Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда жарандык жана санариптик билим берүү борборлору иштеп баштады

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 7-сентябрда Жалал-Абад шаарында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына караштуу «Жарандык жана санариптик билим берүү борборлору» долбоору ишин баштады.

Облустук китепканада өткөн иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, студенттер жана IT тармагына кызыккан жаштар катышты. Эки бөлүктөн турган долбоордун ачылуу аземи алгач онлайн форматта өтүп, ага президент Садыр Жапаров катышты. Өлкө башчысы заман талабына ылайык санариптештирүүнүн артыкчылыктуу багыттарына токтолду.

«Санариптештирүү — бүгүнкү күндөгү дүйнөлүк өнүгүүнүн башкы тренди. Кыргызстан башкаруу, экономика, билим берүү, социалдык чөйрө тармактарын жигердүү санариптештирүү процессинде турат», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Иш-чаранын офлайын жүрүшүндө сөз сүйлөгөн президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жалал-Абад облусундагы мекеме-ишканалар документ жүгүртүүнүн электрондук форматына өткөрүү жалпы 70 пайыздан ашканын белгиледи.

Жарандык жана санариптик билим берүү борборлору өлкө боюнча 70, ал эми Жалал-Абад облусунда 13 район-шаарда уюштурулду.

Аталган борборлордо санариптик билим берүү программаларын эки деңгээлде өткөрүү пландалууда:

— жарандардын электрондук сервистерди колдонуусун кеңейтүү, заманбап электрондук технологияларга болгон ишенимин жогорулатуу үчүн жарандардын жөнөкөй санариптик билим деңгээлин өстүрүү;

— өлкөдө санариптештирүүнү өнүктүрүүдө жаштарды IT-кесибине тартыш үчүн санариптик билим берүү программаларын ишке ашыруу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE