Пример HTML-страницы

Сезимимди башкара албай.

https://kyrgyzcha.site/?p=45205&preview=true Кызыктуу окуялар.

Сезимимди башкара албай.

 

Күркүрөгөн күз айы, жалбырактар саргая баштаган, кеч кирсе дагы короодогу жаш балдардын кыткылыктап, ызы чууга түшүп ойноп жүргөндөрү угулат…

– А мен апам менен атамдын иштен келишине тамакты бышырып коеюн деп жан талаша, оромо бышырып жатканмын… Аңгыча менден 2 жашка улуу бөлөм келип калды, бөлөм үйүндөгү кенже кыз болгондуктан эркереек өсүп калган, үйүндө кааласа иш кылат, каалабаса жок, экөөбүз аябай ынакпыз, эмне сыр болбосун бир бирибизден жашырбайбыз…

– Бөлөмдүн аты Айпери, келгенде эле жүзүнөн бактылуу экенин көрүп турдум, өзү дагы аябай татынакай кыз, а азыр көздөрү жымындап, көзүмө андан сайын сулуу көрүндү… Бир ордунда тура албай эле ары бери басат…

– Кел олтурчу Айпери теги тынччылыкпы?? Буту бутуңа тийбей эле басасын да, теги тынччылыкпы?

– Ооба тынччылык эле, бүгүн Бишкектен жигитим келди, үйүнө чакан гана кече уюштуруп жатат, апамдан араң сурап чыктым, мен аны аябай сагындым, апам биздин мамилебизди билет, ошол үчүн жиберди… Анан ошого сен дагы мен менен барасың деди…. Койчу мага эмне бар??? Жигитиңди тааныбасам…

– Ошол жездең менен таанышасың да деп каткырып калды…. А мен үйдө чоң кызы болгондуктан, аябай токтоо элем, үйдөгү иштерди апама карматпай эле, өзүм кылам, ошентип сыртта ойноп жаткан, инилерими чакырып курсактарын тойгузуп, тапшырмаларын аткарууну буйрудум… Аңгыча апам дагы келип калды, Айпери апамдын жанын койбой, мени өзү менен кошо алып кетмей болду…

Апам” экөөңө ишенем, жакшына жүргүлө” деп жиберди… Чын эле эч кандай кечелерге барбайт элем, билбейм өзүмдүн кызыгуум жок эле… Кээде курбу кыздарымдын туулган күндөрү болсо, дагы баргым келбейт, апамдан суранып жатып араң алып кетишет…

Үйдөн чыгаарыбыз менен, Айпери жигитин чакырды, машинасы менен дароо эле жетип келди, колуна роза гүлүн кармап алып Айперинин эки бетинен өбө, гүлдү берип кучакташа туруп калышты… Экөө аябай бактылуу көрүндү, бир четте алардын бактылуу болуп кучакташкандарына карап гана тура бердим… Бир кезде, ой бул жакта бирөө бар деп айтпайсыңбы? Деп бөлөмдүн жигити уялып, Айперини кучагынан чыгара… Мени менен учурашты, таанышып алгыла деген Айпери, бул менин бөлөм, Ханзаада,бул сенин жездең Данияр деп бөлөм тамашалай күлүп калды…

https://accounts.binance.me/ru/register?ref=556102233

Пример HTML-страницы


– Жигит болсо дагы, Даниярдын колдору аябай жумшак жана жылуу экен, жылдыздуу көздөрү менен мени карап, жылмая учурашып койду… Билбейм жан дүйнөмдө түшүнүксүз сезим пайда болду…

– Бөлөм кандай бактылуу кыз, ушундай жакшынакай жигити бар экен, бактылуу эле болушсун деп ичимден суктанып койдум… Экөө жетелеше машинага олтуруп, мен артына олтурдум… Машинаны буруп, Сулайман тоону көздөй сапар алдык, эмнегедир түнкү Ош аябай кооз көрүндү көзүмө, Жан дүйнөмдү кандайдыр бир, түшүнүксүз сезим каптады, мен дагы бирөөнү сүйгүм келди, кыялдана, терзеден көзүмдү албай бара жаттым, машинанын ичинде Ильяз Абдыразаковдун ” Багыттарым алдаба, барам алдыга” деген ыр саптары жанырып бара жатты, бул менин жакшы көрүп уккан ырым эле, андан сайын кыядарым алыска учуп, жүрөгүмдүн тынчын алды…

Аңгыча бир көп кабаттуу үйгө келдик, ичинде дагы, Даниярдын достору жана досторунун сүйлөшкөн кыздары бар экен… Дасторконду жакшы жайышыптыр, жагымдуу музыка коюп, баары шаңдуу олтурушат… Айпери менен Данияр бир биринен бир карыш жылбай, олтурушту экөө аябай бир бирине жарашат… Алардын бактылуу экени көздөрүнөн көрүнүп турду… Экөөнү суктанып жатып, капысынан Данияр экөөбүздүн көздөрүбүз чагылыша түштү, анын көз карашы, бүт денемди чымыратып жиберди… Уялганымдан көзүмдү тарта койдум… Канча карабайын десем да, көзүм барып эле Даниярга кадалат… Жүрөгүмдүн согушу дагы тездеп кетти, аябай тынчым кетти, мага эмне болгон бүгүн??? Акылым бир ордунда эместей…

Дагы да олтура берсем, өзүмдү башкара алчудай эмесмин… Акырын ордумдан туруп, балконго чыктым, таза абадан дем ала, асманга карадым… Жылдыздар тим эле жымындашат мени карап, ай дагы бүгүн башкача болгонсуп нурунун баарын мага төккөндөй, капысынан көз алдыма Даниярдын элеси тартылды… Кудай ай бул эмнеси? Эмне деген тамашаң, Данияр менин болочок жездем эмеспи, мен аны ойлогонго акым да жок эмеспи… Ошолорду ойлоп жатканда, жаныма бирөө келгенин сездим, чочуп кетип карасам Данияр экен…. Демек сен балдызым экенсиң да э? Деп жылмая мени карады, ооба балдызыңыз боломун, сиз жөнүндө Айпериден көп укканмын… Чын эле Айпери жакшы көргөндөй бар экенсиз дедим… Кандай экенмин деди??? Токтоо, жана сулуу деп айтып алып уялып кеттим… Күлүп жиберген Данияр, демек менин сулуу, токтоо экенимди байкап олтурупсун да э??? Деди…

Жок мага Айпери айткан деп,, уурум кармалып калгансып шашылып жооп бердим… Тамашаладым Ханзаада, сендей сулуу балдызым бар экенин билбептирмин, эмнеге Айпери сен жөнүндө айтпады экен, ал мага бөлөм жок деген болчу… Анын сөзүнө таң калуу менен карадым, чын эле Айпери жок дедиби? Же Данияр тамашалап жатабы деп ойлоп кеттим… Экөөбүз көпкө чейин күлүп тамашалашып турдук, Айпери аш канада тамак бышырып жаткан экен, Данияр аябай билимдүү, токтоо, ар бир сөзү ордунда, жана келбеттүү экенин байкадым… Ошентип таң аткычакты, ойноп күлүп, бийлеп көңүл ачтык…

Ошол күндөн баштап, Данияр эсимден кетпей койду, анын бүт кылыктары, жылмайганы, баскан турганы, жана көздөрү көз алдымда тартылып туруп алды…. Даниярды ойлогонум, туура эмес экенин билсем дагы, өзүмдү жана сезимимди башкара албадым…

Мен аны сүйүп калдым, эч кимди сүйө элек жүрөгүм, адам түгөнүп калгансып, бөлөмдүн жигитин сүйүп калды… Бул сүйүү мени азапка гана салды, жипсиз гана мени өзүнө чырмап Алды, канчалык бошонгум келсе дагы эч бошоно албадым… Анын жагымдуу көздөрүн, дагы да көргүм келди, экөөбүз бир шаарда жашап жатсак дагы, ортобузда чоң тоо бар эле, мен анын жүзүнө суктанып караганга акым жок эле… Ушундай кыйын күндөрүмдө, бөлөмө жолугуп калдым, анын дагы маанайы жок эле… Эмне болгонун сурасам Даниярдын Айпериге болгон мамилеси өзгөргөнүн айтты… Айпериге боорум ооруп кетти… Эмнеге өзгөрүп кетти экен деген, ой мени дагы ойлондурбай койбоду… Мен ичимди орттогон сырларымды кимге айтышымды билбедим, башта Айпериге ачыгын айтсам, азыркы сырымды айта албайт элем, Айпери мени жек көрүп калбайбы…

Акыры баарын күндөлүккө жазганда аз да болсо, жеңилдегендей болдум… Эхх тагдырдын тамашасына көнбөй кайда бармак элек… Ошол күнү мен сабакта болчумун, мен келгиче Айпери үйгө мени издеп келет, менин жок экенимди билип, бөлмөмө кирип мени күтүп олтурат, аңгыча мен күндө толтура сезимдеримди жазган, күндөлүгүмдү окуп калат…

– Байкушум кандай гана абалда калды экен, күндөлүгүмдү окуп алып… Окуган соң, Даниярдын үйүнө чуркап жөнөйт, менин күндөлүгүм аз келгенсип, Даниярдын Ханзааданы сүйүп калдым деп, досуна айтып жатканын угуп калат…

Көрсө Данияр дагы, мени сүйүп жүрүптүр… Аны мен кийин билдим… Айпери аз күндүн ичинде эле, өзүнүн артынан ээрчип жүргөн жигитке турмушка өз каалосу менен чыгып кетти… Өзүнүн тоюна, Даниярды дагы чакырды, ошол күнү Даниярды көрдүм, бир аз арыктап кетиптир, Айперинин турмушка чыкканына капа деле эместей… Менин жаныма келип, бийге чакырды, Айперини карай уялып басып кеттим… Даниярды канчалык сагынып, жанына баргым келсе дагы, Айпериден уялдым… Бир кезде Айпери мени чакырып алды,… Кулагыма жакындай, Даниярдан качпагынын ал жакшы жигит, менин жигитим болгон, бирок мени сүйбөй турганын билсем дагы, Даниярга өзүм жармашат элем, Данияр сени чын жүрөгүнөн сүйөт… Экөөңө бакыт каалаймын, сен жөнүндө Даниярга айтпайт элем, себеби кызганат элем, себеби сендей жакшы кызды сүйүп калаарын билет элем, сүйбөгөнгө сүйкөнбө дейт, кыз сүйсө калат, жигит сүйсө алат дейт, сен сүйгөн эмес, сени сүйгөнгө бар дейт… Мына мен мени сүйгөнгө турмушка чыгып жатам, мен өкүнбөймүн… Жана силердин сүйүүңөргө, тоскоол болбоймун менден ойлонбогун Ханзаада, мен бактылуумун деп жолдошун колтуктай басып кетти… Айперинин жүзүнөн бактылуулукту чын эле көрүп турдум, бирок анын кантип күчү жетти, Даниярды сүйбөй койгонго… Айпериге бир чети таң калсам, бир чети ыраазы элем… Эгер Айпери мынтип айтпаганда, Данияр мени сүйөм десе дагы ага барбайт элем… Өмүр бою өзүмдү күнөөлөп өтсөм керек эле… Андан көп отпой эле, Данияр мага кудаа түшүп келди, экөөбүз тең бактылуу элек, Айперинин боюнда бар, ичиндегиси эгиз экен, бакыттан башы айланып, күйөөсүнүн алаканында ойноп жүрөт, биздин тойдо да жөн олтурбай шоктугуна салып, бийлеп жүрдү… Мына ушундай….

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE
Пикир калтырыныз.

Нажимая на кнопку "Отправить комментарий", я даю согласие на обработку персональных данных и принимаю политику конфиденциальности

https://www.binance.com/ru/activity/referral-entry/CPA?fromActivityPage=true&ref=CPA_00NB2ZZDKX