Пример HTML-страницы

«Жалгыз» 1 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=54198&preview=true Кызыктуу окуялар.

«Жалгыз»

 

Биринчи болум.

 

 

Коптон бери жолугуша элек торт дос келип россиянын бир шаарында кафеде откон кеткенди эскеришип суйлошуп отурушту. Булар тээ жаш мезгилдеги курбулардан эле. Арасынан Айгул менен Жамал он торт, он беш жыл дегенде эми жуз корушуп олтурушат. Жамал эртен Бишкекке товарга кетмек. Айгулду бул жакка келгенин уккандан бери жолугууга убакыт таппай, акыры бугун эптеп убакыт таап, мынтип жолугушуп олтурушат. Айгулдун жашоосу оорураак экени жузунон байкалып турду. Озу да арыктап беттерине тырыш тушуп кеткен болчу. Улуу кызы мектепти аяктаары менен эле экоо Россияга иштегени келишикендерине жарым жыл болуп калган эле. Айгул озунун турмушу жонундо досторуна айтып берип отурду.

— Мен Даниярга жакшы аял болуп бере албадым окшойт кыздар. Даниярды ушундай болуп ичип, алкаш болуп кетет деп эч ойлогон эмес элем. Уч уктап тушумо да кирген эмес! Кантип анын акырындык менен аракка берилип кеткенин озум да тушунбой калдым деди кайгыра. Жамал Айгулго аябай тан калды. Уккан кулагына ишенбей

-Айгул эмне деп жатасын? Данияр ошондой абалга жетип калдыбы? Ал оозуна арак алчу эмес эле го ? Кантип ал ..? деп коздорун алайта аны тиктеди.

— Ооба Жамал, Ошондой. Даниярдын алкаш болуп кеткенине бир эле сен эмес, копчулугу ушинтип ишенишпей тан кала беришет. Ошондуктан кээде мен озумду жаман аял экенмин деп ойлоп кетем.. Убагында бир жакшына жигит болчу. Ошол жигит азыр эми алкаш деди улутуна. Алдындагы пиводон бир эки ууртап алды да Айгул кайрадан созун уланты.

-Кайнатамдын козу отуп кеткенден кийин Данияр россияга иштегени кетти. Мен жаш балдарым менен кайненем болуп айылда эптеп тиричилигибизди кылып жаттык. Данияр ал жактан жакшы деле акча тапкан жок. Жумуш таппай иштери журушпой кобуроок иче турган болуп алыптыр. Эки жыл дегенде кайра айылга келди. Айылда баягы эле бирине жеткирсек, бирине жетпеген турмушубуз кайра башталды. Улуштук жерлерибизге эгин эгебиз, дыйканчылык кылабыз. Айылда озунор билесинер да той-топур, жоро жолдош дегендей. Даниярды башында ичип жатканына коп деле маани бербедим эле.. Эркек болгондон кийин ичет да деп. Анан эле акыркы кундору коп ичип, уйдо жанжал чыгара турган болуп алды. Ошентип уруш талашыбыз да кобойо баштады. Байкуш карыган кайненем кээде баласына нааразы болуп кейип кепчип ыйлап журду. Данияр апасын да укпады. Кээде мен да Даниярды кемсинтип, оозума кирген создор менен кулагыны жей бердим.

— Эркектерге окшоп акча таппайсын. Балдарынды бага албайсын! Сенин эркек деген эле атын болбосо? Колундан арак ичкенден башка эч нерсе келбейт деп. Ошентип Ал кундо иче турган болуп алды. Акыркы убактарда ичкен жеринде калып кете турган болду. Кээде кочодо мас болуп жыгылып уктап калат. Балдарым менен издеп барып, жаткан жеринен жолоп таяп уйго алып келе турган болуп калдык деди.

Айгулдун бул создоруно баары унчугушпай эле ойлонуп отуруп калышты. Бир убакта досторун бир катар конул болуп айландыра тиктеген Айгул

-Кыздар, мен жанатан бери арманымды айта берип, силерге соз бербей эле озум суйлоп жатат окшойм деди кулуп. Данияр эми болушунча болду. Аны ойлонбой эле койгула. Кудайдын айтканын короорбуз.! Андан коро озунордон суйлогуло деп ал Жамалга карады

— Жамал сен, сен эмне куйоого чыкпай журосун? Омур отуп баратат досум, мындай журбой турмушка чыгышын керек деди ага карап. Отургандар бир аз жандана тушуп, арасынан бироосу

— Оой бул Жамал досубуздун озуно тен, ылайыктуу жигит чыкпай атпайбы. Биз деле канча аракет кылып, бироолор аркылуу бир эки жигитти таптык. Аларды тоготпой койбодубу деди нааразы болгондой Жамалды козунун кыры менен тиктеп.

— Койчу Гулум, аларын болбойт болчу деди анын созун жактыра бербеген Жаныл.

— Болот эле болчу! Андан артыгын каяктан табасын? Озун ойлонуп корсон! Кырктагы кызга оюндагыдай жигит каяктан чыкмак эле эми деди Гулум жини келе.

— Токтоткулачы кыздар! деди Жамал аларды. Болбогон нерсени соз кылып эмне кыласынар! Болду эми, мен турмушка чыкпайм. Кырк жашка чейин чыксам чыктым, чыкпасам болду андан кийин эч качан чыкпаймын дегем!

— Койчу Жамал, ал эмне дегенин! Сен эмне, омур бою ушинтип жалгыз отмок белен! Буга чейин эле чыгып кетишин керек болчу деди Айгул Жамалга чын конулунон тынчсыздана. Жамал унчукпай эле, жай кулуп алдындагы пиводон ууртап Айгулду тиктеди да

— Даниярдай эч кимди жолуктурбасам эмне кылайын? Ага окшош эч кимди таппай койдум деди тамашалай. Кыздар баары бирин-бири карап эле кулуп отуруп калышты.

— Жамал! Чынын айтсам мен озум да акыркы кундору ушул жонундо коп ойлоно турган болуп алдым. Чындап эле Данияр сага уйлонгондо, мынтип алкаш болмок эмес беле? Сен озун го! Ошондо туура эмес иш кылган! деди Айгул оор дем ала.

— Туура эле иш кылгам Айгул. Мен достукка башкалардай кыянаттык кылалбайм. Эгер Данияр мага уйлонгондо сен экообуз азыр, мынтип жуз корушуп отура алмак эмеспиз да туурабы?! Кордунбу Досум! Сени деп, мен суйуудон достукту жогору койдум деди Жамал каткыра кулуп.

— Ушундан коро, экообуз суйлошпосок суйлошпой эле калсак мейли эле. Мен башка бироого тийип кетмекмин. Сага окшоп, журуп алмак эмесмин деди Айгул чын ниети менен эле чукчундай. Анын созуно баары кулуп жиберишти.

-Чын айтам кыздар! Менин турмушум да такыр башкача болмок! Даниярга тийип ушул кунго чейин жарытаарлык деле кун корбодум! А эгерде экоо уйлонушкондо, Данияр о-хоо , азыр кычырап крутой машинаны минип, Жамал досум балдарын жетелеп, деп Айгул Жамалды карап кулуп калды.

— Ээ кыздар биз озубузчо ар-нерсени суйлой беребиз да.! А чынында кудайым мандайыбызга эмнени жазса, ошону коробуз деди Жамал. Анын созун баары коштоп, достор оздорунчо создору кобойуп тамаша создор менен кулуп суйлошуп отурушту.

Бул тортоонун арасынан Жамалдын турмушу жок! Бирок ал озуно аябай тын чыкты. Бир туугандары менен чогуу коп жылдан бери Россияда соода менен алектенип бутуна аябай жакшы турган. Бишкекте эки квартирасы, машинасы бар. Андан тышкары дордойдон контейнер алып, арендага берип койгон деген создор да бар. А берки эки келин жумушта иштешишет. Айгулго да ушулар жумуш таап, атайын айылдан чакыртышкан болчу. Бугун тортоо оздорунчо жай суйлошушуп черин жазышып копко олтурушту. Кетээрде Жамал тамак аштын акчасын озу толоп, досторун аябай ыраазы кылып таксиге салып узатып койду.

 

 

Эртеси куну Жамал самалётко отуруп Бишкеке карай жол тартты. Ал кечоо кунку кыздар менен олтургандагы создорду эстеп, озунчо терен ойго чомулуп баратты. Аны баарынан да Айгулдун Даниярды коп ичип, кочодо жыгылып жатып калат деген созу эч журогунон кетпей койду. Жамал жаш кездеги Айгул, Данияр учоонун ортосундагы болуп откон окуяларды бир чекеден коз алдынан откоро баштады.

Анда Жамал бала-бакчада тарбиячы болуп иштоочу. Айгул институтта сырттан окуп, бир мекемеде секретарша болуп иштейт эле. Экоо ар дем алыш сайын жолугушуп, чогуу басып, жаштыктагы коп кундорун чогуу откорушчу . Ошондой кундордун биринде Айгул Жамалга Данияр деген жигит менен таанышып, аны суйуп калганын айтып калды.

-Данияр мени кечээ куну да киного чакырды. Экообуз бат эле тил табышып, эски тааныштардай эле болуп калдык. Ал озу шаардан анча алыс эмес айылдарда эле жашайт экен. Анан да ал машинасы бар жигит экен деп Айгул коздорун жайната кулду.

— Жакшы экен, Айгул. Ал озу эмне жумуш кылат экен? Кайсы жылкы экен? деп Жамал да андан кызыга сурады.

-Жогорку окуу жайды бутуруптур. Бирок кесиби менен иштебей эле азырынча достору менен чогуу коммерция кылышат экен. Озу бизден торт жашка улуу жигит. Уйундо жалгыз уул болгондуктан быйыл куздо ата-энеси уйлойбуз деп жатыптыр.

— О-хо! Анда куздо той жейт экенбиз да деп Жамал Айгулду тамашалап кирди.

— Билбейм Жамал кандай болот? Данияр мага чейин да канчалаган кыздар менен таанышса керек! Мени да атайын, биз менен чогуу иштеген Даниярдын атасынын карындашы тааныштырды. Туугандары Даниярга деп коптон бери кыз караштырып журушот окшойт. Себеби ал жалгыз уул эмеспи. Ошондуктан шашпай жакшыраак кыз издештиришет ко дейм! Бирок мен аны суйуп калдым Жамал! . Кантип болсо да мен ага созсуз турмушка чыгышым керек деди Айгул ойлоно.

— Айгул, эмне? Данияр сага эч нерсе дей элекпи?

— Азырынча жок! Бирок ал деле мени жактырып калгандай. Азырынча баары эле жакшыдай. Бир куну силерди да тааныштырам го Жамал. Ошондо коросун Даниярдын кандай жигит экенин. Анан да анын уйлонбогон достору да коп экен деп Айгул Жамалга карап кулуп калды.

Жамал жумушунан отпуска алып айылда журуп келди. Айгул экоонун жолугушпаганына да коп болуп кеткен болчу. Алар экоо бугун дос кызынын туулган кунундо жолугушуп олтурушат. Айгул Данияр менен таанышкандан бери, кыздарга да мурдагыдай кошулбай, коп убактысын Данияр менен чогуу откоруп журду.

— Оой Айгул барсынбы? Коптон бери корунбой калдын дешип кыздар отурган жерде ага соз ыргытышып,

— Бизди аяштуу кылайын дегенсин го! Даниярды тапкандан бери бизге карабай да койдун, же тааныштырбадын дешип ызылдашып калышты. Айгул аларга жай гана кашын серпип, кулуп эле

-Аракет кылып жатам кыздар! Бир аз чыдай тургула деди тамашалай.

-Оо-о! Азаматсын Айгул! Сендей сулууну коргон жигиттер, бир коргондо эле айланчыктап калчу эле. Сени аракетентпей эле, ал озу артындан аракет кылып чуркап журсо керек дешип кыздар кулуп калышты.

Айгул чынында эле, арык чырай келген сулуу кыз. Анын артынан чуркаган жигиттер да коп. Бирок Айгул буга чейин журогуно жакын адамын издеп таппай жургон. Анын мектептен суйлошкон жигити бар болчу. Ал экоо жакшы эле суйлошуп жургону менен, тагдырдын жазганыбы айтор ал жигитти ата-энеси башка кызга уйлоп салышты. Ошондо Айгул аябай жаман абалга туш болуп, эч кимге суйлобой, конулу катуу чогуп копко ыйлап журду. Анын абалын ошондо жакын курбусу Жамал кошо тартышты окшойт. Айгулдун конулун алып ага айтпаган жакшы создору да калбады.

—Айгул! Мына мени айтты дейсин! Сен андан да жакшысына, мыктысына жолугасын! Ал сенин бир да тамчы коз жашына арзыбайт. Бекер эле аны ойлоп, убактынды коробо! Сен озун периштедей сулуу кыз болсон, анын эмнесине ыйлайсын! Сен деген али коп жигиттердин журогун багындырасын. Сен деген керек болсо, ага окшогон жигиттердин, бирин коюп, бирин тандап, журсон боло турган сулуулугун бар деп калаар эле. Чындап эле Айгул андан кийин коптогон жигиттер менен дос болуп журду. Жигиттерге журогу муздап ишеничи жок болуп калгангабы, айтор бугун бири менен журсо, эртен башкасы менен деле жолугушуп журо берчу. Озу да ачык муноз, шайыр кыз. Жигиттер менен да бат эле тил табышып кетет. Бирок Айгулдун байлыкка кобуроок кызыккан жери да бар эле. Ошентип журуп ал Данияр менен таанышып, аны бир коргондо эле суйуп калганын сырдаш курбусу Жамалдан жашырган жок.

Ал куну Жамал менен Айгул чогуу Айгулдун квартирасында туношту. Экоо сырдашып создору бутпой копко чейин суйлошуп олтурушту.

— Даниярдын атасынын бир тууган агасы каза болуптур. Быйыл Данияр уйлонбой калат окшойт деди Айгул ойлоно.

-Эч нерсе эмес Айгул, негизгиси экоон качан болсо да чогуу болсонор болду. Ага чейин сага сойко салып коюшса да болот ко дейм! Убакыт бат эле отуп, эртен эле тоюнарды откорчу кун да келип калат деди Жамал.

— Билбейм Жамал кандай болот. Сен айткандай болсо жакшы болбойт беле. Кээде туруп коркуп да кетем. Ага чейин дагы эмнелер болуп кетет деп.

-Эмнеге коркосун ! Данияр сага уйлоном деп жаткандан кийин! деп Жамал тан кала Айгулго карады.

— Жамал! Мурдагы жигитим деле мага уйлоном деп журбоду беле! Озун кордун го, аягында эмне болгонун. Ошондон коркуп калсам керек. Эгер дагы ошол нерсе кайталана турган болсо, мен башка андайды которо албайм! деди Айгул коздорун чоон ачып аны тиктей.

— Койчу Айгул! Каяктагыны айтпачы. Озунчо эле жаман ойлорду ойлоно бересинби! Жигиттердин баары эле бирдей эмес да. Сен антип эч нерседен эч нерсе жок эле кыжаалат боло бербе да!

Айгул унчукпай эле ойлонуп

-Билесинби Жамал мен Даниярды канчалык суйоорумду. Анан да ал менин оюмдагыдай жигит болуп жатпайбы. Ал башка балдардан айырмаланып бир да ичимдик ичпейт экен. Жогорку билимдуу, он- келбеттуу, астында машинасы бар жигит. Атасы агроном болуп иштегендиктен жашоо шарттары да аябай эле жакшы окшойт. Апасы мектепте мугалим экен. Андай жакшы уй- булого ким болсо да кызыгат да туурабы?. Данияр азыр мени жактырып мага кызыгып жургону менен, ким билет?

— Эмне, сен Даниярга ишенбейсинби? деп Жамал ага коп тушуно бербей сурады.

— Жамал Данияр кийинки жумада келем деп кеткен. Ошол келгенде мен силерди тааныштырайын. Анан Даниярдын кандай экенин коросун деди Айгул Жамалга жылмая. Бирок ал жумада Данияр Айгулго келбеди. Андан кийин да жумуштары менен болуп журуп, анын арасында достору менен казахстанга баратам деп шашылыш эле Айгулго бир жолугуп жолдон тийип отуп кетти. Ошентип журуп Айгул, Жамал менен Даниярды копко чейин тааныштыра албай журду.

 

Декабрь айы. Айлананы аппак кылып кар жаап койгон болчу. Бугун дем алыш кун болгондуктан Жамал уйкудан шашпай ойгонду. Ал ордунан туруп терезеге жакын басып келип сыртты копко чейин суктана карап турду. Жамалга кыш мезгили аябай жагат. Айрыкча айлананын аппак карга болонуп турганы, коодонунду тазартып, жан дуйнонду агартып турат эмеспи. Жамал ушуларды ойлоно эки колун эки жакка жайып, кериле бут денесин бир силкип алды да ваннага карай жоноду. Ал шашпай жуунуп таранып бутуп, озуно чай койду. Кынкылдай ырдап тошогун иреттеп бутуп ашканага кирип баратканда телефон шынгырап калды. Трубканы алса Айгул экен.

-Жамалка кандайсын досум?

— Жакшы досум! Озун кандайсын?

— Эн сонун! деп шанкылдап кулуп калды Айгул.

— Конулун аябай которунку го! Эмне Данияр келдиби?

— Ооба Жамал Данияр кечээ кечинде келген. Ошондон бери экообуз чоогубуз деди Айгул суйуно.

— Кандайча чоогуусунар? Эмне туну да экоон..?

— Ооба Жамал. Даниярдын эжесинин шаарда уч болмолуу жаны квартирасы бар эмес беле. Ал уйдо азыр эч ким жок. Данияр шаарга келгенде ошол уйдо жашап турат. Кечээ Даниярдын достору болуп баарыбыз чоогуу ошол уйдо болдук. Арасында бир досу аялы менен чогуу келген экен. Баарынан да билесинби Жамал? Данияр мени досторуна, келечектеги «Аяшынар» болот деп тааныштырды деди Айгул кыткылыктай.

— Жакшы экен Айгул. Сен учун кубанычтамын!

— Жамал, туштон кийин Данияр экообуз сага баралы деп жатканбыз. Сен кийинип даяр болуп тур макулбу! Машина менен барып, сени алып келебиз. Даниярдын достору баары кетишкен. Азыр уйдо эч ким жок

— А-а… деп эле Жамал ойлонуп эмне дээрин билбей туруп калды. Айгул анын жообун кутпой эле

— Мейли Жамал! Уйдон чыгып баратканда сага чалып коём, даяр болуп кочого чыгып турасын деп трубканы коюп салды.

 

 

Жамал кийинип алып кочого чыкса Айгулдор келип аны кутуп калышкан экен. Жамалды коруп Айгул аны утурлай басып келип учурашты да, аны колтуктай кармап басып Даниярга

— Таанышып алгыла бул менин жакын досум Жамал болот деди. Данияр кулуп эле кара коюу коздору менен Жамалды тиктей ага колун сунду

-Данияр.! Жамалдын журогу Даниярдын тиктеген коздорунон улам чыз деп сайышып бир кызыктай болуп кетти. Ал колун берип жатып

— Жамал деди жылмайып.

Алар учоо машинада андан мындан суйлошуп баратканы менен Жамал озун бир кызыктай сезип, журогу дукулдоп катуу согуп жатты. Ал анысын байкатпаганга кыйла эле аракет кылып жатканы менен ичинен

— Мен эмне эле болуп жатам? Бул эмнеси? Даниярды коргондон бери эле журогум каттуу согуп….! Жакшы дагы кыштын куну. Калын кийидеримден улам Айгул мени коп байкабай жаткандай деп ичинен суйлонуп алды.

Айгулдун конулу дагы деле которунку. Машинанын алдынкы орундугунда отуруп алып утуру Даниярга карап коюп суйлоп баратты. Данияр Жамалдын козуно укмуш келишимдуу жигит корунду. Бай жердин баласы экени кийген кийимдеринен эле корунуп турду. Башына кийген норка тумагы да жузуно жарашып, анын чырайын ачып тургандай. Айгул бекеринен Даниярдан кабатырланып жатпаганын Жамал эми тушунду.

-Бул Данияр тушпогурун буга чейин дагы, канчалаган кыздардын журогун оорутпаган чыгаар деп ал ойлоп кетти . Данияр! Чындап эле сени канча кыз бир коргондо суйуп калып, кыйналды экен! Даниярга озуно ишенген гана кыздар батынып мамиле тузбосо…? Мага окшогондор. ..? деп барып…..

— Мага эмне жок! деп алды. Бир убакта Жамал ичинен кулкусу келе.. Менде Айгулдукундой сулуулук болбогондон кийин, кайсы арыма толкунданып, журогум дукулдоп жатат? Жамал ушул жерге келгенде озунчо мыйыгынан озун озу мыскылдай кулуп алды. Ал ушул ойлордон кийин озун эми, эркин сезип, Айгулго кошулуп созго аралашып суйлоп баратты.

Данияр кыздарды уйго киргизип коюп, озу бир аз жумуштарын бат эле буткоруп келе коём деп ал уйдон чыгып кетти.

Жамал уйдун ичине конул буруп бир катар коздон откоруп коюп, диванда отурду. Аны байкап калган Айгул

— Бул квартира жаны сатылып алынган бойдон эле экен. Эжеси уйду алып коюп , кайра эле Россияга кетиптир деди.

-Айгул чынын айтсам мен да Россияга кетким келип журот. Бул жерде жургонго болбой калды окшойт. Эки агам ошол жакта. Жаны жылдан кийин жазга жакын мен да кетип калсамбы деп ойлонуп журом деди Жамал.

— Агаларын ал жакта болсо, барганын жакшы болот дечи. Бирок биринчи кезекте акчаны эмес, куйоого тийишти ойлонуш керек досум! деп ал Жамалдын жанына келип, жолонуп турган балышты колуна алып кучактай отурду да ээгин таяна Жамалга кулмундундой тигилди.

— Куйоо табылам десе, ал жактан деле табылып калаар. Куйоого тийишим керек деп, эмне? мен аны кутуп отура бермек белем деди Жамал ага жылмая. Айгул Жамалды тиктеп турган калыбын бузбай

— Кана Жамал айтчы? Кандай экен Данияр? деди коздорун жайната.

— Сонун! деди Жамал колунун бармагын которо ага коргозуп. Негизгиси ал сага жагып, экоон бири-биринди суйсонор болду да.

— Ой Жама-ал! Мен Даниярсыз турмушумду эч элестете албай калдым. Мен ансыз жашай албайм деди Айгул кыялдана оор дем алып.

— Айткандай Данияр мага кечээ куну бул шакекти белек кылды деп ал колундагы шакекти Жамалга корсотуп, суйунуп отурду. Ооба, Айгулдун Даниярды катуу суйуп калганы жузунон байкалып турду. Ал Даниярдын озуно арнаган суйуу жонундогу создорун айтып жатканда коздору оттой жанып турду. Жамал унчукпай эле Айгулго суктана карап анын создорун угуп отурду. Ал экоо телевизордун унун бир аз басандатып коюп суйлошуп олтурушкан. Арадан бир сааттай убакыт отуп , Данияр эки досун ээрчитип уйго кирип келди. Данияр сырткы тонун, тумагын чечип койгонго Жамалдын козуно ал дагы да башкача корунуп турду. Ал досторун Жамал менен тааныштырып, алар столду тегеректей суйлошуп олтурушту. Айгул чай коюп, Данияр сырттан которуп келген тамак ашын столдун устуно жайнатты. Ичимдиктерден бир ботолкодон вино жана арак коюлду. Бирок Даниярдын достору ичимдикке анча жок эле. Ошондуктан алар ичилбеди деле. Таанышкандыгыбыз учун деп тос которушкону менен Жамал эч нерсе ичпеди. Айгул аз аздан винодон ууртап коюп отурду. Данияр бир да оозуна албады. Жамалга Даниярдын достору да жакшы балдар экени корунуп турду. Алар экоосу тен жогорку билимдуу балдар болгон учун суйлогон создору ордунда, маданияттуу балдар эле. Алар копко чейин кызыктуу темалардан кеп козгошуп суйлошуп отурушту.

Жамал орто бойлуу татына кыз. Ал Айгулдой сулуу болбогону менен жузундо жылдызы жанып, бир коргон адамга ыманы ыссык корунчу. Анан да Жамал созду орду менен суйлогон оор басырыктуу тыкан таза жургон кыз. Данияр Жамалды биринчи коргондо, ал анын козуно аябай эле ыссык корунду. Качандыр бир кезде, бир жерде аны коргондой болуп туюла берди ага. Бирок азыр суйлошуп отурушуп ал Жамалды биринчи жолу коруп жатканын тушунду. Жамал суйлогон сайын анын нурдуу жузу тамылжып, Даниярдын журогу ага ыссып турду. Ал бирок ага анча маани бере бербеди. Себеби жанында периштедей болгон суйгон кызы Айгул олтурат эмеспи. Ал экоо кез- кез коздору менен бирин-бири тиктеше кулуп коюп отурушту. Убакыттын кандай откону да билинбей калды окшойт. Жамал саатты караса ондон отуп калыптыр. Ал кетууго камынып калды. Алар баары ордуларынан козголушуп сырткы кийимдерин кийинип башташты. Данияр Жамалдын тонун илгичтен ала коюп Жамалга тосту. Ал колун тондун женине салгандан кийин жонуна артып кийгизип койду. Баары сыртка чыккандан кийин Даниярдын досу Жамалды машина менен уйуно жеткирип койду. Жамал тундо жатып Данияр жонундо ойлонуп жатты. Себеби анын турган турпаты, мунозу баары Жамалга жакты. Досу Айгулго чын ниети менен эле Данияр менен баш кошуп бактылуу болуусун каалады.

 

 

Чындап эле Даниярдын уйлонбогон достору да коп экен. Жаны-жыл жакындап жатканга Данияр кобунчо достору менен чогуу келип, Айгулдун досторун кошо концертке, киного чакырып жаттышты. Алар кундо жолугушуп, кызыктуу коп кундорду чогуу откоруп журушуп, оздорунчо эле бир даяр компания болуп калышты. Ошентип алар жаны-жылга карата Даниярдын квартирасында чогула турган болуп суйлошушту. Жамал менен Даниярда бат эле тил табышып, копчулук менен отурган жерлерде тамашалашып, анан да бир теманы талкуулашып калышса кобунчо экоонун ойлору бир жерден чыкчу. Даниярдын ото билимдуу бала экени суйлогон создорунон эле байкалып турчу. Мунозу да жумшак, жонокой кичи пейил жигит.

Бугун да достордон тортоо бешоо болушуп Даниярдын квартирасында балаты жасашып, конок болмону жаны жылдык майрамга даярдашып конулдуу журушту. Бирок араларында Айгул жок. Ал жумуштары менен кармалып кечирээк келмек. Жамал балатыга оюнчуктарды илип, ага Данияр жардамдашып экоо кызыктуу кептерден суйлошуп жатышкан эле. Жамал ушул жерден Даниярдын аны башкача коз менен карап турганын сезип калды. Себеби экоонун коздору кокусунан тиктеше тушкон болчу. Ал сыр бербестен Даниярдын колундагы оюнчукту алып балатыга илип калды. Бугун Данияр кобунчо Жамал менен коп чоогуу журуптур. Жаны жылдын даярдыгын буткорушуп базарга тортоо болуп барышканы менен Данияр дайыма Жамалды жандап жургон. Бирок Жамал бул нерселерге маани бергиси келбеди. Ал жонундо бат эле унутуп калгысы келди. Ал куну Жамалды Данияр озу уйуно жеткирип койду.

 

Жалындуу жаштыктын деми кандай кучтуу. Ойносон оюнга тойбой турган убак! Кечке кочодо айланышып, кечинде экиден учтон болуп жетелешип кээ бирлери келсе, кээ бирлери кечигип, жатып Даниярдын квартирасына жаштар чогулуп жатышты. Баары конулдуу. Жакшы тостор, жакшы каалоо тилектер айтылып атайын даярдалган дасторконду тегерете отурган жигит кыздар гитара менен ырдашып конулдуу отурушту. Баарынан да кызык окуя саат он экиден кийин башталды. Жаны жылды тосушуп, баары сыртка бир чыгып келишкенден кийин балдардан экоосу гана кирди. Калгандары жок. Алар менен кошо Данияр да жок. Жигиттедин бироосу шампандан кыздарга куюп берип

-Келгиле кыздар! Ушул тосту Гулум менен Таланттын бактысы учун которолу дегенде кыздар тушунбой эле бирин бири карап калышты. Араларында Гулум жок. Балдар Гулумду Таланттын уйуно айылга алып кетишкен болчу. Бул нерсе кыздарга чон жанылык болду. Аны уккандан кийин кыздар

— Бул жылы жалан тойлор болсун! Баарыбыз ушул жылы суйгондорубузго турмушка чыгалы дешип кыткылыкташып кайра-кайра тос которуп жатышты. Айгул бир аз кызый тушуптур. Ал Жамалга жакын келип анын колуна бокалды карматты да

— Кыздар келгиле ушул тосту Данияр экообуз учун алалы. Гулумдон кийин мен кетейин деп баарын кулдуруп калды. Кыздар оздорунчо отуруп кызуу созго кирип бирин-бири тамашалай суйлошуп отурушту.

 

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE