Пример HTML-страницы

«ЖОЛДУ КАРАП МЕНИ ИЗДЕБЕ, ЖАЛГЫЗ АЯК ЖОЛДО КАЛГАМЫН»

https://kyrgyzcha.site/?p=46101&preview=true Кызыктуу окуялар.

«ЖОЛДУ КАРАП МЕНИ ИЗДЕБЕ, ЖАЛГЫЗ АЯК ЖОЛДО КАЛГАМЫН»

 

 

Көңүл жараатын айыктыруу кандай татаал жана оор?! Эркек болгондуктан, ичтен сызып, жарылып дартымды эч кимге айтпасам да, кандай абалда жүргөнүмдү жүдөө кейпим айтып турат. Өзүмдү жубаткан сайын ичимдеги бир ууч эт бир секунд тындырбай сайгылайт…

 

«УНУТТУМ, БИРОК КЕЧИРЕ АЛБАДЫМ»

-Билесиңби, биз экөөбүз такыр башка адамдарбыз. Экөөбүздүн оюбуз да, мүнөзүбүз да, жашоого болгон көз карашыбыз да дал келбейт. Сен алоолонгон от болсоң, мен жаңы атырылып чыккан жанар тоодой элем. Экөөбүздүн ортобуздагы бүтпөс чырлар, бири-бирибиздин дарегибизге айткан одоно сөздөр, балким, экөөбүздүн тең жинибиздин чукулдугунандыр. Мен өзүмдү эркек катары дайыма лидер сезгим келчү. Сен менен өткөргөн күндөрдө өзүмдү андай сезе алган жокмун. Мамилебиздин урашына да бир гана сен күнөөлүүсүң, сен! Сен жана сенин ичиңдеги экинчи адам.

Акыркы жолу экөөбүз базарда таарынышканыбызды эстеген сайын сени жек көрүп кетем. Ошондогу сай-сөөгүмдү сыздаткан сөздөрүң. Жердин катуулугунан гана ошол жерде түтөп сенин жемеңди угуп тургам! Себебин айтпай ыйласаң айлам куруп, мен да көзүмө жаш алганым али бүгүнкүдөй эсимде. Жек көрөм сени, жек көрөм! Айтчы, кантип, кантип биз бири-бирибизди анчалык жек көргөнгө чейин бардык? Азыркыга чейин түшүнбөйм! Бирге өткөргөн күндөрдү эстеген сайын ичим туз сепкендей ачышканы ачышкан. Сүйүүдөн жек көрүүгө бир кадам эмес, андан да жакын экенине эми ынанып отурам. Сенин «мени унут жана кечир!» деген өтүнүчүңдүн биринчисин гана аткардым. Унуттум, бирок кечире албадым.

 

«КИЧИНЕКЕЙ КЫЗДАЙ ЭЛЕҢ»

-Кыз-жигит болуп жүргөн бир жыл аралыгында сага абдан көнүп алыпмын. Акыркы урушубуздан соң мамилебизге чекит койгонбуз. Сен мага чалбадың, мен сага чалбадым. Телефонумдагы сүрөттөрүңдү, номериңди кошо бүт өчүрдүм. Аттиң, бирок көөдөнүмдөгү сезимдер ыйлап, сыздап, ырбап жатты. Сенин номериңди телефонумдан өчүрсөм да, ал жүрөктө жазылып калыптыр. Бир ай ичинде жүдөп кеттим. Эч бир жан жок жерге барып, үнүмдүн болушунча бакырып ыйлагым келет, бирок жаш чыкпайт.

Арадан эки ай өттү. Балким, ачуусу басылып, өзүнө келсе керек деген максатта сенин номериңди кайра тердим. Басып салдың. Мен кайра чалдым. Кайра өчүрдүң. Ошентип, бир күн кечке трубканы алдыра албай убара болгом.

Эсиңдеби, кээде жиниңе тийип, атайын жолугушууга сенден кеч келчүмүн. Сен болсо сүйлөмөксөн киши болуп 15 мүнөт отургандан кийин «мен шашып жатам, үйдө жумуштар бар» деген шылтооңду айтып, тезирээк кеткенге аракет кылчусуң. Ошондо ичимден «аа, всё по плану» деп жымыңдап калар элем. Сыртыңдан сүрдүү, олуттуу кыздай көрүнгөнүң менен, ичиңден кичинекей кыздай элең. Кээ бир кылыктарыңды эстеп алып, азыркыга чейин жылмайып калам.

 

«КЫЗГАНЫЧТЫН ОТУНА КУЙКАЛАДЫҢ»

-Мен кайра-кайра чалганымды уланта бердим. Албаганыңда жиним келе баштады. Башка номерден чалып, дагы уруштук. Окууңа барсам, университеттин алдында башка бала менен жайдары сүйлөшүп отурупсуң. Менин кызганчаак жан экенимди билип туруп ушундай жолго барганыңа жол болсун дегим келди. Бүткөн боюм титиреп, сенин жаныңа жетүү мага бир күндүк убакыттай туюлду. Бардым, экөөңөр менен чогуу учураштым:

– Кандайсыңар?

– Жакшы…

– Көрүп жатам жакшы экенин!

– Сен дагы урушканы келдиңби?

– Жок, учурашканы…

Сени сүйгөндүгүм үчүн гана ошол жерде ашыкча үчүнчү адам болуп отурдум. Тиги тантыраган балаңдын сөзү кулагымдын сыртынан гана кетип жаткан. Ичимден сага ачуум келип, аным сыртыма да чыгып кеткенин өзүң байкадың болуш керек. Ал балаң кетти. Экөөбүз калдык.

– Ким бул?!

– Досум…

– А менчи?!

– …

– Кайсы досуң?! Ушул досуң трубканы алдырбай жатабы, ыя?!

Мен сага дайыма айтчумун, «Чолпон, менин кызганчаактыгымды өч алуу максатында пайдаланба, өзүңө эле жаман болот» деп. Сен болбодуң. Баягы чырлар дагы уланды. Мен сени менен урушуп-талашкандан, чынын айтайын, аябай чарчагам. Сени жайыңа коюуну чечтим. Бир чети сүйсө өзү чалат деп ойлодум. Чалбадың. Эжем Кореяга мурунтан эле чакырып жүргөн болчу. Ачуум келип, сени менен коштошпой туруп кетип калдым…

 

«КАЙРАДАН МЕНИ АРБАБАЧЫ, СУРАНАМ…»

-Кореяда иштеп жүргөнүмө быйыл эки жыл толду. Бул жакка жаңы келгенде эжемдин курбусу Атыргүл эже жардамдашып, жол көрсөтүп, мени кээде жумушка чейин жеткирип турчу. Ошентип, бат эле тил табышып, түшүнүшүп кеткенбиз. Эжем Кыргызстанга кеткенден кийин Атыргүл экөөбүз жашап алдык. Бирок ичимден жаш курагым келип калганына байланыштуу үйлөнгөнгө ылайыктуу кыз издеп жүргөм. Кореяда Айжан деген кыз менен таанышып калдым. Оюмдун баарын токтотуп, ага үйлөнүүнү чечтим. Атыргүлгө үйлөнөрүмдү айтып түшүндүргөм. Ал жер кучактап ыйлаган бойдон калган, мен кийимдеримди алып чыгып кеткен бойдон кайрылып барган жокмун. Ата-энеме Айжан тууралуу айтып, тойго деген каражатымды топтоп, экөөбүз Кыргызстанга келип үйлөндүк. Болгону үч ай жашадык, мен катуу ооруп бейтапканага түшүп калдым. Кореяда иштеп жүргөндө катуу суук тийип, балалуу болуу мүмкүнчүлүгүнөн биротоло ажырапмын. Айжанды кармаган жокмун, ал өз жолу менен кетти.

Күндөрдүн биринде бир окуя болуп кетти. Кокусунан интернеттеги социалдык тармактардын биринен Чолпондун сүрөтүн көрүп калдым. Ал желечеге кирип, сүрөттөрүн кайра-кайра көрүп чыктым. Өзү менен да сүйлөштүм. Ортодогу таарынычтарды унутуп, кадимки эски тааныштардай баарлаштык. Ал турмушка чыга элек экен. «Мен Кыргызстандамын» десем, сүйүнүп кетти. Учурда эки анжы ойдо турам, «эмне кылам?» деген. Эгер менин оюма койсо, көздү жумуп туруп Чолпонду Кореяга алып баса бергим келет. Бирок, Чолпон, кечир, сени бактысыз кылгым келбейт. Сени чексиз сүйүп, жүрөктө сен калтырган жараат айыга элек болсо да, сага бакыт тилегим келет.

Кечир мени, жан эркем. Эт-жүрөгүм эзилип, алсыз сени сүйсөм да, түбөлүк сенден кол үзүүгө аргасызмын. Өмүр бою сени менен баласыз өткөнгө даяр элем, эгерде сен да ошону каалаганда. Сени менен түбөлүккө урушуп, чырдашып, кызганып өткөнгө даяр элем, эгер сен макул болсоң. Өкүнүчтүүсү, сен буга даяр эмессиң, бирок жолумду карай бересиң. Кайрадан мени арбабачы, суранам… Жолду карап эми издебе, жалгыз аяк жолдо калганмын…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE