсенди апама калтырып үйгө бет алдым. Көргөн көзүмө ишенбей турдум, мындай болушу мүмкүн эмес. Үйдөн ак жоолук салынган келин чыкты, биринчи ойлогон оюм үйлөнүптүр деген ой болду. Кийин болсо мүмкүн эмес балким, үйдү ижарага берген болуп жүрбөсүн деп ойлоп кеттим. Үйгө жакынырак барсам Жакшылык чуркап чыкты, баламдын мындай кубанганын көптөн бери көрө эле болчумун. Атасынын жаңы алган аялына кубанып жатат экен деп ичимди кызганыч өрттөп жиберди. Көрсө Эрбол Жакшылыкты менин үйүмө алып барам десе кубанып жаткан экен. Кайненемди сагынган окшойт Жакшылык Эрболдун жанын койбой маакул кылыптыр. Баламды кучактап эле атасын сурадым. Эрбол үйдө экен, чай ичип олтуруптур. Мени жек көрсө да сыйын жоготпоптур, же сүйүүсү ушунча күчтүүбү билбейм ордунан тура калды. Ак жоолукчанды кирип калса мага кандай түшүндүрөм дедиби эки жакты карап ыңгайсыз болуп кетти. А мен болсо Эрбол үчүн кубануунун ордуна кызганып кеттим, туура мен аны сүйгөн эмесмин жана азыр да сүйбөйм. Болгону бир убакта жан дүйнөсү менен кошо өзү да мендик болгон жанды бирөөнүкү болуп калышы баарыбир жан ачыштырат экен. Кызганганымды билдирбөөгө аракет кылууга болгон күчүмдү салып жаттым.

—-Кандайсыңар олтурасыңарбы?

—Олтурабыз рахмат, жол болсун.

—Апам меникинде кабатыр болбосун деп айтып койууга келдим.

—Билем өзүм жеткиргем, сени кайра алып кел дегенине көнбөй үйлөнүп алсам таарынып кетип калды.

—Мен себебин өзүнөн сурай албай сенден сурайын деп келген элем, мейли анда бактылуу бол. Сен бактылуу болууга татыктуусуң, апам таарынычы тараганча меникинде тура берсин маакулбу.

—Апам бекерге таарынып жатат туурабы? Мен аракет кылдым го.

—Туура бекерге эле таарынып жатат, сен да аракет кылдың баары кеч, кайтарууга мүмкүн эмес болчу.

—Рыспектин кеткени чынбы?

—Калп жок чын… Неме убактынча кетти, иштеп келүүгө.

—Бир жообуңда эле беш алты маанидеги жооп бар го Клара?

—Мен адашып кеттим.

—Азыр да кеч эмес, акыркы жолу сунуш кылып жатам кайт артка. Ушунусунда көнбөсөң кийин тизелеп ыйласаң да кеч болот, акыркы мүмкүнчүлүк.

—Бактылуу бол дедим го, сөзүм бүттү мен кайтпайм.

 

Күндөшүм болуп калабы ошондо ыссык чай көтөрүп, көзүнүн заарын чачып алдымдан чыкты. Унчукпай басып кеттим, балам артымдан чуркап келиптир. Энеси менен бир күн туруп келүүгө уруксат сурап чыккан тура кайран.

—Балам, жаңы келген апаң кандай экен? Тамакты жакшы жасайбы?

—Тамакты жакшы эле жасайт экен тиги атам көпкө келбей иштеп келбедиби ошол жакта ашпозчу болчу экен.

 

Демек бул аял түрмөдө ашпозчу болчу экен да. Түрмөдө жатса да Эрболдун жакшы адам экенин көрүп, чыгаар замат тийген тура. Мага эмне баарыбир эмеспи, эми ал мага бөтөн.

Балам үч-төрт күн туруп калды мени менен. Кой союп, жилик тартпасам да апамды жакшы эле карап жаттым. Каргыш аткыр жанакы Рыспеке камаз берген киши үйдү таап келиптир. Үйгө кирип астың-үстүң көтөрүп үйдөгү көзгө көрүнүктүү буюмдун баарын алып кетти. Мага Рыспектин карызын илип, бир ай мөөнөт койду. Эми качсам деле майнап жоктой, өлсөм өлөйүн ага чейин Эсенди Таласка жеткирип, кайненем менен Жакшылыкты Эрболго тапшырайын. Кетсем дагы келишпесин деп биринчи апам менен баламды жеткирип келдим. Оорукчан баламдан корксом да айласыз берүүгө бел байладым. Өзүм менен калса тиги жан алаарлар өлтүрүп салуусу анык мага кошуп. Таласка берсем жок дегенде жашап кетүүгө кандайдыр бир мүмкүнчүлүк бар. Жыйналып алып автобекетке жөө жөнөдүм, барып баягы артынан чаң бозуткан автобузга олтурдум. Кечке чейин олтурдук окшойт толбой, акыры толду. Түн кирип баштаган эле, жол акыны берип коюп анан тынчыраак уктоого жайгаштым. Автобуз ордунан жылгандан көп өтпөй эле автобуздун айнегин сындырчудай бирөөлөр каккылап токтотту. Жан алгычтар таап келиптир деп коркуп, титиреп кеттим. Адам үшкүрүгүндөй үн чыгып, эшик ачылды. Ошол эшикти карап турдум, ажалымды күтүп.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE