Пример HTML-страницы

ТАГДЫР НАСИП. 3-БОЛУМ. (АЯГЫ)

https://kyrgyzcha.site/?p=54783&preview=true Кызыктуу окуялар.

ТАГДЫР НАСИП.

З-БОЛУМ.

Санабар базарга келип шашпай товарларын чыгарып жая баштады. Жанындагы кошуналары оздорунчо кубурошуп соз кылышканы менен бир жагы кайра аны аяпта турушту.

-Кантсин анан байкуш. Айла жок. Анын да оз тени бар чыгаар. Озу бир жакшына келин. деп бироосу айтса, нар жактан дагы бироосу

-Шамил бойдок болгондон кийин озу деле ойлонсо болмок. Акыры келип мына эми озу кыйналып азабын тартып олтурат . Шамилдин бир туугандары Санабардын жубан экенин билип туруп канттип алып беришмек эле, деди.

Шамил кеткенден кийин Санабарга оной болгон жок. Эч нерсеге конулу жок. Кучун ыйга чыгарат. Бир эки кун уйдо жатты ыйлап. Озун алаксытуу учун акыры ал шаардын четиндеги эжесиникине кетип калды. Он кундой журуп кайра базарга келди. Келгенде эле жанындагы конулу жакын кошуна эжесинен болгон жанылыктарды, Шамилди ушул эле базардагы кызга уйлоноорун, жакында той экенин, Шамилдин айылга кеткенин укту. Ал эже Санабардан торт беш жашка улуу болгону менен экоо сырдашкан жакын курбулардай эле. Бирок ал Санабарга айткан болчу

— Кайгырып капа болгондон пайда жок эми. Келип сооданды кыла бер. Эл билгенин суйлой беришсин, сен да мандайга жазганын короорсун. Озун али жаш татынакайсын. Кудайым сенин да багынды берет бир кун. Андан коро эч кимге сыр бербей келип сооданды кыл деп ушул сыяктуу бир канча конул которо турган создорду айткан болчу. Бирок Санабар эки кун иштеп кайра эле базарга чыкпай уйдо ыйлап жатып калды. Кээде туруп ал

-Ыйлагандан не пайда акыры ушундай болуш керек болчу. Шамилдин менден кете турганын билип туруп озумо озум кылдым. Башынан эле мамиле кылбай койсом эмне, ушул кунго калбайт элем го деп озун жемелейт.Кайра ыйлайт. Акыры Озун озу сооротуп качанга чейин ушинтип жатмак элем кой андан коро базарга барып соодага алаксыйын кудайдын айтканын короормун деп бугун дагы базарга келгендегиси ушул болчу. Жанындагы кошуна эжеси Санабарга жардамдашып товарларын жайышканча дагы жанылыгын баштады.

— Санабар сага экинчи Шамил жонундо суйлоп аны эстетпей эле койсомбу дегем. Бирок бул нерсени айтпай коё албайм го деди.Санабар дагы эмне болуп кетти экен дегендей ага суроолуу тигилди.

-Тиги Шамил уйлоно турган кызды айтып жатышат. Кетпей эле ушул жерде журот экен дешип. Чын тогунун билген эч ким жок кызды айныптыр Шамилге турмушка чыкпай турган болуптур деп жатышат.

Бирок деп ал бир азга ойлонуп туруп кайра созун улантты.

— Кечээ дагы бироо айтат бир тааныш эжелери айткан имиш. Шамилдин эжеси менен дос экен эле. Телефондон суйлошуптур Шамилге башка эле бир кызды ала качырып келишиптир деп. Тойду белгилешип, чакыра тургандарын тойго деп чакырып коюшкан экен. Ошого ошондой кылышкан го. Уч кундон кийин келе жаткан субота той экен деп ал созун бутурду. Санабар унчукпады. Эмне демек эле. Жасап жаткан жумушун уланта берди. Бир маалда

— Мага баарибир эмеспи кимге уйлонсо ошого уйлонсун, иши кылса бактылуу болсо болду деп койду.

— Ооба десен, деп эжеси кайра аны колдой

— Эми оздорунун иши дечи ал жагы. Ошентсе да укканымды сага айтып койдум деди. Экоо товарларын жайып бутуп олтура кетишти. Санабарды кайра эле ой басып олтуруп калды.

-Санабар! деди ага карай эжеси

-Коп ойлоно бербе эми, андан коро кел чай ичели деп ар жактан уйдон ала келген пакетин алып, термоздогу чайдан куюп Санабарга узатты. Экоо эми эле чайдан бир эки ууртап аны муну суйлошуп баштаганда эле алардын тушуна бироолор келип товардын баасын сурап калышты. Санабар отурган жеринен эле мойнун созуп

— Кайсыны сурап жатасынар? деп витринанын устундогу товарга козун жугуртуп анан келген адамга карады. Карап эле анын журогу болк дей тушту. Коргон козуно ишенбей чын коруп турамбы жалганбы дегендей ал ордунан акырын туруп козун бакырайткан бойдон туруп калды.Тегерегиндеги кошуналары дагы кубур шыбыр болушуп эле тан калышып коргон коздоруно ишенбей аларды тегеректей чогула башташты.

— Кандайсын Санабар !

— Шами-ил деди Санабар созун узуп узуп, тан кала аны карап. Жанындагы эжеси да оозу ачылып эле бир Санабарды бир Шамилди карап жузуно суйунуч таркап экоону карай ордунан козголо туруп

-Келгиле балдар деди жай гана. Себеби Шамил жанында эки досу менен тойго кийчу костюмдарын кийинишип жасанышып колуна чоон букет гулду кармап турган болчу. Шамилдин Санабарды коргон коздору оттой жанып кулмундогон жузундогу суйунучту баары коруп турду. Эки досу эки жанында аларда жылмайып кулуп карап турушат.

— Санабар мен сени алып кеткени келдим, журу кетесинби мени менен деди Шамил Санабарга гулун сунуп жатып……..

 

***************

Ош Аэропортту. Ары бери басып ызылдап жургон элдин арасында жасанып алышып Шамилдин достору да журушот. Бишкектен келген самалётту жерге келип конду деген жанырган унду угаары менен балдар чогулушуп Шамилдерди кутуп туруп калышты. Арасынан бироосу асынган аккардионун аз-аздан ойнотуп коюп турду.

 

 

Самалёттун ичиндегилер биринчи эле келин куйоого жол беришип, бир чети алар менен бир рейсте чогуу келгендерине оздорунчо курсан болуп турушту. Шамил менен Санабар бугун аябай бактылуу. Санабар кийген апакай койнок менен башындагы фатасы анын сулуулугун андан бетер ашырып Шамилдин козуно жомоктогу перинин озу болуп калды. Экоо бири бирине жарашып жылмая тиктешип коюп кыналыша жетелешип келе жатышты. Аларды караган элдин баары аларга суктаныша тиктешип

— А-ий карачы тигинде келин куйоо келетат, кандай гана бактылуу дешсе, кээлери келин аябай сулуу экен дешип жатышты.

Бир убакта эле аккардиондун уну созолонуп аны коштой топ балдар ырдашып эл турган жер шанга болоно тушту. Шамил келип достору менен кучакташа учурашып кирди. Элдин баары кол чаап аларга суктана карашып, арасынан кээ бирлери

-Бактылуу болгула деп кыйкырып да коюп жатышты. Шамил менен Санабарды коштой басып келаткан балдар, ырдап да бийлеп да эки жашка деп кооздолуп жасалган лимузинди карай келатышты. Алар келип машиналардан орун алышты. Катар тизилген тойдун машиналары аэропорттон чыгып шаарды карай жол тартышты. Шаарды айланышып ойногон балдар кайра машиналарга отурушуп, шаардан анча алыс эмес жердеги Санабардын ата-энесинин уйун коздой жоношту. Казан асылып эт кайнап, дасторкон жайылып даяр болушуп Санабардын туугандары жаштарды кутуп отурушкан экен.

Ал жерден балдар аябай жакшы мейман болушту. Алар кетчу убак болуп Санабар уйдон чыгып баратканда аябай ыйлады. Аны коруп баары козуно жаш алышты. Анын туугандары кошуналары Санабардын ата-энесине кошулушуп эки жаштын бактылуу болушун кудайдан тилеп алакандарын жайып ак батасын беришип, аларды узатышып кала беришти.

 

Шамилдин уйундо аябай чон той болду. Эч ким мынчалык тойду жакшы болот деп кутпосо керек эле. Туугандары достору канча кундон бери Шамил менен убара болуп, канча кундон бери алардын уйуно келип кетип жургонгобу айтор армансыз эле тойдо ойношту. Алар Шамилдин уйуно конугуп да калышыптыр. Той бутсо да кеткилери келбей аран кетишти акыры. Бут айыл келип тойго катышты. Баары тагдырга тан беришти окшойт.Ошол кундору бир эле Шамил менен Санабар бактылуу болбостон аларга кошулуп бут айыл бактылуу болгондой болуп жатышты. Тагдыр насип. Кудайымдын калыстыгына шугур!!!

*************************************

 

 

Андан бери арадан канча жылдар отту. Шамил менен Санабар коп балалуу болушту., Азыркы убакта алардын балдары мектепте окуп жатышат.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE