Пример HTML-страницы

«ЖАПАЙЫ РОЗАЛАР».     3-БОЛУМ.

https://kyrgyzcha.site/?p=42084&preview=true Кызыктуу окуялар.

«ЖАПАЙЫ РОЗАЛАР».    

3-БОЛУМ.

 

 

Институтка медаль менен келгениме байланыштуу, бир гана сабактан экзамен берип,калган сабактарымдан жеңилдик алдым.Турсунай мен үйгө кетейин деп камынып жатксап келиптир.Мурдагыдан чыйралып,жайдары болуп кеткен Турсунайды тиктедим.

-Мен үйгө кетпей калдым.-Турсунай шаңкылдап күлүп,мойнумдан кучактап,өпкүлөп жиберди.-Сен бактылуусуң, Мыкат.

-Окууга өттү деп ошентип жатасың го.Бөксөлөрү толуп жатпайбы.Анын ордун эч качан толтура албайм.

Турсунай мени коё берди.

-Ооба,толбогон, кол жеткис бактың энең экенин билемин.Акылдуу кыз экенсиң.Чын эле Мыкат,бардыгын ойлодум.Эсиңдеби баякы жылкы окуя?Мен ошолорду ойлоп,өкүнүп жүрөм.Бирок сага азыр айтып жатам.Акмак экенмин.Кеч болсо да кечирип кой.

-Эмнени айтып жатасың?Эчтеке эсимде жок.

Мен керебеттин четине келип көчүк бастым.Турсунай колдорумду кош колдой кармап,астыма жүйүртө басты.

-Баткак болгон бут кийимдеримди тазалап койбойсуң деп эки туфлимди эки колума кармап алып,сени башка койгулаганым. ..

Турсунай мени сөз менен эмес,таяк менен төбө талаштыра чаап жибергендей, мурдума кан жыттана түштү.

-Сен өзүң айтпаганда андайларды ойлоюн деген оюм,эстейин деген ниетим жок эле.Таякеңдикине жатып акылдуу болуп калгансың го,көңүлүң да ачык.-Ордумдан турдум.Графинден стаканга жаңы куюлган сууну оозумду көздөй көтөрүп баратып,Турсунайды карадым.Ал сүйлөп жаткан болучу.

-Мен Казан университетине кетип жатам.

Таңдана түштүм.

-Казанга дейсиңби?Кандайча? Биринчиден кечиктиң,экинчиден ал жакта конкурс жок деп турасыңбы?

Кыз каткырып жиберди.

-Экзаменден өтпөй калат экен деп кайгырбай эле кой.Казан университетине конкурссуз кабыл алаарын башынан билем.

-Э койчу,келесоо кишинин сөзүн сүйлөбөй.Мени эмне башы жок деп турасыңбы?

Турсунай мени чекеге сөөмөйү менен түрттү.

-Эй макоо баш,казанга да экзамен болмок беле?Анын төрт эле кулагы бар.Кайсы кулагынан кандай кармап асаарды эптеп үйрөнөрмүн.

-Эмне,күйөөгө кетесиңби?

-Көрөсүңбү?Во, момундай жигит.-Баш бармагын көрсөттү.

-Тураткабы?

-Кайдагы Туратты эстеп жатасың?Ал экөөбүздүн ажырашып кеткенибиз качан.Кечээ кечинде таякемдикине Кудай айдагансып бир волгалуу жигит келип калса болобу.Кыскасы, мен аны бир көргөндө эле сүйүп кадым…

-Бир көргөн жигит менен эле кете бересиңби?

-Качан кетээрим али белгисиз.

-И-и,ошондой десең.Кайдан экен ал жигит?

-Аны кетээримде гана айтам.Ага чейин секрет.

-Аа,болуптур секрет болсо секрет бойдон туруп турсун.Шашылыш жок.

Колумдагы кыйшайган стакандан суу жерге шорголоп жатыптыр.Муздак суудан аптыга бир жуттум да ортодогу столго койдум.Экөобүз тең унчугушпай калдык.Ордунан шайдоот турган Турсунай күзгүнүн жанына барып чачтарын оңдөп,кашын сылап,боюн түзөп тура калды.

-Мен кеттим Мыкат.Калган сөз болсо кабарлашып тураарбыз.

-Жарайт.

Турсунай тыкылдай басып,чыгып кетти.

Мен ошонун эртеси үйгө кеттим.Короого бир бутум кирип,бир бутум кирбей жатып эле ачык терезеден дуулдаган аялдардын үндөрүн угуп,эки жагымды карап токтодум.Асан менен Үсөн жүгүрүп келип,мени кучактап калышты.

-Э-не-е!Махабат эжем келди.

-И,жакшы болгон тура,келсин. -Энемдин үнү ашкана жактан чыкты.

Бөбөктөрүм мени экөо эки жагымдан кучактап божурай башташты.

-Эжеке,Турсунай эжем күйөогө кеткен жатат.

-Күйөөсүнүн машинасы бар дейт.Аялдар көп жууркан каптап жатат.

Энем ашканадан чыкты.

-Ырас келген турбайсыңбы. Үйгө кир,эмне туруп калдың?Тамак да бышып калды.Калганын өзүң дайындап жиберчи.

Жууркан каптап жаткан аялдар мени көрүп кубанып кетишти.

-Алдыңа кетейин,Мыкат келген тура.Кандай дениң сакпы?

-Окууга өттүнбү?-Алмадай чоң энем бетимден өптү.-Зээниңден секет кетейин.

-Өттүм,апакебай. ..

-Жол жүрүп чарчап келгендирсиң. Олтуруп эс ал.Биз ушинтип Турсунайдын себине кол кабыш кылып жатабыз,балам.

Менин артымдан удаа кирген энемдин үнү шаңкылдап,көңүлдүү чыкты.

-Жаш эмеспи,ботом. Мындай кезде чарчаганды ким билиптир.Бол, кийимиңди алмаштыра коюп,кесменин камырын жууруп жибер…

Тамак үстүндө Турсунай экөөбүз жөнүндө сөз болуп кетти.

-Аныйпа,билсең ырысың тоодой аял экенсиң.Минтип эки кызың биринен-бири өтүп,шырыктай болуп бой жетип турат. Турсунайы күйөогө кетет экен деп көпөлөктөй жаныңды көлгө уруп камынып-чамынып жатасың.Айтымыңа караганда,күйөө болчу балаң тирикарак эстүү бала көрүнөтЭми Турсунайдан кийин Махабатың кетет.Анан уулдарың ары-бери караганча бой жетип,колукту алып уучуңду узартат.

-Айтканыңар келсин.Турсунайымдын күйөогө баруу оюнда жок болучу.Буйрукка айла жок тура.Күйөо бала Туканды бир көрүп эле жактырып калган имиш.Асылган оору албай койбойт дегендей,аркасынан сая түшүп жүрүп,акыры ушундай иш болуп калды.Кантейин, балам бактылуу болсо болду.

-И-и,ошентип азыркы жаштар өз тагдырларын өздөрү чечип,өз жарларын өздөрү тандоочу болбодубу.

Турсунайды эстеп,териме батпай кубанып отурдум.

-Иштин башы ишемби деп,ушу ишембиде шырдагын ойдурайын деп жатам.Биздин айылда ким бар жакшы ойгон?

-Ээ катыгүн,өз кошунаң Алмадай чоң энем турганда алыстан оймочу издейсиңби?

Алмадай чоң энем оңдонуп олтурду.

-Жок,айланайын, шырдак кармабаганыма көп болду,көзүм да жакшы көрбөй калды.Азыр жаш келиндерден чыгып жатпайбы,оймочу- чиймечилер.

-Билем да,Алмадай байбиче башканыкын ойсо да биздикин ойбойт.

-Бузуп алам деп жатам.Ооздон чыга электе эле ушундай чалып турмайың жаман.

Эл кетип өзүбүз калгандан кийин,энемден минтип сурадым:

-Турсунай күйөөгө ушунчалык эле тез кеткени жатабы?

Энемдин чечкейи чеч болуп бул күнү абдан көңүлдүү болучу.

-Кеткени жатканы ошол да,балам.Окууга да өтпөй калды.Далактап үйдө жүргөнчө барсын.Атаң экөөбүзгө күйөө бала атайы киши жибериптир, Турсунайдын колун сурап.Кеңешип туруп макулдугубузду айттык.

-Бизди институтка баргандан кийин тез эле жумушка алып кетет окшойт.Кайсы күнү кетээрин угуп кетсем экен.

-Күн болжошо элекпиз.Айтышат го.Не бар,не жок камынып коёюн деп жатам.Машиналуу немелер экен.Келип калса Турсунай сенсиз кетмек беле.Киши жиберип алдырып алабыз,балам. Эл,кыздары күйөөгө кетеби,балдары колукту алабы жашырып жабат экен.Мен антпей эле,абысын-ажынга ачык айтып камынып жатам.

-Ишенимдүү болгондн кийин эмнесин жашырасыз.Турсунай эмне ууру кылып жатты беле…

Мен келгенден кийин бир жумадан кийин Турсунай келди.Кабагы карыш түшүп бүркөө.Экөөбүз өз бөлмөбүздө турганбыз.Үстүбүзгө энем кирди.

-Тигил келин келген жокпу?Кудалардан эмне кабар бар?

-Кечинде таажеңем келет.Эмне болгонун келиниңизден угуңуз.

Энем күлдү.

Эмитеден эле мени менен сиз-биз дешип сүйлөшүп калган тура.Күйөөгөкетээриңди билбей,кечээ эле улактай секирип жүрдүң эле.Чын-чынына келип,иш машагына жакындаганда кетүүчү кыздын каадасы кылып,сыйлай баштагансың го,балам.И-И, ошондой болот,балам. Кыздын атасынын төрүнөн чыкканы анын сөөү чыкканы менен бирдей.Эмне, энеңдин санаасы эле бир жерде дейсиңби,алда кандай жерге бараар экен деп ичкеним ирим…

Бул күнү да атам келген жок.Мен да ал кишини күтө берип чарчагандан кийин,жатууга камына баштадым.Мен киргенде Турсунай кийимчен эки колун төбөсүнө алып,кроватта жатыптыр.

-Махабат!Сен жигит сүйүп көрдүң беле?-деди Турсунай шыпты тиктеген калыбында.

-Эмне?Жигит сүйүп дейсиңби?Жок, мен андай түйшүккө түшө элекмин.Мага караганда бул жагынан аздыр-көптүр тажрыйбаң бар го?

-Мурда сүйүү деп калп эле өөдө-ылдый болуп жүрүптүрмүн. Мына,анык сүйүүнүн азабын эми тартып жатам.

-Алиги,бара турган жигитиң жөнүндө айтып жатасыңбы?

-Менин багыма аны Фрунзеге бир жылдык курска жиберип жатышыптыр. Азырынча тоюбуз болбой калды.Эртең- бүрсүгүндөн мен да кетем.Бул жерде жүргөндө кылаар ишим эмне.Баягы Турсунай эрге тийем деп,ата-энесин тойго камынтып коюп барбай коюптур деген элдин сасык сөзүн, энемдин жемесин укканча көздөн далдаа жоголгонум жакшы болуп турат.

-Тоюң бүгүн болбосо эртең,эртең болбосо келээркиде күйөөң окуусун бүтүп келгенде болоор.Эмне үчүн энең түшүнбөсүн. Эл укса күйөөсү окууга кетиптир,тою кийин болто экен деп тим болушат.Андан көрө жигитимден бөлүнүп калгым келбей жатат десең.

Турсунай ордунан туруп,терезенин форточкасын ачты.

-Жигитиңдин аты ким,ыя?Кайда иштейт?

-Ким экенин,кайда иштегенин эмне кыласың?Укпай эле койчу.Убагында таанышып,убагында билээрсиң.

Ичимден Турсунайга таарынып калдым.Эмне үчүн баары менден жашырышат деп ойлодум.Сүйлөшкүм келбей,тескери карап жатып алдым.

Эртеси шаарга барып келем деп кеткен бойдон Турсунай үйгө экинчи келген жок…

Энем кызынын Фрунзеге кеткенин угуп,кечке ыйлап жүрдү.Бирок аны сооротуп турган иш Турсунайдын күйөөсүнүн окууга кетиши болду. Тойду эки бала аман-эсен келсе,кийин өткөрөбүз деп,өзүм токтотуп койдум деп энем кайра жар сала баштады.

Турсунай Фрунзеге кеткен бойдон келген жок.Анын күйөөгө барам деп,үй-бүлөнү камынтып,айылдын аяк-башына чейин угулуп,дүңкүлдөп жатып дым болуп калышынын себебин чече албай,ойго түшүп калдым.Бирок эч кимден да сурабадым.Айылдык мектепте окуп жүргөн кезимде ойлогон оюм азыркыдай эмес болучу.Кээ бирлерде орто мектепти бүткөндөн кийин күйөөгө качып кетким келип,делөөрүп жүрдүм. Анан калса акыл-эсимди жыйдырбай тилинен бал тамган жигиттердин саны күн өткөн сайын көбөйүп бараткан болчу.Айлыбызда Айдар деген колхоздун зоотехниги бар болучу.Ал мага кат жазып,ар кимден сөз айттырып,турмушка чыгууга макулдугумду сурап жүрүчү.Бирок мен аны эмнегедир жакшы көрүүчү эмесмин.Көзүмө шайкелең сезилүүчү.

Атам жумушта эле.Энем кечээ эртең менен кайра шаарга кеткен.Балдар да үйдө жок болучу.Эртеңки окууга кетүүнүн камын кылып,кийим- кечемди иреттеп,жууганын жууп,үтүктөгөнүн үтүктөп чемоданга кынаптап салдым.Башымды жууп,күнгө бир аз тоборсутуп туруп үйгө кирдим. Аба кирсин деп эшиктерди бүт ачып коюп,төркү үйдөгү кош терезенин ортосуна коюлгантрюмонун алдында туруп,чачымды адатымча артыма чогуу тарап бир өрдүм.Күзгүдөн өзүмдү карайм. Жүзүм адаттан тышкары туптунук болуп мөлтүрөйт.Эки бетимдин ортосу эндик сүркөндөй тарам -тарам болуп кызарат. «Жашабай жатып бетиңе боёк сыйпайсың,жуу самындап» деген энемдин качанкы бир сөзү кулагыма кайра угулду. Ошондо эмне үчүн ошентти экен? Өзү карап туруп жуудурган болучу. Муздак суу тийген сайын беттеримдин каны кайра сыртына тээп,ого бетер албырып чыкканын эстедим.чЭриндерим да бетиме окшоп боёк сүрткөндөй кыпкызыл экен.Эмне үчүн мындай? Жада калса,энем менин көзүмдү да жактырбайт. «Көзү чоң жашка,оозу чоң ашка,-дейт.Солдоктоп боюң эле өсүп баратат. Теректей бой бергенче теменедей акыл берсин.Эмитен далактап эмчегиң көкүрөгүңө батпайт. Жашырып жапканды,билгизбей тартып алганды да билбейсиң» … Күзгүдөн боюмду анан көкүрөгүмдү карадым.Чын эле мен энем айткандай көрксүзмүнбү? Кызылым бир аз эле өчүңкү болсо кубакай болмок экенмин,-деп ойлодум.

 

 

 

Ошол кезде күзгүнүн тээ аркы түпкүрүнөн кимдир бирөө суурулуп, мени көздөй жылып келаткандай көрүндү. Айнектен көрүнгөн көз менин көзүм менен тиктеше түштү.Айдар жылмайды.Жүрөгүм селт этти.Эшик жакка жалт бурулдум.

-Эмне келдиңиз?

Айдар күлдү.

-Кетиңиз.-Мен аны карай үч-төрт кадам басып токтодум.

-Кубалайсыңбы?

-Кубалайм.

-Болуптур,кетем азыр.Кечинде жакшы кино болот экен.Ошого чакырып келдим,барасыңбы?

-Жок.барбайм.

-Барасың.-Айдар мени көздөй жакындады.-Суранам сенден макул деп койчу.Киного чогуу баргандын эмне жамандыгы бар экен.Билесиңби Мыкат,эгер сен мага колукту болгон болсоң,кандай сыйлаар элем.Айдакең анда төбөсүнө гана көтөрүп жүрмөк.

Колумдан кандай кармаганын билбейм,эки каруумдан куушура кысып келип,өзүн көздөй тартты. Ал ушунчалык карылуу экен,камынтпай мени бооруна сыга кучактады.Айдардын өбүүгө аракет кылып,оозун жакындатып келатканда мойнумду буруп,жүзүмдү андан ала качып,бошонууга аракет кылып жаттым.

-Коё бериңиз.

-Сүйгөнүм.

-Уятсыз экенсиз.Коё бер деп жатам.

-Махабат!- Аялдын үнү кулагыма шак дей түштү.Айдар мени коё берди.

Эшиктин алдында турган Батыш эжемди көрүп,уялганымдан өңүм бузула түштү.Оозума сөз да,салам да кирбей калтырап кеттим.Шаардан качан келип калды экен деген суроо көңүлүмдү чарпып өттү.Ооба,Батыш эжем күйөөсү экөөтеңинститутта иштөөчү.Алар менин окууга өткөнүмдү угуп чоң кубанычта калган болучу. Эми минтип эжемдин көз алдында ак жеримден Айдардын отуна күйүп отурганыма өкүндүм. Болгондо да ал мени кучактап алып,өпкөнү жатканын көрдү.

-Мыкат биздикине келип кетчи.-Тез бурулду.Батыш эжем чыгаары менен Айдар кайра баштан мени көздөй жакындай баштады.

-Жолобо жаныма.

-Болуптур,жолобой эле коёюн.Кечинде клубга барасыңбы?

-Барайын.-Калп айттым…

Батыш эжеме көрүнүү мен үчүн кыямат болду.Чындыкты айтууну ойлодум.Ал кыраакы аял болучу.Адамдын оюн айттырбай көзүнөн билүчү.Короодон чыксам Батыш эжем эки жагын карап,көчөдө туруптур.Кебетеси мени акмалап турган сыягы бар.Жанына келип токтодум. Мен аны карабай туруп эле,менден көзүн албай карап турганын сездим.Аялдын өткүр,тегерек кара көздөрү денеме ток ыргытып жаткандай калтыратат.

-Жүрө гой!-Ал дарбазанын калиткасын ачты.

Батыш эжем экөөбүз унчукпаган калыбыбызда ээрчише басып келип бактын көлөкөсүнө, огороддун ичиндеги какум аралаш өскөн көк майсандын үстүндө салынып жаткан шырдакты басып көрпөнүн четине отурдук.

-Айдар менен көптөн бери сүйлөшүп жүрөсүңбү?

Шырдактын оюуларын алаканым менен сылай берип,акырын үн чыгардым.

-Кечириңиз эжеке,мен аны менен сүйлөшкөн эмесмин.Ортобузда эч кандай байланыш жок.

-Башка бирөөдөн уксам ушак дейт элем,өз көзүм менен көрдүм го.

-Ишениңиз эжеке,сөзүм болсо эмне дейсиз.Мага турмушка чыккын деп асылып жүрөт.Киного чакырып келиптир.Тартипсиз жигит көрүнөт,капысынан эле…Мен сиздин ушинтип ойлооруңузду билгем.

-Чынбы?

-Кудай урсун!

-Карганба.Сабырлуу жетер мураска,ашыккан калар уятка деген сөздү өзүң да уккандырсың. Ар нерсеге эстүүлүк,токтоолук, кыраакылык керек.Турсунайды угуп,абдан кейидим.Ага турмуш жөнүндө,келечек жөнүндө,балким, эч ким кеңеш берип,жол көрсөткөн эмес чыгаар.Эркеликке жеңдирип жибергендей көрүнгөн.Селкилдеп жеңилип кетиптир болучу.Турсунайды айтпаганда да,кээ бир жеңил ойлуу кыздар орто мектепти бүтүрсө эле болду,жигит сүйүүнү,күйөөгө тийүүнү өздөрүнүн милдети катары ойлошот экен. Мен кыздарды сүйүүдөн,турмушка чыгуудан тыйып,өмүр бою так өтсүн деп жаткан жерим жок.Сүйгүлө, күйөөгө да чыккыла.Бирок сүйүүнүн да сүйүүсү,сүйүүнүн да чындыгы болот.Кыз-жигитттин бири-бирин жакшы көрүп калышынын баары эле сүйүү боло бербейт.Жүрөгүң каалап,чын сүйгөн кишиң,таза махаббатың табылмайынча күтүп жүрө бер.Ал сага эртедир-кечтир келбей койбойт.Мен өзүмдү эле мисалга алып көрөйүнчү. Мага айылда окуп жүргөндө эле жигиттер сөз айта баштаган.Бирок мен аларды каалаганым жок.Алдыга койгон максатым күйөо эмес-окуу болду.Окуунун артынан түштүм.Институтка өттүм.Анда да ашык болдум деген бозойлордун саны күндөн-күнгө көбөйүп жатты.Ошонун баарына сабырдуулук кылган ушул эле Батыш эжең болчу.Өз алдыма койгон биринчи максатыма жетип,институтту бүтүп алып анан турмушка чыктым.Сүйгөнүмдү ал жерден эмес,башка шаарда,башка окуу жайда окуп жүргөндөрдүн арасынан таптым.Эламан да ошол кезде мага окшоп,өз сүйгөнүн издеп,кздан кыз жакпай тандап жүргөн кези экен.Көүшкөн күндөн тартып жылдызыбыз жарашып калса болобу.Ошентип жездең экөобүз аспирантураны чогуу бүттүк.Мени менен бирге окуп,орто мектепти бүткөн кээ бир кыздар турмуштун оор сыноосунан өтө алышпай арабөк калышты.Бардык кыйынчылыкты турмушка чыгуу менен жеңемин деген кыздар казан-аяк менен алышып,бала басты болуп,илим-билимден четтеп кете берди.Азыр алар кандай өкүнүп,оозун карманып жүргөнүн билесиңби?

Мен Батыш эжемдин көп сөзүнүн ичинен катуу кармап,эсиме сактап калганым «бардык кыйынчылыкты турмушка чыгуу менен жеңемин деген кыздарды да көрдүм»,» Бири-бирин жактыруу,бирин- бири жакшы көүүнүн баары сүйүү боло бербейт» деген сөздөрү болду.Көңүлүмдө көптөн бери ойлоп,өзүмдөн- өзүм уйгу-туйгу болуп чече албай жүргөн купуя сырымды айттырбай билип,көзү ачык олуядай сүйлөп отурган салабаттуу жаш аялдын акылдуу кара көздөрү менин ички дүйнөмө тинтүүр салып,улам тереңге сүңгүп бараткандай денемди дүүлүктүрүп, оюмду обого көтөрүп,акылымды бир жерге топтогонсуп баратты.Карегин менден албай тиктеген эжемдин сүрүнөн тайсалдап,ачык асманды телмире карадым.Көзүмө жаш айланып баратканын билдирбөөгө аракет кылдым.

-Айдар жаман деле жигит эмес.Бирок сен окушуң керек да.

-Мен анын сунушуна макул болгон жокмун.Жакшы да көрбөйм.

-Ишендим Махабат.-Эжем шадылуу аппак манжалары менен маңдайыман сылады.-Сени менен ушул темада сүйлөшүүнү көптөн бери ойлоп жүргөн элем.Сага окуу гана керек.Али балтыркан бойдонсуң.Келечегиң алдыда.

-Макул эжеке,айткандарыңыздан баарын кабыл алдым.Түз жолдон адашпашка аракет кылам. Ушул үстүмдөгү арзыбаган чүпүрөк үчүн сүйбөсөм деле,өзүм кор болбой турган бирөөнү таап кетип калсамбы деп да ойлоп кетүүчү элем кээде..Сиздин азыркы акылман кеңешиңизден кийин бир заматта астым-үстүм түшүп кетти.Институтка барганда кийүүчү түзүгүрөок туфлим да жок. Көйнөктөрүм да ылайыксыз.Энеме айтсам,кийимиңди жарабайт деп институтка кийирбей койсо кайра кел деп какшыктайт. Атама тигиним жок,мунум жок деп эчтеке айткан жокмун.Өзү да түшүнүп жатса керек. Байкуш атам,баш аманында акча саман деп коёт.Таалйым тайкы,шорум калың экен эжеке,энем өлбөгөндө эмне…

Батыш эжем кол жоолугу менен көз жашымды сүрткөндө гана ыйлап жатканымды билдим.

-Сага эми түшүндүм.Буга чейин билбептирмин. Укканым жакшы болду.Д-а-а,бойго жеткен,анын үстүнө жогорку окуу жайга барган ар бир кыз баланын ойлогон ою ошол.Кымбат баалуу болбосо да айлана чөйрөсүнө ылайык,өз боюна жарашыктуу кийинүүнү каалашат.Мунун баары убактылуу,Мыкат. Эртең эле бир күнчөлүк көрүнбөй калат.Төрт жыл чыдасаң бардыгы жайында болот. Сен биз менен кет.Жайнак абамды деле көп кыйнаба.Калганын үйгө барганда сүйлөшөлү.Институтта да бул жерде окугандай окусаң жаман боло койбоссуң.Стиипендия аласың.-деди Батыш эжем мени имере кучактап.

Батыш эжем күлүп жиберди.Калгандар да күлүштү.Олтургандардын бардыгы чоңэнемди карашат.Күкү жеңем кайын энесине жаңылап чай сунду.Эне колуна алган чынысын капалуу дасторкондун четине түртүп койду.Жадыраган Батыш эжем энесинин кыйшайып турган чынысын оңдоду:

-Абакир абам сизди тамаша кылып жатат.Алдагы жыйырма сом.

-Ии,ошондой десең,ботом. Баса,кантип эле алдатып жибердим экенмин дейм да.-Чоң энем дасторкондун үстүнөн эңкейе берип мага сунду.-Алмадай энеңдин пенсиясынан балам.Аз болсо да бирдемеңе тыгынчык кыл.Абакир абаң менен Күкү жеңең да куру койбос сени.

Кысыла түштүм.

-Эне,тим эле коюңузчу.

Туш-туштан жаалап кетишти.

-Алагой.Тим кой деген да кеп болобу…

Ушундан кийин Абакир абам энеси жөнүндө согуш маалындагы бир окуяны айтып,баарыбызды күлдүрдү.

-Биз кичинебиз.Атам согушка кеткен.Байкуш энем балдарын кантип,эмне кылып багып жатканын ким билсин.Айтор, бирде ач,бирде ток болуп дегендей күнүбүз өтүп жатты.Бир күнү окуудан келсем отуз сомдук чоң-чоң көк кагаз акчаларды ар кайсы жерге койгон энем санатын чыгара албай отуруптур. Э,Абакир бери келчи балам,-деп чакырды мени.Мен арбирин жыйырма сомдон он тал саттым эле.Бул акча жети эле экен,кулкунуна келип үч талдын акчасын жеп кеткен көрүнөт,-деди энем кабагын карыш түйүп. Анда мен биринчи класста окуп жүргөн кезим болчу.Энем экөөлөп талдын акчасын эсептеп чыгара албай башыбыз айланды.Биздин көчөдө колхоздун бухгалтери туруучу.Энем экөобүз акчанын санын тактатып алыш үчүн ошол кишиге бардык.Ал чотко салып чыгарды да,тал сатып алган киши он сомду ашык бергенин айтты.Бирок энем бухгалтердин айтканына ишене бербей көпкө чейин бушайман болуп жүрдү.

Айлана кайра баштан күлкүгө толду.Энем кызарып кетти.

-Ким билет ботом,он талдын акчасы он бөлөк болот экен деп ойлогон турбайымбы. А-а атаңдын көрү-ү-у,кат тааныбаган киши да курусунчу.Өңгөнү унутсаң да ушул тал сатканды унутпайсың го,балам.Мындан башка да билгениң барбы?

-Эне,баякыда базарга алып барган койду акчага саттык беле,же заёмго саттык беле?

Чоң энем уялгансып мыйыгынан күлдү.

-Агаңдын сөзүн уктуңбу Махабат.А деген арипти,эки деген эсепти билбей,минтип өзүңөргө шылдың болуп отурам.Билим адамдын канаты тура.Жанакы күйөө деген эмени жаныңа жолотпо.Оку балам.

Алмадай чоң энемдин сөзүн тыңшап отургандардын баары огородго кирүүчү кичинекей калитканы карап калышты.Оо,Кудай, атам келатыптыр. Батыш эжем ордунан секирип турду.Эламан жездем утурлай басты.

-Колум май эле!-Атам манжаларын ары-бери оодарып карады.Анан колун эмес билегин сунду.

-Эчтеке эмес.Берекен н баары ошол майда.Кана,жогору өтүңүз.-Эламан жездем атамды каруудан алды.

-Махабатты издеп кире калдым эле.

-Келгениң жакшы болбодубу.-Тамак да бышып калды эле.Буларды чай ичеби деп самоор койдурсам,ичишпейт. Жумуштан келатсаң керек,курсагың ачтыр,ичсең чайдан.

Атамдын эки көзү жалжылдап менден өтөт.Эмне ойлоп жатат болду экен.Батыш эжемди,Эламан жездемди тиктеп калат. Кээде менин үстү-башымды карап коёт.Анткен менен көрүнүшү көңүлдүү,кабагы жарык.Колундагы чыныны бошотуп,дасторкондун четине коюп,алаканы менен үстүн басты.Анан тамагын жасап,калпагын желкесин көздөй жылдырып,чачын сылады.

-Батыке садага,Махабат сиңдиң окуусуна кетип жатат.Эламан экөөңө аманат айланайындар. Көз кырыңарды сала жүргүлө.Тышка чыга элек неме…

-Мыкатыңыздан кам санабаңыз,Жайнак аба.Маркум Шаршекан жеңем өлөөр алдында ущшул кызын оозунан түшүрбөй,энеме кайра-кайра табыштап жатыр көз жумган.Унута элекмин.Кантип көз салбай коёлу.Сиздин келип калганыңызга сүйүнүп отурам.Махабат биздин үйдө туруп окусун аба.Сизге кезигип ошону сүйлөшө кетсем деп турдум эле.

-Эмне кылсаң да өз колуңа өттү го,айланайын. Эламан экөөңө кантип ишенбей коёюн.Эжесиникине жатып,эжесиникинен тарбия көрүп чыкса жаман болмок беле.Санаам да тыңгылыктуу болот…

Шаарга,Батыш эжемдикине келгендин эртеси эле,ал мени ательеге ээрчитип барып бир сыйра кийим заказ берди.Түштөн кийин жездем үчөөбүз дүкөндөрдү кыдырдык.Аялдардын тышкы кийимдерин сатуучу магазинден плащ-пальто алып берди.Андан чыгып бут кийим сатуучу дүкөнгө кирдик.Жапыс така,венский така,бийик така туфлилердин беш-алтоон тандап алдыма коюшту.

-Кийип көрчү.Өзкөңүлүңө жакканын тандап ал.-Эжем улам бирин алып көрүп жатты.Мынчалык бут кийимди көргөнүмдө эмне дээримди билбей апкаарый түштүм.Бардыгы тең көзүмө биринен-бири жакшы көрүнүшөт.Кайсынысын тандаарымды билбей кармалайм. Жездем мени карады:

-Эмнеге карап турасың,тандай бер тартынбай.

Мен мойнумдан байлаган немедей ийменип туруп,жапыс така ак туфлини колума алдым.Жездем алганымды акырын алды да кайра ордуна койду.

-Тандаганың ушулбу?Сен тандаганды билбесең анда мен тандайын.

Жездем ортодо турган койкойгон орто така лактуу кара туфлини ары-бери карап туруп,мага сунду.

-Сага ушунусу ылайык.Кана кийип көрчү.

Мен Батыш эжемди карадым.Ал күлүмсүрөп, күйөөсүнүн жөн билгилигине ыраазы болгонсуп турду.

-Көрдүңбү,жездең кандай тандайт!Тигил жапысын да ал.Ара-чолодо арыш-коруш кылып кийээрсиң…

 

 

УЛАНДЫСЫ БАР….

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE