Пример HTML-страницы

НАСИП…

https://kyrgyzcha.site/?p=50385&preview=true Кызыктуу окуялар.

НАСИП

 

 

Насип досу Байтик менен каткырып баратып унаага жетээрде Насиптин мурдакы сүйлөшкөн кызы чуркап келип Насипти кучактап алып ыйлап кирди:

-эмнеге менден качып жатасың? Эмне айыбым бар эле? Мен сени гана сүйүп жүрсөм, сендеп гана өмүр сүрсөм эмне күнөөм бар?

Насиптин ачуусу келип бирок сыртына чыгарбай күлүп карап турган Байтик досуна карап, кашы менен алып кой дегендей белги кылды. Байтик акырын келип кыздын колунан кармап:

-Алия, болду эми. Насип сен ойлогон,сен күткөн бала эмес экенин жакшы билесиңда.

Алия Насипти ого бетер бекем кучактап:

-Насип мени таштап кетпечи. Билем сенинда менден кеткиң келбей жатат.

Насип ачуусу келип аны кучагынан чыгара түртүп:

-Сезим! Ой Алия. Болду кылчы, токтотчу азыр эле Байтик айткан жокбу?

Алия жалооруп кадала карап:

-сен мени сүйгөн элең деп анын жүрөгүнө колун койдуда:

-айтчы Насип, бул жападан жалгыз жүрөк, мендеп сокпой калды беле ээ? Бул жүрөкө сен гана кире аласың деген элең, менден башкасы кирип алдыбы? Же сен бул жүрөктөн мени чыгарып салдың беле? Өзүң айтпадың беле, жүрөгүмө атыңды тилип туруп, түбөлүк өчпөс кылып жазып алдым дебедиң беле? Кантип сен баарын унутуп калдың? Сенин өзгөрүшүңө эмне себеп? Акыркы үч айда көп чалбай койдуң, жолугууга чакырбадың, чакырсам келбедиң. А мен жүрөгүмө сенден башкасын батыргым келбейт. Бул жүрөк сен үчүн гана. Насип…

Алия ар кайсыны айтып жатты. Насип бул сөздөргө чыдабай:

-токтотчу! Эзбечи! Эзбечи! Эзебербечи мени! Тур жоголчу нары!

Алия оозу ачылып карап калдыда:

-Насип? Сен Насипсиңби?

-жоок! Мен Насип эмесмин, сени сүйгөн Насип эчаак эле өлгөн.

-антпе деп ыйлап Алия анын кучагына атырылды. Насип анын эки колун бекем кармап туруп Байтике карай бир түрттүда унаага отуруп, от алдырып катуу айдап кетип калды. Байтик Алияны бекем кармап алды. Алия жулкунуп:

-койбер! Койбер! Насип мени укчу! Насип!

Байтикда ачууланып кетип Алияны өзүнө каратып, тапанчасын так бешенесине мээлеп:

-эмне өлгүң келтабы?

Алия коркконунан үн катпай туруп калды.

Байтик сүйлөнүп:

-Алия, көзүңдү Насип сага насип кылбаптыр түшүндүңбү? Түшүндүңбү дейм!

Алия коркуп,калтырап:

-түшүндүм…

Байтик:

-мына болот экенго. Жана эле түшүнсөң, негизи менин тапанчам кынынан чыккан соң,сөзсүз бирөөнүн жанын үзүп анан кайра ордуна салынчуу эле. Мейли экс аяш экенсиң, сага тийбей эле койдум. Бирөөнү эки жолу атып коём келиштикби?

Алия айласы түгөп башын жерге салып, артына карабай жай гана басып кетеберди.

Байтик тапанчасына карап:

-кайдагы тапанча? Оюнчука да ишенеби адам? Кечир Алия, бул тапанчаны бөбөгөмдүн туулган күнүнө белек кылайын дегем, ошол гана. Мм, эми Насип кайда кетти?

-ало Насип?

-Байтик, Алияны өзүң жөнөтүп койчу, ага бирдеке болуп жүрбөсүн. Менин билетим даяр болуп калды, тилекке каршы коштошуу буйрубаптыр. Өзүң баарын түшүнөсүң досум, болгону муну эчкимге айтпа. Ээх, менинда башым катып калды. Жакшы кал досум.

-капаланбачы дос, баары жакшы болот. Кудайдан тиле, сени мен түшүнбөсөм ким түшүнөт? Ак жол анда досум.

-дос машинаңды аэропорттун бир четине токтотуп коём, ачкычын билесинда каерге катаарымды. Баары үчүн сага рахмат.

-макул…

Арадан күндөр өттү.

Байтик достору менен жолугуп алар менен көчөдө шамга жакын сүйлөшүп баратышты. Бир убакта бир досу:

-э? Тиги Алиябы?

Байтик Алияга бир карап, кайра жерге карап кетип калмакчы болду бирок мунун айласы жок эле.

Байтик балдарга барып тургула деп өзү Алиянын жанына барды.

Алия калп болсода күлүмсүрөп:

-Кандайсың?

-Алия мен сенин эмнеге келгениңди билем. Насипти издеп келдиңда ээ дагы. Ал сени сүйбөй калган. Акыры өзүң өз көздөрүң менен көрдүңго. Өз кулактарың менен баарын уктуңго Алия.

-ал менин жашоомдун маңызы болчу.

-ээ барибир түшүндүрө албадым. Байтик бурулуп баса бергенде Алия:

-жок дегенде сени менен сүйлөшүп алууга болобу?

Байтик артка бурулуп көзүн ирмеди.

Экөө унаага отуруп четирээк жерге барышты. Алия унааны токтотуп:

-бул сүрөттөрдү көрдүңбү?

-мм Насип экөөңбү?

-биз анда бактылуу элек. Ооба мен анын билем кедейлигин бирок ал мен үчүн бай. Ал мен үчүн эн жакшы жигит. Мен эчкимди мынчалык сүйгөн эмесмин. Байтик сен өзүң деле билесиңго. Насип экөөбүз кандай жакшы элек, кандай сүйүшкөн жандар элек…

-билем ооба. Чыдай албай ыйлап жатасың. Ал күндөр артка кайтышын тилейсиң, менда ошону тилейм бирок эми баары кеч.

-эмнеге кеч, мага түшүндүрчү баарын.

Байтик башын кармап, бир үшкүрүнүп Насиптин эстеди:

“Өзүң баарын түшүнөсүң досум, болгону муну эчкимге айтпа. Ээх, менинда башым катып калды” .

Байтик ойлонуп-ойлонуп Аиянын ыйлаганына ого бетер чыдабай:

-болдучу сураныч. Бул жактан Насип, бул жактан сен, мени жеп бүтө турган болдуңар. Мен же сенин көңүлүңдү ала албай же Насиптин көңүлүн ала албай. Болду кылгылачы экөөн тең, тагдыр башыңарга жазбаса күнөө мендеби? Буйрубаган нерсени буйрутам деп аракет кылбай эле койгулачы макулбу? Деп ачуусу эшикти ачып түшөөрдө Алия анын колунан бекээм кармап:

-коётурчу, акыры сенин деле сүйгөн кызын барго, ал да мендей сыздап жатса эмне кылмаксың?

Байтик кайра ордуна отуруп эшикти жаап:

-Алия эптеп кутулуп кетейин десемдагы болбодуң. Менинда сабырым түгөп барат. Сен байдын кызысың, Насиптин кедейдин баласы.

-Байтик эмне сүйүү байлык менен өлчөнүп калды беле? Кайсы жерге бай менен бай үйлөнсүн, кедей менен кедей башкошсун деп жазып коюптур.

-кеп анда эмес.

-кептин баары ошого барып такалып жатпайбы? Насип менен такыр байланыша албадым, Москвага кетип калыптыр, каеринде экени белгисиз. Айтчы мага эмне болуп жатат?

-андан кийин мени тынч коёсуңбу?

-ооба тынч коём, башка эчтеке сурабайм…

 

—————————————————

—————————————————

 

Акылдуусуң Алия, баарын көрүп келгенсиң.

Өзүңдү бай сезбейсиң, байларча кийинбейсиң.

Досторуңду сыйлайсың, аларды кемсинтпейсиң.

Акылдуу ыймандуусуң, бирок айтсам ишенбейсиң.

 

Үйүңдөгу кээбир жандар, бирок сендей эмес экен.

Алар үчүн кедей жандар, жөн гана бир элес экен.

Айтчы эми не кылалы? Турмуш деген ушул экен.

Насип дагы адашканбы? Неге сени сүйдүү экен.

 

Аны дагы туура түшүн, дале болсо сени сүйөт.

Акыл менен калчап көргүн, акыл өзү түшүндүрөт.

Насип досум айласыздан, сенден алыс басып кетти.

Өз теңемди табаармын деп, сен сулууну чанып кетти.

 

Үч ай мурун эсиңдеби? Насип сага жолукканда.

А мен болсо шаштырып тез кетүүгө оолуккамда.

Кеткен менен пайда жок, кармап алды бир караандар.

Кайдадыр алып барды, таныш эмес ал жараандар.

 

Кармап кеткен кимдер десең, атаң тузака илген экен.

Байкелериң уруп-тээп , бизди башка келбе деген.

Алар бизди теңине албай, Насиптида угушпады.

Баарынанда эң жаманы, атаң бизди урушканы:

 

Атаң:

“Насип сенин акчаң барбы? Унааң же үй-жайыңчы?

Өзү сенде тарбия барбы? Ата-энең айтпадыбы?

Тең -теңи менен тезек болсо кабы менен.

Ушулурды ойлоп көрүп, кызыма келбейт белең.

 

Өзүң билип токтободуң, эчнерсени ойлободуң.

Алияга жетсем болду, бай боломда калам дедиң.

Ай жылдызга барам дедиң, айды алып түшөм дедиң.

Азыркы бул дүйнөдө, акчаң жок бил эчкимсиң.

————-

Айтчы Алия бул сөздөргө, сен кантип чыдамаксың?

Насиптин ордунда болсоң, сенда аргасыз калмаксың.

Эми болсо үйүңө бар, баарысы жакшы болот.

Кудайымдын жазганы бар, ошол сенин бактың болот.

 

Байтик сөзүн айтып бүтүп унаадан түшүп кетеберди…

 

Алия унаада үн ката албай, ыйлап гана тим болуп кала берди.

Кечинде үйүнө барды. Үйүндөгүлөр тамактанып жатышкан эле. Алия эч кимге көңүл бурбай, эч кимге көрүнбөстөн бөлмөсүө кирди. Керебитинин астынан Насиптин сүрөтүн алып, Насиптин сөздөрүн эстеп кетти:

“Алия, бул жападан жалгыз жүрөк, сендеп гана согот. Бул жүрөкө сен гана кире аласың.Билесиңби? жүрөгүмө сенин атыңды тилип туруп, түбөлүк өчпөс кылып жазып алдым. Мен сени сүйөм”.

Алия сүрөткө кадала карап бекем кучактап:

-Насип сен менин жүрөгүмдөсүң. Биздин сүйүү үчүн сен күрөшпөсөң, мен күрөшөм. Мен баарын жайына келтирем болгону сен кайтып келчи.

Аңгыча эшик тырык этип кетти. Алия чочуй түшүп артын караса атасы эшике жөлөнүп туруптур.

-кызым, эмне болду?

Алия башын жерге салып тура берди.

-алдагы колуңдагы эмне?

-эчтеке.

-мм, чай ичпейсиңби?

-жок…

-кел экөөбүз ачыкчасына сүйлөшөлү.

-жок.

-кызым…

-ата, мендей кыздын сизге эмне кереги бар? Сиз сүйбө дегенди сүйүп алсам, сиз келтирбей койгон жигит үчүн ыйлап жатсам.

Атасы эшикти кулпулап кирип керебетке отурдуда:

-кызым, билбей калдым. Көзүңдөгү жаштар жүрөгүмдү эзип жиберди. Кичинекейимде жалгыз өсүп инилүү болсом экен дечүү элем. Инлиүү да болдум. Кийин карындаштуу болсом дедим эле, карындаштууда болдум. Мен көбүрөөк карындашымды жактыраар элем. Аны көтөрүп кечке ойнотчумун. Тилеке каршы сегиз жашында каза таап кетти.Мен ошондо ушунчалык ыйлап, ал ыйымды азыркыга чейин унута албайм. Насипти жакшы билесиң, менденда жакшыраак билесиң. Менин тилегеним, сен карындашымдай болбой өмүрүң узун болсун, келечегиң кең болсун. Баардык нерсеге жетишип жашашыңды каалаймда кызым. Насип керек болсо бир памперс алып келе албайт.

-ата, менида туура түшүнүңүзчү.

-кызым болду токтот. Мен айткан жигитке турмушка чыгасың. Акмат атту досум бар. Ал өзү кедей өсүп көптү көргөн жигит. Кичүү баласын өзүндөй көптү көрүп өссүн деп, баласыз бүлөөгө таштап кеткен. Эми убагы келди. Сен капа болбо кызым, сенин тагдырың ошол балага байланган.

-ата Насип деле кедейдин бүлөөсүндө көптү көрүп өскөн жигитко.

-мени эмне кыл дейсиң?

-ата менида түшүнүңүзчү. Эки күндөн кийин жолугушууга чыгасың. Болду токтот ыйыңды!

-ата…

-жат укта. Деп атасы ачуусу менен чыгып кетти.

Алия ыйлап-ыйлап Насипке телефон чалды. Телефон өчүк.

 

Арадан эки күн өттү. Алия байкесинин унаасында жолугушууга аргасыз барган эле. Байкеси аны таштап коюп жумушуна кетти. Алия эмнегедир белгиленген жерге баргысы келбей кетип калгысы келди. Үйүнө барса ата-энеси урушат айласыздан басын жерге салып баратты. Бир убакта Алия деген чакырык чыкты. Алия тык токтоп артына карады. Байтик таң калып келе жаткан эле. Алия атам айткан жигит Байтик окшойт деп ойлой кетти.

Байтик:

-Алия бул жакта эмне кылып жүрөсүң?

-өзүңчү?

-а мен жөн эле. Сенчи?

-менда.

-мм… тияка баратасыңбы?

-ооба…

-ээ ал жак жаман элего, бош элесиңби айланып,сейилдеп келбейлиби, кичине басып дегендей?

-мм макул…

Алия экөө сейил бакты аралап сүйлөшүп баратышты. Тээ ары барып столго отурушту. Алия жылмайып Байтике карап:

-Байтик сага рахмаат.

-эмнеге?

-аз болсода көңүлүмдү көтөрдүң.

— аа ээй эчтеке эмес, өткөнкү сөздөргө капа болгон жоксуңбу?

-жоок сенин ордуңда болсом, менда ошондой кылмакмын.

-мм рахмат, чындап жөн эле чыктың беле?

-ооба неге?

-эми бул жака кайдан шамал учурду дей мда?

-мм, кандай десем атам… ата-энем мени кичинекей кезимде кайсы бир байдын баласына…

Аңгыча бир жигит келип калды. Байтик дароо аны четке тартып өттүда:

-эмне келдиң бул жака?

-ээ мен дагы канча күтүшүм керек? А? Өзүнчө өзүн бай сезип, ханыша болуп жаткандырда!

 

Алия башын жерге салып,аларды угуп жатты.

Байтик:

-досум акырын эле сүйлөчү.

-Байтик мен эмне кылайын? Мойнунан байлаган иттей болуп жүрө берейинби? Өзүң эмне кылмаксың?

-билбейм өзүңдү колго алчы, бар эми жайыңа бар. Сени күтүп калбасын акыры алда байдын кызы экен, шоруңду кайнатпасын.

-э урдум ошо байдын кызын, карачы ушул костюм жараштыбы эми мага? Өзүмдүн спортивный кийимдерим эле жакшы. Кыскасы мен өткөн-кеткен жашоомдун баарын унутуп, баарын кечирип өзүмдүн Алияма барам! Ал меники болот. Мен ал үчүн баарын жасайм.

 

Алия таңкала түштү. Акырын башын көтөрүп сүйлөп жаткан жигитке карады. Анын бет маңдайында Насип костюм шым кийип, колуна гүл кармап турган эле. Алия так ордунан туруп:

-Насип бул сенби!

 

Байтик айласыз калды. Насип Алияны көрүп колундагы гүлдү жерге таштап Алияга карай чуркап экөө бири-бирин кучактап алышты. Алия сүйгөнүн таап токтоно албай жаткан эле. Насип аны дагыда бекемирээк кучактап:

-Алия мен сени эч кайда таштап кетпейм. Алия, мен сени сүйөм, экөөбүз бактылуу жашайбыз. Алия атаңа өзүм баарын түшүндүрөм, билесинби менда байдын баласы экенмин. Атам мени көптү көрүп өссүн деп таштап кетиптир эле. Россиядан мени издеп тапты. Ал мага кайсы бир байдын кызына үйлөнөсүң дейт жок мен сага гана үйлөнөм. Сенден башка эчкимге.

-мен сени сүйөм Насип…

 

Байтик эчтеке дей албай акырын унаасы жака барса Насиптин атасы менен Алиянын атасы күлүп карап турушту. Байтик ого бетер ыңгайсыз болуп:

-аяш ата, тилекке каршы Насип мурдакы сүйгөнүн … ээрчип… дегендей…

Насиптин атасы күлүп:

-балам, биз мунун баарын уюштурганбыз. Насип менен Алиянын сүйүүсү бекемирээк болуусу үчүн Алиянын атасы менен сүйлөшүп, экөөнү ажыраштырып жибердик. Бирок экөө кайрадан табышышты.

-эмне? Мунун баары атайынбы? Хехехе Насип Алияга насип кылган экенда анда ээ деп баары каткырып калышты.Ойдон алынган чыгарма, эч кандай чындык эмес. Пикир калтырып класс басканды унутпаңыз ….———

Урматтуу окурман биринчи сүйүү Аллахга гана болсун.

 

Аягы…

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE