Пример HTML-страницы

ТYЙYЛДYК КАТЫ!

https://kyrgyzcha.site/?p=43799&preview=true Кызыктуу окуялар.

ТYЙYЛДYК КАТЫ!

 

Курсагымдагы бала кантип пайда болду? Кандай өсүп жатат? Төрөлгөнгө чейин ага кандай кам көрүшүм керек?» деген сыяктуу көп суроолор ар бир кош бойлуу эненин жүрөгүндө тогуз ай бою жашайт. Ушул жана башка суроолорго адистин түйүлдүктүн тили менен берген жоопторун сунуштайбыз. Анда али жарык дүйнөгө келе элек чүрпөңүздүн сиз менен ой бөлүшкүсү келет. Анын каттары сизге бактылуу көз ирмемдерди жана пайдалуу кеңештерди бере алат.

 

Түйүлдүк жаңы пайда болгон сааттар

Менин сүйүктүү апакем!

О, кандай керемет! Мен бир гана жумуртка клеткасында болсом да мен адаммын. Азырынча көлөмүм эки жүз микрон болгону менен менде Жараткан берген жан жана рух бар.

Апаке, сиз мага өмүр тартуулайт экениңиз жөнүндө али биле элексиз. Мен атам экөөңөр үчүн сыр болуп дагы эки жума жашай алам. Андан кийин сиздин денеңиздеги башкача сезимдер аркылуу мени байкайт болушуңуз керек. А мага атам экөөңөрдүн ушул сырды алгач билгенде кандай абалда болоруңар өтө кызык.

Сиз менин пайда болгонумду билгениңиз менен менин абалымды так биле албайсыз, ошондуктан мен сизге өзүм тууралуу маалымат кат жазып турам. Азыр менин көлөмүм тууралуу билгиңиз келсе, мен кичинекей чекиттей элемин. Бирок менде менин кандай болорум тууралуу билдирген 46 хромосома бар. Алардын жыйырма үчүн сизден, жыйырма үчүн атамдан алганмын.

Окумуштуулар мени адам дебей, «зигота» деп кызыктай атай беришет. Бирок мен адаммын! Ар бир эле киши, сиз да, атам да жаңы пайда болгонуңарда жайгашкан түйүлдүк жаратуучу жумурткада жайгашкам. Мен акырындап трубалар аркылуу жатынга келе жатам. Ушул саякатым ийгиликтүү болсо мени сактай турган эң ыңгайлуу үйүм болгон сиздин ичиңизде жашай баштайм. Бул үчүн төрт-беш күн керектелет. Алдыда кантип жашай баштаганым жана да кандай өзгөрүүлөр күтүп турганын сизге сөзсүз жазып жиберем.

Апоу, менин пайда болгонум алгачкы күндөрдө сизге кыйындык, денеңизге ыңгайсыздык жаратса кечирим сурайм. Анткени мен сиздин организмиңиз үчүн жаңылыкмын да! Бирок ишенип коюңуз, баары жакшы болот, сизди бактылуу кылчу мүнөттөр али алдыда!

Атам экөөңөрдүн табышмактуу чүрпөңөр.

***

Алгачкы айлар

Алтыным апа, менин пайда болгонума бир ай болду. Ичиңиздеги мен үчүн даярдалган жылуу-жумшак орундук мага аябай жакты. Менин жуурканым болчу тонумдун калыңдыгы 10-15 миллиметр, менден жетимиш беш эсеге чоң. Ал тим эле таптаза экен. Эки жумага чейин менин өзүмдө азык болгондуктан сиз ооруп калып дары ичкен же чочуп, толкунданган болсоңуз мунун баары мага таасир эткен жок, бирок азыр мен сиз аркылуу гана тамактана баштадым. Сиз жеген тамак-аштын баары мага келет. Мен тамактардын даамын биле баштадым, андыктан даамдуу тамактарды жеп, жакшы эс алып жатканыңыз менин толук кандуу өсүшүмө жардам берет. Бул үчүн атама да рахмат айтып коюңуз. Анткени мунун баарына ал кам көрүп жатпайбы.

Кебетемдин кандай экенине кызыксаңыз, мен ширенкенин талындай элемин, салмагым 0,05 грамм гана. Ушул кез аябай назик убагым. Суранарым катуу чочубай, көйгөйлөрдү эмоция менен кабыл албай мен үчүн өзүңүздү бир калыпта кармаганга аракет кылсаңыз жакшы болот. Мен он сегизинчи күнүмдө мага жүрөк пайда болгонун айтпай калган турбаймынбы, алгач ирет ушул күнү жүрөгүм сого баштаган. Ушул кичинекей жүрөгүм менен атам экөөңөрдү чексиз сүйөм. Муну атама да кабарлап коюшуңузду суранам.

Сиздин кичинекей наристеңиз.

***

Жаным апа, мага бүгүн эки ай болду. Бул мен үчүн чоң майрам. Атам экөөңөрдүн камкордугуңар мени коргоп келе жатат. Менин кебетемди көрсөңүз күлмөк болушуңуз керек. Анткени менин башым бүт денем менен тең. Салмагым болсо 1,5 грамм, узундугум 2 сантиметр. Акырындап колу-бутумду кыймылдата баштадым. Бирок бул азыр сизге сезилбейт. Анткени мен жайгашкан тондо суу көп, мен чоң бассейнде эркин сүзүп жүргөндөймүн. Менин кыймылымды он-он эки жума болгонумда байкайт болушуңуз керек. Теримде каш-киригимдин, чачымдын орду пайда боло баштады, жакында өсөт. Өңү кандай экенин төрөлгөнүмдө гана биле аласыз. Ошондой эле кулактарым жетиле баштады. Сиздикине окшойбу же атамдын кулагындай болобу мага сыр боюнча. Буту-колума тырмактын кызгылт изи түшө баштады. Мурдумда жыт билүү сезими ойгонууда. Төрөлгөндө жыттарды жакшы айырмалап калам. Апакебай, мен баарынан кайсы жытты жакшы көрөрүмдү билесизби? Сиздин сүтүңүздүн жыты! Ошондой эле мен жарык менен караңгыны айрымалай баштадым. Ар кандай үндөр да угулат. Мага өзгөчө сиз менен чогуу жагымдуу музыка уккан жагат. А сиздин жүрөгүңүздүн кагышы мага өзүнчө эле классика!

Дагы бир жаңылыгым: бөйрөгүм заара бөлүп чыгара баштады. Эми ультра добуштуу изилдөөчү аппарат менен менин кыз же эркек экенимди болжолдоого болот. Бирок мен кичине кезде аппарат жаңылып да калышы мүмкүн. Мейли, кандай болсо да, кызмынбы же эркекминби силер мени баары бир сүйөсүңөр да ээ? Ошондуктан мен төрөлгөнгө чейин бул сыр болуп калса деле макулмун.

Менин терим да жакзинашы жетиле баштады. Азыр мага кичине бир нерсе тийсе да сезе алам. Атам экөөңөрдүн мени назик сылап эркелеткениңер мага аябай жагат. Ал эми ичиңизге катуу нерселердин тийип кетишине жол бербешиңизге ишенем. Анткени мага бул зыян экенин сиз жакшы билесиз да ээ? Сүйүктүү атама менден ысык салам!

Силердин кичинекей перзентиңер.

***

Сүйүктүү апаке, менин пайда болгонума үч ай болду. Мени менен кошо тонум чоңоюп, андагы суу да көбөйүп жаткандыктан сиз 700 граммдай салмак кошуп калдыңыз. Ата, апа, кымбаттууларым, менин бет түзүлүшүм экөөңөргө окшошуп бир формага келе баштады. Өсүшүм жакшы. Бул силердин эмгегиңер. Мени өз убагында даамдуу тамактар менен азыктандырганыңарга ыраазымын. Кечээ күнкү жер-жемиш менен сүт абдан жакты. Апа, сиз табитиңиз ачылып тамакты мурдагыдан көп жей баштаганыңызды байкасаңыз керек. Мунун себеби сиз экөөбүз үчүн тамактана баштаганыңызда. Сиз эмнени жесеңиз ошонун баары мага эки-үч саатта жетет. Атам экөөңөр мени жакшы багып жатасыңар, ошондуктан менин салмагым 14 грамм, узундугум 6 сантиметрге жетти. Бир нече күндөн бери бармагымды соро баштадым. Бул мага аябай жагат. Анткени эмчек эмгенге жакшы машыгып жатам. Медициналык текшерүүдөн өтүү мезгили да келип калды. Доктурга барып текшерилиңиз. Анткени сиздин саламаттыгыңыз мен үчүн канчалык маанилүү экени белгилүү да!

Апа, кийинки каттардан кабарлашканча жакшы туруңуз. Атама салам айтыңыз. Сиз мени менен гана алек болбой ага мурдагыдай жакшы көңүл буруңуз. Анткени ал менин атам да, анын маанайы жок болсо экөөбүзгө ким көңүл бурат?..

Эмки кабарлашканча силерди сагынам. Наристеңер.

(Автор: врач-педиатр, гинеколог-физиолог, медицина илимдеринин кандидаты «Балдар ооруларынын толук энциклопедиясынын» түзүүчүсү В.Н.Самарина)

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE