Пример HTML-страницы

Өз апасынан намыстанган жигиттин каты

https://kyrgyzcha.site/?p=53111&preview=true Кызыктуу окуялар.

Өз апасынан намыстанган жигиттин каты.

 

✍🏻Мен сиздерге жазып жаткан окуя бир жигиттин атынан._

_(Учурда бул жигит карыялар үйүндө)_

 

_Менин апамдын чырайынан кыскан экен кудайым._

_Сулуу болбогону себебтен үйгө куда түшүп келгендер апамды көрүп кайра кайтып келишпеген экен ,ушинтип жүрүп жашы 27 ге барганда аялы төрөбөй ажырашкан бир кишиге турмушка чыккан, ал киши менен 5-жыл жашайт бул жылдардын ичинде эжем экөөбүз жарык дүйнөгө келдик_.

 

_Апамдын туру сууктвгунан(сулуу эместигинен)атамда бизди таштап кетти, апамды айылдагылар жада калса жаш балдарда шылдындашып күлүшчү ажына келип жатат, түрүү суук келатат деп жаш балдарын коркутушчу._

 

_Жылдар өтүп биз да чоңойдук көчөгө чыкса, мектепке барсакта баары бизге күн беришбейт эле апамды мазак кылышат болчу бул нерселер бизге жакбады көбүнчө мага. Барып-барып өз апамдан намыстанып жииркене баштадым._

 

_Апам ушунча сөздөрдү уксада өзүн дүлөйлүкө салып укпагандай болуп койчу.Эркектер кылган иштин баарын кылчу, дыйканчылык менен алек болду жеп, ичкенибиз, кийинишибиз баары апамдын күчү менен болчу. Апамдын эмгегин көрүп колхоз башчысы ишчилерине апамды бригадир кылып шайлады._

 

_Апамдын тапкан тутканы көбөйдү эжемди мед колледжге мени болсо политехнический колледжге киргизди.Окууда биз акчадан кыйналбадык бирок мен апамдан намыстанып, курсташтарыма апам жок деп айттым. Эжемеда көп жерден куда түшүп келди бирок апам себеб кетип кайра келишбейт болчу._

 

_Бир түрк жигит эжемди сүйүп калып эжем ошого турмушка чыкты бирок апамды артынан барууга уруксат бербеди себеби эжемда апамдан намыстанат болчу. Апам макул бактылуу болсоң болду кызым деп көздөрү ачуу жашка толуп кала берген._

 

_Эми убакыт менин үйлөнүшүмө жетип келди бир да адам кызын бербейт эле жин чалынган түрүү сууктарга кыз бербейбиз дешчү. Узак бир шаардан апамдын синдилери келин табышты, мен да үйлөндүм акыры._

 

_Үйгө келген келин да апамды көрсө жүзүн бурат ар күнү уруш апаңызды көрсөм ден-соолугум начарлап өзүмдү жоготом дейт. Өзүм да апамды көрбөсөм дейм, бир дасторкондо отурбасак кана дедим. Бир күн иштен келдим аялым жүрсөңүз сизде кеңеше турган иш бар деп калды, эски үйдүн четиндеги бөлмөгө апамды киргизип койушту айтты бул сөз мага да жакты. Эртеси күндөн баштап апамды ошол бөлмөгө камадык тамакты алып барып беребиз, даратканга баруусуна уруксат бердик. Ошондо да башындагы жолугун ушундай оройт элек жүзү көрүнбөйт болчу._

 

_Мен күндө бир убак иштен келгенимде алдына кирет элем анда да суук мамиле кылат болчум. Апам болсо балам караңгы түшкөндө эшике чыгып таза абада дем алайынчы десе да чыгышына макул болчу эмесмин._

 

_Күндөн күнгө жүздөпрү бозоруп арыктап барат мен болсо өлүшүн күтөт элем, себеби туугандарга апамды эжемдин үйүнө Туркияга кеткен деп айтканмын ушул убактарда апамдын көзү ооруп калды балам врачтарга алып бар мени деди, мен болсо эмне сизди жин урдубу деп кагып силкип ачуу сүйлөп бердим._

 

_Акыркы убактары аялым апама мен иштен келгиче тамак бербешин сезчү болдум бирок билмексен болуп койчумун, мен иштен кирип келишиме апама тамак алып кирип калат. Барып-барып апам алсызданып жатып төшөкө мыкталды көздөрү да көрбөй калды, арадан бир ай убакыт өттү иштен келип апамдан кабар алайын деп култанып турган эшикти ачып кирдим салам берсем апам жооп бербеди жакын барып карасам апакем көздөрүн ачкан абалда жан бериптир._

 

_Денеси муздап катып калыптыр балким кече түндөсү жаны үзүлгөндүр? Мен боору таш ушунда да жүрөгүм чымырап койбоду тескерисинче жеңил дем алдым. Адамдардын шылдыңынан кутулдум деп кубандым эл катары аларды жайга бердим. Арадан бир жыл өттү үйдү оңдоо үчүн уста салдым өзүм да аларга жардам берип кармашчуумун._

 

_Кырсык каш кабак ортосунда деген туура экен мрамор ташты аралап жатканымда майда бөлүгү учуп көзүмө кирип кетти, усталар көзүмдү ачып тазалап алдык дешти. Эртеси күнү уйкудан ойгонсом көзүмө кан куюп койгондой кызарып кетиптир, катуу оору берип кыйнады көздүн врачына барсам текшерип ууланган өтүп кетет деп дары жазып берди._

 

_Дарыны алып көзүмө тамчылаттым эч жакшы болбоду тескерисинче күчөп кетти. Күндөн күнгө көзүм жакшы көрбөй бозоруп көрүп баштады бозоргону күчөп баратты, таң атып калганда ойгонуп кеттим баары кап караңгы көрүнгөндө оюумда таң ата элек экен деп дагы жаттым._

 

_Бир аз убакыт өтүп аялым кирип ишке барасызбы? саат 7 ден өттү деди кандайча дагын деле баары кап караңгы го дедим да жүрөгүм согушу тездешти ошондо көзүм көрбөй калганын билип бар үнүм менен бакырдым. Аялым кошунабыздын машинасында шаардагы коз врачына алып барды текшерди натыйжасында ушул билди кирген таштын бөлүгү көздүн пардасына зыян жеткен экен, алдын албаганым үчүн сокур болуп калды көзүм._

 

_Барып-барып аялым өзгөрдү мага кыянат кылып баштады мени уктап калды деп кошунабыз менен ойнош ойноп жүрдү акыры чыдабай башка менен жатып жүргөнүн баарын билишин айтканымда, качандыр бир убактары апамды камаган бөлмөгө мени жетелеп барып камап койду._

 

_Кайтар дүйнө деп ушуну айтат экен, жалгыз бөлмөдө үч күн жатканымда апамды канчалык кордогонумду түшүнүп жеттим. Аттиң арман кеч болгонун билип ый менен таң аттырдым. Аялым ойношу менен үйдү сатып шаардан үй алышты мени болсо карыялар үйүнө тапшырышты … Адам жашоого бир келет Аллахым адамга баарын кайра бериши мүмкүн бирок ата-энени бир жолу гана берет. Аялын же күйөөң башканы эрчип кетет бирок ата-энен сени таштап башканы эрчип кетбешин бил. Сен сүйгөн адамын сени кыйнап таштап башканы карап кетет бирок ата-энен сени таштап кетбейт. Сен оорусаң сүйүктүү жүзүн бурар бирок ата-эне гана башыңдан жылбай оорусанда туйшугунду өлгүчө көтөрөт. Сүйүктүңө жаман кылыгындын бирин көрсөткүн жашооң өзөгөрөт бир ата-энен жакшыңа да жаманына да чыдашын эч унутба тууганым.*_

 

 

_*Дос, аял, эр, байлык баары табылат бир гана ата-эне табылбайт жашоодо ата-энен тирүүбү жаңы төрөлгөн балаңдай абайлап карап сүйүп жур…..

 

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE