Уйгу-туйгу сезимдер 8-бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=69630&preview=true Кызыктуу окуялар.

8-БӨЛҮМ

 

Джи болсо эч нерседен кем болгон жок. Эрке-талтаң болуп чоңойду. Бой көтөрүп, анча-мынчаны теңине алчу эмес. Эмнени жашырайын, мен деле ошондой чоңойдум. Мектепте жалаң ушундай бардар үй-бүлөнүн балдары чогуу жүрчүбүз.

Антон, Лера жана мен мектепти эрте бүттүк. Түнкү жашоо башталды. Окуу жайга тапшырып койгонубуз менен, барчу деле эмеспиз. Джи мектептен чыкканда аны ээрчитип алып клубдарда эле жүрчүбүз. Өпкөбүз көөп, кутурдук. Джи мектепти бүтүргөн жылы Таиландга эс алууга жолдомо алдык да, кетип калдык. 15 күн эс алмакпыз. Балээнин баары ошол жактан башталды,- Сергей Жанарды карап оор үшкүрүнүп алды.

Бангкокто түнкү клубда эс алып жүрсөк, Антон «отелге кеттик» деп калды. Өзүнчө эле сырдуу. Мас элек. Отелге жөнөдүк. Барарыбыз менен эле Антон «мен силерге чыныгы жашоону көрсөтөм» деп кандайдыр бир таблеткаларды алып чыкты. «Экстази» экен. Анда эмне, бизде акча толтура болчу. Ар түрдүүчө эс алар элек. Бул кичинекей дарылар ошондой эс алуулардын катарында эле көрүнчү. Ага чейин деле татып көргөнбүз, бирок Таиланддагы таблеткалар төртөөбүздү жинди кылып салды. Эмне кылып жатканыбызды билбептирбиз. Эртеси кадимки суусаган кишилердей ошол таблеткаларга зар болуп турдук. Антон таап алып келди. Мен ал эмнеден жасалганын азыркыга чейин билбейм. Бирок биздин баңги болуп кетишибизге ошол таблеткалар таасир эткенин даана билем. Москвага келген соң төртөөбүз тең сайына баштадык. Башка «экстазилерди» тоготпой калдык. Таиланддагы таблеткалар берген таасирди бир гана героин бере алат экен. Адегенде ата-энелерибиз билген жок. Биз деле каалаган күнү баңгиликти токтотуп коёбуз деп ойлодук. Бирок биз байланып калганбыз.

Адегенде эле Леранын ата-энеси билип калды. Ал акчасы калбай калганда атасынын акчасын уурдаган экен. Үйүнөн качып, Антондукунда жашап калды. Кийин Джинин ата-энеси билди. Колдогу көк тактарды жашыра алмак эмеспиз. Кызын зордоп эле наркологиялык ооруканага алып барышты. 1 жумадан кийин Джи ал жактан качып чыкты да, баарыбызды өзүнүн атасы белек кылган батирине чакырды. Калтырап-титиреп болбой калыптыр. Келип сайындык. Төртөөбүз ошол батирде жашап калдык. Кулпуларды алмаштырып алганбыз. Джи ата-энеси келгенде аларды оозго алгыс сөздөр менен каргап жолго салды.

10 күн өтпөй акчабыз түгөндү. Бизге героин саткан грузин Ашотко Джи менен Лера денесин бир доза үчүн саткан күндөр келди.

Бир ирет Джинин атасы эңгезердей эки балага эшикти талкалатып туруп кирип келди да, кызын алып кетти. Дарылатмакчы болгон экен. Бирок Джи үйүнөн качып чыгып, милицияга «атам мени зордуктады» деп арыз жазып салыптыр. Ошондон кийин Мурат байке кызынан көңүлү калды окшойт, Джиге кол шилтеп койду.

Бирок апа деген түтпөйт экен. Джинин апасы Маржан эже кызына акча ташыганын токтоткон жок. Жалдырап ыйлап-ыйлап кетет. Сен ойлоп калба, ата-энебиз бизди токтотууга аракет кылган эмеспи деп, Антон да, мен да, Лера да наркологиялык ооруканага жатып чыктык. Ата-апаларыбыз бизди ур-токмокко да алышты. Бирок төртөөбүздө тең героинди таштай турган ниет жок болчу. Төртөөбүз өз дүйнөбүздө бактылуу элек. Ата-энебиздин күйүп-бышканына түшүнө алчу эмеспиз. Жинди экенбиз. Ата-апаларыбыздын үмүтү үзүлгөн жок дечи. Ойлоруна койсоң, бизди дүйнөнү түрө кыдыртып дарылатчудай, бирок биз өзүбүз баңги болгубуз келип туруп алды. Биз ушул жашоону тандадык.

Ошентип жүрө берип баягы 4 жиндиден акыры баарынын көңүлү калды. Джи менен Лера көчөгө сойку болуп иштегени кетишет. Антон экөөбүз аларды күтүп, калтырап-титиреп эшиктен көз албай отурчу элек. Алардын тапкан акчасы бүт героинге кетет. «Кой, мындайды токтотолу» деп бирөөбүз да үн чыгарбаптырбыз. Токтото да алмак эмеспиз.

Бир күнү көчөдөн түн ортосунда Лера жалгыз келди. «Джи кайда?» десек, бирөөлөр бир түнгө алып кеткенин айтты. Үчөөбүз сайындык да, бурч-бурчка бүрүшүп жатып калдык. Бирок Джи эртеси келген жок. Анын эртеси да сураштырып таба албай койдук. Арадан 1 жума өткөндө гана Антон «Джинин ата-апасына айтышыбыз керек. Ал өлүп калган болсо, бизден көрүшөт» деп чыкты. Барып болгонун болгондой айтсак, атасы үчөөбүздү тең милициянын колуна салып, каматып койду. Ал жактан көргөн азабыбызды айтпа. Денең героин талап кылганда сөөктөрүң бырчаланып сынып жаткандай эле болот. Тилиң сыртка чыгып, тамагың өрттөнөт. Тирүүлөй күйүп жаткандай эле болосуң. Менттер деле коркушту окшойт, аз-аздап ташып берип турушту. Аларга Джинин атасы катуу табыштаган экен.

10 күндөй милицияда жаткан соң бизди коё беришти. Аз эле жерден киши өлтүрдү деген күнөө менен кетип кала жаздадык. Кудай жалгап Джи тирүү калыптыр.

Аны таанылгыс кылып бирөөлөр сабап, шаар четиндеги таштанды челекке таштап кетишиптир деп уктук. Милициядан чыксак, Джинин атасы Мурат байке күтүп жатыптыр. «Эми менин кызыма жолобогула. Болбосо кайра каматам» деди да, колубузга 1-2 дозага жеткидей акча карматты. Джинин батирин болсо бекитип коюптур. Барарга жер жок калдык. Джинин кайсы ооруканага жатканын билбейбиз. Ошону менен 2 айдай өтүп кетти. Айла кеткенде мен өз үйүмө келдим. Аз өтпөй апам жүрөк оорудан каза болуп калды. Атам үйдү мага таштады да, «мени издебе, ушул жагына ыраазы бол» деп башка жакка көчүп кетти. Антон досум болсо бир үйгө уурулукка кирип соттолуп кетти. Лера дагы деле сойку болуп жүрөт.

Бирок мен Джи менен көп кабаттуу үйдө кошуна туруп, аны 1 жылдан ашыгыраак көргөн жокмун. Кабарын да биле албадым. Бир күнү таң атпай лифтке түшсөм, спорттук кийим кийип алып Джи турат. «Ээ, кандай?» деп эски тааныштардай учурашып, кучактап жибердим. Анын жүрөгү түшүп калды. Көздөрү алайып, «мага жакын жолобо!» деп бакырды.

– Эй, сага эмне болгон? Бул мен, Серж,- десем.

– Тааныбайм,- дейт.

– Кандай тааныбайсың? Мен сенин досуңмун,- десем да болбоду. Чын эле тааныбай калыптыр. Таң калдым. Ишене албай турдум. Мурунку жашоосун унутайын деген го деп ойлодум. «Жакын жолосоң, милицияга салып берем» дейт. Корктум. Оозумду ачып сүйлөй албай эле туруп бердим…

Бир ирет сыртта отурсам, Джи унаасы менен келди. Токтобой өтүп кетет го дегем, бирок токтоду. Жакын келип учурашып «атың ким эле?» дейт. «Анткорлонбо, мени жакшы тааныйсың. Биз жакын дос болчубуз. Сен, мен, Антон, Лера»,- дедим. Бирок эч кимисин эстей албай койду. Көзү алаят да турат. 2 сааттай ар кайсыны айттым. Деле бир эстечүдөй эмес. Сурап көрсөм, чет жакта дарыланып келиптир. Аны кимдир бирөөлөр катуу сабашкан экен. Баарын унутуп коюптур. Эстей албайт. Баарынан таң калычтуусу – ал азыр баңги эмес. Джинин айтымында, анда бир да жолу героинге болгон каалоо ойгонбоптур.

Азыр Джи менен учурашып калабыз. Ал мага кээде акча берип турат. Бүгүн да аны күтүп алайын деп чыккан болчумун. Бирок кашайып кечигип калыптырмын. Анан сага жолугуп отурбаймынбы. Сен жакшы кишидей көрүнөсүң. Ошон үчүн сага баарын төкпөй-чачпай айтып бердим. Минтип адам менен көпкө сыр чечишип сүйлөшө элегиме канча болду…- Сергей чылым түтөттү.

Жанар үндөгөн жок. Бир чекитти тиктеген бойдон ойлуу отурду.

– Ал бир да баштан өткөн окуяны эстей алган жокпу?

– Жок, эч нерсе.

– Ал Джи эмес.

– Кандай дейсиң?

– Эч нерсе…- ал чиеленген түйүндүн учугун таап алгандай.

 

xxx

 

Жанар Сергейдин үйүндө отургучта уктап калыптыр. Бир убакта кечээ кыз таштап кеткен телефон шыңгырап калды.

– Алло!

– Кандайсың? Бул мен, Джи. Каяктасың?

Жанар эмне деп айтарын билбей калды. Сени аңдып келип, орус коңшуңдун үйүндө түнөп калдым дегенге оозу барбады.

– Досумдукунда.

– 1 сааттан кийин борбордогу Горький паркына келе аласыңбы?

– Ооба.

– Мен ошол жерде болом.

 

xxx

 

Жанар сейил бакка такси менен келди. Кыз жакын аралыктагы кафеде отурган экен. Муну телефондон айтты.

Кафенин ичинде бирин-экин адам гана отурат. Жанардын жүрөгү опкоолжуп, денесин майда калтырак басты. Төр жакта Аруукеси ойлуу отурган экен. Жигитти көрө сала жылмайып кол жаңсады. Ууртундагы пайда боло калчу уячалар аны өтө эле сүйкүмдүү кылып коё турган. Бул жылмаюуну канчалык сагынганын Жанар сөз менен айтып түшүндүрө албайт. Анан калса, кыз аны жылмаюу менен тосуп алганы жигитти булуттарга жеткиргендей эле болду.

– Салам!

– Кандайсың?- Жанар кыздан көзүн ала албай жатты. А Джи болсо ушул учурда бул эски таанышындай туюлуп жаткан жигит аны бир башкача жакшы көрүү менен, эркелетүү менен эзиле карап жатканын сезип, жигиттин бул көз карашы ал үчүн абдан жагымдуу болуп жатканына таң калды.

– Сенин эч жериң ооруган жокпу?

– Жок.

– Катуу сокку жептирсиң,- кыз көзү менен Жанардын тытылып турган кашын көрсөттү.

– Аа, болбогон эле нерсе,- жигиттин жүрөгү туйлап кетти. Балким, кыз көп нерсени унутуп койгондур, бирок анда дале адамдан башкача боорукерлиги, байкагычтыгы сакталып

калыптыр. Мүнөзү өзгөрбөгөн экен. Жанардын ичи элжиреп жатты.

– Кофе ичесиңби?

– Жок, суу эле.

– Ооба. Мындайда суу эле ичиш керек. Өлдү деп көмүп койгон адамыңды кайра көрсөң же муздак суу ичип жиберишиң керек, же аны бетиңе чачып эсиңе келесиң.

– Сен дайыма ушундай тамашакөй болчусуң.

– Эрте үмүттөнбөй тур. Акыркы 3 жылга чукул аралыкта мени Жаннасың, Джисиң деп ишендирип коюшкан. Менин деле мындан шегим жок. Апам мени өтө эле жакшы көрөт. Үстүмдөн үйрүлүп түшүп турат. Атам да мени жанынан артык көрөрүн билем. Бирок мен кинолордо гана болуучу окуяга кабылган адаммын. Мени жакшы көргөн адамдар бар болгон үчүн гана жашап жүрөм. Бирөө мээрим төгүп, жанынан артык көрүп жатса, ошолордун кубанычын көрүү үчүн да кадимки адамдардай жашап жатканыңды көрсөтүп кубанткың келет. Бирок менин жашоомо бир нерсе жетпегендей туюла берет, муну билем. Менин акыл-эсим жайында. Бирок жашоомдун 3 жылга жакынын гана билем. Элестетсең, өзүң 23 жашта болсоң, а эскерүүң болгону 3 жылдык. Калган 20 жылында эмне болду эле? Мен кандай элем?

– Сонун болчусуң,- Жанар сөздү бөлүп кетти.

– Хе, сен күлкүлүү экенсиң. Мен ушундай драматизм менен өз окуямды айтып жатам. А сен болсо «сонун болчусуң»…

– Чынында эле ошондой болчу. Сен Бишкекте төрөлүп-өскөнсүң. А мен сени биринчи жолу университетке келе жатканда көргөм. Жамгыр жаап жаткан болчу. Билесиң го, жамгырда элдин баары шашып калат. Баары эле жүгүрүп баратышкан. Мен дагы. Бир убакта карасам бир кыз жайма-жай гана басып баратат. Бул маспы же оорулуу немеби деп койгом. Сенден өтө бергенде сен мага «бизде чыныгы мырзалар калбай калганбы?» деп кыйкырдың. Мен шарт токтодум да, сага кол чатырымды берип кетип калгам.

– Кетип калдыңбы? Биз ошол жерден таанышканбыз го дептирмин,- кыз жылмайып койду.

– Жок, биз ошол эле күнү тааныштык. Мага аялдамадан бир машина жолдогу сууну чачыратып өтүп кетти. Жиним келип күбүнүп жатсам, сен автобустун ичинде мени карап күлүп жатыптырсың. Ушундай жиним менен барып, сенин колуңдагы кол чатырымды жулуп алдым. Сен жинденип артымдан түштүң. Көрсө, экөөбүздө тең жол кире калбаган экен. Анан жөө бастык. Ошентип таанышканбыз,- кыз бул сөздөрдү угуп жылмайып гана туруп берди.

– Окуя абдан сонун экен.

– Бул экөөбүздүн окуябыз,-Жанар үмүт менен Аруукесинин көзүнө карады.

– Антип карабачы. Чын, мен эстей албай турам. Балким, ал башка адам болгондур?

– Жок, мен сенин ар бир кыймылыңды тааныйм, а жүзүңдү 1000 жыл өтсө да унутпайт болчумун. Айтсаң, эмне үчүн мен сага тааныш учурап жатам? Себеби биз бири-бирибизди жакшы көрчүбүз. Ошон үчүн сен мени эстеп жатасың да.

– Ооба, бир да адамды мурда бир жерден көргөндөй болчу эмесмин. Бардыгы менен жаңыдан таанышып чыккам. Жадакалса ата-энем менен. А сени кайсы бир убакта көргөндөй болуп турам. Бирок кайдан, качан экени белгисиз. Ошон үчүн дароо жыйынтык чыгара салуу да кыйын болуп турат. Мындай кылалы, Жанар. Мен адегенде өз окуямды айтып берейин. Андан кийин сен. Акырында бир жыйынтык чыгарабыз, мейлиби?..

– Сен Аруукесиң – Угуп тур. Сөзүмдү бөлбө, келиштикпи? Көп эле кинолордо кездешет го. Өлдү деген адам кандайдыр бир жол менен жарыкты көздөй бараткан болот, капыстан эле артынан үн чыгат. Ал артка кылчайганда кайрадан бул дүйнөгө кайтат.

 

Менде дал ушундай болду. Эсимде, коридор менен бараткам. Каалга ачылып, андан нур түшүп турат. Кандайдыр бир күч ошол тарапты көздөй жетелеп жатты. Акыры ал нурга жетип бардым. Эч нерсе билинбейт, көзгө ушунчалык жагымдуу нурдун арасында турам. Капыстан алдымдан жетелешкен кыз-жигит чыкты. Мени жылмая карап алышкан. “Сага эрте”,- деп кыз айтты. Жигит башын ийкеп койду. “Силер кимсиңер?”- дедим. Экөө тең сырдуу гана жылмайып коюшту. Анан көзүм умачтай ачылды. Ооруканада экенмин. Чыйпылдаган эле аппараттардын үнү угулат. Дем алууга жардам берүүчү кошумча медициналык каражатка кошуп коюшуптур. “Мен кайдамын?” биринчи келген ой ушул болду. Башым чыңалып ооруйт. Бир убакта врач кирип келди. Ал башкаларды дагы чакырды. Ар нерсени сүйлөшүп жатышат. Бирок үндөрү алыстан угулгандай. Алардын жанымда турганын сезип жатам, бирок кыймылдай да, сүйлөй да албай койдум. 3 күн дегенде сүйлөгөнгө жарадым. Дарыгерлер ушуну эле күтүп жатышкандай.

 

– Сиздин атыңыз ким?- деди папке көтөргөн ак халатчан айым. Мына ушул жерден башка чапкандай болдум. Эсиме келгениме 3 күн болгону менен, өзүмдүн ким экеним жөнүндө ойлонбоптурмун. Балким, ага алым келген эмес беле, билбейм. Айтор, ушул суроо жаңырары менен туңгуюкка кептелдим. Себеби ысымымды, ким экенимди эстей албай койдум. Көздөрүмдү алайтып эле туруп бердим. Дарыгер айым түшүндү окшойт, мени аяп карап койду да:

 

– Эс ала бериңиз. Баары жакшы болот,- деп чыгып кетти.

 

Кыязы, кимдир бирөөнүн менде катуу кеги болгон окшойт. Мени эч аябай сабап салыптыр. Башымдан тамтык жок, мурдум сынган. Бетим чулчуюп, ар кайсы жери шишиген. Өлдү дешсе керек. Шаардын четирээк жагындагы таштанды челекке таштап кетишиптир. Муну мени карап жаткан врач айтып берди. Мен 4 күн эсиме келбей жатыптырмын. Бирок жашоого болгон каалоом күч окшобойбу, акыры ойгонупмун. Бирок ким экенимди билбей турдум. Дагы 3 күн өткөн соң мен жаткан палатага жашы ортолоп калган аял жана эркек кирип келди.

 

– Кызым,- деди аял колумдан кармап. Чочуп кеттим, себеби тааный алган жокмун. Эркек адам болсо көзүнөн жаш сызылтып мени көпкө тиктеп турду. А мен эмне деп сүйлөөрүмдү билбейм. Ичимден болгон аракетим менен булар кимдер эле деген суроого жан талашып жооп издеп жаттым. Жок, эч нерсе эстей алган жокмун.

 

– Силер кимсиңер?- мен баары бир сурашым керек болчу. Алар абалымды билишкен окшойт. Аял шашпай түшүндүрүп бере баштады.

 

– Мен Маржан, сенин апаң, бул болсо Мурат, атаң болот. Сенин атың Жанна. Биздин кызыбызсың.

 

“Жанна…” Бул ысымды 100 жолу ичимден кайталап жаттым, бирок эстей албадым.

 

Апам ушул күндөн тарта жанымдан чыккан жок. Үйдөн сүрөттөрдү, видеотасмаларды алдырды. Менин бала бакчадагы, мектептеги сүрөттөрүм. Бой жеткендеги апамдар менен түшкөн бирин-экин сүрөт жүрөт. Паспортум бар экен. Муратова Жанна Муратовна деп жазылып, анан бадырайган сүрөтүм чапталып турат. Мен дээрлик 1 айдан ашуун убакыт ооруканада жаткан соң мээмде залалдуу шишик бар экенин айтышты. Эми эле мени өлөйүн деп калган жеримден өткөн бир күнүн да эстей албаган абалында таап, тирүү экениме шүгүр кылып отурган ата-энеме катуу тийди окшойт. Апам солкулдап ыйлап, соороно албай жатты. Колдорумду өпкүлөп ыйлап жатканын көрүп, ошондо биринчи ирет мага бейтааныштай эле сезилип келген аялга “Апа, ыйлабачы! Баары жакшы болот”,- дедим. Бир эсе менин аны апа дегеним, бир эсе өзүмдү-өзүм шыктандырып “баары жакшы болот” дегеним апамды чыйралтты окшойт. Ооруканада жарым айча жаткан соң апам, атам, мен болуп Израилге учуп кеттик. Операция ошол жакта болмок. Ата-энемдин улуту казак. Атам ар иштин көзүн билген, өзүнүн жеке ишканасы бар ишкер экен. Акча жагынан маселе жаралган жок, андыктан мага операцияны эң мыкты делген израилдик дарыгерлер жасашты. Биз дээрлик 1 жылга чукул Израилде жашап жүрдүк. Себеби операция оор болгондуктан учакта учууга, унаада жүрүүгө тыюу салышты. Мен жаңы төрөлгөн баладай эле жашоого үйрөнө баштадым. Ата-энемди жакындан тааныдым, алардын төккөн мээрими менен адам катарына кошулдум. Аларды жакшы көрүүнү, жылмайганды үйрөндүм.

 

Апам ар убак “Жамандыктын артында сөзсүз жакшылык турарына даана ишендим. Сен азыр алда канча жакшысың. Мүнөзүң да, ой-жүгүртүүң да” деп айтып калат. Апам, атам менин мурунку жашоомдун бардык бөлүктөрүн айтып беришкен. Бирок бир нерсени жашырып келишет. Мен мурда баңги болгон экенмин. Муну кошунам Сергей айтып берген. Ал өзү баңги. Анын айтымында, мен ал жана анын достору менен чогуу жүрүп, баңгиге айланыптырмын. Сойку болуп да иштептирмин. Кыскасы, мурда жаман кыз болгон окшойм. Ата-энем ал күндөрдү менден жашырышат. Апамдан сурай баштасам ыйлап жиберет. Алардын жүрөгүн ооруткум келбейт. Ошон үчүн ошол жагымсыз бөлүктү сурабай келем. Бирок ошончо өзүм тууралуу баяндарды угуп жүрүп, бир да нерсени эстей албай койдум.

 

Анан эле бир күнү метродон сени көрүп калдым. Шаар абдан тыгын болгондуктан унаамды таштап коюп окууга жөнөгөм. Ооба, мен жогорку окуу жайда окуйм. Быйыл биринчи курс. Менин жеке мугалимим бар. Атамдын жардамчысы болчу, кийин мага жардамдашсын деп мугалим кылып жалдады. Ал дайыма мени менен сабактарды талкуулайт, окутат, үйрөтөт.

 

Ошентип метродо баратсам, сен көзүңдү албай карап туруптурсуң. Кийин “Аруукесиң” деп жабыштың. Адегенде коркуп кеттим. Себеби сен акылынан азган кишидей көрүндүң. Сени полиция алып кеткен соң мени да бөлүмгө алып барышты. Ал арада менин мугалимим Тимур келип калды. Полицияга сени тааныбай тургандыгымды айтып чыктык. Тимур мурда мага айрым бир адамдардын көңүлүн ачуу үчүн жашыруун мушташтар болорун айтып берген эле. А мен кызыгып, мени алып барып кел деп жүргөнмүн. Бир нече күндөн кийин ошол жакка барууну сунуштады. Макул болдум.

 

Мына ошол жактан сени кайра көрдүм. Сени биринчи көргөндө баягы метродогу жинди неме го дегем. Качан гана оозу-мурдуң канжалап, мени таң калуу менен тиктеп турганыңды көрүп сени бир жерден көргөндөй болуп кеттим. Дал ошондой кейпиңде. Бирок кайдан көрдүм эле? Өтө эле тааныш акыбал, тааныш жүз эле. Мушташтар аяктагандан кийин кете албай койдум. Бул адамды кайдан көргөм, эмнеге мынча тааныш учурап жатат? Балким, ал менин мурунку күндөрүмдү эстешиме жардам берип жүрбөсүн деген ойго кептелдим да, сени күтүп тургам…

– А Тимурчу?- Жанар капыстан суроо узатты.

– Ага ар кайсыны айтып кетирип жибергем.

– Ал сага жөн эле мугалимби?

– Айттым го, негизи атамдын жардамчысы. Бирок экономика жана каржы жагын абдан жакшы билгендиктен, атам мага мугалим кылып дайындап койгон. Менин кесибим ошол багытта.

– Болдубу?

– Түшүнбөдүм.

– Ал сенин мугалимиң элеби?

– Бул сурооңо түшүнө албай турам. Сен эмне, мени кызганып жатасыңбы?

– Ооба.

– Эмнеге?

– Себеби мен сени жакшы көрөм.

Кыз жылмайып койду.

– Жанар, мен бул жерде өткөнүмдү эстей албай отурам. Сен болсо капкайдагы бир нерсени айтасың. Мага өткөндү эстөөгө жардам бересиңби?

– Жок, сен адегенде Тимур экөөңөрдүн мамилеңер тууралуу айтып бер.

– Азыр кетип калам.

– Кетпешиң керек. Бардыгын эстегиң келсе, Тимур экөөңөр тууралуу айтып бер. Сен ал жөнүндө сүйлөп жатканда көздөрүң жайнай түшөт экен.

– Ушул жерден сени жаакка чаап туруп кетип кала алам!- кыздын ачуусу келип кетти.

– Демек, ортоңордо мамиле бар экен да?

– Ал сенин ишиң эмес.

– Ал сени ыйлата алабы?

– Эмне?

– Күлдүрө алабы?

– Эмне деп жатасың?

– Анын жанында турганда мына бул жерде боштук жок болуп калабы?- Жанар жүрөк тушун көрсөттү.

– Эмне деп жатасың?

– Аруш, бизде ошондой болчу. Мен сени күлдүрө да, ыйлата да алчумун. Менин жаныма келгенде сенин көкүрөгүңдөгү боштук жоголуп, аалам тегиз болуп калчу. Сен мага муну өзүң айткансың.

Кыз саамга унчукпай калды. Эриндери дирилдеп чыкты. Себеби Жанардын айткандары анын көкүрөгүн кытыгылап, белгисиз, бирок жагымдуу сезимди пайда кылды.

– Жанар, азыр сенин маңдайыңда эч нерсе болбогондой токтоо отурганым менен, башымда ар түркүн ойлор жаралып, жинди болгону турам. А сен кайдагыны айтып жатасың.

– Арууке, балким, кечээ сен мени бир жерден көргөндөй болгон үчүн өткөнүмдү эстеп каламбы деп күткөнсүң. Бирок мен кечээ сенин дагы бир жандырмагыңды таап алгам. Сен үйүңө чуркап кирип сол ийиниңдеги татуну карадың да, туурабы?

– …?

– Ал тамга тууралуу кайдан билишим мүмкүн? Анткени…- Жанар шарт ордунан турду да, үстүнөн күрмөсүн, футболкасын чечип жиберди. Кафедегилер аң-таң болуп карап туруп калышты. Машыгуулардан кийин анын келбети калыбына келе түшкөн болчу. Андыктан кафеде отургандардын көбү жигит чымыр денесин кызына көрсөтүп, мактанып жатат деп ойлоп кетишти. Арыда отурган кыздардын шыбырашып күлгөндөрү байкалды. Кимдир бирөөнүн «жакшы-жакшы» дегени да угулду. А Жанардын максаты бул эмес болчу.

– Көрдүңбү? Сенин ысымыңдын биринчи тамгасы,- Жанардын ийининде кооздолуп жазылган «А» тамгасы турган. – Бул сенин идеяң болчу. «Денебизге сүрөт чектиребиз» деп сен көндүргөнсүң,- жигит отура кетти. Көздөрүндө дале үмүт жанып турат. Аруукесинин көзүнө тик багып карады.

– Кийинип алчы!- кыз тайсалдап кетти. Жанар жерге түшүп калган футболкасын алып кийди. Ал жооп күтүп жатты. Жигиттин көзүнөн көз албай турган кыз алда бир нерсени эстегенге чын дилинен аракет кылып отурду.

– Жок. Эсимде эч нерсе жок. Ооба, менин сол ийинимде «J» деген тамга бар. Болду. Бирок мына бул жерде эч нерсе жок,- кыз сөөмөйүн башына такады. – Эч нерсе! Мен туңгуюктамын. Билесиңби бул кандай оор? Менин Джи экенимди далилдеген фактылар толтура. Эми Аруукесиң деп сен ишендире баштадың. Албетте, сенин да темирдей бекем фактың бар экен. Тамгалар. Бирок менде эч нерсе жок болуп жатпайбы?! Билесиңби эң жакшы жол кандай болот? Чет өлкөгө биротоло кетип калышым керек. Паспортумду бөлөк алып, атымды өзгөртүп. Ал жакта мени тааныган эч ким болбойт. А мен өз фантазиямдан өзүмө биография ойлоп таап алам. Бара-бара ошол өзүм тапкан нерсеге биротоло өзүм да ишенип калам,- кыздын жинденип чыкканы көрүнүп турду.

Экөө тең унчукпай отуруп калышты. Кыз терезе тарапты тиктеп, эрдин кымтып алган. Мына-мына көзүнөн жаш тамып кетчүдөй.

Жанар акырын колун сунуп, өзгөчө бир аярлык менен Аруукесинин колун кармады. Кыздын манжалары узун, абдан көрктүү болчу. Ал таарына түшкөндөй колун аста тартып алды. Ортодогу ыңгайсыз жымжырттык жигитти бушайман кылып жиберди.

– Кечирип кой! Бир эле нерсе суранайын, аткара аласыңбы?- жигит жалооруй карады.– Айтып көр,- кыз көңүлсүз гана жооп берип койду.

– Сага бир күнү чалам. Балким, эртең, балким, 1 жумадан кийин, балким, 1-2 айдан соң. Бир эле жолу чалам. Сен ошондо мага 1 саат убактыңды бөлүп койчу. Суранам, 1 эле саат.

– Келиштик, макулмун.

– Рахмат. Жакшы кал!- Жанар күрмөсүн алды да, сыртка чыгып кетти.

 

ххх

Жанар кыздын телефон номурун Арууке деп сактап алган. Күнүнө 100 жолу ошол номурга тигилет. Жанында турган кишиге бул нерсе өөн көрүнүшү мүмкүн. Бир эле номурду улам карай берүү жиндичиликке да окшош. Бирок Жанар үчүн бул кадимкидей эле сандар эмес, кадимкидей эле тамгалар эмес. Себеби ал сандарда, Арууке деп жазылган тамгаларда анын эң эле таза, эң эле аруу, эң эле ыйык тун сүйүүсү, көкүрөгүн өрттөгөн арманы, канча жылдардан берки сагынганда жетип барып сагынычты жазып жиберүүгө мүмкүн болбогон айласыз, түпөйүл кусалыгы жана жашоосундагы эң башкы ар дайым эле кездеше бербеген керемети, үмүтү чагылып турат. Күнүгө 100 ирет тигилип, 100 ирет чалып жибергиси келет. Үнүн угуп алсам деген каалоосу аны жинди кылып жиберейин дейт. Бирок… Бирок ал жамгырды күтүп жүрөт. Ал жамгыр гана кайрадан баарына себепкер болот деп өзүн ишендирип алган.

 

ххх

 

Жанар уктап жаткан. Бир убакта катуу дүңгүрөгөн үндү угуп калды. Көздөрүн дароо ачып жиберип, демин ичине ката тыңшады. Дүңгүрөгөн үн бул ирет узагыраак созулгандай. «Күн күркүрөп жатат»,- деди ал кубанып.– Күн күркүрөп жатат,- ордунан тура калып терезеге жакындады. Деми кысылып, тамагы буулуп чыкты. «Тып» терезеге алгачкы тамчы урунду. Жанар өзүн кармана албай кетти. Көзүнөн жаш сызылды. Бирок ал жылмайып жатты. Ал өмүрүндө жамгырды мынчалык чыдамсыздык менен күткөн эмес…

 

Уландысы бар…

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️