Пример HTML-страницы

Тагдыр 4-АЯККЫ БӨЛҮМҮ

https://kyrgyzcha.site/?p=53879&preview=true Кызыктуу окуялар.

Тагдыр

 

4-АЯККЫ БӨЛҮМҮ

 

Жатаар менен түшүмө Төлөк кирип гүлүм, ардагым, арманым эмне мага таарынып атасынбы, мен артындан барсам да чыга алмак эмессин. Мен сени аясам, сен эмне мени азапка саласын деп кадимкидей койнумда жыланач эле эркелетип өз жумушун баштаса өпкүлөп, ыйлап баштадым.Керез эмне болуп атасын тур таң атты десе кайра уктагандын ушунусу жаман түш көрүп жатыптырмын деп жөн болдум. Бирок сагынычым канбай калып, чарчаган бойдон турдум.Өзүмдү иретке келтирип, балдарды тургуз жеткирип кой балдар жакшы тамактан калып калат деп өз жумушума чыгып кеттим. Бул эмне деген түш деп, ойлонуп бүгүн дагы келсе, эртең кел Керез үйдө дейин деп, аяп турдум. Менин жумушум күндө кайталаган эле жумуш, ачаар менен пол жууган эже бир сыйра тазалап чыгат. Эмне кылсам Света десе баарына жумшайм, мен алам жетимиш сом, ал алат жетимиш сом дүкөнчү, пол жуугучтун айырмасы жок. Бирок менин бир тыйындан үлүшүм болот ошол деп ыраазы болом.Света менден мурун эле иштейт экен. Жакшы жери ушак менен иши жок эмне көрсө унчукпайт. Бүгүн да жумуш ойдогудай башталып, ойдогудай бүттү. Канча күтсөм дагы Төлөктү кечээ такыр сүйлөтпөй койдум эле бүгүн күйөөсү үйдө деп келген жок. Дүкөндү бекитип, эки жагын жакшы карап, кароолчуга тапшырып коюп кеттим. Үйгө барсам баарын белендеп, балдарды алып, каалашынча ойнотуп койгон экен атасын мактап жатышты. Үйдө баягы көнгөн үй- бүлөөлүк жашоо менен алышып, Керез белендеп койгон тамакты ичип эрте жатып алдык. Керезтин жакшы жери өткөндөн эчтеке сурабайт, келээрди акылдашып кыялданганды жакшы көрөт.

 

Букентайым эми кыз төрөп берсен мага окшош, узун бойлуу, сулуу дегенде чыдабай кетип мага окшош болсо болбойбу дедим.

-Эмне дээр экен десем чыдабай чычалап кеттинби менин алтыным, балдарымдын апасы, сүйүктүү жарым, мен сен болбосон кандай жанга туш болот элем деп сөз жаңы таанышкан күнүбүзгө кетти. Мен анда кыздар менен чоң жолдо келе жатканбыз. Ошол жолдон күнүгө бир машинада бир келин менен эки жигит бар эле. Кыздар машинадан күнүгө качышса каткырышып ары-бери буруп машина менен кубалап каткырышат. Мен эр болсо тебелеп көрсүн деп жол бербейм, анткени биздин айыл эле. Алар суудан өтүп кетет ко, бизде мындай машина жок болчу. Биз ошонтип таанышканбыз. Керез токточу ушул кызды көрөйүн деп жаныма келгенде эмне күнүгө эле тийишесиңер уят эмеспи десем, сен кыйын кызсын ко ыя деди. Кел таанышып койолу дегенде мен таанышпайм, таанышсаңар мурун эле таанышпайт белеңер тажатып бүттүңөр деп кол бербей койгом. Бизден өтүп барып балдардан тетиги кызыл пальточон кимдин кызы десе Аскат деген байдын кызы дептир. Ошондон баштап баягы бала менен сүйлөшүп, менин канча бир тууган экенимди, атамды көрөйүн деп көп жолу келип көрө албай коюптур. Өзү солдатта болгон орус тилин жакшы билген, тартиптүү бала көрүнүп турат. Мен дагы Торговый училищаны бүтүп аткан кезим болчу. Биз районго айылдан барып келип окуучубуз, кадимки мектептей эле. Сабагы эле башка болбосо кайра эле баарын окуйсун, сооданы так, таза жасаганды үйрөтөт, анан адамдарга кандай мамиле жасап, алганын ороп бериш керек, бир тыйынды эсептен кетирсеңер жегенге кошулуп соода системасынан чыгып каласыңар деп күндө үйрөтөт. Окуп атабыз деп автобус менен келип жолго түшүп калып, үйгө жөө келебиз.Керез кайда жашайт билбейм күндө келип атып жакындашып кеттик. Мен окуумду бүттүм дегенде жанагы машина менен Жумгалга ала качып кетти.

Аттин жаштык.

 

Көрсө жанагы машинаны айдаган досу жаңы үйлөнүп, аялы медик экен жумушуна алып барып, алып келип жүргөн кези экен. Керез ушул кыз менен сүйлөшүп көрөйүн деп досунун үйүнө эки ай жашап алыптыр. Сени тентип жүрүп таап келгем дей берет.Кээде өзүңө өзү таң калып келесоо турбаймбы дос десе аларга жашоо бербей жандарына жатып алат экемин.Бир күнү энеңди урайын үй толуп атса жаныбызга жатасын десе сени ойлоп жүрүп эч көңүл бөлбөптүрмүн эмгиче айтып күлө беришет. Керез менен ушундай таанышкам. Жумгалдын алысы иий аран жеттик, бирок кудалар тил табышып жашообуз жакшы болду.Ата — энем барган сайын кайын атаңды, кайын энеңди сыйласан кор болбойсун балам,улуу келин болдун жакшы келин бол деп апам жанды койбойт. Атам менин Бурулум баарын жазайт деп мактап койот Чыны менен оокатка бышырган апам, камчы салдырбаган бүлөө бол дейт.

Бирок кечигип төрөдүм апам кудай берет дейт, Керез качан дейт, атам бирдемеси бар бекен дейт тажатышты.Туура бир жылдан кийин боюмда болду, мен келиндердей болбой оокатынын майын чыгарсам апам ыраазы болот, бирок санаадар болот атам экөө отурганда.Балам балалуу болсо жакшы болот эле, Бурулумдун оттук бычагы колунда дейт кайын атам, мен келе жатсам сүйлөбөй калышат.Мен түшүнөм баягы тема деп жөн болом. Мына балдарым чоңоюп, Керез кыз болсо деп отурат, адам кызык удаа кыз болсо аттин эркек дешет, эркек болсо кыз дешет деп таң калам. Бирок өзүмө да кыз керек да.

 

Ошонтип башталган жаштык кайра токтош кыйын экен, өзүмдү эмне кылаарымды билбей, келбей койсо жиним келет, келсе кудай сакта балдарыма кесирим тийбесе экен деп жүргөн мезгилде жети жыл аттап кетти.Ошол жылдардын ичинде Төлөк экөөбүз канча урушуп эрди катындай канча табыштык.Мен болсо «Бара бара баш чыгып» » Көрө көрө көз» чыгып айла амалым жетиштүү болду. Бирок Керезке жакшы жери өйдө карабайм, жаса-буса чаап ийсе жашымда ыйлачы элем, азыр өзүмдө күнөө жетиштүү болсо ыйлабай, эмне болуп атасын, андай кылсак мындай болот деп жайкап бат эле тилин таап койом.

— Төлөктө эч өөн жок жалдырап көзүмдү караганы караган. Өзүм кээде таң калам чың эле сүйгөн го болбосо эчак кетчи адам эмес беле, орустун дагы жакшылары Толик келчи мага десе күлүп жөн болот. Ошондо күнөөлүдөй бир карап алат да, орустардын ачыгы жаман деп койот.

— Эмнеси жаман бара бер чакырып атса десем жөн турчу болгон сөзү ошол.

— Жактырып атса аны деле байкап көр да десем, булар өлө ушакчы болот, сен да Светадан абайла деп келет.

— Светага рахмат жети жылдан бери бир сөзүн уга элекмин, ошол үчүн алып жүрөм да деп күлүп койдум. Керез отпускага чыгып бош жатып жинди болуп кете жаздады. Кечке бош, үйдө кылайын десе эчтеке жок.Бир күнү балдарды ала кетип, үйгө жардам берип келейин, сен алтынчы күнү барып дем алыш күнү кечки менен келип тур. Убакыт өтпөй атат же үйдө жумуш жок болсо дегенде, балдар жок мен кантип жашайм, өзүң эле бар десем, анда кыйналбайсынбы деп кетмей болду. Курсагым дагы томпойуп калган кези болчу. Атасыныкына барып короосун жаңыртабыз деп иңилери куйган кыштан чоң короо баштап он күн дегенде аран бүтүштү. Мен балдарым менен жумушка барып, келип оокатыбызды кылып аттык. Төлөк болсо күйөөсү келип калат менен түндө келбейт, күндүз дүкөндөн кана жолугуп кетет. Курсагымды көрүп алтыным менденби дейт, эмнеге сенден Керездин эле каны. «Ойнош оттон ысык, карашпаса боктон сасык » кылып баланын убалы кимге деп каткырсам, болуп калса эмне кылат элең дейт. Эч токтоосуз алдырып салмакмын десем, эмнеге дейт эртең эле сени арам сийдиктен төрөгөн деп жектешип кууратышат да дедим.

— Бурул сен мунун баарын кайдан билесин дегенде, жашоодо мен эле жалап бекемин, азап тартып башынан өткөн жалаптар канча десем башын чайкап чыгып кетти.

Ошону менен Жаңы-Жыл майрам жакындап калганда иштегендерге жыйналыш жасап, Төлөк, Керим, Алаш эже чыгып сөз сүйлөшүп, жетишкендиктерин айтып, коллектив баары бир кишидей ынтымактуу иштээрин баса белгилешип улам атын атап сыйлык берип жатты. Байзаков Керез дегенде чыгып Ардак Грамота менен конверт алып келди. Жыйналыш аяктап майрамдык чай ичип көңүл ачып кеткиле дегенде алакандар чабылып аяктады. Керез жүрү деп болбойт балдары эрчитип алып, ичти чандайтып жетип бардык. Төр жагында өзү курдуулар менен Төлөк отурат. Иштеген секратаршалар тыпылдап элди тейлеп жүрүшөт.Отуруш далайга созулду, уурданып Төлөктүн аялын карасам бейкапар күлүп, жаныңдагылар менен сүйлөшүп олтурат. Чыны менен жакшы аял экен, өзүң алып жүргөнү жакшынакай экенин көрүп, «бирөөнүн катыны бирөөгө кыз көрүнөт» болгон эшек деп ичимден бир нече кайталап колумду үзөм деген чечимге келдим.

АягындаТөлөк чыгып келе жаткан Жаңы-Жыл менен куттуктап, үй бүлөөгө амандык, элге тынччылык, жумушубузга ийгилик каалап, бир карап өттү Ичтен билинбегени менен эшикке чыксак күн батайын деп калган экен. Ак-Улактын абаасынын тазасы, кардын калындыгы сонун көрүндү. Ылдый кетчилер бир автобуска түшүп кетмей болдук. Эшиктен киргенде эки-үчөө кел дешип орун бергенче шашышты.

Бир чети рахмат десем, менин эле боюмда бар экен кайра уялып кеттим. Акырын айдап шоопур баарын жеткирип кайрылып кеткенде Керезке карап менин эле боюмда бар экен, орус — кыргыздын баары эле жөн эле жүрөт десем, алар эчак төрөп бүткөндөр деп койду.

 

Кычыраган кышта уулдарыма жолдош кылып аман-эсен уул төрөп алдым.Үч балам менен үйдө жыргап, ошолордун рахаты менен күндүн кандай өткөнүн билбей жаз келгенин да сезбей калган экемин, Төлөктүн көтөрүп келген ар кандай подаркалары эстетти. Үйдөмүн декретте отурам Керездин тапканы азыр төртөөбүздөн артпай калды. Төлөк кана сүйүүсүн эскиртпей сактап келе жатты. Өткөн Жаңы-Жылда дагы жөн кана отуруш уюштуруп болгон жумушчуларын чакырып майрамдык банкет өткөрүп, ошол жерде баардыгы мени карагандай көрүнүп отурдум. Өзүмдү бирде өйдө сезсем, бирде баарына күнөөлүүдөй сездим. Же «ичмекейи ичинде» мага эле ошондой сезилеби, же баардыгы билип бир күнү Керез экөөбүздүн жашообуз өйдө — ылдый болоорун ойлосом, биринчи өз ата-энемдин астындагы болоор күндөрдү эстеп коркуп кеттим.

Бирок андай күндөн деле сезилбейт.

Мен деле көптүн бириндей эле канча жыл болду эки эр менен жашаган аялдай көнүп деле калдым.

-Өзүмө кээде кыйын болуп койом, билсе ажырашып кетээрмин деп, бирок ушунча жылы жашаган Керезимди аяп көзүмө жаш келген күндөр канча. Ойлосом түбү жоктой жаштыгым менен жүрө берген турбаймбы. Кайын атам, кайын энем жашоодон өткөнү айылга барыш да аздап калды. Көрсө бизди бириктирип бирибизге- бирибизди билгизбей байлап турган ата — эне турбайбы. Барсак мурункудай кол кабыш кылгыла, балдар жүрүп кетсин, эмне келбей калдыңар деп сураган бирөө да жок өз жашоосу менен алек болуп, улуусу чыгып кеткен бойдон башка болуп калат тура. Өзүмдүн үй жагым деле ошондой ата-эне жок кызга төркүн жок деген чын экен. Керез экөөбүз үч балабыз менен Миң-Кушта жашап ирденип калдык. Бирок ортобузду билинбеген жарака көлөкөсүн түшүргөнүн билип турсам да билмексен болуп иштеп жүрдүм. Жээ ачылып айтпайт, бирөөдөн ушак укканбы салкын мамиле менен жашап,кайсыл күнү жарылаарын билбей жүрдүм. Ооруп жүрөбү десем деле билинбейт. Мен дагы баарына даяр болгон кезим, кимге барам ишенээр кайын энем, кагылып-согулуп ушуну көрмөксүн деп санымдан чымчып алаар энем жок, өз киндигимди өзүм кескенге даярмын.

-Аялмын да өзүмдөй көрүп көңүлү бузулуп жүрөбү десем андайдан шек жок. Карабай да койгон жок,көңүлүмдү оорутпайт, бирок мыңкыл жашоодон өзүм тажап кеттим.

 

Бир күнү жумуштан келип өзүм тийишип уруш баштадым, эмне мага мурункудай болбой эле өзгөрүп кеттин, эмне болуп жүрөсүн.

— Эмнеге өзгөрмөк элем ден соолугум болбой жүрөт окшойт көңүлүм жок, тамакка табит тартпайт, аран эле иштеп жүрөм дейт.

-Карасам арыктаган,жаактары оркойуп калыптыр чочуп кеттим. Жанымда жатса жумуш, балдар менен алышып,мен дагы күнүгө ар кимден түшкөн бир тыйындын артынан чуркап Керездин ооруганын билбей калдымбы деп, санаам санга кетти. Доктурга эмнеге бош күндөрү уктагандан көрө көрүнгөн жоксун, дайыма бирге жүргөн кишиге билинбейт экен да. Кечке күнүгө тынымы жок иштесем, балдарын менен алышсам, эми эмне кылабыз, эртен баралы доктурга,болбосо Фрунзеге десем, ошо Фрунзеде мындай доктур жок да. Андан көрө жатып дарыланайын деп, калды.Эртеси доктурга жатып, он беш күнү дарыланып чыкты. Оңолгон жок күндөн күн өтүп, же эрте айтпай качан айласы кеткенде айтса бир туугандары эмнеге эрте айтпайсыңар дегенде, улам жакшы болом деп жүрүп ушул болду деди.

Эмнеге ооруганын билбей калдым, мен ага татыктуу аял боло албаганыма, бир тыйындын аркасынан чуркап акчанын кулу болгонума, Керез жок болсо кантип оокат кылам деп санаа менен чындыгы жүдөп бүттүм.

— Төлөк кап эрте көрүнсө жакшы болмок, жумуштан өргүү алса деле, айтса убакыт берет элем, бул эмнеси деп, же жанын кыйналбаган оору го деп койду.

 

Ошону менен күз мезгили келгенде коштошуп кала бердим. Керезимдин адамдыгын, асылдыгын, чыдамдуу баарын ичине катып бир эмес эки оору менен ооруганын кийин мурдума суу жеткенде билдим.

— Канчалык астында күнөөлүү болсом дагы билдиби, билген жокпу, кантип он жылда укпасын бир дагы оозунан сен мындай экенсин дегенин уккан жокмун. Мен эсирип билбейт деген сезим менен жүрө бердим.Керез өлөөр менен азаптан азапка калдым.Союз урады эмне кылаарымды билбей Төлөктү карап калдым. Ар кимдин көз карашы мени жек көрүү менен карашып, Керезди кайран көл бала дешкен экен. Мени эмне шаар жери болсо, дүкөн иштебесе орустар кырылып кетпейби, мени кармаган чоң дүкөн болчу, жетилиги өтүп эле жумушка чыктым да экинчи Төлөктү жаныма жолотпойм деп, ойлоп жүрдүм.

-Кайдан күнүгө эртең менен келип, кудайдын буйругу эмне кыласын балдарын менен жакшы жаша, күнүгө барып турам эл кетсин десе келбей эле кой ушуга чейин элге шерменде болгонум жетишет деп келген сайын чын дилимден ызаланып, жаштыгымда канча күнөө кылсам көрмөксөн болдубу, иши кылып жанымды коёр жер таппай күйүп, жүрдүм. Үйдөгүлөр кетип жалгыздык жашоо башталды, келбе деген Төлөктү коркконумдан кел дебесем да күтө баштадым.

-Үйдө ким бар деп телефондон сураганда кетишти десем, заматта жетип келип, балдар уктадыбы деп, сураганда ооба дедим.

Акырын кирип келип абалымды сурап бойлошуп кучактап турду.Ошондогу өз атамдын кучагында мындай ыйлаган эмесмин, сүйлөй албайм.

-Болду алтыным, кара жаным мен турам го десе, сен күнүмдүксүн да, балдарым эми эмне болот, атасы жок жетим деген ат менен киши болобу. Өзүмчү эми ачык эле жаман атты болом, менин болгон күнөөмдү жаап турган асылымды алдырдым, эл жерден алыс болсом, алар мени эми кошмок беле, же ата-энем болсочу деп ыйлап айласын кетирдим.

— Колдон эчтеке келбейт эми балдарына туура тарбия берип жашашын керек кой антпе, эс ал мен кетейин деди.

— Эмнеге кетесин мен азап тартып атсам деп кетирбей койдум эле машинасынан бир бөтөлкө арак дагы бирдемелерди алып келип столго коюп, кел эми чарчап да калдын деп, өз үйүңдөй чай коюп, столго чакырды. Аракты ачып кичинеден куйуп кел сенин мындан ары кайгы көрбөй жашашын үчүн алып коёлу дегенде биринчи болуп алып ийдим. Унчукпай өзү алып мени ушундай кучактап далайга кучактап турду.Ичинде эмнени ойлоп атты билбейм далайда коё берип көзүнүн жашын сүртүп берекем, кичинекейим, жаш калганына мен деле кейип атам. Мен сени менен биринчи балаң курсакта экенде кошулдум эле ошондн бери сенсиз жашоом жок эмне кылам,

«Карап койсом кардым ток, көрүп койсом көөнүм ток» болуп бирөөнүн аялы болсон дагы сүйдүм эле.Ошондогу жаштыгынды эстеп эми мен да кайгырып жүрөм. Бирок сен кыйын кызсын, жумуштун көзүн таап, эл менен тил табышып, шайдоот иштейсин деп, дагы бирден алалы деп куйганда мен эмнени сүйлөмөк элем алып койсом таң калгандай карап, бирок унчуккан жок.

Эми мен барайын төшөк салчы кичине жаныңа жатайын десе, кете бериңиз десем болбой койду.

Жатып жалынып жалбарып көнгөн ишин иштеп таңкы төрттө кетти.

Мен дагы кадимкидей эс алып таштабасына көзүм жетип уйкуга кеттим. Күнүгө көнгөн убакта ойгонуп, балдарым сабагына жөнөп бирге кетебиз. Жумушумда дагы көңүлдүү иштеп жакшы жүрдүм, кечинде бекитээр менен балдарым деп үйгө шашып келем.

Алар деле көңүп калды өздөрү тамактанып жандарын багышка. Муздаткыч толтура каалаганын жеп, Керезди анда-санда сураганы болбосо унутуп баратышты.

 

 

Мезгил бат эле канаттуудай закымдап, балдарым кыз жандап,

өзүм кыркка таяп калганча Төлөк менен кол үзүшпөй кандай жакшы күндүн баарын бирге өткөрүп, отчёт дегенде Чаекке же Фрунзе шаарына алып барып эсте калаарлык күндөрдү өткөрдүк.Күндөн күнгө Төлөк деле кыяргансып көрүнгөгү менен баскан, турганы тың жаш жигиттей эле. Балдарын деле тааныбайм, көрсөм аялын тааныйм бирок чанда көрөм. Ага эч ким жеткирген эмеспи, мени көргөн жерден тааныбайт. Бирок баары бир сыйлайм, ийменем күйөөсүнүн тапканын бөлүшүп атсам, жаштыгымдын баарын Керезден калганда башканы карап күлбөстөн Төлөк деп кана жашадым. Мага Миң — Куштан тамашалап сөз салган киши жоктугуна ыраазы болсом, кээде баары мен Төлөктүн ойношу болгонумду баары билишкенине таң калсам, кыргыз саналуу эле турбайбы. Болбосо көпчүлүгү орус калкы, алар өз тартиби менен жашайт.Туулган күндөрү же майрамда ичип алышып түнкү он экиге чейин жайы кышы менен ырдап тарап кетишээр эле. Кыргыз эмне кылып жашап атканын билип деле болбойт, концерт келгенде эле көрүшп калабыз. Өткөндү эстеп коюп жашоо менен алышып үч балам онду бүтүп бирөөнү шаарга, бирөөнү Чаекке өздөрүнө ылайыктуу окууларына өткөрүп, кичүүсүн шаардан окутуп, жалгыз жашаганга өттүм.Тегерегим эл болсо да коркуп жүрүп араң көндүм. Көнбөскө чарам канча.

Төлөк келген сайын менин жашоомо катуу кейип жүрдү, эмне кылыш керек деп мага акылдашып койот.Балдарым окусун деп жүрүп, ушул жерге түбөлүк жашачыдай болгон экенмин.

Бир күнү Союз жоголуп башка заман болот окшойт газеттин баарына жазып жатат. Гобачьев кетет экен деп, өмүрү газет карачы эмесмин, караганга көңүл келбейт.

Чочугансып жакшы ктептерден «Чоочун киши» деген китепти бир окуганым болбосо анча шыгым жок эле. Отчёт деген күнү Төлөк менен Кочкорго келип,Төлөк там караш керек болуп калды деди.

— Эй тамды эмне кыласын десем,эл арасы бузулуп, турат ойлонуш керек дейт.Карасан кара мага эмне кереги бар деп, машинада отура бердим. Түштөн кийин бир эки комнат там табылды эле жүрү көрчү дейт.

Кошо барып көрсөм тегереги тыкан анча жаман эмес орто там экен.Ээсинин көзү менде аялы тура алаар бекен дегендей.

Жакшы экен тегереги кенен деп, жөн болдум.

Ошондо Төлөк жактыбы бул тамды сага алып берем, Керез жок, балдарын жаш болсо ушунча жыл колуңду кармап жүрсөм кудай кечирбейт деп, кучактап өөп койду. Ошону менен тамдуу болуп, калган өмүрүмдү балдарым менен ушул тамда өткөрөм, ак жолтой болсо болду деп жолдо эмнени кана ойдободум. Төлөк болсо өзү алгандай улам өпкүлөп коюп келе жаттык. Далай жерге келгенде эмне шаштык, алган тамга түнөп албай дейт.

-Койчу ай далайдан бери киши жашабаган там болсо кантип жатмак элек, тазалап, актап, сырдаш керек ко.

Мейлин отпуска ал дагы иретте,келип, кетип туралы деди.Унчуккан жокмун.

Эмне дейм күйөө жок болсо ошол жаштыгыма кайра барып, ушул күн болоорун билип тагдыр мени Төлөккө жолуктурган тура деп, ойлонуп калсам эмнени ойлоп, атасын кичинекейим деди.

Чоң аял болсом деле кичинекей дей бересин да десем,

-Мен ошол кезинди эстегенден өзүм уялам.Эмнеге сага көзүм түштү билбейм, жаштыгым менен байкабай калдымбы оюмдан кетпей акыры уятты жыйыштырып экөөбүздүн ортобуз башталды. Колумда жок болсо сен үчүн өмүр бою кыйналып, балдары менен кантет деп, ойлоп жүрүп кыйналат белем сага буюрсун мен бүгүн сенин кадырына жеткениме бактылуумун.Мен дагы көзүмдүн жашын төгүп мен ал кезде эмнени түшүнүп коюптурмун, сени келсен жек көрүп, келбесен сагынган күндөрүм жаштыгым, балалыгым экен да.Азыр ата-энем жок болсо бир туугандын көзүн каратпай сага ырахмат экинчи күйөөм деп эркелей кеттим.

 

Ошонтип товар келсе аздан келип, келбесе келбей дүкөндүн ичи суюла баштады. Болгону нан өзүбүздө бышкан үчүн үзүлбөй келип турду. Көп өтпөй орустар кете баштады дешет, бирок кайсы орус кеткени мага билинбейт. Анткени картандар келип алып кетчи, дагы эле ошолор келет. Мурун ушактын баарын сүйлөгөндөр жөн кана келип кетишет. Орустар кыргыздай көчпөйт тура болгону керектүүсүн алып, үйүн- үйү менен таштап кете беришкени көп экенин Төлөк жолуккан сайын угуп калам. Көмүр жайы- кышы, күзү- жазы менен иштеп тыным жок да.Болбосо Оргтехника деген заводдун тени жабылды дешти, садик жабылат деп жатышат, күнүгө күбүр шыбыр болуп атып баары жабылды. Дүкөндөгү азык- түлүк түгөнгөндөн түгөнүп күлүп турган дүкөнүм кабагына кар жаагандай түнөрүп өзүмдүн көзүмө, өзүм ишенбей кечээки шарактап акча санап иштеп турган жериме бир ыйлагым келсе, бир дагы оңолуп кетээр деп үмүттөнөм. Төлөктүн жардамы менен дүкөндөгү тамактан башка товарды коробкалап бир складка киргизип коюп, кичине товарларды нан эле кармап турду. Унду дейт дегенде эле эл алып кеткен бойдон кайрылып ун келген жок. Ошону менен дүкөн дагы жабылып, мен Кочкордогу үйгө көчүп келип, жашап калдым. Ошондогу мен ыйлагандай эч бир адам ыйлаган эместир. Балдарым деп жыйнаган акчам жок, эми кантип оокат кылам деп, ызаланып өткөн жашоомдун жаштыгым менен барк- баасын билбей өткөргөнүмө ыйладым.

Бирок бат эле Төлөктүн жардамы менен Кочкордогу Азык- Түлүк саткан бир дүкөнгө орноштум.Миң- Куштан көрө эл көбүрөөк, дүкөнгө эл үзүлбөй кирип турат.Товар үзүлбөй Балыкчыдан келип турат экен, кээде өзүң барып алып келесин. Ошондо ушул окууну бүтүп алганыма шүгүр деп ата-энеме ыраазы болдум. Балдарым дагы үйдү көрүп келип-кетип жакын деп жыргап калышты.Төлөк бат-бат келип турчу эле, экөөбүздүн ортобуз алыстагандан алыстап бара жатты. Көрсө ооруп жүргөн экен, мага айтпай дарыланып жүрүптүр. Бир күнү жумушума келсе арыктыгы бир укмуш, тааныбай барып таанып ыйлап жибердим.Эмне келбей калды десе ооруп жүргөн турбайсыңбы, шаарга бардынбы-десем, бардым айла жок өтүшүп кетиптир жашай бериңиз дептир.Көрсө шаарда корупция эрте башталган тура. Жумушун бүттүбү жүрү үйгө десе, ооба деп эрте жаап кетип калдым.

— Келегой аз жашаймбы, көп жашаймбы билбейм кичинекейим деп кучактап көзүнүн жашын төгүп, жок дегенде бир балам болсо десе, мен бакырып ыйлап кирдим. Эмнеге ушунча жыл айтпадын,төрөп турган кезимде алып алсан балдарым кичине кези эле кудай берсе төрөп бербейт белем. Жөн ойнош кылгандан көрө балалуу болбойт белен эмнеге, кимден тартындын, же закондонбу ыя сага закондун эмне кереги бар эле. Же менден башка аял алсан болот беле деп, айтсам эмнеге алам экинчинди төрөгөндө менденби десем, эмнеге сенден Керездин эле каны деп, экинчи Керезди төрөп алдын.

 

Керезден ажырап ата-энем жок, же кайын ата,кайын энем жоктугун билесин эмнеге тартынасын, балким эже туура түшүнүп бир үй бүлөө болуп калат белек. Эми эже кантет, эмнеге мени жек көрбөйт же уккан жокпу десем баарын билип, Төлөктөн качан тууп салат деп, жүргөнүн мен келесоо билбей эле өзүмдү кыйын сезип жүргөн турбаймбы.

Бир түндө канча ыйлап, канча басылып, Төлөктү аяганымдан уктабастан өпкүлөп, мурун канча эркелесем бүгүн эркелетип чыктым. Баягыдай жанымды койбогон Төлөк жок болгону акылын айтып жаңы элүү жашка келгенин айтып кейиди. Эртең менен чайдан бир чыны ичип, мени жумушка сала барып калтырып , бетимден өөп-өөп көз жашын төгүп кичинекейим эми качан көрүшөөрүбүздү билбейм кой жакшы жаша, ден-соолугунду кара деген бойдон көрүшпөй калдым.

Анан байкоосуздан Төлөк издеп жүрөт десе айыгып мени издеп келген экен деп чочуп кеттим.

Анткени мен Төлөктү өлдү деп уккан эмесмин да…

 

Аягы.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE