Пример HTML-страницы

Төө-Ашууда унаалардын тыгыны пайда болду. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushБишкек—Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда унаалардын тыгыны пайда болду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга күбөлөр билдиришти.

Алардын айтымында, жолдун тайгактыгынан унаалар жай жүрүп жатат.

Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу буга чейин айдоочуларга эскертүүлөр айтылганын билдиришти.

Учурда жеринде жол тескөөчүлөрү иштеп жатат.

Бүгүн, 1-декабрда, Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы мүмкүн. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE