Пример HTML-страницы

Тоңдо кытайдын синтетикалык торлоруна май канат кармап жаткан жаран кармалды (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Орто-Токой айылында мыйзамсыз балык улаган тургун кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 28-апрелге караган түнү Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери тарабынан күнүмдүк рейд иштерин жүргүзүү учурунда өзгөчө корголуучу статусундагы Орто-Токой суу сактагычында браконьерликтин кезектеги фактысы аныкталды. Кытайдын синтетикалык торлоруна мыйзамсыз балык улоо фактысы менен Орто-Токой айылынын 46 жаштагы тургуну Д.У. кармалды.

Анда 80 даана май канат (сига) балыгы, 1000 метр синтетикалык тор жана моторлуу кайык далил зат катары алынды. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренесине («Балыкты, же болбосо суу жаныбарларын мыйзамсыз уулоо жана олжолоо») ылайык кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE