Пример HTML-страницы

Сулуулук

https://kyrgyzcha.site/?p=53812&preview=true Кызыктуу окуялар.

Сулуулук

 

2010-жылы Июнь окуясы болду. Ал окуянын өзүн эстегим келбейт. Андагы бир окуяны эстеп кеттим.

 

Калабалуу күндөр өтүп, тынчый баштаган. Шаардын айыл менен чектешкен жеринде, темир жолдун жанында бир топ эр-азаматтар шаар ичин коруган болуп күндүзү нөөмөттө. Кечинде коменданттык саат. Анда-санда мергенчинин мылтыгы менен «тарс» дедире үн чыгарып коёт биздикилер. Тээ алыстан эт комбинатынын имаратынан «та-та-та-та-та» деген автоматтын жооп үнү угулат. Эч кимдин деле согушайын, атышайын деген ниети жок. Уруш чыгарган бузукулардын уусу тарап, таасири кете баштады.

 

Көлөкөдө зеригип, узун сабак аңгеме дүкөн курабыз. Ошол убакта 25 жаш чамасында Искен деген жигит жол баштап, бизди тынчтандырып, алдыда болду. Калбаат, көлөмдүү жигит. Кара торусунан келген, көздөрү тик. Сүрдүү көрүнгөнү менен, аябай сөзмөр. Кээде күлдүрүп, кээде муңайтып кызыктуу кеп курат. Бирок аябай сөгүнчөөк. Сөгүнсө деле сөздөрү кызыктуу.

 

Сөздөн сөз чыгып отуруп, кеп учугу уруштан кийинки тономой, мародёрлукка бурулду. Ар кимибиз көргөнүбүздү айтып жаттык.

— Йопту десе, өткөндө кошунам бир портер кездеме уурдап келиптир. Эмне кылат десең аны?!

— Айтпа, бирөө магазинден бир кап туфли уурдап качкан экен, жалаң оң буту келиптир. Баарынын бир жак пайы жок.

Баарыбыз дуу күлдүк.

Искен тамекисинин күлүн сөөмөйү менен күбүп, олуттуу кеп баштады:

— Биздин домдо бир кыз бар. Студент болсо керек, күздөн бери эле көрө баштадым. Негизи кыз дегенден жолдуумун.

— Ыы, кыздардан сүйлө,- дешти зериккен жигиттер көздөрү жайнап.

— Бир кызыккан кызды дароо «илип» алам. Бирок жанагы кошуна кызды көргөндө эле сүрдөй берем да. Канча аракет кылып батынып атын сурай албадым. Ушунчалык сулуу. Азыр сүрөттөп бере албайм. Жүзү аппак. Колдору назик. Чачы төгүлүп, капкара. Көздөрүн айт. Кыскасы, жутуп ийчүдөй кыз.

Аны көргүм келип эч себепсиз эле улам сыртка чыгып-кире берем.

Кучагыма кысып отурганымды элестетип, кайра бул татына кызды өзүмө ыраа көрбөй кетем.

Мага окшогон кыз жандуу, сөгүнчөөк, тамеки чегип, арак ичкен баланы карабаса керек деп коём. Бир чети көктүгүм кармап, баары бир таанышам деп чечтим. Ыңгайлуу учурду күтүп жүрдүм. Бир жолу семечка чагып скамейкада отуруптур. Өзүмдү зордоп барып жанына отурдум. Сөз баштай албай тунжурадым. Ал мага көңүл деле бурган жок. «Чоң кыз, семечкадан берчи» десемби? Ой эне-ең, анда эле бул бала тупой го дебейби. Эмне дешимди билбей дабдырадым. Көчө сөздөрү менен сүйлөп көнгөн жаным, маданияттуураак бир сөз таба албай чайналганымды айт. Бир карасам жанагы кыз жок. «Энеңдурайын, сен таанышканга ылайыктуу сөз тапкыча кетип калыптыр, лох!» деп өзүмдү келиштире бир сөктүм. Ошол ошол болду…

Анан уруш чыгып кетти.

— Анан эмне болду, таанышпай калдыңбы? Чыдабай сурап жибердик.

— Жок.

— Эмне, өлдүбү?- депмин оюма дароо ушул келип.

— Жок эй, өлбөй эле жүрөт. Ооба, бирок өлдү десе да болот.

— Кандайча өлбөй эле жүрүп, өлдү десе болот?

— Баягы мен суктанган сулуулук, тазалык, аруулук кошо өлдү. Кечээ күнү район жактан машине менен уруп келаткам. Жолдун бул жак четиндеги склад бар го, ошол складдан баягы мен тааныша албай сүрдөгөн кыз бир рулон бөз көтөрүп чыгып келатыптыр. Бүт эле адамдар уурдап чыгып келатышты. Ал тургай, сен айткандай, портери менен тоноп чыккандарды көрдүм. Башкалардыкы өөн көрүнгөн жок. Бирок жанагы кыз көзүмө бир өңү суук, жексур көрүндү. Дагы тез-тез басып коёт, бирөө көрүп калбасын дегенсип.

Мен суктанган сулуулук, аруулук талкаланды. Ыйлагым келди. Аны мен оюмда периште көрөт элем да. Кол тийгис таза элестетчүмүн.

Тамекини таштаган элем. Кечээ ызаланып чегип алдым кайра. Талант аке, ке, тамекиден бериңиз.

Бир чети мага эмне дейм да. Же мени тааныбаса, аялым болбосо, жок дегенде сүйлөшкөн кызым болбогондон кийин. Ал мени тоготобу, жокпу? Эми аны көрбөй эле койсом экен,- деп сөзүн бүтүрдү.

Баарыбыз тунжурадык.

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE