Өчкөн сүйүүм 11 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=7148&preview=true Кызыктуу окуялар.

ӨЧКӨН СҮЙҮҮМ, БҮТПӨС АРМАН.
《《《《《《11-БӨЛҮМ》》》》》》
Суроолор жана суранычтар көп болуп жатат. Эмне үчүн чыгармаларыңыздын баарында азап чеккендер жазылат, башка нукка буруңузчу!-деп.
Жооп:-Билбейм, мага тагдырын жазыңыз деп бөлүшкөндөр көп. Ар түрдүү тагдырлар бар, эмнегедир менин көңүлүмдү кайгылуу тагдырлар жеңип чыгат.
Өзүңдүн да башыңдан көп нерсе өтсө керек!-деп сурашат.
Жок, жок дагы бир жолу жок. Болгону мен аябай жан дүйнөсү назик жанмын. Мындай окуяларды укканда ыйлап алам, ар бир окуя жүрөгүмдү тешип өтөт. Жакындарыма, тааныштарыма белгилүү болгондой эле дайыма бөтөн кайгыга жүрөгүм ооруй берет. Апам айткандай бирөөнүн проблемасына башымды оорутуп жүрө берем. Албетте эмки чыгарманы башка нукка бурууга аракет кылам. Бирок, өзүмдүкү эмес нерсени кантип колдонушту билбей сиздердин алдыңардагы сыйды жоготуп аламбы!-деп корком.
######################

Күндөр өтө берди, Сайкал болсо чоңойду. Күндө тайенесинен атасы тууралу сурайт, айласы кеткен Чолпон Сайкалды зөөкүрлөрдүн бири Мураттыкына алып барууну чечти. Мураттын дареги Данисанын күндөлүгүндө бар болчу, кийин кызы сурап калса деп жазып койгон.
—Сайкал мына сен чоңойдуң, чындыкты биле турган кез келди. Сенин апаң менин кызым Даниса сени төрөп жатканда төрөттөн каза болгон. Сага жашоо берип, өзү кетти. Ошол үчүн сени Данисанын өлүмүнө күнөөлүү сезе берем. Канчалык антпейин десем да, күчүм жетпейт. Эң башкысы бул эмес, мына бул күндөлүкө апаң өмүр баянын жазып жүргөн. Ушуну оку дагы анан атаңа баргың келеби жокпу өзүң чеч.
—Тайене таарынбаңызчы, мен дагы башкалардай ата-энемди билсем дейм. Эне мээримин көрбөсөм да атам тирүү болсо атам менен таанышсам дейм.
—«Бөөрү баласы ит болбойт»- деген чын тура. Сага ушунча мээрим төгүп эне ордун баса албаганым кандай өкүнүчтүү. Мейли сага берген тузума ыраазымын, бактылуу болчу.
—Мен андай мааниде айткан жокмун, таарынбаңызчы. Түшүндүрүп берем, ыйлабай туруңузчу суранам тайне…
—Мейли балам, мейли бар да оку.
Сайкал күрөң түстөгү калың күндөлүктү алып, бөлмөсүнө кирип кетти. Сайкал апасынын башынан ушунчалык оор күндөр өткөнүн элестеткен дагы эмес болчу.
Апам дагы менин төрөлүшүмдү каалаган эмес экен. Бул өмүргө адашып келип калгандаймын. Бул жашоо меники эмес экен. Оо кудай эми эмне болот. Зөөкүр атамды кантип кечирем? Атам ким?
Күндөлүктү алган күндөн баштап эле Чолпон Сайкалды аңдыйт. Бала бул окуяларды кандай көтөрөт экен!-деп чочулады. Сайкал болсо баарыбир атасын табууну чечти. Нарынга Чолпон экөө жөнөп кетишти. Он эки жаштагы кыз кадимкидей бой жетип калгандай болчу. Турмуштун даалай муштумуна туруштук берип, чоңдордой ойлонуп жүрүп эрте бой жетүүгө мажбур болгон. Нарындын бир айылдарына келип түшүштү. Анчалык чоң эмес экен бул айыл бирок, жолдору баш аламан. Ушул айылдын толук кандуу тургуну эле бул көчөлөрдү жакшы билбесе, келген коноктор издеген көчөсүн көпкө таппай убара болушу мүмкүн.
Мектептен кайткан кичинекей баланы көрүп калышты. Асмандан издегени жерден табылгандай сүйүнүп кетишти.
—Ай бала, Мураттын үйү каякта?
—Мурат байкенинби? Тиги көчөнү айланып, анан өйдө бурулсаңар бешинчи үй. Же көрсөтөйүнбү?
—Ий ананайын, ме могу кантты ал да көрсөтүп койчу. Азамат бала турбайбы.
—Аай эчнерсе эмес, көрсөтөм.
Окуучу баланын артынан барып, Мураттын үйүн таап алышты. Дарбазаны какты эле үйдөн чачы шамалга серпелип кичинекей кыз чыкты.
—Мурат ушул үйдө жашайбы кызым?
—Ооба атам уктап жатат, сиз кимсиз? Апамды чакырайынбы?
—Ийи чакырчы, кызым кирсек болобу?
—Апам келген конокту киргиз дейт, киргиле кана.. Тыпылдаган кыздын эпчилдигине ыраазы боло түштү. Бир нече саат жол жүрүп, кыйналып, үшүп калышкан экен үйгө шашып кирип келишти. Жупуну тарткан үйдө жаш келин бала эмизип олтуруптур. Керебетте Мурат уктап жатат. Унчукпай келип, мешке жабыша калышты. Келин да кекетип кимдигин сурабай астыларына төшөк салды. Дасторкон жайып, болгон нерсеси менен чай берди. Бир карап келинди аяп кетсе, бир карап жини келет. Мурат болбогондо Даниса кызы да ушинтип көп балалуу болуп, бактылуу жашап жүрмөк азыр дагы. Айсамбы? Айтпсамбы?-деген ой менен көпкө олтурду. Келин болсо Муратка келишкенин уккандан кийин эле такып сураган эмес. Мураттын ишине киришпегенге аракет кылат. Чай ичип бүтөөрдө Мурат ойгонду.
—Кызым мени буруп койчу.. Жанакы эпчил кыз чуркап барып, Муратты берки жамбашына бурулуп жатуусуна жардам берди.
—Рахмат кызым, үйгө конок келдиби? Кимдер экен?
—Сизге келишиптир ата, башка жактан дешти го.
—Чакырып кирчи..
Сайкал алдыда, Чолпон артында жетелешип киришти. Мурат буларды тааныган жок.
—Кош келипсиң конок, мен силерди тааныбай жатам. Ким элеңер?
—Биз сенин бул акыбалыңдын себепкерибиз. Мурат дароо түшүндү, ошол түнү мас болуп алып эки кызга кол салышканынан, мынтип баспай жатканынын акыркы күнүнө чейин эсине түштү. Көздөрүнө жаш эмес кан толгондой кызарып кетти.
—Эмне табалаганы келдиңерби?
—Жок, Даниса өлүп калган ошол жылы эле. Башка иш менен.
—Менин колумдан иш келбей калганы көрүнбөй жатабы?
—Мени ук, бул кызды Даниса төрөгөн. Төрөттөн каза болуп калды, сенин дарегиңди жазып кетиптир.
—Эмне кылышым керек, арты кайырлуу болсун жинди чалыштын.
—Эмнеге антип жатасың? Силердин азабыңардан эки кызым тең өлдү. Мен жинденбей эле сен жинденесиң да. Ошондо Даниса силерди өлтүрүп эле таштаса болмок экен.
—Ошо өлтүргөнү жакшы эле, мынтип өмүр бою мусапыр болгончо дароо өлгөнүм жакшы болчу. Кеткиле..
—Бул сенин кызың болушу мүмкүн, текшертебиз аныкташыбыз керек.
—Маакул болбосомчу?
—Анда айылдын баары чындыкты угат, сени каматам. Балдарың өмүр бою мазак менен жашайт. Маакул болсоң ошого мейли кетели.
—Токтогула, кудай урсун силерди.
Келгенден бери ооз ачпаган Сайкал ыйлап жиберди. Мураттын керебетке байланган арык денеси адамдын жүрөгүн түшүрөт эле. Мураттын шериги Эркинди кошуп алып борборго келишти. Мураттын бир туугандары майып арабаны түртүп, буларды коштоп жүрүштү. Керектүү анализдерди алып, баарын үч күндөн кийин келгиле!-деп жиберишти. Чолпон менен Сайкал чоң уулу Санжардыкына келип жашап турушту. Үч күндөн кийин жыйынтыкты алууга барышты эле, Эркин келбей коюптур. Сайкалдын атасы Мурат болуп чыкты. Муратты кучагын жайып;-кызым, кел кучагыма»-дешин күтүп турган Сайкал Мурат жинденип, сөгүнүп киргенде жаны кашайып кетти. Тайенесин кыйнап, атасын издеп келгенине аябай өкүндү.
—Энееең десе, ал канчыкты мага тууп бер деген эмесмин. Ал намыстангандай кыз деле эмес экен. Ал мени майып кылганы аз келгенсип мага арамдан жаралган кыз таштап кетиптир. Кызың өзү арам уктуңбу? Миңинин астында калган жеңил ойлуу уктуңбу? Эй мастан кемпир, жогол арамыңды алып. Көзүмө көрүнбө….
—Эй айбан оозуңду жап, ушул арам мына сенин арамың уктуңбу. Жарым калган жаныңды бери сууруп албайын, абайла байкуш. Чолпон Муратка атырылганда Мураттын бир-туугандары Муратты коргоп калышты. Жаны кашайып, жини башына көтөрүлүп кеткен Чолпон эмне кылышын билбей калды.
—Эмиби эми, могу кызды өзүң баккын уктуңбу. Сенин арамыңды мен багууга милдеттүү эмесмин. Көзү чыгып кетчүдөй айкырган Чолпон Санжардын унаасына олтуруп, кетип калды. Тайкесинин машинасынын артынан чуркаган Сайкалга жинденип Мурат да унчукпай кетип калды. Ара жолдо калган Сайкал кара жерди апчып көчөдө калды. Ыйлап бир топ олтургандан кийин, тайкесинин үйүн издеп жөнөдү. Окшоштуруп издеп жүрүп кеч кирип кетти. Түнкү жашоого Сайкал биринчи жолу ошондо кабыл болду. Обу жок мастардан бекинип, бир көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүндө түнөп калды. Кыштын суугунан бир ыссык суу өткөн темир сактап кала албайт эле. Титиреп таң атканча үшүп чыкты, жер жарыр замат кайра издеп жөнөдү. Түштөн ооп барып таап келди. Эшикти күтүп олтургандай эле Чолпон өзү ачты.
—Тайене эмне кетип калдыңыз? Мен көчөдө түнөдүм, корктум.
—Эмнеге келдиң? Атаңа жогол.
—Кечирип койчу мени, мен экинчи ал тууралу сурабайм. Кайра айылга кетеличи суранам.
—Жок, мен сени балакаттан өткөрүп койдум. Эми атаңа бар, ал кабыл албаса өз оокатыңды кыл.
—Мен өлүп калам тайне, мен жашай албайм өз алдынча. Атам мени карабай кетти, мен ага керек эмесмин. Киргизчи үйгө, үшүдүм.
Сайкалдын боздоп ыйлап жатканы Чолпондун жүрөгүн эриткен жок, түнү менен Санжар апасынын мээсин жеп чыккан. Ыйлап келсе киргизбе деген. Чолпондун мынткенинин да себеби бар эле. Эртең өлүп калсам тайкелерине кор болбой, ата-журтуна эртерек батып алсын деген болчу. Оозунан сүт кете элек кыз муну кайдан билсин. Өзүн таштанды сезип калды.
—Ме могу акча менен атаңа жетип ал!-деп бир аз акча карматып эшикти жаап алды. Башы шылкыя жерди караган бойдон айласыз кетип калды. Кечегидей эптеп күн өткөрүүнү эңсеп ошол жайга барды. Бирок, ал жерден кууп чыгышты. Көчө тентип жүрүп эптеп таң аттырды. Ош базарына келип, Сайкал кайырчылардын санын толуктады. Айласы канча? Кайырчылыкты да жөн коюшпайт экен, ошол жерден кайырчылык менен бизнес кылгандар тапканынын жарымынан көбүн шыпырып кетишет. Түндөсү болсо ошол жердеги касапчылардын мал сойгон жайын жууп берет. Анын акысына жылуурак жерде түнөйт. Күндөр өтүп, жай келди. Касапчылардын бирөөсүнүн аялы ошол жерге эле ашкана ачып, Сайкалды идиш жуугуч кылып жумушка алды. Күндүзү идиш жууп, түндөсү жашылча-жемиш арчып, туурап жүрдү. Ашкананын кожойкеси түнкү мээнетин ошол жерде жашаганына, күндүзгү мээнетине элүү сом берип жатты. Акчаны тыйындап чогултуп жүрүп, кийинип өзүн оңдоп-түзөп алды.
Беш айдан кийин тайнесин сагынып, барып келүүнү чечти. Кожойкесинен эки күнгө уруксат сурап жөнөп кетти. Өзүн көрсөткүсү келдиби же чын эле чын жүрөктөн алдыбы ким билсин, айылга баратып толтура белек-бекче алды. Тайенесине көйнөк, жоолук алды. Айылга барды эле тайнеси акшыя карап кирип кетти.

Уландысы бар…

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️