Пример HTML-страницы

Жети-Өгүздөгү жол кырсыктан 11 адам жабыркады. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 1-октябрда Жети-Ɵгүз районунун Желе-Дѳбѳ айылындагы жол кырсыктан 11 адам жабыркады.

Маалым болгондой, кырсык Балыкчы—Бөкөнбаев—Каракол унаа жолунун 198-чакырымда катталды. «Хонда Степвагон» үлгүсүндѳгү унааны айдоочу башкара албай, тегеренип кеткен. Ичинде 11 адам — 3 эркек, 5 аял киши жана 3 жаш бала бара жаткан.

Окуя болгон жерге Каракол шаарынын №15 куткаруу бѳлүгүнѳн 4 куткаруучу тартылды. Куткаруучулар окуя болгон жерге барганга чейин жабыркаган адамдарды тез жардам кызматкерлери Каракол шаардык оруканасына алып кетишкен.

Кырсыктан жабыркагандар:

1. 1983-жылы туулган Б.Н.Ж. (эркек киши);

2. 1976-жылы туулган С.Ө.К. (эркек киши);

3. 1963-жылы туулган У.К.Ч. (аял киши);

4. 1998-жылы туулган М.К.А. (кыз);

5. 1998-жылы туулган А.А.А. (кыз);

6. 1989-жылы туулган А.А.К. (аял киши);

7. 1975-жылы туулган К.Г.Ж. (аял киши);

8. 2014-жылы туулган К.Б. (кыз бала);

9. 2020-жылы туулган Ɵ.У.Ɵ. (эркек бала);

10. 2015-жылы туулган А.Э.К. (кыз бала);

11. 1968-жылы туулган Ш.К.У. (айдоочу).

Учурда жол кырсык боюнча тергөө жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE