Пример HTML-страницы

ТАГДЫР НАСИП. 1-БОЛУМ.

https://kyrgyzcha.site/?p=54783&preview=true Кызыктуу окуялар.

ТАГДЫР НАСИП.

1-БОЛУМ.

Санабар эки кундон бери ыйлай берип коздору шимик тартып кочого да чыкпай аткан. Канча кун ушинтип жатмак эле. Озун колго алып, озуну озу сооротуп бугун базарга барып келмей болду. Барып товарларын толуктап эртенден баштап соодага чыгыш керек.

Мындай нерсени кантип ойлонбой, кантип унутат. Басса турса Санабардын оюнда Шамил. Маршуруткада баратып да Шамилди ойлойт.

Шамил уйлонбогон бойдок бала. Тогуз бир туугандын эн кичуусу. Мектепти бутоор жылдары апасынын козу отуп кетип, атасын жыл айлантып туугандары башка бир аялга уйлоп коюшту. Бир туугандары баары уй було кутуп оздору менен оздору. Ушул Шамил уйлонсо, анан олсом экен деп чон энеси коптон бери кулак кагып журот. Шамил мектепти аяктаары менен шаардагы ага эжелери соодага жардам берет деп оздоруно алдырып алышканына мына быйыл алты жыл болот. Анын бир туугандары соода кылышып буттарына туруп ар биринин шаарда озунчо уйлору бар. Жаны келгенде Шамилге эч кандай деле кыйынчылык болгон жок. Сооданы да бат эле оздоштуруп кетти. Мына ушул соодада журуп ал Санабар менен таанышты. Санабар да ошол эле базарда соода кылат. Коздору карагаттай болуп бир коргондо эле Шамил экоонун жылдызы бир бирине туш келди. Бирок Санабар турмушка чыгып бир балалуу болгондон кийин ажырашып кеткенин базардагылар баары эле билишчу. Башында маани бербегени менен Шамилдин эжеси акыркы кундору экоонун мамилесине каршы болуп журду. Анын устуно Шамилдин да классташ достору бар болчу шаарда. Озу менен чогуу бир базарда эки классташы иштейт. Достор майрамдарда чогуу отурган жерлерде Шамил Санабарды ээрчитип барып журду. Бул кабар Шамилдин бир туугандарынын баарына жетти. Алар Шамилди ортого алып канча ары бери -создор айтылды. Шамил акыры аларга соз

берди. Санабарга уйлонбой турган болду.

Бирок Шамил учун Санабардан кол узуу ушунчалык кыйын болду. Экоонун ысык мамилелери кайра кундон кунго кучогондон кучоп баратты. Шамил Санабарды таштай албады. Ошондой кундордун биринде Шамилге агасынын колу да тийди. Акыры Шамил бир туугандарынан болунуп Санабар менен чогуу иштеп чогуу жашап калды.

 

 

Кундор ото берди. Шамилдин эжеси Санабарга жолугуп жакшы да жаман да айтып журду.

-Шамилди коё бер ал уйлонбогон бала болсо, сени кантип алып берет элек озун деле ойлонбойсунбу? деп.

Базарда да экоо жонундо соз. Санабар Шамилди молдо кожо кылып башын айлантып алган дешип.

Санабар эмне кылсын. Ал деле Шамилге канча айттып журду.

-Оз тенинди таап уйлон, бекер мага кармалып кунунду откозбо деп.

-Кудайдын айтканын короорбуз! Ошол кун келе берсинчи деп Шамил кетпей журо берди. Досторуна болсо Санабарга уйлонбойм. Айылга барып кыз алам го деп айтып кутулган.

Мына акыры айылдан улуу агасы келип бул маселени чечти. Алар жакында созсуз Шамилди уйлой турган болушту. Анысы аз келгенсип эжеси кыз да таап коюптур. Ал кыз да ошол эле ош базарында эжелери менен чогуу соода кылат экен. Шамилди эртен кыз менен тааныштыра турган болушту.

Шамил кыз менен да таанышты. Достору менен чогуу бир эки жолу кочо айланып да келишти. Эки тарап кудаалашып кызга сойко салып коюшту. Тойду айылда откоро турган болушту. Той куну белгиленип Шамил ошко учуп кеткен. Артынан бир жумадан кийин кыз да кетмек. Кыз башка райондо жашайт болчу. Кыз оз уйуно барып ошол жерден ак койнок кийип той менен узатыла турган болду.

Элдин баары тойго даярдык коруп ар ким озунчо убара. Шамилдин достору чакыруу баракчаларын даярдап бут элге, туугандарга таркатып бутушту. Тойго дешип Шамилдин бир туугандары да которунуп тойго айылга жоноп кетишти.

(Уландысы бар)

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE