Пример HTML-страницы

Табышмактуу таанышуу”

https://kyrgyzcha.site/?p=42527&preview=true Кызыктуу окуялар.

Табышмактуу таанышуу”

– 2010-жылдын июнь айында бөлөм аркылуу Ороз деген бала менен таанышкам. Экөөбүз тең бири-бирибизди көрбөй телефондон гана сүйлөшчүбүз. Кыздар менен бат тил табышкан, сөзгө чечен бала мени бат эле өзүнө көндүрүп алды. Июнь айынан сентябрга чейин телефондон сүйлөшүп жүрүп эле кыз-жигитке айландык. Чындыгында кандай максатта сүйлөшүп жатканымды өзүм да так билчү эмесмин. Күнүнө 4-5 маал сүйлөшө берсең, бири-бириңе көнө түшөт экенсиң, чалбай калса кызыктай болчумун.

“Жолго таштаган жолугушуу”

– Ошол эле жылы окууга тапшырып коюп кайрадан Жалал-Абадга кетип калгам. Ошондуктан күзүндө шаарга келгенде жолугалы дегенбиз. Биз абдан ынак болуп калганга Ороз шаарда мени күтүп чыдамы кетип жүрдү. Убадалашкандай сентябрь айынын орто ченинде жолукмай болдук. Бирок ал жигит өңдөнүп жолуга турган жайды белгилеген жок. Мен болсо шаарды жакшы билбейм. Болгон билген жерим “Спартак” стадионун сунуштай салдым. Ал кезде жигит менен жасанып-түзөнүп алып жолугат деген оюма да келбептир. Жолугат деген ушу экен деп сабактан чыгып эле шашкан бойдон жөнөдүм. Күтүп турган экен. Эмнегедир мени менен учурашкан жок. Телефонун кармалап бир кызыктай болуп туруп калды да, бат эле “ишим чыгып калды” деп коштошпостон басып кетти. Ошону менен күнүнө 4-5 маал чалып кеби бүтпөгөн Ороздон дайын чыкпай калды. Кийин билсем, ага сырткы келбетим таптакыр жакпай калыптыр. Ошол кезде мага оор болуп, кыжалат кылган абалды азыр туура түшүнөм. Толук, чачы каралбаган, тырмагы жасалбаган, жупуну кийинген айылдык кыз экенмин. Азыр ошондогу кебетемди эстеп аябай уялам. Анын жүрөгүн түшүргөндөй эле болуптурмун.

“Мени ырас таштап кетиптир”

– Ороз мени таштап кеткенден кийин келбетим тууралуу катуу ойлонуп калдым. “Аялзаты кандай болушу керек?” деген суроомо жоопту китептерден, цитаталардан издей баштадым. Ушинтип жашоого болгон оюм өзгөрүп жүргөн күндөрдүн биринде аялдамада туруп “Долларес” деген сулуулук салонуна көзүм түштү. Ичиндеги чач кыркып жаткан эже сыртка даана көрүнүп турган. Эже көзүмө ушунчалык сулуу көрүндү. Анын сулуу элеси ушул күнгө чейин эсимден кетпейт. Чач тарач эже кардарын өзүнөн да сулуу кылып жасап койду. Эсим ооп тура берип кеч кирип кеткенин байкабай калыптырмын. Ошол кичинекей окуя жан дүйнөмдө революция жасады десем болот. Өзгөрүүнүн жолун таппай жүргөн жаным сулуу болууну эңсеп, башкача Майрамга айланууга ого бетер кызыгуум артты. Анан келбетиме көңүл буруп максатыма жетүүгө чындап кириштим. Биринчиден, визажисттин жана чач тарачтын окуусун окуп тажрыйба топтодум. Алгачкы устатым Айзада Токсонбаева жарашыктуу кылып чачымды кыркып, кашымды терди. Бир заматта татынакай боло түшкөнүмдү байкадым. Күзгүгө каранып алып мен дагы сулуу боло алат турбаймынбы деп сүйүндүм. Андан кийин туура кийинүүнү үйрөнүү үчүн таланттуу стилист, чач тарач Чынара Жунушевадан кеңеш алдым. Фитнес залдарга барып арыктадым. Ороздун сыны мени бат эле сулуу Майрамга айлантты. Азыр мага баарынан жагымдуусу — тайпалаштарым менден кеңеш сурап, чачтарын кырктырып кетишет. Алардын мага болгон ишеничине ичимден ыраазы болом. Ошондуктан жашоону кызыктуу кылып жашоо ар бир айымдын өзүнүн колунда деп абдан ишенем.

“Эми жигиттерди мен тандайм”

– Кийин өзгөргөнүмдү айтып Ороз кайра сөз айткан. Бирок ал учурда менин табитим башка болуп калган. Мырзалардын “сырткы келбетине эмес, жан дүйнөсүнө карайм” дей бергендерине таң калам. Келбетин көрүп качып жатышса, ички дүйнөсүн кантип билишмек эле. Бул жөн гана куру сөздөр экен. Буга менин башымдан өткөн окуя далил болуп жатпайбы. Азыр артымдан ээрчип, кол сунган жигиттер бар. Социалдык тармактардан да жакшы сөздөрдү айткан жигиттер көбөйдү. Азырынча мага жаккандары жок. Эмнеге биз дагы мырзалар сыяктуу тандап шарт койгонду билбешибиз керек. Ар бир кыз таза, тыкан болуп, келбетине караганды билсе, дайыма өзүнө ишенимдүү жүрөт. Ошондо мырзалар дайыма ага көңүл бурат деп кеңеш айтар элем. Азыр жигиттерди мен тандап жаткан учурум. Бул да болсо менин келечегиме карай түзүлгөн бир жакшы мүмкүнчүлүк деп ойлойм. Ал үчүн Орозго абдан ыраазы болом. Балким, ага жолукпаганымда жашоом мынчалык өзгөрмөк эместир.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE