Пример HTML-страницы

Таластын Сасык-Булак айылында 72 млн сомго бала бакча салына баштады

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 6-декабрь күнү Талас районунун Бекмолдо айыл аймагынын Сасык-Булак айылында 120 орундуу бала бакчанын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалыматка караганда, буга чейин аталган айылда бакча жок болчу. Бала бакчанын курулушуна жергиликтүү бюджеттин эсебинен 72 млн сом каралган. Курулуш иштерин «Дөөлөт Курулуш» ЖЧКсы аткарат. Иштер 2024-жылдын июль айында аяктайт.

«Доолот Курулуш» ЖЧКсы 2021-жылы 26-февралда кайра каттоодон өткөн. Жетекчиси жана түзүүчүсү катары Эсенкулов Манас Бактыбекович көрсөтүлгөн. Ишкана имараттарды куруу менен алектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE