Мен апамды сагындым 5 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=8249&preview=true Кызыктуу окуялар.

» МЕН АПАМДЫ САГЫНДЫМ»
#### 5-БӨЛҮМ####
Таң шооласын чачып,жерге нур төгүлүп таң атты.Түндөсү азыраак жамгыр себелегендиктен,Тамара сарайдын жамгыр тийбеген жеринде бүрүшүп жаткан.Турууга алы жок,таяк жегенине түнкү суук кошулуп,кызды чыйрыктырып денесин ыссык тап каптап кыйнап чыккан.Ушулардын көзүнө көрүнбөй эле коёюнчу дегендей,үйдөн дабыш чыгып баштаганда сарайдын бурчуна тыгыла жашынды.
—Апа биз тойдук,канча айтыш керек сизге.Биз могул бир бутчан менен жашабайбыз.Кече күнү бул арам сарайды өрттөп салды,үйдү өрттөмөк экен биз көрүп калдык.
Бул үйдү апам алган дейт тим эле.
Айттым анан энең өлгөндө көмдүк,сени үч жылдан бери багып келетабыз деп.Жок кылчы апа.
—Ай башымды оорутпагылачы,баарыбыз көчөдөн келгенде тамак жасалып,үй жыйналып турсун деп жатам мен.Кана Тамара?
—Ал тиги кече өрт чыгаргандан кийин мен экинчи антпесин деп,тигил жака олтургузуп койгом.
—Ай акмак түндө жүрөгү түшүп калдыго.Чеч алып кир үйгө.
—Апа,бир күн олтурбайбы дагы жок дегенде.Жазасын алсын.
Жерге сулк жаткандыктан таежесинин баскан дабышы,дөө басып кележаткандай туюлуп турду.Олтурайын десе дарманы жетпейт.Ал күчтөн тайып,суусаганы качан.Анара аз болсо дагы апасына окшошуп кетчү келбети.Көзүн акырын ачты эле,бозомук болуп таежеси көзүнө апасындай көрүнүп кетти.
—Апа,апаке мага келдиңби?Жаным апам мен сизди сагынып жаткам.Мен кетем маакулмун кетем.Сенсиз жашоодо жашагым келбей калды.Колун болгон күчүн салып таежеси тарапка бурду эле,колун сындыра салчудай чаап калды.
—Өлүгүңдү көрөйүн арам десе.Ушинтсем коркуп калат деп жатасыңбы ыя?Апаңдын арбагы сени уруп кетсе экен.Тур өлүмүш болбой,бүгүн кечке чейин паластын баарын жууп койгула.
—Апа неме тиги кечечи Тамаранын бутун капыстан сындырып алды.
—Киим?
—Өзү апа өзү.Чынында Жамал жини келгенде токтоно албай,мештин темирине бир чаап ортосунан бөлүп салган.
—Жаңысын алып берсин дегениң да ээ бул куу десе.Өзүң кылдыңбы эми жүрө бер бир буттап.Мен кеттим кечинде келгенде жумуштар аткарылып калсын.
Кыйкырыктан улам көчөдө кетип бараткан практикага келген жаш кыз,Анаранын үйүнө кирип келди.
—Саламатсызбы,эже баары жакшыбы?
—Жакшы айланайын,сен ким элең?
—Мен Мыскал Төрөбековна,ушул айылга практикага келдим.Балким жардам керекпи деп эле.
—Аа жок биз жөн эле балдарым менен олтурабыз,кыжылдашып өзүнчө бала да эми.
Жамал акырын жылып бурчтагы Тамаранын үстүнө чүпүрөк капты жапканы жетишти.Тамаранын кулагына угулган назик үн,үмүт шооласын чачкандай сүйүнүп кетип»жардаам»-деп араң чыккан үнү менен шыбырады.
—Акырын,ким бул?Бирөө жардамга чакырып жатабы эже?
—Ай кызым жолуңдан калбачы,кайдагы бир акылдан азгандарды мектепке мугалим кылмакчы.Бар эми чыгып кет.
Капты түртүп ачып,жаткан Тамара ордунан акырын башын көтөрдү.
Тамараны көрүп калган мугалим дароо жанына жетип үстүн ача койду эле өзү чочуп кетти.
Кийимдери тытык,бети көк-ала анан бир бутчан кабыргасы саналган кызды карап ыйлап жиберди.
—Атың ким,алтыным айтчы жакшысыңбы?
Ким сени мынтти?
Эже бул сиздин кызыңызбы?
—Ооба,менин кызым эмне болду?Кантип тарбиялашты өзүм билем.
—Эже кантип уялбайсыз тырнактай буту жок кызды,иттей байлап сабагандан.Байкушта эмне күнөө?
—Сен эмнени түшүнөсүң мурдуңду таза арчып алып анан сүйлө.Өзүмдүн кызым өзүм билем эмне кылышты.Өзүн өлүрүүгө аракет кылды эле,айласыз ушинттик.Сарайга өзүн уруп сабап алыптыр.Мен да азыр көрүп буларды карабайсыңарбы деп урушуп жаткам.
—Мен арызданам,бүгүндөн калбай кызды алып кетем.Сиздей энени энелик укуктан ажыратып,түрмөгө камаш керек.Мен муну мындай калтырбайм уктуңузбу.
Тамаранын бутунан чынжырды чечип,көтөрүп керебетке жылдырды.Кыздын ыссык табы Мыскалдын жүрөгүн ээритип түшкөндөй болду.Бекем кучактап,колунан чыгарса эле жоготуп алчудай кыздын оозуна суу тамчылатты.Оозу суусагандан катып калган,суу тамчылаганда сугуна шимирип алды.
Ээх кудай ушундай балдарды кор кылып коюп,кантип чыдап олтурасың?
—Эгер кызга мен келгенче бир ооз сүйлөчү болсоңор мен силерди жөн койбойм уктуңарбы?
Бутундагы шыпылдаган шиш такасын такылдата эшике чыгып кетти.Мыскал мектепке барып алып оюнан кыз кетпей койду.Суранып кетейин десе бүгүн биринчи иш күнү,жай иштей берейин десе ою онго бөлүнүп чыдабай калды.
Акыры мектептин директоруна баш бакты.
—Саламатсызбы, агай..
—Саламатчылык,аа Мыскал келегой.Кана биздин мектеп жактыбы?Албетте Бишкектин мектебине жетпейт дечи бирок,райондун мыкты мектеби.Иш күн кандай өтүп жатат?
—Баары жакшы агай,мен бир нерсе сурайын дедим эле.Мен жашаган көчөнүн башында дарбазасы жашыл үйдө бирөөлөр турат экен.Ошолор кимдер?
—Ооба билем ал жерде Анара жашайт.Үч баласы анан бир жеени менен жашайт эмне эле?
—Буту жок кичинекей кызды көрдүм,ал ким?
—Ошол жеени,байкуш кыздын багы жок экен.Наристе кезинде эле бешиги ток печкага кулап,аны баласы тургуза албай бешик күйүп кыздын бир бутун алып кеткен.Дагы жакшы апасы акчалуу болчу жанын аман алып калды.
—Апасы азыр кайда?
—Кенже мыкты адам болчу,кызын майып кылып алганын көтөрө албай ичип анан кышында сыртта калып каза болуп калган.
Алар көчүп келген жылы ушул кызы жаңы төрөлгөн эле.
—Таежесинин колунда калса айыл өкмөт текшерип турабы?
—Жок кайдан,аларга эмне жетишпейт.Анара ошол сиңдисинен калган ишти улантып келет.Тууганы турса эмне кылышмак эле аралашып.
—Мен бүгун өтүп баратып кирдим ошол үйгө.
—Эмнеге кирдиң Мыскал.
—‘Баланын ыйы угулду.Кирсем сарайда итти байлаган чынжыр менен байланып жатыптыр.Көптөн бери байланып турса керек араң эле жаны бар.Каттуу сабалыптыр,жардам бериш керек.
Канчада ошол кыз?
—Билбейм көчүп келгенде жаңы төрөлгөн,анан беш жылдан кийин Кенже каза болду,андан бери үч-төрт жыл өтүп калды.
—Эмне мектепке киргизбесе деле унчукпай жүрөсүңөр?
—Ай кыз күлүп койсо башка чыгып мени башкаргың барбы?
—Жок мен болгонун айтып жатам.
—Мыскал алдыгы кичинекей башыңа чооң маселе үйбөй барып ишиңди кылчы.
—Агай ал кызга жардам бериш керек.Ал жерде өлүп калат.Мектепке алыш керек.
—Сен муну кандай элестетесиң?Бир буту менен кантип окуйт?
—Агай буту менен окубайт,акыл-эси жайында болсо баардык балдардай эле окуйт.
—Мыскал кайра келген жериңе жаман мүнөздөмө менен кайткың келип жатабы?
—Агай эмне кылсаңар өзүңөр билесиңер бирок,мен ал кызга кайдыгер карабайм.
Айыл өкмөткө барам.
Мыскал иштен чыгып айыл өкмөткө барып кайрылды.Арызын унчукпай алып жөнөткөнү менен Анара келип акча кыстаргандан кийин ал «Арыз»жаман чакага кетти.
Тамараны көрүүгө күндө барып кире албай кетет.Директор баш болуп окуучуларга чейин Мыскалды жаман көзу менен карашат.Бир жума жүрүп Тамарага айыл тургундары,өкмөт жардам бербейт экенин түшүнгөн соң,Ошко жөнөдү.Районага барып даттанып Анаранын үйүнө комиссия,милиция алып келди.
Мыскал үйгө кирип Тамараны тааныбай калды.Жаңы сатып алынган кийим кийип,керебетке жаңы жуурканга жаткырып дасторконго толтура тамак-аш коюп коюптур.
—Булар алдап жатат,денесин карагыла көк-ала бүт.
Анара кийимин чечтирип карайт деп ойлогон эмес.Кызым укташ керек деп бөлмөдөн баардыгын кууп чыгууга аракет кылып жатты.
Милиция Анараны ары жылдырып Тамараны текшерип жатты.Таяк жегенде денеси кара-көк болуп кеткендиктен бир жума арадан өтсө да кетпептир.Тамараны комиссия алып чыгып,унаасына салып кетти.
—Ыраазысыңбы мастан?Балдар үйүндө эмне жыргайт дейсиңби эми.
Сиңдимден калган жалгыз жакынымдан айрыдың,мен сени жөн койбойм уктуңбу..
—Биринчиден сенин колуңда өлгөнчө,балдар үйүндө эптеп жашаганы жакшы.Экинчиден мен Тамараны мүмкүнчүлугү чектелген балдар окуган мектепке түшүүсүнө болгон күчүмдү салам.Дайым жанында болуп кабар алып турам.Сени болсо түрмө күтөт уктуңбу.Өйдө жака чейин жетип,Айыл өкмөттү,мектепти текшерүү басып көбү кызмат ордунан кетти.Анараны болсо соттоп,баланы кордогону үчүн эки жылга эркинен ажыратты.Өзү болгон күчүн салып чоңойткон цехин сатып акча берип түрмөгө олтурган жок.
Бирок жашоого шарты жок калды.Көптөн бери артынан жүргөн кишиге турмушка чыгып алды.Кара кыздын агынан эмес багынан демекчи,Анаранын күйөөсү койдон жоош,үйдө эле болуп мал көбөйтүп,байлап сатып Анараны үч баласы менен багып жатты.Мыскал болсо практикасын башка мектептен улантмай болуп которулуп кетти.
Тамараны толугу менен даарылап бүтүп,өзүнө чак протез жасап беришти.Тамаранын иши өйдө жака чейин жеткендиктен,мүмкүнчүлугү чектелген балдар окуган гимназияга окууга алышты.Тамара күндө таежесинин эмне болгонун Мыскалдан сурап айласын кетирет.Кайран кыз канча кордук көрсө да баарыбир боор тартып кетет.Мыскал өзүнө сиңди тапкандай,бошосо эле Тамарага жетип келет.Жакын бирок жаман туугандарын жоготкону менен эже таап алды.Тамара бат эле окууну үйрөнүп,жаңы жашоого көнүп баратты.

Уландысы бар.

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️