Пример HTML-страницы

Россиядан Кочкорго келген жубайларга угузулган суук кабар же бир үй-бүлөдөгү трагедия

Акыркы жанылыктар

TurmushКочкор райондук соту 4 адамдын өмүрүн алган Теңдик айылынын Үч-Кошкон аймагындагы унаа кырсык боюнча ишти карап, 2022-жылдын 5-октябрында өкүм кабыл алды.

Ушул жылдын 18-майында Бишкек— Нарын—Торугарт унаа жолунда «КамАЗ» менен «Ауди 100» үлгүсүндөгү унаа кагышкан. Кырсыктын кесепетинен жеңил унаадагы 4 адам каза болуп, 2 жигит (жалпы 6 адам болгон) жаракат алган.

  • Аймактык кабарчыга маалым болгондой, «Ауди 100» унаасы батыштан чыгышка карай катуу ылдамдыкта бара жатып, жүк ташуучу унаанын алдына кирип кеткен.

Каныбек (аты өзгөртүлдү, М.уулу Ы.) 1999-жылы Нарын районунда туулган, билими орто, иштебейт, бойдок, мурда соттолгон эмес. Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 3-бөлүмү (автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен айыпталууда.

Тергөө органдарынын маалыматына караганда, Каныбек 2022-жылдын 18-майында саат 09:25 чамасында «Ауди 100» үлгүсүндөгү унаасын Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунда батыштан чыгышты көздөй катуу ылдамдыкта башкарып бара жатып, унаа жолдун 243-чакырымында түштүктөн батышты карай бурулган «КамАЗ 5511» үлгүсүндөгү унаадан качам деп, рулду башкара албай калган. Анын кесепетинен жолдун каршы тилкесине чыгып, аталган жүк ташуучу унааны бет маңдайынан сүзүп, жол кырсыгына учураган.

  • «КамАЗ 5511» үлгүсүндөгү унааны Кочкор районунун Большевик айылынын 1970-жылы туулган тургуну М.Ж.Т. башкарып бара жаткан.

Натыйжада «Ауди» унаасында жүргүнчү катары бара жаткан Кочкор районунун Ак-Кыя айылынын 1950-жылы туулган тургуну И.К. (аял киши), анын неберелери — 2009-жылы туулган С.А. (кыз), 2017-жылы туулган С.А. (кыз), ошондой эле Нарын районунун Лахол айылынын 1999-жылы туулган тургуну М. уулу К. алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болушкан.

Соттук отурумда айыпкер Каныбек коюлган айып боюнча күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алып, буларды көрсөттү. 2022-жылдын 18-майында саат 07:30 чамасында Лахол айылынан эки айылдашын салып, Кочкор айылына жөнөгөн. Ак-Кыя айылына жетип калганда, аялдамадан бейтааныш аял тосуп: «Уулум бизди батырып ала кетчи. Шашып жатабыз» деген. Айыпталуучу Каныбек: «Апа, сиздер үч адам экенсиздер, батпай каласыздар» деп айтканда, тиги аял: «Неберемди алдыма отургузуп алам, батырап ала кетчи» деп суранган. Каныбек макул болуп, ал аялды эки небереси менен унаанын арткы орундугуна отургузуп жолун уланган. Андан кийин жаңы курулуп жаткан Үч-Кошкон жолунун маңдайында бара жатканда май куюучу жайдын бурулушунан чиркегичи бар «КамАЗ» унаасы чыга калган. Мындан улам Каныбек дароо тормозду тээп, каршы тилкеге өтүп кетем деген ойдо рулду бурган. Бирок унааны убагында токтото албай, жүк ташуучу унаа менен кагышкан. Кырсыктан алган жаракатынан эс-учун жоготуп койгон.

Айыпталуучу кырсык күтүлбөгөн жерден болгонун, атайылап жасабаганын айтып, жеңил жаза белгилөөнү сурады.

Жабырлануучу, маркум кыздардын атасы С.С.нын айтымында, аялы Ө.Э. Россияда иштеп жүргөндүктөн, 2009-жылы туулган С.А. жана 2017-жылы туулган С.А.ны кайын энеси И.К. багып жаткан. 2022-жылдын 18-майында болжол менен саат 08:10 чамасында кызы А.С. видео чалуу менен байланышып, Кочкор айылына бараткандарын, жолдо такси тосуп тургандарын айткан. Жабырлануучу аларга унаа чыкпаса, үйгө кетүүлөрүн билдирген. Андан көп убакыт өтпөй келинчегине бирөөлөр телефон чалган. Аялы телефондо сүйлөшүп жатканда өзүн жоготуп койгон. Аны эсине келтирип, эмне болгонун сураганда, «апам менен кыздар жол кырсыкка учурап, алар отурган унаа чоң унаанын алдына кирип кетиптир» деп айткан.

Жабырлануучу аялы менен Кочкор айылындагы үйүнө келгенде ата-энеси менен бир туугандары жол кырсыгынан кыздары менен кайын энеси каза болуп калганын айтышкан.

Жабырлануучу Каныбекке мыйзамда каралган эң жогорку жаза чектөөнү сурады.

Маркум И.К.нын кызы У.к.А.нын айтымында, окуя болгон күнү апасы неберелери менен айылга куран окутууга келе жатканда жол кырсыкка учураган.

У.к.А. айыпкерге карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранды.

1999-жылы туулган М.у.К.нын атасы уулу Каныбек менен чогуу Кочкор айылына бара жатып кырсыкка учурап, алган жаракатынан каза болуп калгандыгын, бүгүнкү күндө айыпкерге карата эч кандай доосу жок экендигин айтты.

Каныбек Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 3-бөлүмү (автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен күнөөлүү деп табылып, бир иш менен алектенүү укугунан 3 жылга, эркиндигинен 6 жыл 6 айга ажыратылды.

Бөгөт коюу чарасы өзгөртүүсүз камакта бойдон калтырылды. Жаза өтөө мөөнөтү 2022-жылдын 13-августунан баштап эсептелинди.

Өкүмгө нааразы тарап 30 күндүн ичинде Нарын облустук сотуна апелляциялык тартипте даттануу жана сунуш келтирүүгө укуктуу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE