Пример HTML-страницы

” Жашоо менен оорудум”

https://kyrgyzcha.site/?p=45232&preview=true Кызыктуу окуялар.

Жашоо менен оорудум”

https://accounts.binance.me/ru/register?ref=556102233

Пример HTML-страницы


 

– Унсуз гана терезеге тиктеп, асмандагы жалгыз айга суктанып турдум… Козумдон аккан жылуу жаш, жаагымдан ылдый сызып отту… Шаар тынч гана уйкуда, анча мынча машина зуулдап гана отпосо, аалам тазаргандай кочо тып тынч… Эртенки кунду эстесем, журогум тызылдап туз куйгандай сыздап жатты, бир чети журогум элжиреп кетет.. Себеби эртен улпот тоюм болот… Жок озум суйгон жигитке турмушка чыгам, ата энебиз деле каршы эмес, баары даяр… Мени эч ким деле капа кылбады… Болгону туштон кийинки, врачтын айтканы кулагыма жанырып жатты…” Чон кыз, сиздин журок оорунуз отушуп кетиптир, тез арада операция жасатуу керек, сиздин чыдап жургонунузго тан калып жатам, кез келген убакытта бул дуйно менен кош айтышыныз мумкун” Демек мен кез келген убакытта жок болуп кете алам… Ушундай болоорун уч уктасам да тушумо кирбептир… Жашоодо сыноолор толтура, бирок мындай сыноону женип кетиш мумкун эмес экен… Менин умутум аз гана… Ошол учун мен эч кимге кыйынчылык туудурбашым керек… Бир кун болбосо бир кун, бул дуйнодон кетем да, андан коро эртенки кунумду ойлошум керек, ушундай ойлор менен алышып жатып, уктап кетипмин… Эрте менен бетиме жылуу жаштын тамчысынан ойгонуп кеттим… Козумду ачсам апам экен, башымдан аяр кармап… Периште кызым менин, мына мынтип эле бой жетип калганынды сезбей калыптырмын… Сенин кетишинди эстесем, кабыргам кайышат, айлам жок кыздын бараар жери куйоо дейт, бактылуу болуп кетсен болгону…деп мени кучактай ыйлап кирди… Мен дагы чыдай албадым, байкуш апам сезип жаткандай… Ангыча женем келип арадагы жымжырттыкты бузуп жиберди.. Ай кыз турун Эми, тойго камданын… Деп шыпылдай уй жыйнап кирди… Оордумдан туруп, Аскат экообуз тандаган улпот койногун копко тигилип карап турдум, мен бул койнокту коргондо, кандай гана аруу кыялдарша батпадым эле, эми мынтип баарынын таш талканы чыкты, кыялымдын кобу калып кала турган болду…. Ангыча Аскаттар дагы, шан шоокот менен кирип келишти… Эх чиркин баарын унуткум келди, олум тууралуу унуткум келди, эч болбосо бугун эстегим келбеди. Маанайымдын чокконун эч Ким сезбеди, баары бул уйдон кетеердеги абалы ушундай болот деп жооруп коюшту… Бир кезде бироонун бетимден ооп жатканын сездим, ал Аскат экен колума гул карматып койду, мен мындай кезде толкунданышым керек го, бирок менде андан дагы кучтуу сезим ээлеп турган болчу… Ал олум, байкушум Аскат билсе кандай акыбалда калат экен? Ата Энем билсечи, каттуу кайгырышса керек… Мына ушуларды ойлоп акылдан азып кетейин деймин… Ата энемдин ыйламсырап уйдон узатканын коруп, озумду жоготууга аз эле калды, кош болгула берекелерим мен чын эле кайтып келбеймин… – Коптон бери кутуп арзуу кылган тойдун, Эми тез бутушун кааладым себеби ызы чуудан башым ооруп баштады… Журогум кысылып эч нерсе жакпай турду. Ошентип той дагы бутту, Аскат экообуз учун жашоо башталды, конулумо эч нерсе жакпады, болбогон нерседен кучумду чыгарам, эртенки кунумдун кандай болоорун билбеймин, анан кантип жашаймын? Байкушум Аскатты жудотуп жибердим, келгенден бери бир оюндагыдай мамиле жасабадым, баарына чыдады… Анын чыдамкайына андан сайын кучодум… Себеби максатым Аскатка жаман корунуш эле… Арадан бир ай отту, адаттагыдай эч нерсеге конулум жок, олтурдум… Жаныма жакын келген Аскат жур Жаным айланып сейилдеп келебиз, аябай пайдалуу болочокко дагы… Деп баштаганда, оозун жаап калдым… Аскат суйлобо суранамын суйлобо.. Бирок ал жон тура албады, колумдан булкуп, сага эмне болгон? Келгенден бери кабагын ачылбайт, эмне капа кылдымбы,? Мага айтчы адамды кыйнабай!!! Ооба капа кылдын, сени жек кором, сени суйбойм, эколбуздун болочогубуз жок уктунбу? Мени издебе!!! Деп сыртка чыгып кеттим, ал олтурган жеринде жылбай туруп калды… А мен башым оогон жакка чуркап бара жаттым, кечир берекем азапка салдым, сени каттуу суйомун, бирок сени бактылуу кыла албаганым окунучтуу… Сага атайын жаман корунуп жатам, мени оной унутасын… Аттин мен оорулуу болбосом сени алаканыма алмакмын, аттин мен оорулуу болбосом мага жана сага окшогон наристелерди тороп бермекмин аттин аттин… Мына ушуларды кубуронуп баратып жыгылып туштум, козум бозоро озумду жоготуп бара жаттым… Козумду ачсам, ооруканада экенмин, ак халатчан эже жаныма келип, колумдан кармай куттуктаймын кызым, эне болот экенсин озунду абайлагын деди… Эмне эже менби дедим тан кала? Ооба сен анча эмне тан каласын? Бирок эже мен кантип? Эмне анчалык эмне куйоон жокпу? Жок андай эмес эже, менин журогум ооруйт, аз гана омурум калды деп унум кыргылдана суйлой албай калдым… Бирок кызым андай эч нерсе байкай албадым го? Ушул созду укканда журокто умут оту жанды… Мени олосун деген врачка чуркадым… Башын жерге салып турган врач, кечир чон кыз сенин диагнозунду алмаштырып алыппыз, ал адам кечее гана ийгиликтуу операция жасатты деди… Уккан кулагыма ишене албадым, эже кайра кайталанызчы?! Ооба чон кыз жашайсыз, сиздин дениниз сак, анда эмнеге журогум кысылды? Ал коп ойлонгондон, кыжаалат болгондон. Козумдон кубанычтын жашы сызылып агып жатты, сыртка чыгып биринчи жолу айланага суктанып карадым… Жерге жатып алып жерди опкулоп жаттым, кээ бир Адам кулуп жатса кее бири жинди экен деп ойлоп жатты… Жердеги таш дагы сулуу корунуп жатты… Ошондо Аскатты эстедим… Аскат алтыным бар эмеспи, уйду коздой жонодум, бирок ал жок экен…Бир кезде тарс деген дабышты сарай жактан уктум, чуркап барып карасам Аскатым жипте асылып тыбырчылап жатыптыр… Болгон унум менен бакырып жибердим, уйдон шашыла бычак алып жипти кесип жибердим… Аз калганда Аскаттан айрылып калат элем.. Суу чачып жатып, козун аран ачкан Аскат мени кучактай кетпечи деди… Кечир Жаным берекем, мени кечирчи… Капа кылдым… Мен сени жанымдан артык суйом… Кечир деп мен дагы ыйлап турдум… Аскат мени карачы жанылыгым бар, сен ” ата ” болосун деп жылмайдым… Ошондо биринчи жолу Аскаттын ыйлаганын кордум… Биз учун эми жашоо башталат, экообуз бактылуу болобуз деп кучакташып ыйлап жаттык, бул кубанычтын ыйы болчу….

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE
Пикир калтырыныз.

Нажимая на кнопку "Отправить комментарий", я даю согласие на обработку персональных данных и принимаю политику конфиденциальности

https://www.binance.com/ru/activity/referral-entry/CPA?fromActivityPage=true&ref=CPA_00NB2ZZDKX