Пример HTML-страницы

ӨМҮРДҮН АК ТАҢЫ

https://kyrgyzcha.site/?p=50029&preview=true Кызыктуу окуялар.

ӨМҮРДҮН АК ТАҢЫ

 

Арткы орундукта мага катарлаш отурган келиндин телефону кайра-кайра чырылдай берип,мени эле эмес,өзүн да жадатты окшойт.Же өзү да оңдуу жооп бербейт,»Алоо…» деген боюнча өчүрүп коет.

«Ой,чарчатты» деп,мени бир карап алды.

Алыскы жолдо сапарлаш болгон адамды тааныбасаң да,жакын адамыңдай болуп калаарың турган нерсе,анын үстүнө,Ош-

Бишкек жолунда сүйлөшүп,жолдо бирге чайлашып,сырдашып кетүүгө мажбурсуң.

— Сүйлөшкүң келбесе,өчүрө бербей,дароо

блоктоп салсаң болбойбу?

—Улам «кара тизмеге» киргизем,башка номерден чыгып жатпайбы.Жолдо жүк

таштамак элем бирөөгө,ошол адам чалып жатат окшойт десем дагы эле ошол…

—«Ошол » дегениң ким эле?

—Ал деген…мурдагы жолдошум,эки жыл болду ,бөлөк жашайбыз,бир кыздуу болгондо эки ажырым жолго түшкөнбүз.

Коңгуроо келди…

—Угуп жатам…

— Өчүрбөй турчу,суранам,угуп койчу эми…Кайдасың?Жолугалы….

—Мени издебе,убара да болбо ,бүткөн баары…

Телефон өчтү…

—Кечирип кой ,сиңдим ,мынчалык эмне болду эле.Аааа…эгер,жооп айткың келбесе,туура эмес суроо берип алсам,

жөн эле кой ,сени беймаза кылгым келбейт.

—Ой,эже,азыр башым оорубай ,ыйлабай калгам.Өзүмдү кыйнап жүрө бербей ырас

кылган экенмин.Ошол чечкиндүүлүк кылган кадамым үчүн өзүмө ыраазы болуп жүрөм.

—Анда, сиңдим,узун жолду кыскарталы ээ…

 

… Апам көп айтчу эле ,»Пейилди жегенге

болбойт дечи ,бирок , аябай эле тойгузат …тойгондо кантип жыйыштырганды билбей каласың.

Пейили жакшы эмес адамдарга туш келдиң деп , алып келе берейин десем ,ага

көнбөдүң эле , эми ,жашайсың деп айта

да албай калдым.Тагдырыңа жазганды көрөсүң ,өзүң таптың, эми өзүң чеч » деп.

Айткандай эле ,Тилебалды мени алып качып келгенде ,апам караманча каршы турду ,»жок,кетпейм » деп,мен да аябай көшөрдүм.»Кызым ,жок дегенде ,сыйың

менен ,той менен келин болуп келчи» деп,

мени алып кеткенге аракет кылып жатты.

Жанындагы аялдар ой-боюна койбой ,

сырткы үйгө алып чыгып кетишти.Эс ала түштүм.Мени алып кетип калса ,ал башка бирөөгө үйлөнүп алат ,кыз деген көп ,

эч ким Тилебалдыга каршы болбой эле турмушка чыга берет,кетпешим керек деп ойлоптурмун.Анткенимдин да

чындыгы бар эле ,келбеттүү,жарашыктуу кийинген,сылык-сыпаа жүргөн жигит болчу,көп кыздар аны сүйүп жүргөн ,арасында мен да бар болчумун. Эми ошол жетпей жүргөн жигиттин өзү

мени тандап ,алып качып келсе ,колдон чыгарып жибербейин дедим да…

Ошентип , турмуштун башталышы мен үчүн жомокто жүргөндөй сезилип туруп алды.Дос кыздар,курбуларым суктанып жаткандай ,элдин баары мени сөз кылып,

«бактылуу кыз экен» деп,тим эле мага

шыпшынып жаткандай сезип алганымчы.

Той өткөрүлө турган күн улам жыла берди артка…Ага деле кайгырбадым…апам гана

чыдамы түгөнүп ,»сеп берейин ,элге той өткөрөйүн ,силер да элден бата алып бергиле» деп жатты. Тойду өткөрө турган болушту.Айии…өзүмдүн тоюмда чуркап кызмат кылып жүрдүм. Жамгыр да жаап ,

аябай жүдөдүм.Идиш-аяк жуйм ,улам ылай

болгон полду аарчыйм ,салат жасайм …

Бир аз кармалып калсам ,»оо,келин ,кайда

жүрөсүң темселеп ,тазалап койсоң боло ,

сөзсүз айтыш керекпи?» деп ,кайын эжем

кыйкырат ,»Ии ,азыр эле тазалаган элем,

жетишпей жатам » деп айтып алып ,канча

сөз уктум.Ошондо ,апамдын сөзүн эстеп ,

ыйлап алдым …»Мага чала ,сыйым менен келсем болмок , жүдөбөй…азыр салондо

отурмакмын ,жасанып -түзөнүп…» деп коем ,өзүмө ичимден.

Кеч той башталаарда гана араң бошоп ,

салонго жетип келдик.Тилебалды мага адаттан башкача мамиле жасап,берилип,

көңүл буруу менен жасантып жатты.Аны

мага боору ооруп кетти да деп түшүндүм.

Тойдо отурганда да өзгөчө көңүл буруп,

улам мени оңдоп -түзөп ,көзүмө карап сүйлөп жатты.Баарынан кызыгы той ортосунда башталды.Мени ортого алып чыгып ,колуна так көтөрүп ,айлантып бийлеп жатканда баарын унуттум ,менден

өткөн бактылуу жан жок болуп сезилип кетти. Бирок ,мынчалык урматтап жатканына түшүнбөй турдум.Туугандар ,

достор баары куттуктап жатып ,» укмуш

сонун жолдошуң бар экен, колуна көтөрүп

жүрөт тура ,келбеттүү да,түшүнүктүү да…

Бактылуусуң » деп ,кулагыма шыбырап кетип жатышты.Анткен сайын ,Тилебалды мени кучагына кысып ,маңдайымдан сүйүп коет…(Ушул жасакерленген сыйдын

себебин кийин билип,жер үстүнө батпай кеттим го)

Ошентип ,той да бүттү.Кайра баягы кызмат башталды.Кечээ тойдо лактап

жасалган чачымды жууганга убакыт жок,

же ал чачым жоолукка батпайт. Көлөкөдө

чай ичип отургандардын күлкүсүнө маани

бербептирмин ,көрсө ,менин кебетеме күлүп жатышыптыр ,ичинде жолдошум да бар. Акырын күзгүгө келип карап ,өзүм да чочуп кеттим ,бетим — башым шишип, карарып да кетиптирмин , уктабай жүргөндүн кесепети го деп койдум ,чачым башымдан да чоң болуп жүрөт. Ыза болуп кеттим , апамдын айткан сөзү кулагыма угулуп ,кайра чыйралдым,чыдашым гана керек деп…

«Угуп койсом болмок экен апамды ,эмнеге мынча шаштым ,каап…ушуну көрмөксүң» деп , өзүмдү жемелеп турдум…Мен өзүмдү караганга эмес,үй иштерине араң жетишип жатканымды түшүнгөн адам жок,күлкүгө айландырып отургандарга бир ооз сөз айта албадым.

Бир күнү жолдо унаада баратканбыз ,

анан эле жолдошум артта отурган мага карап ,»түшкүн да ,алдыга отур » деди.

Таң калган боюнча ,жанына отурдум,

себебин сурасам ,сөгүп таштаарын билем.

Он метр жүргөндөй болдук ,жолдон эки адам алды,сурашканына карап ,тууганы

экенин боолголодум.

—Гүкү ,булар менин туугандарым ,үйүнө таштап коелу ээ ,- деп ,жолдошум мени караганда ,оозума сөз келбей калды.Мени менен кеңешип жатканына түшүнбөдүм.

Таң калыштуу карап ,унчуга албадым.Тиги тууганы маданияттуу мырза экенин сөзүнөн , айткан жоопторунан, аялына

сыпайы мамилесинен сезип жаттым ,а

биздики жөн эле жасалма болуп жатты.

Аларды үйүнө таштап, өз жолубузду уладык ,алар жөнүндө эч нерсе айтпады.

Мен да сураган жокмун .

Көп өтпөй биз жеткирип барган тууганы

кырсыктан кайтыш болуп калды ,аялы

окуусун бүтө элек экенин ,боюнда бар экенин кайын энем менен жолдошумдун сүйлөшкөн сөзүнөн гана билдим.

» Сен,балам ,каралашып тур ,окуусун бүтүп

алсын ,биздин жардамыбыз ошол болсун»

деп ,энем уулуна катуу дайындады. Аны

мен деле эрөөн көрбөдүм , жада калса ,

окуусун бүттү, төрөдү » дегенин угуп ,

сүйүнгөм…Биз да кыздуу болуп калган болчубуз…

Жумуштан чарчап келип ,уктап жаткан жолдошумдун телефонуна кайра-кайра

СМС келип жатты ,эч көңүл бурбаган элем,

негедир ,окугум келип кетти…

Окуп алып ,жерге кантип отуруп калганымды өзүм да байкабай калыпмын.Жанагы тууганынын аялы экөөнүн ортосунда мамиле бар экенин ошондо билип жатпаймынбы.»Тез келе кал ,жан,сагынып кеттим ,эки күндөн бери жоксуң го…»

«Сага сүйүнчүм бар ,анан айтам…»

деп, улантып жазып жатат…кыязы ,Тилеш

окуп жатат деди өңдөнөт…

«Уяты жок ,шерменде» деп жазып жөнөтүп

койдум…

Кечке маал ойгонгон жолдошум телефонун көтөрүп ,сөгүнүп мен тарапка келе жатканда эле түшүндүм ,өзүмдү токмокко даярдап турдум ,коркконумдан

калчылдап кеттим ,качкандын пайдасы жок экенин билем да.

— Сен мени ээлеп алдым деп жүрөсүңбү,

шерменде ким экенин сага көрсөтүп коюш керек окшойт.

Сүйлөгөнгө үлгүрбөдүм,бир койгондо эле,жыгылып түштүм,көзүмдөн от жанып.

Колу да ,буту да туш келди койгулап, тээп жатты ,сөгүп да жатты.Кудайга үнүм жеткидей эле ыйлап жатам,жардам берген эч ким жок. Кызым ыйлап,энем

чакырып калды.Кызымды колго ала албай ,титиреп жатам ,ооруган жеримди деле билбейм ,ыйлап да ,ыза болуп да ,

коркуп да жүрөм.Жолдошум апасы экөө көпкө сүйлөшкөн жок ,демек ,баарын билет тура ,баласына сөз да айтпады.

—Бол, тез кызыңды ороп ,чык машинага,-

деп,машинасын жүргүзө баштады.

«Апамдарга эмне деп айтам, болгонун айта

берем эми, баары бүттү » деп жаткам…

Үйгө жеткирип коет окшойт деп ойлопмун.

Машинага отурдум .» Азыр Асылайга ( мага күндөш болгон аял) барып ,кечирим сурап ,бутунан өбөсүң»- деп ,көчөгө унаасын айдап чыкканда ,кошунабыз бир буюм сурап келип калды.» Неге кечирим сурашым керек ,эч качан сурабайм» деп жаттым ичимден…

Жолдошум үйгө кирип кетти ,учурдан пайдаланып ,жерге түшүп ,тосмодон кандай секирип өтүп кеткенимди азыр деле элестете албайм ,бирок ,чалынып жыгылганда кызымды басып албайын деп ,этияттаганга үлгүрдүм,ал курган да чочуп кетип,ыйлап жиберди,дароо эмизе койдум. Чалканга жыгылган экенмин,тызылдап чыкты денем.Үйдүн арты менен чуркап, кошунанын үйүнө кирип бардым.

Түрүмдү көрүп,коркуп кетишти,аялы кызымды колумдан ала койду.Ыйлаганга

убакыт жок, «мени үйгө жеткирип койгула, сураныч» деп айтып бүтө электе ,сырттан

жолдошумдун үнү угулду,дароо тааныдым.

Бирок,мени издеп эмес ,балта сурап келиптир ,ал үйгө киргенче ,мени төркү үйгө киргизе салды, шыпылдаган кошуна эже…Сырттагы чечкен бут кийимимди караңгыга тээп салганга да үлгүрүптүр.

Күйөөм кирип көпкө турбады ,дароо чыгып кетти.Чыгып баратып ,тааныш бут кийимди издеп жатканына таң калдым деп кирди кошунам.Мени сурай албай ,балтаны шылтоолоп келгенин баары билип эле турду окшойт. Ошентип ,таң атаары менен мени апамдардын үйүнө жеткирип койду.Соттошподум,кудай сотуна койдум.Чындыктын баарын кийин угуп жатпаймынбы…Көрсө,жолдошум үйлөнө элегинде жанагы тууганынын аялы болгон кызды жактырып, артынан чуркап,сүйүп

жүргөн экен ,а Асылай башкага турмушка чыгып кетиптир ,болгондо да,жанагы тууганына …Ошол күнү ызасын басыш үчүн эле мени ала качыптыр.

Тойдо башкача болуп өзгөрүп калганын себебин кийин билип жүрөм ,тиги тууганы да Асылай экөө тойго келээрин билет да, теңсинбей койгону үчүн мени колуна көтөрүп ,тигиге (Асылайга) мүмкүн болушунча сыйлаган киши болуп

көрүнгөн турбайбы.Кийин жолдо жолугуп калып ,үйүнө чейин жеткиргенде да мени эркелетип сүйлөгөнү да ошол себептен тура…

Жашоо мага көп нерсени үйрөттү ,эч

кимге сыртынан суктанбай калдым ,бүт баарына кылдаттык менен караганды үйрөндүм,өзүмдү сыйлаган адам болуп тарбияландым. Кызматым менен жагып кетем деп ,канча чабылдым, бирок,баары

мен күткөндөй эмес экен, жашоо үчүн баарына чыдай берүү дайыма эле оң натыйжа бере бербейт экендигин башымдан өткөрдүм.

Менин кеткеним эч кимге деле оор тийген жок , Асылай турганда ,менин жол бошотконум деле туура болгондур. Апам

«Мүңкүрөп калсаң ,таба болосуң ,дүнүйө эрден бүтсө да ,жыйыштыр.Башында укпадың эле ,эми угаарсың. Кайра келет ,

кечирим сурап ,алып качканда жүрөктөн

кеттиң эле ,алдыңа келсе боордон кетпе , бооруң ооруп ,аяп алба. Кайра жашаган күндө деле сени оңдурбайт » деп ,кулагыма куюп ,күн куру эмес айтып

жүрдү. Кээде тамашалап ,»апа ,сиз айткан

кечирим суралбады го » деп коем.

«Ии,кызым ,шашпай тур ,мени айтты дээрсиң» деп койчу.

Анан эле ,минтип ,4 айдан бери кечирим сурап калды ,издөө салып…Көрсө ,тиги экинчи аялын шаарга квартирага жайгаштырып ,барып- келип жүргөн экен.

Бир күнү айтпай эле кеч кирип барса ,тиги

мас болуп ,уктап жатыптыр.Баласын апасы багып алам деп ,айылга алып кетиптир.Ачуусу келип, бирок ,катуу айта албай ,телефонуна көз жүгүртөт. Бир саат

мурун сүйлөшкөн аудио жазуулар өчпөй калыптыр.Асылайдын курбусу менен сүйлөшкөн сөздү угуп ,жөн эле каржылай

турган адам катары болуп жүргөнүн билген тура.»Айка, кечээги тааныштырган жигитиң жакты ,бирок ,мени жактырабы же эле эле эрмектеп жүрөбү, ошону сурачы ,ошого карап иш кылайын.Анан,

тиги, телпейген Тилешти тээп салайын ,

аны жөн эле акчасы үчүн жандап жүргөнүмдү билесиң да ,кыз убагымда сүйгөн эмесмин ,азыр «вообще » эле…

деп айткан сөздөрүн угуп алып ,өзүнө келип, андан кол үзүптүр,жандалбастап чуркап ,эми менден «күнөөлүүмүн» деп,

кечирим сурап жүрөт…Менде кечирим эмес ,үнүн укканга да чыдамым жетпей калган.Анын үстүнө ,жашоонун жаңы барагын ачканы өзүмдү даярдап жатам…

Аңгыча телефонун жандырып ,бирөөгө чалып ,жакындап калганын ,жолго чыгып туруусун айтып жатып ,табышмактуу көз караш менен мени карап койду.Жолдон

тосуп турган жигит колундагы сумканы алып жатып ,сапарлашымдын колун кошо кармап турду,кетиргиси келбей…Келин адамдар күтүп калганын айтып ,араң коштошту, тиги жигит калгысы келбей, «эртең шаарга барам ,эсен -аман жетип ал,байланышып турабыз,телефонуңду өчүрүп койбо, жарайбы,жеттим деп кой ээ» деп жатканын көрүп , келинге » эми бактыңды тапсаң экен» деп ичимден тилеп жаттым.

Жанагы жолдон бирөөгө жүк берем деген адамы ушул тура деп боолголоп койдум.Коңгуроо келип жаткан телефонун албастан ,өчүрүп коюп баратты…жанагы жолуккан жигити чалып жатпаганын түшүндүм…убагында баалабай калган ,жада калса ,башын аттап кеткен,жаңылышканын кечигип мойнуна алып ,кечирим сурап жаткан адамдын кечиккен сунушу эле эмес ,чалуусу да

кабыл алынбай жатканына мен да кайдыгер боло албай,ойлонуп бараттым.

Тагдырды сындай албайсың,сабак гана аласың деген сөздүн чындыгы бар экенине ынандым.

—Жаңы жылың жаңы барактан башталсын, сиңдим, бактылуу болгула.

—Ааа…эже,байкап калдыңызбы,ооба,

ошондой эле болсунчу.Жакшы адамга жолуктум деп жүрөм ,кудай буйруса,

жакында баш кошобуз.

Кайра чалуу келип калганда,чыдамы кетти көрүнөт:

— Айтпайын десе болбодуң ,мен деле мурда бирөөнү сүйүп жүргөн элем,ошол адам жолугуп калды.Эми ,жасакерленбей

эле ошол тарапка ооп кеткенимди айтат окшоймун,эки жылдан бери сени күтүп жүрөт деген ойдон алыс бол,мага тоскоол

болбо.Мен деле убагында сага тоскоол болбодум го…

А экөөбүздүн ортобузда чоң тоскоолдук бар.Аны сен эмес,мен өзүм да буза албаймын.Ошол…түшүндүң окшойт,—

деп жооп күтүп калды,чалган адам өзү өчүрүп койду…Экөөбүз тең ,»ушинтип башында эле ачыгын айтып коюш керек

эле «деген чечимге келгендей болуп,

кубана баш ийкешип койдук…

Бара турган жериме жетип ,мен түшүп калдым ,жол улаган сапарлашымдын тагдыры да түз жолго түшсө экен деп тилеп ,кол булгап кала бердим…

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE