Пример HTML-страницы

» Жигит арманы»

https://kyrgyzcha.site/?p=45241&preview=true Кызыктуу окуялар.

» Жигит арманы»

 

— Саламатсызбы?

— Саламатчылык…

— Мен сизге озумдун башымдан откон окуямды айтып бергим келип жатат, бул ичте жаткан кусалык, арман, мени эзип барат, сизди тааныбаймын, бирок сизге болгон сырымды тогуп женилдегим келет….

— Албетте, эч тартынбаныз болгон сырынызды айтыныз… Ошентип бул каарманыбыз созун баштады… Мындай жашоону душманыма дагы каалабайт элем… Деп оор ушкурунуп алды. Мен тогуз айлык кезимде атам киши колдуу болуп каза болот, мен эстей албайм атамды, бирок атамды сагына берем коргум келет, атам аябай боорукер, колунан коп иш келген кыйын адам болот, коро албагандар олтуруп коюшуптур… Уй булоодо торт бир тууганбыз, уч эжем анан эн кенжеси мен… Мен торолгондо атам аябай суйунуптур уул деп, бирок менин бой жеткенимди корбой калганы окунучтуу… Байкуш апам бизди эч нерседен кем кылбайын деп, тырмышып иштеди… Мен башка балдарга окшоп шок эмес элем, апамды баарыбыз аяп тураар элек, сен эртереек эр жетсен уйлоймун деп, беш жаштан эми эле откондо мектепке берип койду… Ошентип уч эжем бой жетип, эки эжем турмушка узап кетти, ошол кездерде апам катуу ооруп калды, ооруканага алып барсак, ашказан рагы, баарыбыз чурулдай ыйлап жибердик, кучтуу болгон ооруканаларга алып бардык, бирок майнап чыкпады, апабыз коз алдыбызда соолуп бара жатты, ону кубарып жаактары карышып, арыктап коздору чукурайып калган… Апам аябай кучтуу аял эле, канча жолу оордуман турам айыгам десе дагы, кучу жетпеди… Бизди кыя албады… Ошентип сегизинчи март куну апам, коз алдымда каза болду… Сыртта шандуу майрам, а биздин уйдо ый… Кабыргам кайышып, жанымдын бир болугунон айрылгандай болдум, асман антарылып жерге тушкондой болду… Айлам жок, апамды акыркы сапарга узатып, боздоп боздоп кала бердим… Андан кийинки жашообуз, апамсыз кыйын эле… Апам небере жытын искебей кетти, келинин колунан ыссык чай иче албай кетти… Ошентип эжем экообуз кун откоро баштадык, окуума конулум жок, тамакка табитим жок, уйго келип эле апамдын мээримин сагынып ыйлай берем… Эжем сабактан чыгып, магазинге ишке барат, мен дагы эжеме барып жардам берем… Кээ бир адамдар ата энесине жини келсе, аябай жиним келеер эле, алар ата энеден айрылуунун кандай экенин билишпейт… Бир куну эжемди алып качып кетишти, мына сага жалгыз калдым, эжемдин тоюнда ата эне ордунда мен каалоо тилек айтып турдум, адамдардын баары аянычтуу коздору менен карашат… Эжелерим турмушта, а мен жалгыз кээде ачка кээде ток… Чон эжем врач, ортонку эжем мугалим, эн кичуу эжем экономист… Менин сабактарыма каралашып турушат, азыр мен 18 жаштамын жаш болсом дагы баштан коп кыйынчылык откоруп койдум, апамдын каза болгонуна торт жылдын жузу болуптур, ар майрам сайын эстеп турам… Ата Эне бул табылгыс жандар экен, ата энениздерди сыйланыздар, капа кылбаныздар!!! Азыр беш жээним бар, чон эжемди кичине жээндерим таэне десе козго жаш келет, эжелеримдин кайгысын айтпай эле коеюн… Ата Апа жаткан жериниздер жайлуу болсун!!! Мен сиздерди жакшы кором!!! Деп созун бутурду…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE