Пример HTML-страницы

МЕН СЕНИ КҮТӨ БЕРЕМ.

https://kyrgyzcha.site/?p=42130&preview=true Кызыктуу окуялар.

МЕН СЕНИ КҮТӨ БЕРЕМ.

 

 

Уч кундон бери жамгыр тынбай тогот…мен дагы уч кундон бери ооруйм, конулум чогуп, кусалык ансайын ырбай берип, дабасын таппай келем. Мен жамгырды ушунчалык кутчумун…сезимимди тазартаар деп ойлочумун, ал кайра мени кайгы- мунга ороп кетти. Сени келип кетти деп айтышты…бирок мага жолуккандан качыпсын, уйго чейин келипсин…бирок эшигимди какпастан кайра кетипсин…Мен кээде озумдон сурайм, кай жеримден мен сага жаздым экен? Мен жон кана сени суйуп журдум…сенин кулкунду, назиктигинди, сенин мага болгон аруу сезиминди..сен мени эч нерсе сезбейт дедин…жок жаным, мен сезгендей эч ким бул дуйнодо сезбестир…

Макул, мен ката кетирдим…сен аны билип туруп, мени аядын, мени тыштап кетпедин, мага бир соз айтпадын…ошол сенин таза сезиминди мен эми билип, туюп жатам..бирок кеч болуп калдыбы…билбей турам жаным… Эми сен каяктасын, жан эркем, каяктасын?

Эстейсинби сен экообуздун биринчи жолугуубузду…. Менин азыркыга чейин эсимден кетпейт, ошондогу сенин кулкун…топ кыздардын ичиндеги эн жылдыздуусу сен элен…сахнадагы сенин кылыктанып суйлогонун, кулгонун, басканын…дегеле. ..ме

н сени бир коруп суйуп калгам…Досторумдун баары мени шылдындашып…кулушуп…

ошол эле убакта, экообузду ушунчалык кызыгып карашып…Маданият уйунон чыгып бара жатып:

— Чон кыз, токтой турсаныз…менин атым Мурат. Сиз менен абдан таанышкым келип турат..

Ошондо сен каткырып кулуп, « а, мен болсо сиз менен таанышкым келген жок», деп басып кеттин.

Ошол барабар, менин оюмда сен болдун…окуудан ансыз деле начар элем, огобетер ылдыйлап кеттим. Мени сактаганы, мен мектеп учун чон «талант» элем, мен жок бир да мероприятие отчу эмес эле…ырдап, бийлеп эле бааларымды мугалимдериме койдуруп алчу элем.

Мектептер ортосунда сынак болот , даярданганга аз эле убакыт дешип, чурулдап калышты. Менин конулум суз эле, акыркы убакта бир нече концерттен баш тартып койгом, бул жолкусунда озум биринчи бардым…анткени шаардык бут мектептер катышмак, мен сени кором деп шашкалактап, сынактын баардык туруно жазылып алдым. Сен дагы мектепте активистка экенинди билчимин, сен ал сынакка созсуз катышаарынды сезгем, анын устундо сенин мектебиндеги досторумдан сурап, баарын эрте эле билип алдым. Ошентип сынак куну да келип калды, ал куну мен озумду башкача сезип, жуунуп, таранып, кузгунун астында бир топ убакыт турдум…кузгудон сени кордум..акыркы сенин каткырып кулуп, мени менен таанышпаганынды айтып турганын мага кадимкидей корунуп турду…Мен озумо ошондо соз бердим: «Эмне болбосун, мен сени менен бугун таанышам…болбосо мен Мурат эмесмин», деп жылмайып, анан чыгып кеттим.

Маданият уйундо окуучулар, ата-энелер укмуш коп, аран кирип, сахнанын артына отуп озумдун классташтарымды издеп журуп сени кордум, сен мени байкабадын…мен акырын басып келип:

-Салам, чон кыз, мен Муратмын. Сынакка даярдыгынар кандай?

— Салам, мен сенин Мурат экенинди билемин, дагы бир жолу айтыштын кажети жок..

-Кайдан билесин?

— Озун айткансын, унуттунбу?

— Аа, кечирип койчу, мен кээде ушундай унутчаакмын… Сенин атын Сулуу экенин мен да билем…

Сен ошондо кулуп жибердин, ушунчалык чын дилинден кулдун…мен сенден козумду албай карап турдум.

— Менин атым Сулуу эмес, мен Айсулуумун.

-Мына, таптымбы? «Ай» ды алып койсо «Сулуу» болуп калатта..

Экообуз бир топ суйлошуп турдук, анан ар ким озунун мектебинин кийине турган жерине кеттик. Мен Айсулуу экенинди сени коргон биринчи куну эле билип алгам, бирок озун айтсын деп абдан ошол кунду кутчум эле, мына…бугун ошол кун келди…мен бугунку койгон максатыма жеттим, деп озумду мактап койдум, эми сынак, сынакка даярдык коруш керек…

Ошол сынактан кийин сени уйуно жеткирейин десем, сен апан, синдилерин менен экенсин, мен алыстан кана силердин артынардан басып уйунорго чейин узаттым.

Досум экообуз гитара чертип отуруп, бир ой келди мага…Мен кат жазып, досумдан берип жибере турган болдум. Ал катты мен уч кун жаздым окшойт…мен орус класста окугандан кыргызча суйлой да алчы эмесмин, кат жазыш мага абдан кыйынга келди..болду- болбоду деп, мен катымды орусча жазып досумдан жонотуп жибердим, эки барак толтуруп, озум жазган ыр саптары менен коштоп, кооздоп, гул кошуп берип жибердим. Мен жообун шарт эле ошол куну алып келет десем…жок андай болбоду…бир жума куттум, анан чыдабастан досумду кайра суранып, сенин уйуно жибердим. Келди досум…колунда бир барак…ал барактын ичинде…бир эле сап: « Мен сени менен дискотекага барганга макулмун». Мен окуп алып, абдан суйунгонумдон, баракты кармап алып секире берипмин, анан досум экообуз копко каткырдык, бир убакта эсиме келип, досумдан качан барабыз, ал айттыбы десем, мен сурабадым дейт. Кайрадан кулдук бир топко. Эми качан бараарыбызды сураш учун, кайрадан кат, кайрадан бир жума жооп кутмой…ошондо мен баарына макул болчум…Мен сени менен дискотекага качан бараарыбыздын жообун алганча, сен 16 жашка толдун, мен 17 жашка карадым. Толук 8 ай кат жазмай, жооп кутмой….Кийин дискотекага да бардык, киного барганга да убакыт таап жаттык, мектепте акыркы жыл..сен жалан бешке тапшырып экзамендерине суйунуп жатсан, мен экзамендеримен 3 алып сенин кубанычынды тен болушуп жанында журдум. Сен мени экзаменге даярдап бекер эле убактынды коротуп журдун…ал жон эле шылтоо эле, кундо сенин жанында, сенин суйлогонунду угуп, сени менен кошо каткыруу мен учун чон ырахат эле.Ошондо сен менин жаныма жакыныраак келгенинде абдан жытынды искегим келчу, кучактап алып, эч жанымдан чыгаргым келчи эмес. Эсиндеби…мектеп менен коштошуу …анан бутуруучулор кечеси болуп..ошол куну мен сени биринчи жолу жузундон суйдум эле…Ошондогу суйунуч, калтыроо сезими менен курчалган алигиче менин эсимде…Балалык менен коштошкон кун эле…алдыда коптогон пландар..жашоодогу сынак…баары алдыда эле.

Мына…ошодон бери кыйла убакыт отту..экообуз окууну да бутурдук, уйлондук…бала остурдук…кыйынчылыкт

ы, суйунучту…баарын тен болуштук… Убакыт учкан канатту сымал зымырап ушул тапка алып келди бизди…

Эсиндеби…дискотека

дан сага бир жигит тийишип, сени ыйлатып койгону…мен сени дискотекага киргизип коюп…озум сыртынан карап журчу элемго…сен бийлегенди жакшы корчун, а мен дискотеканы абдан жаман корчумун…бирок дайыма сенин жанына досторумдун бироосун жансактагыч кылып койчумун… Бир убакта досум чуркап келди..Айсулууну «послеармейский» бир бала ыйлатып койду деп, биз анда 10 класста окучу элек, мектепти бутоорубузго 3 айдай калса керек. Мен тиги баланы чакыртып алып, анан паркта тун бир убакка чейин келтектешмек болду эле…балдар эки жаат болуп болунушуп… «послеармейские» анан «до»…мурда ушинтип айтышчу эле. Армияда кызмат отоп келгендердин баары озулорун укмуш «герой» сезишчу. Эртеси чон стадиондо кайра эле ошолор менен жолугушуу болуп, 200 дон ашык бала мени колдошуп, чон уруш болду эле. Шаарыбызды дунгуроткон уруш болгон, «эжекенин кызын таарынтып коюшуптур, мышык козду ыйлатып коюшуптур», деп мектеп буткучо соз журуп турду. Сени мышык коз дешип биздин мектептин балдары айтышчу эле…сенин коздорун карангыда жылтырап турчу…ошодон улам, ошол ат сага жабышты да калды. Канча балдар менен мушташтым, кайра достоштум сенин талабынды талашып…кандай бактылуу кундор эстесем… Бутуруучулор кечесинде сени дискотекада ыйлаткан бала ала качам деп, ал учун канча сар-санаа болдум. Мен ошондо сезгендей досторумду кайтартып, баардык нерсеге даяр болгула дегем, анткени сени андыгандар коп болду…сенин жанында кулуп жургонум менен, оюмдун баары эшикте болуп жатты ошондо, улам досумдун бироо келет, «тигилер топтолуп жатат», «булар топтолуп жатат», дешип. Бирок биздин «тактикабыз» жакшы болуп, бекем болуп…сени эч кимге алдырткан жокбуз…Корсо. ..мунун баары буйрук экен, мен сени биринчи коргонумдо эле, Кудайым сени мага, мени сага буйруптур.

Эми…сени издеп, сагынып келем..каяктасын, жан эркем, каяктасын? Сенин кай тарапта экенинди билбей, сенин таарынычынды кантип жазаарымды билбей санааркап турам…сагынычым менин жазган каттарымда ..дептердин саргайган барактарында калды… сенин кадыр-баркынды мен билбедим.Кусалуу жаз кундордун бир кунундо…..качанкы бир жоготкон кундорумду кайра келип калабы деп шугур кылып журом.. Айсулуум менин каралдым…жанымдын эркеси, жан биргем менин, жаншириним…. келчи мага….кутом сени…асылым..

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE