Пример HTML-страницы

«ШЕФИМЕН КУТКОН БАКЫТ»

https://kyrgyzcha.site/?p=42317&preview=true Кызыктуу окуялар.

«ШЕФИМЕН КУТКОН БАКЫТ»

 

 

Ким экенин айтпай эле коёюн, бирок белгилүү эле адам менен болгон кумарлуу түндү эсиме түшүргүм келди. Мен анда жапжаш, секелек кыз элем. Окуну бүтпөй эле Жогорку Кеңеште катчы болуп ишке орношуп алдым. Жумушум алтыда бүтөт, кээде шеф атайын эле сегиз-тогуздарга чейин мени алып калат. Мага абдан жакшы мамиле жасагандыктан, мен да ал кишиге жакшы мамиле жасайм. Бардык документтик иштерин мен бүтүрөм. ошондуктан менден башка эч кимге ишенбейт. 2007-жылдын Жаңы жылын тосмокпуз. Алгач кесиптештер менен майрамдаган соң, шеф мени «Айнура, сен менин документтеримди бүтүрүп, жакшы иштеп атасың. Партиянын көп жүгү сага жүктөлдү, сага ыраазычылык билдирип коёюн дегем», – деп мени иштен кийин алып калды. Шампан бузуп, шоколад алдыртып коюптур. Экөөбүз отуруп алып шампан ичтик. Мен өзүм алкоголду жакшы көтөргөндүктөн тартынбай эле шампандан ууртап-татып отурдум. сөзүбүздү иштен баштаганбыз, анан эле бир убакта шеф «Айнура, жигити барбы?» – деп калды. Мен уялып кетип, азырынча жигитим жок, бирок бир жигит артыман чуркап жүрөт, – деп күлүп калдым. Сөз артынан сөз козголуп жатып, бир топ кызый түштүк. Анан жумуштан чыкканда, шеф мени үйгө чейин жеткирип коём деп машинесине салды да кайдадыр айдап жөнөдү. Менин үйүм кайда экенин сурап да койгон жок. Мен да ичимен жылмайып макул болуп кете бердим. Дача сыяктуу бир жерге келдик. Ал жактан да шампан ичтик, кийин винного өттүк, анан арака. Ошентип мен масс болуп калдым. Шеф болсо ушуну эле күтүп тургансып, менин мойнуман өпкүлөй баштады. Мен ага каршылык көргөзмөк түгүл көздөрүм сүзүлөп, абдан сонун сезимге тушугуп бараттым. Болоор иш болду, бозосу канды дегендей, баары болду. Мен кыздыгыман айрылганыма эч бир өкүнгөн жокмун. Себеби, менин шефим төшөктө укмуш экен. Ошол күндөн тарта биз шеф экөөбүз баягы дачасына 3 күндө бир бара баштадык. Мамилебиз абдан эле жакшырып баратты. Айлыгымды көбөйтүп да берди, мен муру нарзан кийимдерди кийсем, шеф менен мамиле кургандан бери кымбат гана кийимдерди кийе баштадым. Курбуларым менен батирде чогуу тургандыктан, алар менин тапкан акчама таң калып, шеек санай башташты. Бирок, мен сыр алдырбай жүрдүм. Шеф экөөбүз бирге өткөргөн убактардын баарын дептериме жазып жүрдүм. Жаман оюмда кийин китеп жазып ага белекке бермекмин. Кызыктын баары шеф мени үйүнө конок тосушуп койчу деп чакыргандан башталды. Аялы байкуш жакшы эже болчу, мени жаркылдап тосуп алып, мага жакшы мамиле кылып жүрдү. Мен анын күйөөсү менен мамилелеш болуп жүргөнүмдү алигиче билбейт. Конок тосушуп жатып, шефтин туугандарынын бардыгын таанып бүттүм. Алар да мага жакшы мамиле кылышат. Коноктор кеткенден кийин чай ичип отурсак, Дамира эже мени сөзгө тартып калды. Шефиң кыздар менен сүйлөшүп жүрөт окшойт. өткөндө менин туулган күнүмдө да, Ноорузда да үйгө келген жок. Сен андай шуркуяларын билбейсиңби? Эгер кокус бир нерсе байкап калсаң мага кабарлап койчу, – деп мага ишенимдүү карады эле ошол күйөөсүн азгырып жүргөн шуркуя мен экенимди билип калбасын деп өзүмдү араң кармап турдум. Албетте, менин күйөөм деле кыздар менен ойносо, мен да булл эжедей болуп тынчсызданмакмын. Керек болсо, ошол кызын таап туруп тескери дуба окутуп коймокмун. А Дамира эже өтө сабырдуу экен. Шеф мени кийинки убактарда иш сапарларына алып барып жүрдү. Бир күнү кереметтүү Ысык-Көлгө бирге бардык. Кечкисин тамактанып алган соң,  сейилдеп келели деп, көлдү кыдыра чогуу бастык. Жан сакчылары бизден көз үзбөй артыбыздан улам  ээрчийт. Алар ээрчиген сайын жиним келип, араң сейилдедим. Биз жата турган номерге келип, мен өзүгчө бөлмөгө кирип жатсам, түндүн бир оокумунда жуурканын көтөрүп алып мен жаткан бөлмөгө кирип келиптир. экөөбүз мурждагыдай эзилише кучакташып жатып алдык. Кийин аялы мени үйүнө чакырып алып, бою узун кыз менен Ысык-Көлгө барыптыр, анын ким экенин билбейсиүби? – деп сурап калды. Мен экенимди билип калбаса экен деп, кийинки жолу шеф чакырганда барбай койдум. Мени таарынып калган го деп, шеф мага кысмбат белектерди тартуулай баштады. Бир жолу сумкамды ачсам 500 доллар салып коюптур. Жанында булл акчага сотка алып алчы деп коюптур. Ал акчаны алып өзүмдү бузулган кыз сезип кеттим.  Мындан ары мага мындай акчаларды сумкама салбаңыз деп кату эскерттим. 8-мартта болсо, гүл алганга жетише албай калдым деп сумкама дагы 500 доллар салып коюптур. Аны алып өзүмө чыкыйган пальто сатып алдым. Канча бир убакыт өткөндөн кийин шефтен боюма бүттү. Алдыртып салайын дейм кийин төрөбөй каламбы деп корком. Ошентип тогуз айдан кийин шефке куюп койгонжой уул төрөп алдым. Баламды бакканга жардам берип жүрдү. Үйдө отурам, ал тамак-аш алып келип мени багып жүрдү. Ата-энеме болгон чындыкты айтсам, атам менин сендей кызым жок деп койгон. Апам болсо ары карап ыйлап, бери карап күлүп атып араң дегенде мени кечирди. Балам басып калганда Көлгө таята-таянесиникине алып бардым. Баланы көргөндө атамдын мага болгон таарынычы тарап, неберемди таштап кет, сен барып иштей бер деп калды. Макул болуп, балам Улукту атамдарга таштап келе бердим. Шеф кызматтан кетти, аны менен кошо мен да кеттим. Дагы бир уул төрөп берчи деп жанымды койбогонунан ага кыз төрөп берип, азыр экинчи аялымын. Аялы кийин билди. Менин бетиме кислота чачтырып кетем дегенинен туугандары алып калышты. Азыр аялы менен катташып турам. Балдарыбыз да туугандай болуп катташышат. Тагдыр деген ушу экен да, экинчи аял болуп калам деп үч уктасам түшүмө кирчү эмес.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE