Пример HTML-страницы

ЖОГОТУЛГАН БАКЫТ

https://kyrgyzcha.site/?p=48337&preview=true Кызыктуу окуялар.

,,,,,,,,,,,,,,,,,ЖОГОТУЛГАН БАКЫТ,,,,,,,,,,!!!

Омур ото берет турбайбы. Мына жашым бир канчага келип калды. Бул жашта Адам да суйуктуу жар, бала-чака,бактылуулук болуш керек эле деп эсептейм. А менде болсо эмне бар? Менде бир Зангыраган уй,машина жана жумуш. 15 жылдан бери ушул корунуш. Билем баарына озум куноолумун. Бул нерселерди эстегенде откон турмуш кылт дей тушот эсиме. Канчалык адашканымды,байлыкка,бийликке,мансапка азгырылганымды эстеп оз-озумо кыжырым келип жашагым келбей кетет. Бирок бир гана нерсе мени кармап турат. Жоготкон Периштемди кайра коруу мумкунчулугу. Ушул нерсе ич этимди жеп,жанымды жай алдырбай келет. Аны кайра коро алсам,арман кылбай тынч отор элемби бул дуйнодон…… Сиздер да тушунбой турасыздарбы? Анда соз башынан болсун….

Анда менин жигиттик кырчын кезим. Анча-мынчага моюн сунбаган,орт,тайманбас элем. Айылдан шаарга келип жашаганыма аз эле болсо да,шаар турмушуна бат конуп оздоштуруп кеттим. Озу жаштайымдан аябай тырышчаак анан кежирмин. Коздогон максатыма кандай жол менен болсо да жете турган адаммын. Ушул сапаттарым коп нерсеге жеткенге жардам берди корунот. Жылдар айланып биз 4 чу курс болуп калыптырбыз. Убакыт учкан куштай сызыптыр билинбей. Бул убакыт аралыгында эмнелер гана озгорбоду. Мен мактанган болуп калбайын бирок аябай келишимдуу жигит элем. Кыздар да коп эле мага жакын болууга,жагынууга аракет кылып турушчу ар дайым. Бирок менде эмнегедир такыр сезим деген нерсе жок эле…. Мен ойлочумун бир куну ата-энем бир кызды табышат да мен ошого уйлонуп турмуш кечирем ошол аял менен бир омур деп….

Бирок менде да сезимдер бар экен. Мен да суйуп,бироону жактырып,сагына алат экем. Эгер бир адам болбогондо мен мындай сезимдерди туйбай,билбей калышымда мумкун беле ким билет дагы?? …

Ошол куну бир группалаш кыздын туулган куну болуп,баарыбызды уйуно коннокко чакырды. Озу адатта барбайт элем мындай кечелерге,ошол куну эмнегедир конул каалап баргым келди. Балким ушул тагдырдыр мага буйруган….

Ачылып кыздардан бетер жигиттер жоноп калдык туулган кунго. Орточо салынган уйго кирип бардык. Бирок ушунчалык таза,куттуу,нур толгон уй экен. Киргенде эле гулдордун жыпар жыттарын искеп ырахат алдык. Уйдун айланасына толо кооз гулдор эгилген экен. Омурумдо мынчалык кооз жана сыйкырдуу уйду коргон эмес элем. Бул уй мени озуно арбадыда калды….

Баарыбыз чогулуп,бака-шака башталды. Оюнга кызып калган жаныбыз дагы да кызыктуу болуш учун агын деле,карасын деле иче бердик. Мен омурумдо мындай жыргап ойногон эмес элем. Тамактардын даамдулугун айтпагыла. Ким жасады болду экен деп эле тамшанып жей бердик. Туулган кун аябай аябай конулдуу отуп жатты баарыбызга менимче… Кече ортолоп калганда туулган кун ээсинин жакындары аябаганда чооң тортту которуп келишти,шам жагышып. Мага ото ынтымактуу жана бактылуу уй-булодой корунду бул уй було… Кимдир бироо туулган кун жонундогу кууну кыякта чертип болмого кирип келди. Баарыбыз ырдап куттуктадык да, шамдарды очурду туулган кун ээси. Бир убакта болмонун жарыгы тамып баары белектерин тапшырып жатышты. Менин козум кыяк кармап турган кызга илинди. Ал кыздын турушу периште эле. Узун усту башы жабык койнок кийген,чачын болсо оруп далыга таштап койгон. Жон гана жылмйып ордунда турат. Жылмаюсу да озуно куп жарашкан. Жузундо оюлган уячалар,кара кашы-козу,тогулгон кирпиктери.кыпкызыл эриндери жана аппак нурлуу жузу менин журогумду бир сыйра титиретип отту. Группадагы жигиттер баарыбыз кылгыра карап туруп калдык. Анан туулган кун ээси уй булосу менен тааныштырып чыкты. Корсо жанагы периште анын бир тууган синдиси экен. Эмнеге? Эмнеге эми жолуктун мага? Эмнеге эми сени кордум сени деп ойлонуп калдым? Ал кыз менен 4 жыл чогу окуп бир да жолу ушул синдисин корбогонумо ичип ачышып олтурдум…..

Эртеси кайра окууга бардым. Життердин оозунда жалан эле жанагы кыз. Мен да ойлонуп олтурдум ал жонундо. Кочолорду,бактарды,окуу жайларды кыдыра бердим аны издеп…

Бир куну сабакка шашылып баратсам менин периштем окуу жайдын босогосунда эмнедендир кыжаалат болуп туруптур,эки-жакты карап. Журогум атылып чыкчуудай согуп турду. Аныда кармап алгам. Аста гана жанына бардым. Узун орулгон кара чачы,жарашыктуу узун койногу,табигый сулуулугу дале ошол бойдон экен. Мени тан кала карап туруп калды. Анткени журогумду кармап алып аны карап турган элем.

-Сизге бир нерсе болдубу? Бир жериниз ооруп жатабы? деп суроо бергенде гана озумо келе туштум. Дароо озумду колго алдымда,кимди кутуп турганын сурадым. Ал эжесине бир нерсе бергени келген экен. Бирок кароолчу киргизбей жатыптыр. Мен эжесин таанышымды айтып,озум жеткирип беруумду айттым. Бул шылтоо мн атын да сурап алдым. Эмнегедир аты балдардын атына окшошсо да жакты…. Белек экен…. Чын эле ал Кудай мага кылган белеги эле. Атын билип алганыма суйунуп эле жатып калдым. Эжесине жабышып журуп акыры номерин жана кайсыл жерде окушун билип алдым. Окуудан чыгып эле Борбодук музыкалык окуу жайга сапар алдым. Ал корсо музыкалык институтта фортепиано жана кыяк болумундо окуйт экен. Бир кун кечке куттум,коро албадым. Эмнеге мынча ашыгам да? Эмнеге мынча талпынам? Маанайым суз гул бакчада олтурсам,назик ун:

— Бул сизби? Ошол менин эжемди тааныган жана мага жардам берген жигит-деп калды.

Дароо ордумдан туруп ооба деп шашыла жооп бере калдым. Издегеним озу келип калганына кубанганымды айт. Экообуз гул бакчаны аралап журдук. Ал менен суйлошуп,жашоого коз карашым озгоро баштады. Уйуно чейин узатып,кийинки жолугуушуга да уруксат алып кайттым……

Мына мен кучак толо ал суйгон гулдорду сатып алып аны кутуп олтурдум.

Аппак узун койнок кийип,чачын майдалап оруп мен жака келе жатты. Ал чыныгы периштедей корунуп турду козумо. Калтырап титиреп турдум. Гулдорду коруп,кубанганын айт. Ак жузунон аста бир обтум да гулду колуна сундум. Ал бир жагы толкунданып,бир жагы уялып гулду алды… Мына ошентип биздин суйуу башталды…..

Убакыт кушу айланып учуп,арадан эки жыл отуп кетиптир. Бул убакыт аралыгында мен коптогон ийгиликтерге жетиштим. Окуумду ийгиликтуу аяктап,Германияга барып иш тажрыйбамды да ашырып келдим жарым жылга. Мен жана мендеги коп нерсе озгорду. Бирок бир гана менин периштем ошол бойдон калды. Кайда болбоюн,эмне кылбайын ал ар дайым болуп,мени колдоп туура жол корсотуп турду. Бул аралыкта ал окуусун бутуп,озуно кичинекей окуу борборун ачып жаш балдарга музыкадан сабак бере баштаган. Анан гул дукону да бар. Жаш туруп баарына жетишкендигине тан кала берем жана да тан кала берем….

Аны копко куттургум келбей мага турмушка чыгуусун сурандым. Ал макул болду. Тойду кузго калтырууну ойлондук. Менин иштериме байланыштуу….

Ишим журушукондон журушуп,мартабам ашып,мени баары таанып,сыйлай башташты. Адам байып,жогорулаган сайын озгоро берет туура. Ал нерседен мен да курук калбадым. Анча-мынчаны тоготпой,тениме албай бараттым. Байлык-бийлик топтогон сайын дагы каалай бердим. Биз куткон куз да келди. Бирок мен тезинен Турцияга кетуумо туура келип калды….

Белек- ал эч качан менин кылган иштериме каршылык корсоткон эмес. Бир гана жакшы создорун айтып,менин жанымда болгон. Ошентип тойду дагы жылдырып,мен Турцияга учуп кеттим. Кобунчо иш менен алек болуп Белекке конул деле бура албай калдым. Байкушума канчалык кыйын болгонун эми туйуп жатам. Эхх аттин…!!!

Турция да журуп,бир ишкер бийкеч менен таанышып,мамилебиз келише тушту. Анын атасы Кыргызстан да ото мартабалуу киши экен биз тааныган. Ошентип ал атасы менен тааныштырды. Менин иш алып баруум ага жагып калып иш сунуштады. Анын кызы менен аябай ынак жакындардан болуп кеттик. Ал бир уйдун жалгыз эрке кызы эле. Бир куну атасы уйуно чакырып мындай соз айтты.

-Мына мен да каарып баратам,ушу байлыгымды,бийлигимди,ордумду баскан бироо болсо тынч олтурат элем-деди. Мен создун торкунун тушуно албай турдум.

— Кызым экоон мына жакын болуп калдын. Сени да жакшы билип калбадымбы. Экоондун бири-биринде конулун бардай корунот. Мага куйоо бала бол десем эмне дээр элен-деп калды. Мен катып калдым. Ойлонуп корумду сунуштады. Бир нерсе жетпей аткансып. Байлыкты,мансапты ойлоп,кандай макул дегенимди билбей калдым. Мен ошондо сокурлук кылдым. Мен озу кор болушум керек эле ошондо…. Мен ото жанылган экем жолумдан…..

Мен Белекке эч нерсе айтып олтургум келбеди. Жон гана кетип калдым анын жашоосунан….

Той болду,анын эртеси да болду….

Мен энсеген мансап,бийлик колума тийди. Бирок бактылуулук менден узап кеткенин сезбей калыпмын…

Аял деп алган кызым,чыныгы жез кемпир болуп чыга келди. Уйго келсен ыссык тамак жок. Уктайын десен тынчтык жок. Аркага болсо жол жок….

Ошондой калыпта биз 5 жыл жашадык. Бул убакта биздин балдарыбыз ойноп-кулуп,бала бакчага барып калыш керек эле. Бизде бала турсун,менин аялымда али ой жок балалуу болуу боюнча. Айтсан эле: мен али жашмын,ойношум керек,жыргашым керек-дейт. Айта берип акыры чарчадым. А Белектен болсо такыр кабар уга албадым….

Акыры мен ойлонуп ажырашууну чечтим. Бул манызсыз жана максатсыз жашоонун кереги жок эле. Тынч жана оной эле ажырашып койдук. Мен да,аялым да тырнакчалык кайгырып олтурбадык…

Мезгил учуп,жаштыктан да,кучтон да тайып бара жаттым. Бирок кайра уйлонууну каалабадым. Каарыганда мына мен баарын тушунуп жеттим окшойт менимче….

Эски,эстен кеткис гул бакчага барып олтурдум…. эх жаштыгым,акмактыгым….

Ары жактан тааныш элес козумо уруна тушту. Аппак узун койнок,нур жуздуу,жоолук оронгон бир аял келе жатты. Бирок жалгыз эмес. Кичинекей бир бала менен келе жатыптыр…. Дал озу. Ал менин периштем

Качандыр бир кезде,жоготкон периштем…. Ал бактылуу. Билем. Жузунон корунуп турат. Ал бактылуу болууга тийиш эле. Жанындагы небереси корунот. Мени коруп кыйналбасын деп тескери карап туруп алдым. Ал бактылуу,жылмайынкы жузу менен отуп кетти. Эми мен эч качан сага жолукпаганга соз беремин. Кечир мени периштем…. Мен акмак,акылсызды кечир…. Суранам кечир… Эч качан ыйлабаган жаным,мына азыр козумдон жаш токтобой бара жаттым. Мен татыктуумун ушундай жашоого,мага сооп болду ушул иш. Мен эми омур бою жалгыздыктын кулу болуп отуп кетем бул омурдон. Мунун баарына бир гана озум куноолумун. Эми оз жазаамды алышым керек жана аламын……

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE