Пример HTML-страницы

«Сиз келгенде мен жок болом»

https://kyrgyzcha.site/?p=55301&preview=true Кызыктуу окуялар.

💥Өлүмүн билген үч жашар наристе «сиз келгенде мен жок болом» деп билгендей айткан

 

 

Ошол жаз эч эсимден кетпейт. Таң атпай көптөн бери ооруп жүргөн баласын доктурга алып келген дос кызым чалды. Буюрса айыгып кетти деген баласы кайра ооруп алып келиптир. Кой деп жетип бардым. Баласы  эч нерсе болбогондой созулуп жатат. Аида турмушка чыгып төрөй албай жүрдү. Көпкө чейин дарыланып жүрүп төрөдү. Күйөөсү бизнесмен акча аяган жок, кийин боюнда болуп эркек төрөдү, атын кайнатасы Тумар деп койду. Башкача бала эле, үчтө болсо да ой жүгүртүүсү чоңдордукундай. Чоң кишидей сүйлөчү. Оорусу онкологиялык болгонго эч айла таппай ата-энеси чарк айланды. Акчасы болгонго эки жолу Израйилге алпарып келди. Жакшы болуп калган баарыбыз сүйүнүп калганбыз. Кайра ооруганы баарыбызды түйшүккө салды, бир гана кудайдан сурап калдык жакшы болуп кетишин. Аида ал жерде жатып ар кайсыны көрө берип болбой калды. Мен бош болгон күнү үйгө барып эс ал дейм.Барып эле кайра чыдабай келип алат. Бир күнү мен калган күнү терезеден бак отургузуп жаткандарды көрүп, мен да үйгө отургузам дейт. Жакшы болуп калган күнү үйгө барып атасына айтып, уч алма бак отургузушуптур. Мен барсам менин кулагыма шыбырап, мен жокто суу куйуп туруңуз деди. Мен ошо баланын айтканын түшүнбөптүрмүн, көрсө ал келечегин көргөндөй айтыптыр да. Мен да макул дептирмин, бул апам, бул атам бул мен деп ортодогу бакты көрсөттү. Бир күнү барсак, сыртта жолдошунун машинасы турат ичинде Калыс ыйлап алган, жүрөгүм шуу дей түштү. Көрсө доктур менен сүйлөшсө баласына аз убакыт калды дептир. Аидага айтпа деп ыйласа жанында тура албайсың. Эмне дээримди билбей Аидага кирдим. Тумар ойноп жатыптыр, жакшы болуп калыптыр буюрса жакшы болуп кетет деп көңүлүн көтөрүп жаттым. Аида ыйласа сен ыйласаң мен айыкпайм, ыйлаба деп сооротот.Бүгүн мен карайын деп калдым, коридорго чыгып өзү жакшы көргөн сүйрөмө оюнчугун сүйрөп ойноп жүргөн. Биз менен чогуу жаткан келин эки жашар баласы менен жатат, алар эки күнгө үйүнө кеткени жаткан. Анын баласы Тумардын оюнчугун талашып чуркап алды, кой десе да болбой. Тумар бере койсо ыйы басылып калды, апасы азыр алдап таштап кетем деди. Тумар болсо ала берсин мага кереги жок деди. Тиги келин ыраазы боло ээй алтыным анда эки күндө келебиз ошондо апкелем деди. Балбылдаган көзүн жайнатып Тумар, сиз келгенде мен жок болом дебеспи. Чыгып кетесиңерби? деди. Жоок мен өлүп калам да деп жооп берсе экөөбүз тең үн жок катып калдык. Тиги келин баласынын азабын тартып араң жүрсө бул сөз жүрөгүн эзип ийди, баласын көтөрүп жашын көрсөтпөй чыга качты. Мен мындайда көзүмдүн жашы токтобой калат. Жашым агып бет капка сиңип жатты. Мени көрүп сен да ыйлап жатасыңбы? дейт. Кечинде ушу дубаны кайталасаң айыгасың деп үйрөтүп койгом, бат эле жаттап алган, ошону айтып жатат. Аны карап отуруп мен да кудайдан ушу наристени айыктыра көр, ата энесин сыздата көрбө деп суранып жаттым. Ал күнү жакшы уктады, эртеси кадимкидей чуркап жүрдү Аида да сүйүнүп жатты. Кечинде эти ысып жыгылыптыр, эртеси эрте барсам кече эле ойноп жүргөн Тумарчик жок . Аиданын жанында тура албайсың, аңгыча баягы ойунчугун алган бала апасы экөө келишти. Ал Тумардын айтканын эми түшүнүп жашын тыйа албай жатты. Бала болуп ушунча карманып жүргөнүнө таң калдым. Үйүндө отургузган багы да өзүнө арнаган, улам соолуп бараткандай, аны көргөн Аида кошо соолуп үшкүрүнөт. Баласына болгонун берип алып кала албаганына, ажалдын алдында эч ким аласыз экенин тушунгон атасы да күйгөнүнөн машиненин дөңгөлөгүн тепкилеп бакырып жатты. Ошентип Тумарчик да учуп кетти. Аидага күндө келип абалын сурап турдум, бир күнү келип багына суу куйуп койойун десем, Тумардын багынын кичинекей жалбырагы тириле түшүптүр. Кирип айтсам ал да чуркап чыгып кармалап сүйүнүп жатты. Убакыт өтүп жүрөктүн жарасы акырын айыгат тура, бирок ата энеге жоготуу эң чоң сыноо тура. Эч бир жанга, жаныбарга да баласынан айрыбасын. Мен барган сайын Тумардын багына суу куйуп койом, сөз бергем да, өзү жок. Сиз келгеСиз келгенде мен жок болом — дегени эч эсимден кетпейт. Аида андан кийин эки балалуу болду, баягы бак шагы ийилген бак болду. Баарыңардын араңар азайбасын аман болуңуздар!!

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE