Пример HTML-страницы

» Мунозумдон тагдыр жаралып»

https://kyrgyzcha.site/?p=45215&preview=true Кызыктуу окуялар.

» Мунозумдон тагдыр жаралып»

 

 

— Мен аны алдадым, болгондо дагы ичи койнуна кирип алып алдадым. Байкушум ичинде эч бир кири жок, менин оозумдан чыккан созумо ишенээр эле, анын бейкуноо козуно карап туруп, оозу-мурдумду кыйшайтпастан алдадым.

— Окуяны башынан баштап айтып берсем анда: Окууну бутуп, шаарда оз кесибим боюнча иштеп журдум. Ошол кездеги жашымда оюнга тойбогон кезим, мен учун турмуш, тагдыр, уй булоо баары оной корунчу. Шаардагы иштен аябай тажап, чарчаганга айылга ата-энемдин уйуно эс алууга бардым. Бахх чиркин, айылдын таза абасы озунчо эле бир керемет эмеспи. Ата-энемдин алдында каалаганымча эркелеп, каалаганча уктап жыргап эле калбадымбы. Мына ошол кундордун биринде, айылдагы анча-мынча бекерчи досторум мени чакырып калышты. Жол боюнда, откон-кеткендерди суйлошуп олтурдук, ангыча биздин уйдон эки-уч кийинки уйдон, эки чака которгон, чачы ийинине тушкон, арыкчырай келген, сулуу кыз чыга калды. Балдардан кызыга сурай калдым, бул кимдин кызы деп.

— Эмне тааныбадынбы? Керимкул байкенин кичинекей кызы.

— Омеей де, Айымкабы?

-Ооба

— Тим эле, суйкайып сулуу кыз болуп чоноюптур деп койдум ичимден.

— Ал сени тоготуп дагы койбосо керек, деди балдардын бироосу.

— Эмнеге?

— Ал жигиттер менен суйлошпойт, канча менменсинген жигиттер соз салды, бирисин дагы карабады, деди бироосу.

— Хм, эмне ал айдан тушкон кыз бекен, тилин тапсан оной эле каратып аласын дей койбоймунбу.

— Оо, сен айта бересин да, а кыйын экенсин каратып алчы деди, балдар чекеден.

— А эмне экен, оной эле каратып алам дедим. Аябай намыской болгондуктан, арданып кеттим. — Ичимден чын эле карата албай калсам, кандай болот деп ойлодум. Чын эле мен учун аябай кыйын болду, Айымды озумо кантип каратып алат экенмин деп, ойлоно берип башым катып кетти. Ал кызга сезим болгон деле жок, болгону балдарга берген созум эки болуп калбаса экен деп тынчсызданып жаттым. Ар куну анын эшигин карайм чыгып калат бекен деген ойдо. Мен куткондой, ал эки чакасын которуп чыгып калды. Олжомду жерден таап алгансып суйунуп кеттим. Артынан сая тушуп, ал суу алчу сайга чейин ээрчип бардым. Булак уйдон алысыраак болгонго, ал менен суйлошуп пайдаланып калайын дедим. Колундагы чакасын ала коюп, жардамдаша коеюн дедим. Чочуп кеткен Айым, сиз эмне кылып жатасыз? Атам коруп калса урушат мага жолобон, озум эле котором деп, такыр суйлошконго мумкунчулук бербеди. Мына ошентип, ал кыз мени такыр озуно жолотподу. Дос балдарым, чекеден мени шылдындашып жатты. Аябай арданып кеттим, бир чети ошентип суйлоп алганым учун дагы окунуп алдым. Бирок баары бир, бир айласын табам дедим, Айымга канчалык жакындайын десем, ал ошончолук менден алыстай берди. — Созумо турамын деп, Айымды алып качып кеттим. Ыйлап-ыйлап акыры олтуруп калды. Коромун канчага чейин боюнду которот экенсин дедим, ичимден. Айым бой которбой эле, ата-энесинин берген тарбиясы экен. Мына ошентип, айылга эс алганы келем деп, уйлонуп дагы алдым. Айым жакшы келин болуп чыкты, ата-энеме аябай куйумдуу келин болду, менин бетиме тике карай албайт. Биринчи кундору, Айымга жагымдуу создорумду арнап журдум, эртереек мага конуп кетсин, кетем деп журбосун деген ойдо. Айылдагы соз берген балдардын алдында башымды бийик которуп калдым, Айымды озумо каратып алдым деген ойдо. Ошентип менин дагы дем алышым аяктап шаарды коздой бет алдым, Айымды дагы озум менен кошуп алдым. Айым аябай эле мага конуп калды, карегим менен тен айланат, кийимдеримди мизилдете утуктоп, уй-оокатка тын эле. Кундор отуп Айым кош бойлуу болду, мен бир аз башкача сезим пайда болду, толкундандым, бирок ото эле суйунбодум, Айымдын кубанганында чек жок. Бала кыял, шайыр-шатман мунозу кээде менин кыжырымды келтирет, капа болбосун деп жон гана жылмайып коем, ал оюнда мени жакшы коруп калып уйлонду деп ойлоп журду, менин чынында жакын арада, уйлоно турган оюм жок эле. Бойдок кездегидей эле, кечелерге балдар, кыздар менен барып ойноп-келе берем, а тугул кээде аялым бар экенин унутуп калам. Байкушум мага бир жака барып келейин, зээриктим деп деле айтпаптыр. Арадан кундор отуп уулду болдук, аябай суйундум. Иш канадагыларга жууп берип, жыргап эле калдым. Айымга жакын келип кандайсын берекем, рахмат сага деп дагы айтпапмын. Же башка аялдардай, ажылдабайт деле, мен эмне десем ошону кылат, кызганып ызы-чуу деле сала албайт, кээде уйго тунобой калган кундору, кайда журдунуз дейт? Досторумда болдум деп кутулам, башка сурабайт. Туну жатканда ары карап шолоктоп ыйлап жатканын угуп калам, бирок укмаксанга салаар элем. Ошол кезде эсиме келип, уй-булоого кичине жоопкерчиликтуу болсом, мумкун баары жакшы болуп кетээр беле. Адатта досторум менен, майрамдап уйго кеч келдим, туну бир маал болсо дагы Айым уктабай бала эмизип жатыптыр. Бар тамак даярда дегеним эсимде, ал ашканага кеткенден кийин, салынып турган тошокко, куч менен келип комкоромон туштум. Алдымдагы баламды дагы капарыма илбепмин, качаан Айым ачуу чанырып алганда эсиме келип, соолуга туштум. Корсо кыркы дагы чыга элек, оз канымдан жаралган баламды басып жыгылыпмын, балам эбак эле тумчугуп муздап калыптыр. Менин жоопкерчиликсиздигимден, жакын адамдардан айрылдым. Колдо бар алтындын, баркы жок деген ушул болуш керек. Балабызды жерге бергенден кийин, Айым артын карабай кете берди, анын бетин карай албадым. Мага келип жаман дагы, жакшы дагы айтпады. Мен дагы унчуга албадым, кечир деп мин айтсам дагы аздык кылаар эле. Жок мен озумду кечире албайт элем. Айым туугандарына, уулубуз оорудан каза болду деп айтыптыр. Ушундай алтын аялды жоготконума, бармагымды тиштеп кала бердим. Канча жыл отту, Айымдай жанды таба албадым, анын шайыр-шатман, кубанычтуу коздоруно зар болдум. Жылдар отуп, ойлуу бак-даракты аралап бара жатканмын, жолдун ары жагынан балдардын, кыткылыктап кулгон ундорун уктум, ал Айым эле, жанындагы жолдошун колтуктай бактылуу болуп келе жатыптыр, куйоосу карап кандай бактылуу жан деп, ичип туз куйгандай ачышып кетти. Куйоосу Айымдын мандайынан ооп койду, аябай бактылуу корунот, экоону айланып кубалашып жургон балдарын дагы кордум. Айымды коруп, жаным жай алгандай болду, мейли байкушум бактылуу болсун, а мен омур бою Айымды жана уулумду жоготконум учун окунуп отоормун. Замандаштар жакын адамынарды барктап калгыла, мага окшоп окунуп калбашыныздарды суранам.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE