Пример HTML-страницы

Т А Я Н Ы Ч

https://kyrgyzcha.site/?p=47868&preview=true Кызыктуу окуялар.

Т А Я Н Ы Ч

 

Бермет класстагылар эмне жөнүндө сүйлөшүп жатканына деле көңүл бурбай отурган.Бир убакта баары дуу күлүп жибергенде,чачылып жаткан оюн чогултуп,көңүл бурууга аргасыз болду.

Тамашаны көп сүйлөгөн бала табышмак айтып жатыптыр.

—Бул нерсеге кээ бирөөлөр өмүр бою аралашып өтүшү мүмкүн,кээ бирөөлөр жытын да билбей калат — деп,жообун күтүп калганда,Анара үчүн шанс келип калгандай,үнүн бийик чыгарып ,баары уксун деп,Бермет жакты карап:

—Бул деген арак- деп,мыскыл аралаш улай кетти.

—Мисалы,менин апам даамын татпайт,а кээ бирөөлөр үчүн күнүмдүк иче турган нерсе да,- деп,дагы карады.Тиги бала жообу туура эмес экенин айткан менен ,кыз көңүлүндөгү нерсени айтып алганына ыраазы болуп каткырганда, аны коштой ,үч-төрт кыз арт жагын бир карап алышты.Бермет үчүн бул сөз төбөдөн ургандай эле болду, ызасы үнүн бууп,сөз сүйлөгөнгө чамасы келбей турду.Кийинки күндөрү Анаранын Берметке жасаган мамилеси аябай өзгөрдү.Анын себебин сезип турса да,тең келбей эле койгонду эп көрүп жүргөн.Бул оор абалдан чыгуунун жолун таппай турганда,шашып кирип келген эжейи да кечиккенине кечирим сурап, теманы доскага жазып,кыска убакытта эссе жазыша турганын айтып

калды:

—Мына балдар,март айы кирип келгенде эле апалардын майрамы менен куттуктайбыз, азыр жүрөгүңөрдөгү арнаган сонун сөздөрдү кыска кылып,кагазга түшүрөбүз,кайра дароо окуйбуз.Кана,баштадык.

Мына,тагдырдын тамашасыбы, бул тема Бермет үчүн бүгүн оор болуп турду, албетте,апасы бар болсо да…

Эмнеден баштаарын билбей ,башын көтөрсө , алдыда отурган Анара көзүнө урунду,баягы мыскыл карашы менен тиктеп,жанындагы кызга шыбырап күлүп койду.Жазып бүткөндөр кол көтөрүп ,окуй башташты…

Кезек Берметке келгенде ,козголбой отуруп калганына таң калган эжейи жанына келип,» А сен неге бир сүйлөм да жазбай отурасың ? «- деп,таң калды.

Анан бир нерсе эсине түшүп кеттиби, мугалим дароо сыртка чыгып,кайра кирди.Жаңы келген мугалим анын апасы жок болуп жүрбөсүн деген кыязда сырттан сурап алганга үлгүрдү,кайра

киргенде,үнүндө бир аз аёо сезими байкалып турду.

Кезекти артка өткөрүп уланта баштаганда,

Берметке бир күч пайда болду ,бүгүнкү Анаранын кылыгы үчүн жооп кайтара турган мүмкүндүктү коё бергиси келбей,классташтарынын аяп , кээ бирөөнүн мыскыл менен караганын каалабай турду.

—Эжей,мага бир аз убакыт бериңизчи?-

дегенде, баары таң кала карашты.

—И,макул, жаза гой-деп,мугалим да

жандана түштү.

Кагазга жазып жатып,жашып да кетти…

» Мен да апамды башкалардай эле жакшы көрөм,сыйлайм.Аны азыр да аяп турам,ушул абалга түшүп калган себебин мен жакшы билем.Бир кезде биз да бактылуу үй бүлө катарын толуктачу элек.

Апам,атам,мен,иним болуп түшкөн сүрөттү көргөндө,азыркы жашообузга ишене албай кетем.Кичинекей инимди көтөрүп,апам үчөөбүз таенеме барып кайтканыбызда, биз түшкөн унааны арт жактан мас айдоочу сүзүп кетип,апам катуу жаракат алат,а инимдин башы катуу тийип,ошол жерде эле чарчап калган экен.

Дарыланып чыккан менен апам өзүнө келе албай жүрдү,атамдын сөзү менен айтканда,оорукчан болуп калды.Атам өз бактысын таап кетти,тагыраак айтканда,чет жерге иштегени кетип,ошол жактан үйлөнүп,эркек уулдуу болуптур.

Бул кабар апама жеткенде,үйдөн чыкпай үч күн жатканы эсимде.Мен баарын түшүнүп турам ,инимдин чарчап калганы,өзүнүн ден соолугу жакшы болбой калганы ,атамдын башка аялга үйлөнүп алганы баары аны чүнчүтүп жиберди.

Ишке деле араң барып жүргөн.Бир күнү эле апам башкача абалда келди,ыйлап да,күлүп да,өзүнчө сүйлөнүп да жүрөт.

Мас экенине анча маани деле бербей

жүрдүм, кийин кадимки көрүнүшкө айланды.Апам өзүн ошентип алаксытам деп ойлогон болуш керек,тагдыр сыноосуна эрки жетпеди,эрте менен жумушуна кетет ,келгенде баягы абал…

Мен апамды актай да,күнөөлөй да албайм,мени чоңойтту,бакты,өзү айткандай бактысына мен бармын. Бул оор тагдырды эч кимге каалабайт элем.

Мыскыл менен караган кээ бирөөгө деле таарынычым жок,кимдин маңдайына эмнени жазса,кудайдын өз ыктыяры ,аны сындагыдай кудай эмеспиз да,алдыда не күтүп жатканын бирибиз да билбейбиз.

Мен да апамды жакшы көрөм ,тагдырдын башка салганын көтөрбөскө айла жок…»

Бермет жазганын окуп жатып ,ыйлап жибербейин деп жаткан,өзүнөн башкалар көзүнө жаш алганын көрүп ,чыдабай баракты калтырып ,сыртка чыгып кетти…

Сабак бүтүп калган экен,Асылбек сумкасын көтөрүп жанына келгенде ыйлап бүтүп,жүзүн жууп жаткан.

—Мени жайыма койчу,Анара сени жакшы көрөт, а сен мени жандаган сайын,күчүн менден чыгарып жатат,тынч жашагым келет,мага сүйлөбөй койсоң деле болот.

—Анын эркелигин үйүндөгү апасы эле көтөрбөсө…мага андай чоектогондор жакпайт ,- деп,Асылбек басып кетти.

 

… Үйдүн ичи адамдын көптүгүнөн ызы-чуу болуп жаткан экен,келин алып келээрин алдын -ала айтылган го,сыягы…

Берметти Асылбектин туулган күнү деп алып келишкен,кайра артка кайтканга мүмкүнчүлүк беришпеди, көтөргөн боюнча үйгө киргенде гана иштин чоо -жайын түшүндү. Каршылык көрсөткөнгө карабай,жоолук салып коюшту,»Сүйлөшүп жүрсөң,каякка бармак элең эми, жөн отур,жакшы жер,сен чана турган адамдар эмес»- деп,жеңелери бир нерсенин чекесин кыйытып ,отурууга мажбур кылышты.Бермет мектепти жакшы бүтүрсө да, жогорку окуу жайынан окуй

албасын билчү,болгону,апам кандай абалда келет, азыр кайда жүрдү болду экен деп ойлонуп жатты.

—Апаңдын номерин берчи,- деп бирөөсү киргенде ,Асылбектин апасы :

—Анын номерин эмне кыласың ,дүкөндөн таап аласыңар,- деп,жактырбаганын билдирип койду.

Жоолук салганы деле жанына келбеди, демек,баласынын тандоосуна аргасыздан баш ийгени деп түшүндү. Келин болуп, бул үйгө келип калуу оюнда да жок,ал тургай,апасынын да даярдыгы жок болчу.

Терезеден эшиктен кирген адамдын баары көрүнөт,апасы кандай абалда келээрин билип турса да,тынчсызданып отурду.Үнүн бийик чыгарып ,тойго келгендей конок үйгө кирип кеткен апасын көргөндө,ата-эненин кадыры өз теңтуштарынын арасында эле эмес,кайын журтка да зарыл экенин туюп ,жанчылып жатты…Таяныч күчтүү болсо,артынан издеп келчүлөр сөзү өтүмдүү болсо ,жасаган мамиле да башкача болоорун байкап -билип турду.

Апасы коштошуп чыгаарда гана кызын эстегендей, эмшеңдеп ыйлап жатты. Оозунан чыккан арактын жыты каңылжаарын жарып турса да,Бермет апасын кучактап көпкө ыйлады.Сөз менен жеткире албай,көз жаш менен айтып жатты.

—Апа,сиз менин таянычымсыз,ичпеңизчи…

Ушул сөздү айтууга араң жарады кызы…

 

Теңсинбеген кайын эненин сөзүнө кулак салбай ,өз жумушун аткарып ,жолдошу үчүн баарына чыдайм деп,өзүн жооткотуп коет.Таң эрте турган боюнча, тирилик бүтпөйт,түн жарымдан оогондо кеткен конокторду узатып ,жыйынып бүткөнчө таң агарып калган эле,жаны жер тартып уктап кеткен экен,эшикти катуу тепкен энесинин үнүнөн чочуп ойгонду.

—Тирүүсүңбү же өлүп калдыңбы ,түшкө чейин уктап үйрөнгөн экенсиң, тигиге айткам,тарбия көргөн жердин кызын ал десе,каяктагы алкаштын кызын жетелеп келесиң,мени уят кылганың аз келгенсип,дагы эле көчө шыпыртасың- деп,баласы экөөнү кошуп,сүйлөнүп да,шыпырынып да жүргөн кайын энесинин жанына же бара албай,же башка иш кыла албай ,чайналып туруп калды.

Жетип барып,шыпыргыны алайын дегенде ,»—Чалынбай ары турчу «- деп,кагып таштады. Ары жактагы чаканы кармап,сууга жөнөдү эле:

—Түш болуп, мал ичкенден калган сууну апаңдын үйүнө ташып бер,силерге боло берет,чыла суу эмес,аракты шимип ичип көнүп калгансыңар,коюп кой ордуна,өзүм ташыйм-деп,чакаларды алып,ыргытып жибергенде ,Бермет чыдай албай,үйгө кирип кетти.Көпкө ойлонгон жок,» чекит коюш керек,баары бүттү» деп,чечим чыгарып ,жөнөгөндө Асылбек эч нерсе болбогондой чыгып:

—Ойлонуп ,анан чык,артыңдан барбайм.

Мен сага ушундай жашоого чыдайт деп үйлөнгөнмүн,- деп тиктеп турганына таңданып турду.

-Мына сага тамаша,эмнеге жандап жүргөнүңдү ,неге тандап койгонуңду мурдараак айтсаң болмок ,даярданып алмакмын.Макул ,сен артымдан барба,мен да адаммын,мынчалык кемсинтүүгө чыдай албаймын — деп,чыгып баратканда, «А эмне,апамдын айтканы жалганбы,кимге таянып кетип жатасың, айлаң жок,кайра келесиң,же таянаар тооң ишеничтүүбү ? «— -дегенде ,жашоодон түңүлүп кетти…

 

 

Үйүнө жетип эле,көмкөрсүнөн түшүп ,үнү бүтүп калганча ыйлады.Апасы көзү шишип, кызынын жанына келди,эч нерсеге акылы жетпей,»Тынч элесиңби?»-дегенге араң жарады.

—Апа,мен кедейликтен уялбайм, бирок,

апаң ичкич деп,басынтып турса,чыдай

албайм ,сизден сурандым эле,ичпей койсоңуз боло беле,жок дегенде,менин тынч жашоом үчүн ,сизден бөлөк таянычым жок го менин,сиз ойлоп койсоңуз болмок,жөлөк болуп койсоңуз,оор тириликтен качпайт элем,кимге таянам ?— деп,өпкөсүнө батпай ыйлап жатты…

Телефон чалган курбусуна деле эч нерсе айтпады ,жөн гана » жашагым жок «деп койду.Ал деле уккан окшойт ,тактап сурабады, «Кыйналып жүрө бербей ,кел менин жаныма,иш көп ,алаксыйсың ,аяш энем өз жашоосун уланта берсин , келсең,жолуңа билет деле алып берейин»- деп, чын ниеттен жардамын сунуштады.

Сураштырып жүрүп,шаардан иш тапты,идиш жууп болсо да,жашоомду жөнгө салып алайын деген ойдо…Эрте менен келип,кеч кайтат, айылда эмне жаңылык болгонуна көңүл бурбай калган,апасы тирүү бар экенине эле каниет кылып жашоо кечире баштаганына жыл айланып барат.Жумушуна кечигип калам деп,аялдамага жетпей,жолдо келе жаткан машинага кол көтөрүп калды,ал да өтүп барып токтогондо,анын ким экенин карабай кол көтөрүп алганына өкүнүп кетти да,кайра эшигин жаап салды.Арткы орундан түшө калган Анараны көрүп,аз жерден ызасы кайнап кетти.

—Ай,биз классташпыз го,бас отур,ала кетели—деп,колунан тартып отургузду.

Маанайы түшүп турса да,ооз учунан сурашып койду.

—Асылбек классташыңды карачы ,кайын энеси ушул машинаны туулган күнүнө белек кылыптыр ,апам мага да алып бере элек ,окууңду бүт,анан дейт.

Үйдө кемпир ооруп калыптыр ,ошону карап ,шаарга каттап окуп турам .(Кемпир дегени Асылбектин апасы деп түшүндү)

Сен кайда иштеп жатканыңды уктум эле,окуй албапсың да,мейли эми,иштеген деле жакшы-деп өзү жөнүндө сүйлөп баратты.

Анара мактанып алыш үчүн да унаага салып алганын сезип жаткан менен,сыр бербей ,уккан адам болуп койду,турмушка чыкканына бир ай болуптур…»Кыйын кызсың ,көксөгөнүңө жетипсиң, Асылбектин апасына сенин апаңдай бай адам керек болчу,каап ,ооруп калганы жаман болгон экен»,деп,өз ою менен алпурушуп баратты…Ишке жетмеги азап болду…Жерге түшөөрүндө да экөөнүн көзүн тиктеп албаганга аракет кылып,»Чоң рахмат, жакшы кылбадыңбы, кечикпей жетип келдим «- деп,түшүп кетти.

 

Анаранын» окуй албапсың» деген сөзү кайра-кайра кулагына жаңыра берчү болду. Кубанганы ,апасы ичкенин таштап ,кызы менен баарлашып,өзүн колго ала баштады.Сырттан болсо да окутам сени деп максат кылган апасынын сөзүнө кыйла жандана түштү.

 

Окуусун бүтөөр жылы колун сураган жигити макулдугун сурап ,айылга издеп келиптир,апасы эки санаасы бир тынганына кубанып жүрдү,анткени,кызы турмушка чыгууну артка жылдырып койгонун сөзүнөн байкап жүргөн.Эми окуусун да бүттү ,турмуш жолу да ачылды.

Асылбектин Анара экөө балалуу болбой,эки башка жолго түшкөнүн, Асылбектин апасы төшөктөн турбай жатып калганын,»кайра Берметти алып келем » дегенин бирөөдөн угуп,кыжалат болуп жүргөн.Чын эле, Асылбектин кайра жарашалы деген сунушун Бермет четке кагып койгон.

«Сен айткан таянычым эч нерсе менен иши жок убакта да карайлап калган эмесмин ,эми таянычым кудайга шүгүр, мени ойлойт ,кеңешин айтат,сырымды бөлүшөт,негизгиси ,өзүн көтөрбөйт да,чөгөлөбөйт дагы,таянаар тоом ишеничтүү !»— деп,сөзгө сындырган.

 

Асылбек жолдон өтүп баратып, Берметтердин үйүнүн тушунан күлкү аралаш, небересин кучактап,эркелетип жаткан Бүүчачты,апасын кучактап турган Берметти ,сумкаларын түшүрүп жаткан чоочун мырзаны карап,колундагы бөтөлкөнү кантип түгөтө жутканын байкабай калды.Ичин ит талап жатканы оор үшкүргөнүнөн байкалып турду…

Турганга дарманы келбей ,бөтөлкөсүн жазданып жатып,»Апамдан кечээ бирөө- жарым кабар алды бекен? «- деп ойлоп,турганга аракет кылганы менен, таянаар эч нерсе таппай, кайра кулап түшүп,булдурап сүйлөнүп жатып,уктап кетти…

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE