Пример HTML-страницы

«Жетпей калган суйуу»

https://kyrgyzcha.site/?p=55313&preview=true Кызыктуу окуялар.

«Жетпей калган суйуу»

 

 

Соз башынан болсун. Бир армандуу жигит ымандай сырын мага айтып берди эле ошону сиздер менен болушкум келди. Урматтуу менин алтындай досторум. Мен бул чыгармамды жетпей калган суйуу деп атагым келди.

 

Эмесе соз башынан болсун. Ошол жигиттин айтуусу.

Ооба ал убакта 21 жашта элем. Кудайга шугур ата энем бир туугандарым бар. Уйдун кенжеси болгондуктан ата энемин колундамын. Атам апам пенсияга чыгып бактылуу карылыктын доорунда жайында жайлоого чыгат элек. Менден улуу агам уйлоно электигине байланыштуу мен деле уйлонууну ойлобойт элем. Апама жардам берип уй саайт элем. Айтор уйго кирип кыздын ишин. Эшикке чыгып эркектин ишин кылчумун. Мени бир куну эжендердикине кымыз алып келчи деп жонотту. Бардым. Эжемдер кийиз басып жатышыптыр. Эжемин бойго жеткен кыздары бар эле. Арасында бейтааныш кызды коруп журогум бир башкача булкуп алды. Ооба коз карашы уялынкы жылдыздуу жузу, айрыкча эки болуп оруп таштап койгон чачы. Айтор баары мага аябай жакты. Мен неге барганым да эстен чыкты. Кийиз да бутту жээндерим менен тамашалашып отуруп кечтин кандай киргенин да унуттум. Эси дартым баары ошол кызда. Кандай кылсам таанышам кантип созго тартам. Качан эжем чакырып.

— Бакыт акем менен женем кыйналат ко. Саан убагы келип калды. Жонобойсунбу уйуно,- дегенде эсиме келдим.

Себеби эжем атамдын карындашы эле. Кыздын атын да сурабадым. Ордуман атып туруп. Мамыда байлануу турган жээрде атыма жонодум. Жээним келип бурсугуну кечинде келин ак чолмок болот. Конул ачып кетиниз. Жылмайып бейтааныш кызды карап койду. Мен макул эртеге шаарга тушом силерге эч нерсе керек эмеспи дедим. Жайлоого не керек эле зээриктик китеп ала келсениз окуганы деди. Мен дароо ойлонбой. Макул дедим. Оюмдун баары бейтааныш кызда. Саан убака жетип келдим. Апам менен атама куноолу болуп шыпылдап уйду саашып тез эле ишти бутурдум. Эртеси эрте турдум. Атамдын тан калып не болду сага. Эрте турчу эмес элен. Бироого ашык болуп калган окшойсун деп кулуп койду. Мен шек алдырбай шаарга барам да дедим. Ойлонуп ишти кандай эрте бутургонуму да билбейм. Тогуз торо жактан автобус каттачу ал кезде. Автобусту кутуп отурам жолдун боюнда. Куткон автобус жок кашайып. Келди акыры. Жонодук. Жалал абадты коздой. Шаарга чейин эки сааттык жол. Акыры жеттик. Китеп саткан дуконду коздой жонодум дароо. Китеп саткан эжеден суйуу тууралы жазылган китептериниз барбы депмин учурашпай эле. Ал кулуп бироо эле калды суйуп калдынбы деди. Мен уурусун карматкан немедей уялып кеттим. Уч китеп сатып алдым. Ар турдуу. Апам дайындаган нерселерди алып кайра жонодум жайлоону коздой. Алып келген нерселердин арасынан китептерди коруп, кимики кимге алдын деп сурады. Мен сыр бербей жээндерим сурады эле деп койдум. Кечке жолдо болуп чарчаган экем уйкуга кеттим. Тан атып калыптыр ойгонсом. Качан кеч кирет. Кантип айтам атам менен апама. Атам атыны жайыттан кармап кел китептерди жеткиз. Кыздарды куттургон болбойт деди. Апама секин айттым. Апа атама айтынчы кечирээк жеткизейин. Танга маал келем дедим. Апам чоочуп кетти. Себеби мен тундосу эч жакка чыкчу эмесмин. Атаман сурай албайм. Атам ачуулу киши. Мен башымы жерге салып атты коздой жонодум. Атымы кармап келсем эжем отурат. Мамыда аттары байлануу. Салкын учураштым. Китептерди ала кетет дегенсип. Жок ойлогон оюм тетирисинен чыкты. Эжем мага карап жээндерин коркот. Кеч барып жатып ал. Кайра эрте келип каласын. Биз бир жумада кайтабыз барып келип тура аласынбы деп сурады. Мен ооба деп суйунуп кеттим. Шарт тузулду деп ичимен. Атам ии не болду бая эле кабагына кар жаап жатпады беле деди. Мен чоноюп бойго жетсем да аларга али кичинемин да. Убакыт отпойт же кеч кирбейт. Саан убагы келе электе эле музоолорду айдап келип. Уйларды жайыттан эрте айдап келип шыпылдайм. Антсем деле убакыт отсочу. Эптеп кеч кирди. Атымы миндим да зуу койдум. Эжемдердикине. Демейде бир саатта жетчумун. Жарым саатта жетип бардым. Жээндерим уйларын саап бутуп калыптыр. Оюн болбой калды дейт мостоюшуп. Мени алыстан коруп эле бейтааныш кызды бекитип коюшуптур чыкпа дешип.

Жооп жазуу

aqua-94mema

Бүгүн, 01:59

Кошунасынын небереси экен. Менин маанайым чого тушту. Мени карап тага сизге не болду мындай эмес элениз деп кулуп калышты. Артынызды караныз атыныз бошонуп кетти дешти. Артыма карасам бейтааныш кыз турат аттын жанында аттын жалын сылап. Демейде менден башканы жолотпогон атым тынч. Чоочуп кетип аттын жанынан кач тиштейт деп кыйкырып жибердим. А болсо мени карап тиштесе жарым сааттан бери тиштей эле го. Атыныз аябай жоош экен Бакыт аке деп жылмайып койду. Мен башымды жерге салдым ооз ачалбай. Унчукпай барып китептерди алдым куржундан. Чонтогумо сала келген ручканы алып атыныз ким чон кыз дедим. Ал жылмайып Гулнур деди. Мен секин гана боз уйго кирип чырактын жарыгына » Гулнурга Бакыттан» деп жазып койдум. Эки китепти жээндериме берип. Гулнурду чакыргылачы деп сурандым. Алар шынкылдап кулуп чыгып кетишти. Арадан убакыт отпой эле кирип келишти. Колумдагы китеп саткан эжеден алган суйуу жонундогу китепти колуна карматып таанышканыбыз учун Гулнур дедим. уландысы бар … Автор кыргызмын сыймыктанам.

aqua-94mema

Бүгүн, 02:00

Жетпей калган суйуу 2- болум

 

Ал куну ак чолмок оюну болбоду. Гулнурду канчалык озумо тартып соз салсам да кыска жооп берип гана китепти окуган болуп конул бурбады. Мен атымы токуп жатканымда жаныма келип секин гана кечинде келесизби деп сурады. Уйду коздоп жонодум. Ойлонуп бара жатып уйго кантип жеткеними билбей калдым. Кечке оюм Гулнурда. Кандай убакыт отконун да билбедим. Кеч апамдарга жардам берип кайра эжемдердикин коздой жол тарттым. Куугум кире жеттим. Издегеним бир гана Гулнурдун карааны. Андан болок эч ким козумо корунбойт. Жээндерим уйларын саап бутуп калган экен. Атымы мамыга байлап шаша боз уйго кирдим. Кирсем жээндеримен болок эч ким жок. Кирип эле Гулнур кана деп сурадым. Сизди тосуп келгени сыртка чыккан дешти. Кайра эле сыртка атып чыктым. Гулнур болсо атымын жалынан сылап жатыптыр.

Сен болбосон Бакыт акем кантип келмек. Мен болсо кутуп отурсам карабай кирип кетти сен болбосон ким менен турат элем. Ээсин сени тыштап кирип кетти. Мени сен гана тыштабайсын ээ деп атым менен суйлошуп жатыптыр. Атым болсо Гулнурду тушунгондой жоошуп тынч кана кызды тыншайт. Аттин тили болсо Гулнурга не демек билбейм. Мен секин аларды тыншап карап турдум. Бир маалда атым мени коргонун билгизейин дедиби кишинеп жиберди. Гулнур не болду тынчтан деп аттын суулугунан кармап артын карап чоочуп кетти. Качан келдиниз Бакыт аке деп. Мен аны карап атым экоон суйлошуп жатканда. Чындап куттунбу десем. Сизди кутом да сизди жаш убагымдан бери тааныйм. Сиз болсо мени назарынызга албайсыз деп мени уяткарды. Мен кандайча сен бул жерлик болбосон деп чоочудум. Ооба Бакыт аке мен бул жерлик эмесмин. Бирок ушул жерде чоноюп ушул жерде окуп жатам. Сиз болсо такыр байкабайсыз. Аттин ошол кундор ошол муноттор. Кайра келсечи Гулнурумду алып эл корбогон жактарга. Адам буту жетпеген аралдарга алып кетпейт белем. Ошол туну экообуздун ортобузда кандай создор кандай арзуулар. Суйлошуп созубуз тугонбоду. Карашып коздорубуз канбады. Кандай тан атып калганын сезбей калыппыз. Атпай койсо болмок ошол тан бизди табыштырган тун менин бактылуу кундорумдун эн жакшысы эле. Тан агарып баштады. Мен Гулнурдан ажырагым келбейт анын ууз жыттанган таза тунук жыты мени мас кылды. Мен аттанып жатып Гулнур дедим колунан кармап. Ал уялынкы карап не болду Бакыт аке деди. Кечинде келем дедим. Ал акырын кутом деди. Мен биринчи жолу кыздын бетин суйдум. Болгондо да журогумо жаккан журогум суйгон ууз тунук махабатымдын бетинен суйдум. Гулнур уялып кызарып кетти. Кеч келиниз сиздиби деп жылмайып карап калды. Аттин ошол кун ошол аткан тан менин жок Гулнурум экообуздун армандуу махабатыбыздын башталышы эле. Мен кайра кайра артымы карап Гулнурума колуму булгалап уйго жонодум

aqua-94mema

Бүгүн, 02:02

Махабатка мас болуп жургон кундорум башталды. Бир кун корбой калсам сагынам Гулнуруму. Ал убакта телефон жок телефон болсо балким тагдырыбыз болокчо болмок. Атыма рахмат туну минип алып Гулнурума жонойм ал мени тосуп алат. Создорубуз тугонбойт. Антип минтип куз келди окуусу башталды. Бутуруучу класста окуйт эле. Мен жангак бышып калганына байланыштуу жайлоодо калдым. Гулнурума деген сагынычым кучоп туну уйкум жок. Анын уялынкы жылмаюсу эки болуп оруп тыштап койгон узун чачы. Эстеген сайын канатым болсо учуп жетким келет. Жайлоодон кочуп келээр убагыбыз да келди. Кочуп да келдик. Албетте уйуно бара албаймын. Кундо мектепке барам жолун тосуп. Такыр корунбоду. Акыры уйуно бардым чыдабадым себеби анын тайкеси менин классташым эле. Гулнурум менин кордум козундогу кусалык сагыныч азыр дагы коз алдымда. Эптеп женесинен айтырдым кеч келемин деп убакыт болжоп коюп кайттым. Айткан убактымда бардым. Гулнурум айткан убагымда чыкты. Сагыныч кусалык экообуздун ортобузда созубуз тугонбоду. Акыры чыдабадым. Не сабагына барбадын мен сенин жолунду кундо тосуп отурам го десем. Сиздерди кочуп келелек деп ойлодум. Сиз жакка баргым келет сизди куттум. Мектептен нары барып аламбы деп коркуп барбадым Бакыт аке деп тошумо башын жолоп кулуп койду. Ой менин акылсызым десе. Эки саатка сурап чыккан Гулнурум экообуз суйлошуп отуруп кандай тан атканын дагы сезбеппиз. Ошентип суйуубуз кундон кунго алоолоп кучоп барды. Кыштын узак тундору биздин таттуу махабатыбызга кубо болуп жатты. Ошентип жаз да келди мен жайлоону коздоп жонодум. Ал окуусунда. Бутуруу кечесинде жолугуп сурадым Гулнуруман. Окууга тапшырасынбы деп. Жок сизди кутом. Сиздин жайлоодон келишинизди кутом. Ай ошол таттуу кундор. Азыркы акылым болгондо. Гулнурумду алып эл баспаган эл корбогон. Эч ким табалгыз жактарга кетмекмин. Агам уйлонсун анан сени алып кетем менин тунук махабатым деп бетинен суйуп коштоштум. Акыры куркурогон куз да келди. Агам болсо уйлонбоду. Кутууго туура келди. Махабатыбыз кучогондон кучоп барат. Ал шаарга ишке кирди. Мен озбекстанга товар ташып иштей баштадым. Ар жумада жолугуп турабыз. Акыры жаз да келди. Мен жайлоого ата энем менен кеттим. Жайлоодон ар жумада келип суйлошуп келип кетип турчумун. Бир куну келсем иштеген жеринде жок жашаган жерине келсем. Бар экен. Гулнурум мойнума асылып ыйлап жиберди. Не болду десем айталбай ыйлап жатты. Акыры сооротуп сурасам. Бакыт аке сизден уч жаш улуу балдар келип ала качкан жатышат мени. Бир жансыл кылынызчы сураныч. Болбосо артыман барбаныз деп катуу шарт койду. Мен кимдер экендигин сураштырып алдым. Гулнурумдун ыйлаганы козумо элестеп ачуум аябай келди. Акыры уйлончу баланы таптым. Жиним келгенинен эч нерсени карабадым. Жалал абадтын борбордук базарында коргон жерден эле желкелеп жонодум. Ээн жайга алып барып суйлошсом мойнуна албады. Акыры мушташканга чейин бардык. Суйуунун кучу мага кубат бердиби аны тизелеттим. Гулнурумун алдына апарып кечирим сураттым. Ошондон кийин эч бир жан менин тунук махабатыма тийишпеди. Суйуубуз кучогондон кучоп барат. Бир гана жолубузду тоскон агамдын уйлонбогону. Аттин ошол кундор кайра келсечи арман.. Уландысы бар . автор кыргызмын сыймыктанам

aqua-94mema

Бүгүн, 02:04

Ооба куз да келди биздин махабатыбыздын экинчи кузу. Экообуз жолугабыз сагынчтуу жолугушуулар. Арадан кундор отуп жатты. Бир куну мени кара басты. Гулнурума баралбай калдым. Аппендицит болуп ооруканага тушуп калдым. Байланыш узулуп калды. Гулнурум сураштырган экен. Бир ичи кара неме Бакыт акен уйлонгон жатат ошого жолукканы кеткен дептир. Гулнурду ошол кундору. Мен орууканада жаткан убакта. Атамын эжесинин небереси ала качып кетиптир. Мен ооруканадан чыксам айыл уу дуу Жаркул Гулнурду ала качып келиптир. Отурбай жатат экен дешип. Себеби Жаркул биз жашаган кочодо жашайт эле. Мен ичим ооруганына карабай жонодум. Атам менен апам токто сени менен суйлошолу иш бар. Эгер сен ошол кызды уйго алып келбегин эжебиздин жузун кантип карайбыз. Эгер алып келем десен биз сени балалыктан кечебиз дешти. Мен макул силер айткандай болот дедим. Мен жонодум Гулнурума. Ойлонуп бара жатам. Атам менен апаман ыйык нерсе барбы бул жарык дуйного келтирген кымбат адамдарыман башка кимим бар. Гулнурга не деймин. Козумон жашым токтобойт. Акыры жеттим. Мен астананы аттаганда эч ким тосподу. Алдыман бир адам чыкпады. Бир гана эжем атамдын эжеси Жаркулдун тайэнеси чыкты таягын таянып. Бакыт кантип алып чыгып кетесин. Эгер сен ата уулу болсон мени сыйласан. Отургузуп коюп кеткин деди. Ооба ошол кун мен учун кандай оор кандай кыйын кун эле. Кирдим мен учун кандай оор коз ирмемдер. Арзууларым тебеленген кун. Кошого ичинде мен суйгон коздор ыйлагандан шишиген коздор. Гулнурум мени коруп эле мойнуман кучактап ыйлап жиберди. Неге келдиниз мени алып кетинизчи. Мен бир гана сиздики болгум келет. Ооба колумдан эч нерсе келбеди. Кучактап козумдон жашым токтободу. Биз эми бирге боло албайбыз биздин суйуубуз армандуу суйуу бойдон калат эми. Гулнурум мени десен ушул жерде каласын. Башка созум жок деп артыма кайттым. Кандай кун менин ошол созум Гулнурума катуу тийди. Менин журогум дайыма Гулнурум деп согот. Мен ыйык нерсемди тыштап чыгып кетип жатам. Мен тун суйуумдон айрылып кетип жатам. Тунук махабатым кош эми биз чын дуйно бар болсо жолугаарбыз. Мен козумдон жашым токтободу аалам мен учун ушунчалык тар болду ошол куну. Уйго аран жеттим эч кимге ооз ачпадым. Мурунку Бакыт жок шайыр жургон. Уйго жетип жыгылдым жаздыгыма ошол бойдон уч кун турбадым жаткан жеримен. Акыры кат келди Гулнурумдан Бакыт аке ата эненизди сыйласаныз мени суйсонуз турунуз ордунуздан мен учун сиздин амандыгыныз керек. Сиз бактылуу болушунуз керек. Мен учун сиздин бактылуу болсонуз мен бактылуу жашаймын деген. Ушул созу мени тургузду. Мен турдум сыртка чыгып айылдын таза абасынан дем алдым. Ооба ошол кун дале эсимде мен суйуусуз журогу жарты бир адаммын. Эми ким учун жашаймын. Мен кантип башканы Гулнурумдай суйо алам. Ооба ошол кунго чейин ачуу сууну ооз тийип корбогон жаным. Туура дуконду коздоп жонодум. Арак алдым. Ачууну арманды арак гана эстен чыгарат депг ойлодум. Дукондо Жаркул отуруптур. Достору менен уйлонгонун мактанып. Жууп жатышыптыр. Мен колумдагы аракты ортолорунда турган столго койдум.

 

Жаркул бактылуу бол мен эми Гулнурдун козунон жаш корбойун. Бактылуу кылгын аны. Эгер козунон жаш тамганын корсом же уксам менден капа болбогун дедим да чыгып кеттим. Аракты оозума да алгым келбеди. Бир жыл отту арадан. Эч бир кызга конулум тушподу. Менин Гулнурум кыздуу болду. А Жаркул ичкенин токтотподу. Бир куну жолго чыгып дуконго кирсем. Жаркул ичип олтуруптур. Менин кыжырым аябай келди. Ун чыгарбадым. Достору Жаркулга ушул Бакыттан калган кызга уйлонгонсун да чынбы дешти. Жаркул мага асыла баштады. Мас эле. Мен тенелгим келбеди. Сыртка чыктым. Дукондон мени ээрчий Жаркул да чыкты. Ээй Бакыт сен эми мен жургон жерге келбегин эгерде корчу болсом капа болбо деп опузалай баштады. Мен акыры чыдамым кетти. Мушташа кеттик. Сабап тыштадым. Ага кошулган достору экообузду ажыратмак тургай жаныбызга жолой албады. Агам дагы деле уйлонбоду кычыраган кыш окумун жургузо баштады. Мени атам апамдар агаман мурун уйлобосок болбойт окшойт деп чечим чыгарышты. Ооба мен бир жылда аябай озгоргом. Сигерет чекпеген жаным сигеретти да чеге баштагам. Ачуу сууну ууртабан Бакыт жок кундо ичип алган. Кундо кочодо мушташмай. Уйлончу да мезгил келди. Той менен алып беришти. Той мага татыбады ушул кыздын ордуна Гулнурум болсо болбойт беле деп коз жашым агып жатты. Ак никелеп алган жарым тушунуктуу чыкты аздап болсо да ага тартылып бара жаттым. Менин жок Гулнурум экообуздун махабат дастаныбыздан кабары бар эле да. Жылдар отту жашоо уланып жатты. Гулнурум Жаркулдун муштумуна чыдабады акыры ажырашып кыздарын алып ата журту болгон чуй тарапка кетти. Мен торт перзенттин бактылуу атасымын. Бирок унуталбайм алган жарым табыныз Гулнурду суйуунузду таап жашаныз арманда калбаныз деп дайыма айтып келет. Бирок издедим таба албай келем. Мен уч жылдай издедим. Эми эл жоногон Россияны коздоп жонодум кош менин кыргызстаным. Мен келгиче аман бол. Мен ардайым жетпей калган суйуумду издеп келем. Деп Бакыт созун бутурду. Ош аэропорту 2014-жыл. 26-ноябрь.

 

Урматуу менин досторум эч качан суйуудон айырбасын мен бул окуяны жазып буткучо козумдон канча жаштар тогулду. Суйуу учун курошкуло кийин окунбогондой болойлу. Конул болуп окуганыныздар учун чон рахмат. Аягы….

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE