Пример HTML-страницы

Тагдыр 1-БӨЛҮМҮ..

https://kyrgyzcha.site/?p=53879&preview=true Кызыктуу окуялар.

Тагдыр

 

1-БӨЛҮМҮ..

 

Бир миң тогуз жүз жетимиш тогузунчу жыл жылы больницага балам менен жатып, бир өзүмдөн улуурак аял менен тил табышып, калдык.

Мен бала менен жаттым эле. Бурул эже өзү ооруп жатыптыр.Бир палатада жатсак бат эле эже-сиңдидей болуп, ар кандай сөздөрдү сүйлөп, күлдүрүп, калат.

Улуу деген улуу экен да. Менин үч балалуу кезим жыйырма бир жашта болчумун.

Бурул эженин сүйлөгөнүнө күлүп жөн болом. Бурул эже көптү башынан өткөргөн, кырк жаштан өтүп балдарынын асты үйлөнүп, келин алыптыр. Келин алдым десе мага жомоктой угулуп калат.

-Шашпа эртең эле келин алып, кыз бересин десе, балдарым майда эже али көп бар десем,

— Ай, жылдар бат эле өтүп кетет экен десе ишенкиребей жөн болом.

-Бир күнү палатадагы аялдар Төлөк деген киши бирөөнү издеп жүрөт десе, аябай чочуп кетти.

Мен эмнени түшүнөм чыгып кетип аялы экинчи палатада экен деп келди да, көпкө чейин ойлонуп отурду. Эже сизге эмне болду десем жүрөгүм түшүп чочуп кеттим деп, жөн болду.Кечке ойлонуп, өзүң жаман сезип күн батты.Мен баламды кучактап, экиден бешке чейин «тихий час» деп коюшат эле уктап алтыга чейин уктамай. Бурул эже урушуп атып араң тургузат. Тургула тамак ичкиле дегенде өзүм ичпесем жок балам ичсин деп чуркап барам. Анда союз кези ар бир баланын тамагы оорусуна жараша берет эле. Күнүгө кошумча тамак деп, чоңураактарга түрлөп, конфет, печение, айран деги өзүмө дагы артып балам баарын жей бербейт да. Балам чандатып турган мезгили төрт жашта болчу.Улам бирөөнүн палатасына барып балдары менен ойнойм десе алар тажап, биздин палата айдап жиберип майда балалуулар жыргап, балдарын эмизип, баштарынан сылап үргүлөп отурганын көрүп, бир карасан эмчектен сүтү агып, баласын эмизип, турган кези бактылуудай көрүнсө, жана балдары ыйлап түштө жакшы уктабай калганы да сезилет.

Бурул эже кечки чайды ичип, күн батып, баламды тойгузуп болду жатабыз деп ондо көрүнгөн эшикти ачып жаткыла деген сестралардын сөздөрүн угуп эси киргендери ийне саят деп уктап калышат.Уулум кечинде жатса эле уктап калат болчу. Бурул эже

ошонусун жакшы көрүп калган палатадан тынчпыс деп коёр эле.

Кечинде өзү айткысы келдиби менин бүгүн чочуганымды айтып берейинби деп күлүп, калды. Эмгени айтат деп мейлиңиз деп күлүп жөн болдум.

-Мен Торговый училищаны бүтүп турмушка чыккам. Бир миң тогуз жүз алтымышынчы жыл болчу.Сүйлөшүп жүрүп Жумгал айлына улуу келин болдум. Керез шоопур болуп иштеп жүрдү. Үйлөнгөнү эле Керез болуп, үйдө кайын атам-кайын энем эки кыз, Керезден башка дагы эки уулу бар. Кечке кайын энем экөөбүздүн жаныбыз тынбайт.

Кайын атам балдары менен малды карап, бак кыркып, короонун ичин тазалап, чөптү иреттеп такыр бошобойт. Иий булар такыр бошобогон немелер турбайбы деп таң калам. Келин болгонума бир жыл болуп, калды үч айлык боюмда бар. Эки кыз деле үйдөн, анан сабагынан бошобойт. Кыздар менен анда-мында ойнобосо мектептен ойноп, келдиңер деп апам чыгарбайт. Көнгөнбү чыгабыз деп, такыр айтышпайт. Апам бош отурбай жүндөн тыткыла же аркы шырдакты сая бергиле Керездин шырдагы десе кубанып калам.

 

 

Бир күнү үйгө Керез кубанычтуу келди да атасына, Миң-Кушка шоопур керек деп келиптир чоңу бизден эки бала кетмей болдук,:-Эмне көмүргөбү дегенде?

-Ооба

Камаз машина айдайт экенбиз деп, сүйүнүп алган.

— Анан чоңдор эмне деди, дегенде ,

-Мен барам дедим.

Чоң машина айдай аласынбы?:-Өтө бийик жер болот жарыктык деп койду атасы.

— Баарыбыз бир үйгө отура бербей мен бөлүнүп, кетейин деп, чечкиндүү болуп, сүйлөдү.

-Балам өзүңө ишенсен мейлин.

Ошону менен тамакты ичип жатып алып сүйлөшүп жыргап, Керез менен кошо кетким келди.

Эртең менен Керез эрте туруп, мен барып үй караштырып келейин анан көчүп кетебиз деп Миң-Кушка кетти. Менин жол караганымдан күн өтпөйт койду. Эшиктен кайын атам көрүп иштеп калган го балам десе, ага ме деп камдап туруптурбу келет да деп кайын энем сүйлөнөт. Керез жок беш күн мага айга тете болду. Эшикке чыга калсам Керез келе жатат, чуркап барып кучактап ыйлап жибердим.

— Ой эмне болду үйдөгүлөр бирдеме дедиби?

— Жок ай ушунча кечиктинби десем барганда эле машина берип үч күн иштеп келдим деп күлөт

 

 

Ошонтип биздин бөлүнүп жашообуз башталды. Апам Керездин шырдагын бүтүрүп, болгон керектүү оокаттарды берип жөнөттү.Менин сүйүнгөнүмдү айтпа уйку менен оокаттын азабын жакшы эле тартым. Жумгал менен Миң- Куштун ортосу ушунчалык алыс көрүндү, улам качан жетебиз деп портовой шалдыраган машина менен көчүп барып ГЭС деген жеринде эки этаждуу тамга кирип , бирин тапсак бирин таппай чай кайнатып ичип жатып, алдык.

Бирок бактылуубуз чарчаганды унутуп ар кайсыны сүйлөшүп жатып уктап калдык. Керез туруп жуунуп, тамак ичесинби десем бизге тамак берет уктай бер эшикти илип ал деп, чыгып кетти. Жаңы келсем эшикке ажатканага эле барбасам, эч кимди тааныбасам эшикти илип алып каалашымча уктап, уйкудан да тажап, менин мурунку жашоом жакшы тура эми кантип жашайм деп,көңүлсүз жүрдүм. Арадан канча күн өткөнүн билбейм эшик тыкылдап, ачсам бир эже эшикке чыкканынды көрбөйм, кайдан келдиңер кирип- чыгып тур кантип, күн батырып атасын деп, билинип турган ичимди карап койду. Кошуналар менен таанышым башталып аз эле үй экен Керез бош күнү чай берип койдук. Кирип тургула кошуналар аз элебиз, жакшы үйгө кирдиңер жылуу төрөсөн да үшүбөйсүңөр дешти. Алар кеткенден кийин ырас бөлүнүп алдык, иңим үйлөнсө атама жардам беребиз деп койот. Керез эки күн иштеп эки күн бош болот. Эки күндүн биринде атасыныкына барып, апам эмне берсе көтөрүп келип байып калабыз.

Этти кайда катабыз терезеге илип иши кылып кечке эрмегим эт болот. Керез келээрде эттен салып, экөөбүз киного чыгып кадимки жаркыраган шаарда жашап калдык. Көнгөндөн кийин мага бул жерден кетем деген ойлорум жоголуп, аман эсен төрөсөм эптеп иштеп, алыш керек болду.Мен Торговый училищаны бүтпөдүм беле деп ойлоном.

Бала менен кыйналганды ойлой элекмин. Ай күнүмө жакындап, калганда биздин үйгө бир киши келип, мен светчимин счётчик каякта деди.Мен төркү үйгө баштап баратсам эшик шырк деп илингенде жүрөгүм түшүп кетти.Папкасын столго коюп мени өзүңө чакырып кел бул жерге кол кой десе, койбойм кетиңиз деп экөөбүз столду айланып кубалашып, атып чарчап бүттүм. Мени кармап алып жалынып, жалбарып көчүп келгенден бери сага көзүм түшүп калды деди. Ким экенин билбесем күйөөмө айтам деп ыйлап жулмалашып жаттым.Алым кетип такыр кыймылдабай калдым эле алдап, мени жоошутуп жөн эле качып жатасын сүйлөшпөйсүнбү деп коёт. Кетиңиз деп атып кечтин кандай батканын билбей калдым.

Бир кезде кучактап, алтыным сен чоңоюп эле калыптырсын ортобуздан жакшы күндөрдү өткөрөлү ,мен сени сүйүп калдым деп асылып атып өз максатына жетти. Кет десем кетпейт, демейде келип калчы кошуна эжеден дайын жок жалгызчылык ушул экен деп ыйлабай калдым. Бирок аман эсен таңдан чыксам элге айтам деп аттым.

Ошондо атын ким деп сурап жатпайбы, Бурул десем жакшы атың бар экен Бурул деп өзү эле айтып турбайбы мага Бурул деди. Сөзү кандай жаман угулса да таң атканча канча жыгып,канча тургузду. Мен ошондо бөлүнөм деп, сүйүнгөнүмө өкүнүп ыйлап,Керез келсе айтып, кайра көчүп кетем деп айтсам.

— Айта бер өзүң уят болосун, күйөөн таштап кетет, андан жок же менден жок балаңды көтөрүп атаңкына барасын дейт.

Бирдемени алып чаап ийдим.

— Кой андай болбойт эми аман эсен төрөп ал келип турам деп таңкы беште, жанымды койбой өпкүлөп алып чыгып кетти. Кетээри менен үйүмдү жыйнап, өзүмдү коркунуч басып ушундай болуп кантип, жашайм деп, азыр кайра келчидей коркуп, турдум.

Ошонтип күндөр өтүп, жаман көргөн немени кайра күтө баштадым. Ушул бойдон таштап, кетсе уят болдум го деп көп ойлойм. Керез карьерде эки күн иштеп анан үйгө келет.Мени ушул ишке барат деп өмүрү ойлобой сагынган немедей келип, курсагын чоңоюп атабы, келе эмнен бар деп, душка кирип жуунуп алып, кайра жатып алабыз.Бирок менде жан жок билинип калса эмне болом деп.

Керез жумушка кетип таң атканча иштесе, ал киши биринчи түнү менин жанымда. Жалынып менин курсагымды аяганы менен төрт же беш жолу жатат.Өзү да уктабайт,мени да уктатпайт, мен деле башка киши жатса кантип уктайм. Эми кошуналар жатканда акырын келчи болду, алтыным эшикти ачык эле кой мен барам деп чалат үй телефон анда. Эгер келбей калса бүгүн эле таштап кетчидей жаман болом.Келип ала келгендерин столго коюп мени жүдөткөнчө өпкүлөп, жашоонун энесин урайын, кудай табыштырса өмүр бою көтөрүп жүрүп өтөт элем деп калат.Күйөөм менен жатып атсам да ошол жагымды таң атканча кармалап өз билгенин кылат. Өз күйөөмдөн мындайды көрбөсөм тартынсам жөн эле жатчы берекем десе, өпкүлөп атса өзүмдү кармана албай эрип кынкыстап кетем. Өзүмө таң калып Керез мени сүйбөйбү деп ойлоп, койчу мен деп ушул жакка келсе мени кудай урду эми аман төрөсөм экен деп сары оору болом. Мага эчтеке алып келбеңиз десем анда өзүн алып ал деп келген сайын акча таштайт.Керезге айтам аз калды балага бирдеме алалы десем жакындаганда ал деп койду.

Акчаны катаар жер табалбайм, бир күнү пальтонун этегин кесип ичине чөнтөк салып тигип койдум керек болгондо алам деп.Керездин алганы 120 сом берекелүү акча болуп баарына жетет.Керез биринчи айлыгын алганда үйгө барып келели деп элүү сомго бирдеме алып, жетимиш сомун атасына берип койсо кой балам өзүңөр оокат кылгыла баары сатык ал жерди шаар деп койот.Мына оңолуп калыпсын деп уулун далыга таптап койду.Апам кучактап өөп, балам ай күнүн жакындап калды го деп сураганда ушул ай дедим.

-Иий аман эсен төрөп ал, шаар жери жакшы ,биздей эмес доктуру күчтүү, жакшы карайт деп апам ошол жакта жашаганыма ыраазы болду. Керез мен калып төрөгөндөн кийин барбаймбы десем, сен ошоякка төрөшүн керек деп болбой койду.Менин качканым ошол киши экенин билип коюптурбу. Келген күнү жүрүп, эртеси кечки автобус менен кетип калдык. Көнө түшкөн экенбиз чай ичип алып чарчаган кишидей жатып калдык.Керез чын эле чарчаптыр бат эле уйкуга кетти.Мен жатаар менен эстегеним Төлөк, эми эмне болот деп корком да кайра көргүм келип мамилесин сагынам.Керез болсо аман төрөсө болду, толготсон үйдө болсом экен деп, койот. Үйдө болбосом кошуналарга айт төрөтканага чалса келет деп камырабайт.Күндөн күнгө жакындаган сайын эми кантип төрөйм деп атсам, өзүмдүн апам келип калды. Сүйүнгөндү сураба, эртең менен жумуштан келип апа ырас келген турбайсызбы, Бурулдан санаам тынбай атты эле деп санаасы тынды.

— Беш күндөн кийин эки күнү толготуп жатып уулумду төрөдүм.

— Апам билгендей келип ырас болбодубу деп, бош күнү ата- энесине барып бир козу берди деп сүйүнүп келди.Мен биринчи төрөт болуп тогуз күн дегенде чыгып келдим.

-Апам ичинди таң, оозду жап, эмчегинди жууп тур да майлап тур , кесилсе куурайсын десе эмчек эмнеге кесилет эле деп ойлогом.

Баары бир эмчегим кесилип ыйлап жаттым.

 

Ал күндөр да өтүп балам күлүшүп калганга Керез экөөбүз бактылуу элек.

Жумуштан келээр менен колуңа алып, түшүнүп койчудай сүйлөшүп үйдүн ичи өзүнчө эле толтура кишидей болуп калса, өзүбүзчө таң калып калабыз. — Керез сенин атыңды эмнеге Керез коюшкан деп көптөн бери сурагым келип жүрүп сурадым. -Менин жакшы чоң энем болгон экен. Чоң энем айыл боюңча сүймөнчүлүктүү, иштүү, эч кимге жаман айтпаган сулуу киши болуптур. Апамдын боюнда барында неберемди аман- эсен көрүп колум менен жентегин берип, элден кандай сый көрсөм кайра баарын бир сыйлап алсам деген оюм бар деп, күндө эле айта берчи тура. Ошол кезде апамдын курсагында беш ай эле болуптурмун.

Атам апа сиз ойлогон ойго жетип, койнубузда балабыз ойноп, көп балалуу болсок, атамдын аты унутулбай Байзактын балдары дээр күн болоор бекен дегенде,

-Эмнеге болбосун Жумгал эли атаңдын эмгегин унутпас.

-Сен Байзактын жалгыз баласы болсон, кудай сага он бала берип койсо ажеп эмес.

-Ошонтип Байзактын айылы болуп чыга келесинер.Андан көрө кудай берээрин унутпасын деп кирип- чыкса, намаз окуса, тамак ичкен сайын, жолго чыгаарда кудайдан суранып тураар эле.

Чоң энем оорубай эле байкоосуз каза болуп калат. Эли, эли менен таң калып кудай чындап сүйгөн киши экен, ооруп жаны кейибей, сөзүнөн, сынынан кетпей кудай чындап сүйгөн адам дешип жерге беришет. Энесинин өлүмү уулун өтө жүдөттү, келинчеги төрөй элек болсо, эркек бир тууганы жок болсо, эжелери турмуш куруп кетсе отуруп эле калды.

Өмүргө энеси өлбөчүдөй көрүнчү, тың эле үй оокатты келини менен тен жарышып жазап, үйрөтүп тураар эле.

Бирок айылга кадырлуу кемпирди

кыркы өткүчө киши үзүлбөй каадасын калтырбай курбулары кесек менен түнөп эртең менен үн чыгарып турушту. Апасынын кыркын бергенден кийин аз күн өтүп Өмүр уулдуу болду.

— Кемпирлер акылдашып жеңем көрбөй кетти деп атын Өмүргө акылдашып Керез деген атты коюшту.

-Жеңемден калды, төрөлгөнүн көрбөсө да кызбы, уулбу келиндин боюнда барына кандай ыраазы болду.

— Биринчисин уул төрөп берсе уулума жолдош болсо жакшы болот эле, десе курбулары кызды берген кудай уулду да берет, аман- эсен төрөсүн дечи дешсе.

-Деги эле айтам да деп жөн болчу.

Ошол Керез мына эр жетип мен калган бир туугандарым үйлөнсө жардам беришим керек, өзүмө там салышым керек деп келинчеги төрөй электе бөлүнүп Мин-Кушта жашап калды деп кеп кылган сайын кайын атам сыймыктанып калат.

Бирок атам сыймыктангандай эчтеке кыла элекпис, атам айткандай баары сатык, ашса деле жаштык менен жоготуп салабыз.

Уулубуз бир жашка чыгып, бала- бакчага берип, мен дүкөнчү болуп иштеп, калдым. Баягы бош жаткан күн тынбаган жумуш күнгө айланып, кээде баламды алалбай калам.

Бирок элдин арасында болуп жакшы болду, менин каалаганым ушул болчу.

Күндөр өтүп такшалган дүкөнчү болдум, мага эч ким сүйлөй албайт Төлөктүн кирип чыкканын көргөндөр мени айттырбай түшүнүшөт шаар эли карыз суроо дегенди билбейт..

Кечке жумуш менен алышып, элдин баары жумушта болгон үчүн саат сегизге чейин иштемей. Жайында жакшы сегизде күнүгө машина жиберет, Керез үйдө болсо баламды алып жөө кетип калам, жумушта болсо үйгө жеткирип койот. Көнгөн убагында телефон чалып, бала уктагандан кийин келип, кандай иштеп атасын, жакшы иште, алаксыба азыр мен эмне болсон да кутултам, бирок өзүңө жаман деп, эскертип турат. Бирок мен эсеп жагынан кыйынмын, жаңылбоого аракет кылам.

Биздин күндөр түгөнбөс түйшүккө салса, көрбөй калсам сагынуу менен азап жейм. Бирок аягы эмне болот түшүнбөйм.

 

Уландысы бар

 

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE