17- БӨЛҮМ
Қайсы күнү Толкунду көргөндөн баштап Нурландын көңүлүнө энеси Шайымкүл менен кичинекей карындашы Токуш кайта баштан
түшө баштады. Ата мээримин унутуп, эне жыты эсинен чыгып, өлүмдөн суунуп бүткөн жигиттин муңдуу жүрөгү үйрүн издеген жабагыдай аркы-терки удургуп Толкундун айланасында тегеренип жүрдү.
Ооба, Нурландын бүткүл ой-санаасын ошол бир-эки гана көргөн бейтааныш кыздын элеси ноктолоп, артынан жетелеп алды.
Ал Пржевальскидеги областтык милициянын начальниги Садык Исмаилов менен байланышты. Телефондо көпкө сүйлөшүштү.
Садык Нурландын бир чети атасындай, бир чети агасындай болгон киши. Ал атасы Чоко менен бир кездерде каруусунан кан кечип,
бир катөлдөн аш ичип, чалгынга чыкса бир чыгып, чабуулга бирге кирип, жарты буудайды жара чайнашкан жолдоштор эмес беле. Садык Нурланга Шайымкүл менен Токуш жөнүндө каңырыгы түтөп олтуруп эчен жолу айткан, эчен жолу эскерген. Эми ошол ачкадан
өлдү деген карындашынын бүдөмүк этеримиш кабарын укканда Исмаилов сүйүнгөнүнөн кыйкырып жиберди.
— Иттин баласы, анан сүйүнчүлөбөйсүңбү? Айтканыңа караганда жөндүү сөз өндүү. Бирок, балам, өлкөңдү азырынча көптүрбөй
азырынча катуу карма. Ким билет, ошолбу, башкабы. Мен азыр эле кылмышкерлерди изилдөө бөлүмүнө тапшырам. Қап өзүм көргөн болсом, Токушпу, Токуш эмеспи, бир көргөндө эле тааныйт элем.
— Мага ишенип коюңузчу, Ракатты көргөнүңүз, аны көргөнүңүз.
Тим эле копиясы.
— Институтта окуйт экен дедиңби? Болуптур, балам, ары кетсе бир жума, бери кетсе үч-төрт күндүн ичинде жообун аласың.
— Байке! — деди Нурлан жүрөгүн өрөпкүтүп,- сизден өтүнөрүм, муну ата-энеси билбегендей кылып иштеш керек. Қыздын сөзүнө
караганда алар өз ата-энеси. Ал эми өңү менен жашына караганда менин карындашымдын өзү:
– Эгер карындашың болуп калсачы, анда айтыш керекпи?
–Жо-жок. — Нурлан карбаластап калды. — Такыр антүүгө болбойт.
– Анан эмне кылыш керек?
– Аларды ыйлаткым да, сыздаткым да келбейт, байке. Қызды кандай өстүрүшкөнүн эгер өз көзүңүз менен көргөн болсоңуз түшүнөр элеңиз. Күн мурун көлөкөгө тон бычпайлы. Эгер чындап эле Султанбектин асыранды кызы болуп чыкса, башка жол менен… Аны чогуу кенешебиз да Сиз менен…
Аларга оор болот деп жатасың го.
Оор болгондо да кандай дейсиз! Бирөөнүн эмгеги менен да эсептешиш керек го дейм.
Жарайт, Нуке, менин милдетим ата-эне менен кыздын кимдигин билүү. Ушундайбы?
Ооба, ооба, ошол гана. Ишиңиздин ийгиликтүү болушун каалайм.— Сүйлөшүү ушуну менен бүттү.
А Исмаилов болсо Чокоев менен сүйлөшкөндөн кийин дароо ишке
киришти. Начальниктин тапшыруусу боюнча милициянын кызматкерлери Жол-Арыкка жөнөп кетишти. Бирок, алар бул изилдөөдөн эчтеке таппай кайтышты. Айрым ишенимдүү кишилердин билдирүүсү боюнча Толкун Султанбек менен Зайракандын өз кызы болуп чыкты. Султанбектин сары мурут кошунасы Айдар органдын кишилерин акырая карады. Ал селолук Советтин конторасынан буларды акелерин окута сөгүп туруп кууп чыккысы келди. Бирок, анте алган жок. Ачуусуна чыдабаган Айдар «Укмушту силерден угуп олтурабыз, баатыр акелери. Бирөөнүн өз баласын өзгө деп кайсы акмак айтып жүрөт
силерге. Кыздын ата-энеси укса колуңарга тирүүлөй өлүп берет. Мындай катын ушакты кулагыбызга экинчи угузчу болбогула» деп, колун силке салып тышка чыгып кетти.
Органдын кызматкерлерин үмүттөнткөн бир сөз селолук Советтин председатели айткан Султанбектердин башка жактан көчүп келгени гана болду.
Бул кабарды уккан Сыдык Исмаилов Жол-Арыктан жолу болбой
келген кызматкерлерин эми Балыкчыга барууга путёвка берди.
III- бөлүмдүн аягы











