Пример HTML-страницы

Тагдырдын буйругун карабайсыңбы .

https://kyrgyzcha.site/?p=49313&preview=true Кызыктуу окуялар.

 

Тагдырдын буйругун карабайсыңбы .

12- октябрь күнү эле ош базарынан бир аз керектүү нерселерди алып Кулиева көчөсү аркылуу автовокзалга чыгып кетем деген ой менен базарга барган элем

Күн ысып аткан иним чалып калды аны менен сүйлөшүп бүтүп бир аз отуруп калдым Чүйскийдин ош пирим деген кафе жак бетинде отургучта.Эл көп өтүп атты бир убакта жаныма бир кичине наристе бала көтөргөн жаш келин келип бала эмгизип отуруп калды

Көзүнөн жашы тыйылбай ыйлап атты эле мен чыдабай эмне ыйлайсың карындаш деп сурап калсам..мени күйөөм кайын энем бир айлык кызым мн үйүнөн кууп салышты деп ыйлап кирди

Эки күн болду ачкамын соткамды сатып гостиницага барайын дегем апам да үйгө жолобо деди деп

Чынында абдан боорум ооруп жүрү тамак алып берейин балаңа да памперс керектир деп чайканага кирдик

Таанышып аты жөнүн сурап бир гостницага жайгарып коюп кетейин десем бүгүн макул а эртең кайда барам деп ыйлайт

Мен айылга кетем кайра ноябрда келем десем мени да ала кетиңизчи кийин сиз мн бирге келем да деп суранып мен макул деп айылга чогуу келдик

Андайда акылыңа да келбей калат экенсиң

Өзүм бойдок болсом анан бир жаш келинди баласы мн үйгө алып барсам эл журт туугандар эмне дейт деген оюма келбептир

Таксиге отуруп үйгө карангы киргенде келдик

Бир бөлмөнү атайы дайындап берип ал келин кызы экөөнү жайгаштырдым

Андай жаңылык элге бат тарайт го мени үйлөнүптүр деп элге тарап кетти

Эртеси бир туугандар келип мени ортого алышты.Чындыгын айтсам көп ишенишпей.ал келинди да суракка алышты

Байкем мага сен шаарда жөн жүрбөй бул келин мн болуп, төрөтүп келдиңби деп такып сурайт , мен чындыкты айтып ишендирдим

Кечинде бир козу сойдук.Тамак ичилип бүткөн соң улуу эжем сөз баштады (ата эне жок)

Экөөң мынча болгондон кийин эми баш кошуп эле жашагыла мындай шанс экөөңө тең келе бербейт,макул болсоңор эртең нике кыйдырып той кылалы,эмки жумада кыздын ата энесинин алдынан өтүп келели дебеспи

Менин иним ичпейт түз жүрөт, аялы төрөбөй ажырашкан,болгону ортоңордо жашыңардан айырма экен,жаш күйөө деле сенин баркыңа жетпептир деп ж.б.у.с көп сөздөр айтылды

Чынында мен көңүлдөндүм өзүнүн кадырына жетип,кызына өз кызымдай мээримдүү ата болгум келди

Бирок ал келин мен өз күйөөмдү сүйөм,ансыз башка мн жашоомду элестете албайм, мен аны күтөм,келет деп ишенем деп ыйлап отуруп алды

Бир туугандарым мейли анда дагы ойлонуп көрөөрсүң экөөң да өзүңөрчө сүйлөшүп көргүлө деп кетишти

Ал үйдө бир жума жүрдү.Күнүгө эле күйөөсүн айтып жадатып жиберди.

Күндө чалат же анысы сүйлөшүп койсочу

Акыры бир сыйра кийим кийгизип колуна эки миң сом берип,сен бизге мейман катары келип кеттим деп түшүн деп эжем байкем үчөөбүз таксиге салдык

Үйгө келип ватсабтан жолуңар шыдыр жолдошуңар кыдыр болсун жакшы жетип алгыла деп жаздым,окуп кайра жооп жазган жок,чалсам да жооп бербей калган эле

Бир күнү ватсабты ачсам өзү жазыптыр

Салам

Калайсыз

Не кылтас деп

Мен кыска эле Жакшы рахмат деп койдум

Эртеси дагы жазды Мен да ал жайын сурап келип акырында күйөөң келдиби десем

Жок келбеди ал кызынан да меники эмес деп баш тартты дейт

Эми эмне кыласың десем кызды апама берип жазында россияга кетем деген

Эки күндөн кийин кайра жазып кыйналып атабыз акча бериңизчи кийин россиядан иштеп таап салып жиберем дейт

Мен жөн гана күлүп койдум,россияга кетсе ошол мага таптырмак беле

Мына бирөөнө кор бирөөнө зар деген ушул да

Мен бала деп жүрсөм кээ бири баладан баш тартып

Азыр дагы эле байланышып турабыз бирок үйлөнүү тууралуу теманы кайра козгогон жокмун

Анткени шанс бир эле келет да

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE