Мына ошентип күз мезгили келип калды, жаштыктын доорун сүрүп оюнга тойбой турган кезибиз… Достор менен жолугуп шаардагы клубка бармай болдук, дос демекчи досуң болсо жакшы эмеспи, кайда болбо бир бирибизге жардам көрсөтүп, бирге көңүл ачып, теги койчу жаштыктын доорун досуң менен өткөзөт экенсиң…
Ошентип кечке сүйлөшкөн жерге жолугуп, достор менен клубка бардык, баары шанга бөлөнүп достор менен көңүл ачып, бийлеп жаттык… Аңгыча чет жактагы бир кыздын уялынкы карап, бийлегенден уялып жаткандай көрүндү..
Башта дагы достор менен клубка келчүбүз бирок, эч кандай кызга көңүл бурбайт элем, түнү көчөгө чыккан кыз жакшы болмок беле… Канча көңүл бурбайын десем дагы, ал кызга көңүл бурбай коё албадым, акырын барып таанышып алдым, жалжылдаган көздөрү мени өзүнө арбап Алды, эмнегедир жүрөгүм уйгу-туйгу болуп, өзүмдүн аябай толкунданып жатканымды сездим…
– Ошол кечени ошол пери менен өткөрдүм, мен үчүн аябай көңүлдүү болду ошол кече… Кече бүткөн соң, үйүнө чейин узатып, номерин алдым…
Кудуңдап, бир чоң алтын таап алгансып сүйүнүп алганмын, анан ал пери менен күндө жолуга баштадык, анын дагы көңүлү бардай, узакка созбой сезимимди билдирдим… Экөөбүз кыз-жигит болдук, мына мен үчүн бактылуу көз ирмемдер башталды… Менин ал менен өткөргөн ар бир минутумда өзүмдү бактылуу сезет элем, эмнегедир ” мени алдап кетпейсиңби?” деген суроону көп береер эле… Чын жүрөгүмдөн сүйүп турсам кантип алдамак элем…
– Күндөрдүн биринде, үйдө олтурсам менин перим звонок кылып калды, ыйлап жатты, жүрөгүм жарылып кетейин деди, себеби анын ыйлаганына чыдай албадым, эмне болгонун сурасам, түшүндүрбөстөн эле, мени унуткунун деп өчүрүп салды… Түшүнбөй туруп калдым, ошондо биринчи жолу кыз үчүн ыйладым… Кайра звонок кылсам телефону өчүк экен, артымдан жоо куугандай анын үйүн көздөй чуркадым, үйүндө дагы жок экен, шайым кетип эмне кылышымды билбедим… Оюма экөөбүз дайыма жолукчу жерге бардым, Кудай жалгап ошол жерде, сууну карап олтуруптур… Жанына барсам, менден бетин беките ары карады, эмне болду берекем антип мени кыйнабачы деп, жалдырай кеттим, жүрөгүм ооруп кетти… Көрсө кайнак суудагы бууга бетин күйгүзүп алыптыр, мени жалгыз таштабачы деп, мойнума асыла буркурап ыйлап жиберди… Чын эле бети адам тааныгыс болуп, кызарып күйүп кетиптир… Өз сүйгөнүмдү ушундай кыйынчылыкта анан кантип таштап кетем, боорум ооруп кетти… Аны сооротуп дайыма жанында экенимди түшүндүрдүм, эч нерседен коркпоосун айттым… Таксиге салып ооруканага бардык, анын бетин даарылатканга жардам көрсөттүм, күчтүү укол, дарыларды алып, Кудай жалгап бети жакшына болуп айыгып кетти, аябай сүйүндүм… Кайрадан бактылуу күндөрдү баштан кечире баштадык…
– Менин жумушум чыгып чет элге кетмей болдум, жумушум бүткөн соң, кайрадан келип үйлөнөм деген жакшы ниет койдум, аны жакшы жүр, мени күт деп жакшылап эскертип, жүрөгүм эзиле узап кеттим…
– Чет элде жүрүп деле, тез-тез сүйлөшүп турдук, сагынычым артып, куса болуп баштадым, анын эмнесин сүйгөнүмү деле билбейм, сүйүүнүн көзү сокур деген ушул болуш керек…
– Айлар өтүп ал кыздын мага деген мамилеси өзгөрө баштады… Дос балам, ал кыз менен бир окуу жайда окуйт болчу, күндө бир жигит келип машинасы менен, алып кетет экен… Ошол сөздү уккан соң кантип тынч тура аласың, кызганычтан канып кайнап, ал кызга звонок кылдым, телефону өчүк…
Агентке кирсем агентте экен, дос баламдан укканымды сурасам, уялбастан кайдан уктуң?? Деп кайра жанымды кашайтты… Жана чын эле башка жигитим бар дейт… Мына сага мени таштабайсыңбы, мени алдап кетпейсиңби деп жаткан адам, эми мынтип өзүмдү сатып кетти… Бул нерсенин баары түш болуп калса экен деп жаттым, кана эле түш болсо чиркин, үстүмдөн бирөө муздак суу куйгандай болду… Кийин ал кыздын бай бир жигитке турмушка чыкканын уктум…
Ошондо дагы бир жолу, эч ким жок жерге барып ыйлап алдым, оңойчулук менен ыйлабаган жаным ошондо, көзүмдөн жаш өзү эле салаалап агып жатты… Себеби менин ичим өрттөнүп жаткан болчу, өрттөнүп… Мүмкүн ал кыз жаштык кылган чыгаар, 18 ден эми гана өткөн кези, мен ал кызга бакыттан башка эч нерсе каалай албайм…
Мүмкүн, Кудай мага сыноо бергендир, мүмкүн ушундай болгону туурадыр…
Кыздар силерге айтаарым, асмандагы жылдызды санайм деп, асмандагы жалгыз айды жоготуп албагыла…
Канча жыл өттү, ал кызды унута албадым, анын кыткылыктап күлгөнү, жалжылдаган көздөрү дале көз алдымда турат… Жакын адамыңыздардан айрылбаңыздар!!!