Пример HTML-страницы

Тагдыр 2-БӨЛҮМҮ..

https://kyrgyzcha.site/?p=53879&preview=true Кызыктуу окуялар.

Тагдыр

 

2-БӨЛҮМҮ..

 

 

Бара-бара мен башка аялга айландым. Керезди сыйлайм сөзүн эки кылбайм дем-алыш сайын ата-энебизге барып-келип, турабыз.

Үйдү бир топ оңдодук кир жууган машина, апамдын машинасы качанкы эле, жаңы кийим тикен кол машина алып барып, берсек аябай сүйүнүп, бирок өзүңөр оокат кылсаңар болбойбу. Колуңарга кармап,там салгыла дегенде Керез иштеп турсам кирип турган тамды чыгарып, берет экен :- десе кайын атам, анда жакшы болбойбу деп сүйүнүп калды.

Күндөн күн өтүп бир тыйындан калса да эмне деген акчалуу болуп жүрдүм. Бирок кийинбейм кадимки кыргыз, жөнөкөй аялдай эле жүрөм, сен алтыным ушул жүрүшүн менен сулуусун деп Керез жалынса, сенин ушундай жүргөнүн жагат кара жаным, жылдызым деп Төлөк жалынат. Бирок менин эки оттун ортосунда айлакер, кыйын, табышмактуу аялга айланганымды кайдан билишсин. Өзүмдүн апам келген сайын менин мүңөзүмдү, шайдоот жүргөн — турганымды көрүп жашоо сени ушунча өзгөрттүбү балам абайласанчы деп көп айтат.

— Апа эмне болду сизге дөлдүрөп жүрө берейинби, шаар деген ушул, улам бирөөнү көрүп кагылып- согуласын деп кайра акыл айткан болом.

-Жок кызым шойкомун бар го болбосо аял мынча өзгөрүш кыйын деп айтса өзгөргөнү эмнеси деп талымсып жөн болдум. Көптү көргөн апам жан коёр эмес, эмне өзгөрүлдүн айт сен соо эмессин, шайтанын чыкса бизди шерменде кыласын деп болбой атып айттырды.

 

Жаштык деген күйгөн от,күйүп бүтсө чок,чок муздаса күл болот абайла сенин күндөн күнгө жакшынакай болуп баратканындан эне болгондон кийин шекшийм да.

-Атаң укса мени жеп койот, бир туугандарын эмне дейт деп күндө бир убак жеп жатты.

-Макул таштайм деп кутулам.

-Ооба сени оңой менен коё берчи жигит эмес, кой мен кетейин, бирок антип калдым деп үйгө барчы болбо!

-Атаң мени тирүүлөй эле жеп салат, сенин үйрөткөн кызын деп.

Эркек жөн эле тамашалап койгонду жабыштырат, анан сенчилеп тамыр болуп алганды билсе соо коёбу. Айтпай койду дебе балам, ойноп-күлгөндүн да чеги болот. Жапжаш кайындарын турса, сомодой бир туугандары турса алын келсе ташта деп урушуп кетти. -Мен таштайм дегенде эле ташталгандай ал эмне эле, ан сайын сүйүүбүз күчөп баратты.Мен аны көрбөсөм туралбаган күнгө жеттим. Кайра өзүмө өзүмдүн жиним келип ортодо балдарым эмне болот деп көп ойлоном. Керезке өйдө карабайм үйдү өзү билет, анын алдында бир байкуш болуп калам. Акчасына тиймей жок болгону жүз жыйырма сом алат. Менин айлыгым жетимиш сом баарына жетет, керектүүнүн баары толтура, алабыз десек өзү алып келет.

Мен отпускага чыгып үйгө барып келем десем ыргылжын болуп атып макул болду. Экөөбүз барып балдарымды апама таштап Кара-Кужурга барып жүрүп келем десем балдарды эмнеге ала барбайсын дейт апам.

Апа ал жакка барыш азап, автобус менен, андан ары жөө барам деп таштап кеттим. Кочкорго чейин автобус менен барып, андан ары Сары- Булакка, анан Кара-Кужур жол азабы бир топ.Миң-Куштан чыгып аран Сары- Булакка жетип курсташымды таап жатып алайын деп барсам курбум жакшы тосуп алды. Бүткөндөн бери көрүшпөгөнүбүзгө көп болгон, столовыйда иштейт экен. Чарчаган жаным таап алып апамды көргөндөй сүйүндүм. Столовыйдан тойгончо сыйлап, ошол кезде ошол жердин лагманы өтө баалуу болоор эле. Эми сен эс ал мен жумушумду бирөөгө табыштап жетиде келем деп үйүнө алып барып, чарчадын укта деп кайра кетти.

Кайдагы уйку, мен жакшы турам десем курбум менден канча эсе жакшы турат экен.

Эмне кааласан баары бар, жалан электр жагы менен жашап, үйү жылуу, таза, иши кылып мен өзүмдү жаман аял деп эсептеп жатып чарчаган жаным уйкуга кеттим.

 

Эшикти илип алгам көнүп калган жаным башка үй болсо деп, канча уктаганымды билбейм Сырга келиптир, жаныңда бир жигиттен өткөн киши турат.Эшикти ачсам жымын этип күлүп коюп, эмне корктунбу деди.

— Корккон деле жокмун ,бирөө келип калабы деп, илип коюп уктап калган турбайымбы деп, күлүп жөн болдум. Кирип эле столду жайнатып, чыны менен баары бар экен арак, вино, коняк деги койчу, Боржом деген ак сууга чейин.

Чайы тефальга бат эле кайнап, колбасадан кесип чайдан ичип, ичимдиктен ким эмнени кааласа ошону куюп жатты. Мен бүгүн конякты тандадым деле ичип көрөйүн дедим.

Төлөк канча жолу ичкилик сунуштаса да оозума алган эмесмин. Ошондо кана гүлүм, жүрөгүм, алын жетсе ичпе берилип кетсен, бул жаман деп турат эле. Өзү кызуу күнү ич деп калат бирок көп эмес бир кичине коняктан берип, аялга ылайык сыпайы ичкилик дээр эле. Эркектерге арак эле ылайык деп өзү дайыма аракты чоң стакан менен ичип, бирок өзүң эч качан жоготпойт.

-Кана алалы деген Сырганын үнүнөн чочуп кеттим.

— Ой бүгүн эле келип аяшымды ойлоп атасынбы десе, жок ай балдарымды деп жөн болдум.

Сөздү өзү баштап экөөбүз курсташ экенибизди Эмилге тааныштырып, мени көптөн бери көрө элегин айтып, алып жибергиле деп суранды.

Өзүм алгандан кийин бааланбайын деп мен биринчи алып койдум,курбумду Эмил эми сен дегенде мен эмнеге албайм үйүмө келбеген коноктор келип атса деп шанкылдап алып койду.

— Мени деле алып кой дебейсиңерби деп Эмил күлүп алып, койду да эми таанышып алалы деди.

-Эми силер таанышып отругула, мен тамак асып келейин деп,Сырга далайга жок болду. Эшикте бирөө менен кобурашып атканын угуп, кошуналарынан го деп отура бердик.

— Меники дайым ушундай да» орозонун он тамыры бир келет» дегендей дагы бир конок келе жатат деп күлүп кирип келишти.

— Бир бала жакшысыңар деп мага кайрылып, Эмилге кол берип учурашып отуруп калды.

— Сырга таанышып койгула менин эн кичүү бир тууганым Асан деп тааныштырып, чайдан ичкиле деп,кайра жаңыртып, Асан стакандарды айланта жаңыртып алып коюбузду суранып, өзүң тааныштырып отурду. Отурушубуз көңүлдүү болуп сүйлөгөндө сөзүбүз түгөнбөйт.-Сырга эшикке чыгып келели десем, жүрү деп далайда келдик.

— Иий бетим бүгүн Эмилдин келип калганын кара, Асанга уят болбодумду.

Нарындан келди экөөбүз көптөн бери көңүлдөш болуп жүрөбүз, өзү жакшы киши.

Эмил эрте келсе кетирип жиберет элем экөөбүз менен эрмектешип, сени менен таанышсын дебедимби деп санаа болот.

-Эмнеге санаа болосун чоңоюп калган бала түшүнөт да деп, мен биртике коняктын күчү менен кыйын болуп койдум.

 

Ошонтип отуруп түнкү саат он экиде жаттык.

Мен эргүү алып бүгүн уктабай койсом деле болчудай, Асан менен сүйлөшүп отурдум. Сырга Асан экөөбүзгө эки бурчка төшөк салып берип өзү сарайына жатканы чыгып кетти. Кой жаталы деп эртең үйүмө кетээримди айтып жата кеттим.Асан эшикке чыгып келип өз оордуна жатты.

Мен эмнегедир уктай албай ооналактап анда-санда үшкүрүп коём.

Бирок коняктын күчү менен каалоом күч алып турду. Асан түшүндүбү же ал дагы чоңоюп калганга бүгүнкү олжосун коё бергиси келген жокпу туруп келип акырын үн чыгарбай эшикти илип келип, эжеке бир эле жатып алалычы деп өпкүлөсө, кой азыр кыйкырам десем жалынгыдай болсо өзүмдү тапкыча кучагында калып эс учумду жоготкондой коркуп кетсем, кучагына алып максатына жетип эжекелеп жатты.Ичкиликтин таасири менен далайга ары алып барып , бери алып келди. Ошондо ар бир эркекетин мүчөсү ар башка, жатышы ар башка болоорун билдим. Жаш деген жаш да таң атканча уктаган жок, кайра- кайра ашып менин үнүмдү кудайга жеткирди. Мурун уялып атсам ойдолоп жалынып ичине түшүп кетейин дейм айлам жок. Таң атпаса экен деп тилегенимди айтпа.Аялдын сезими кызык турбайбы кимге болсо жайылып жалынып ыйлап турат. Аялдын зор күчүнөн өзүңө бакыт таап канча эркектер бактылуу жашап өмүр сүрүшөт деп, ойлоп барып мен Керезге аман эсен барсам болгон өзүмдөгү болгон сезимим менен рахатка бөлөп жашайм деп, ойлосом сен муну кайдан таптын десе эмне дейм деп коркуп кеттим.Сырга киргенде Асан өз оордунда ары карап жатат.Мен баш көтөрүп карап койсом бетим иий деп колу менен көргөзүп койду. Бат эле чай берип жумушка кетем деп, тигилерди узатып, мени эми бир күн конуп кетчи сүйлөшө албай калдык деп жумушка кетти.

 

Уландысы бар

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE