Пример HTML-страницы

МАҢКУРТ (1 бөлүм)

https://kyrgyzcha.site/?p=53505&preview=true Кызыктуу окуялар.

МАҢКУРТ

1 бөлүм

«Эне – Ата Мекендин башталышы, эне — бул эне тил, эне — бул эмчек сүт менен бирге жаралган абийир» деп жазат  улуу ойчул философ Чыңгыз Айтматов.

 

Тээ илгери ээн талаа эрме чолдө бир Кыпчак жигит маңкурт болуп жүрсө

Биздин күндө акыл ээсин жоготуп,

Кыргыз келин энеден туума жылаңач болуп бейит аралап чүркап жүрдү.

Анда эмесе сөз башынан болсун.

 

Керим керилген жигит болуп ,кыздардын көзүн суктандырды.

Атасынын көп маалы айыл жигитин акылынан адаштырды.

Шаардагы окууга өтөлбай ,атасынын окууга салган акчасын бүт арак ичип жок кылды.

Эми айылга кайсы бети менен барат.

Үйлөн жалгыз уулубузсуң деген сөзүн эш тутуп үйүнө кирип барды.

 

—  Апа ,Ата  ассолум алейкум !!!!

 

-Аа Керим Кел балам кел,Сен келгенче сенин кабарың бизге ,элге жетти.

А түгүл шаардан келген милициялар апаңын көз жашын көлдөтүп кетишти.

Мындан ары шаарга түшсөң камаласын.Бизге жаман күнүңү көргөзө көрбө.

Апаңды аясаң балам

— деп жалбарып жатты,атасы Эргешбай.

 

—  Апа сизге эмне болду ????

Ройондук оору канага баралыбы ,кан басымыңыз көтөрүл кетиптир го!!

Чынар эже баласынын

акыбалын көрүп,арак сиңип калган жытын жыттап сүйлөгөнгө акыбалы келбеди.

Эмне деп сүйлөйт.

Эл карап көтөрүп жүргөн башы жер карап айылда басалбай калды.

Туугандар кеңешип Чынарбайдын бойго жеткен кызы  Алиманы аялдыкка алып бермей болушту.

Алима сыңга бойлуу сулуу кыз.

Акылдуу быйыл мектепти бүтүрсө доктур окуусуна тапшырам деп жүргөн.

Бирок….. андай болбоду.

Айылдын аксакалдары чогулушуп келип кеп салышты.

 

— Чынарбай сен элибиздин барктуу ак сакалысың ,сый урмат сага жарашат.

Балдарың  да тың чыкты.

— деп сөздү алыстан баштады айыл акими.

— Кемпириңда килем согуп айылыбыздын алыска тааныты ,

Кыздарың айылдын көркү го….

Алима чай койуп энесине күйпөлөктөшүп жүрөт.

Алиманын жоон эки өрүм узун чачы,аппак жүзү ,кирпиктери жащагыңы келтирет.

Кыргызда ушундай сулуу кыздар көп .

—Эргешбайдын уулу Керимди тааныйсында ,ошого сенин кызың Алиманын колун сурап келдик…

деген аким сөзүн бүтөлек эле.

Чынарбай ордунан ыргып турду .

—Керимдин атагы жер өрттөдүго,ким тааныбайт акмакты??

Кызымды бербейм ,чыгып кеткиле !!!..

Деп чычалай баштады.

Токсон жаштагы карыя

— Тээк мырзам,жиниңи мага бер .

Керим Эргешбайдын эле уулу эмес,Ала тоонун,Кыргыздын уулу,

Акылына

акыл кошсун,адам болсун, деп сенин кызыңа келип атабыз.

Кызыңын сулуугу,төрөлгөн баласы Керимдеги ата сезимин ойготуп жакшы жакка өзгөрүлөбү дегенибиз.

Жаштыгын мастыгын кечир балабыздын …

-деп айыл аксакалдары кетчүүдөй эмес.Акыры той күнү белгиленди.

Той күнү биринчи майга белгиленди.

Алима атасына ,апасына эч теке айталбады.

Апасын аяды ,балдарым  деп жүрүп килем согуп ,жүн тытып,оймо салып жүргөн апасын бир көзү көрбөй калган.

Той Той Той

Деп ай ааламга жар салынды,Эргешбайдын мансабы коңшу райондордун атка минеерлерин,ырчыларын,төкмө дастанчыларын ,улакчыларын чыкырды.

Тойдо элден бөлүнгөн Керимге 100 грамм арак жетпей турду.

Той бүтүп ,тойдун эртеси да болду.

Керим бир ише бөтөлкөнү так көтөрө ичип ,досторуна чыгып кетти.

Достору да куйуп  бериштиби же Айсалкындын камогунан ичип келдиби айтор босогодо кулап жатты.

 

-КЕРИМ !!! Оо катыгүн күн

-деп боздогон эне келинин чыкырып экөөлөп үйгө сүдүрөп  киришти.

Эргешбай келгенче эне баласынын жанынан чыкпады.

Эне да ааа.

Мындай окшош күндөр ,келиндин көзүн далай жолу көгөртүп,далай жолу көзүнөн жаш агызды.

Эки уулду болгон Керим энесин жеп тынды.

Эми шылтоо болуп, Керим Айсалкындын камогунан айланчыктап чыкпады.

ЭМИ бөжөңдөгөн эки кичинекей бала ,көзүнүн нуру өчкөн Алима  сайдагы жаткан күйөөсүн сүйрөп келип жүрүштү.

Эргешбай айылга трактор керек деп уүлуна  трактор алып берди.

Айдочулук күбөлүгүн шаардан сатып берди.

Бирок Керимге атасы да аялы да балдары да трактору да көрүнбөй

Өзүнөн он жаш чоң Айсалкынды сүйүп калды.

Айсалкынды алам деп ,Алиманы жүк тагы менен Чынарбайдын үйүнө көчүрүп келип койду.

Керим эми бактыма жеттим деп,Айсалкын менен жашай баштады.

Экөө күнү түнү ичишип ,үйдүн ичи качаан эле сасып адам чыдагыс болуп калды.

Айсалкын арагын,камогун Керимдин үйүнө көчүрүп келди .

Мына жашоосу эми өзүнө келе баштаганда ,акчасы түгөндү .

Атасы бербей акчасын а түгүл камчы менен башына тартып жиберди.

Соо боло түшкөн Керим арданып тракторун айдап чоң жолго чыгып,

айдап баратып уктап кетти.

Бир топ кулап барып токтоп калды.

Элдер ызуу чуу салып ,чала өлүк ,эстен танган Керимди тез арада борбордогу оору канага алып жөнөштү.

Себеби айылдын оору канасында мындай оор операцияны жасай албайт эле.

Атасы өзүн гана күнөөлөп, сар санаага батты.Өмүрү катуу сүйлөбөгөн баласына биринчи жолу камчы көтөрүшү эле.Жалгыз эрке баласынын тарбиясы жок болуп калганына,эми тарбиялашка алда качан кеч болгонуна түшүнүп баратты.

Көзүнөн

Операция тогуз саата бүттү .

Баш мээсин ачып ,тазалап ,тигип.

Колу,бутун гипске салып коюшту.

Үч күндөн ашса да көзүн ачпаган Керимди

эми адам болбойт деп,даярдана бергиле деп ,врачтар Эргешбайга айтышты.

Эргешбай айлына келип эле Чынарбайдын үйүнө келип,Чынарбайдын бутуна чогөлөп кечирип сурап,Керим өлсө кошок кошкон эчким жок деп кайра Алиманы көчүрүп келди.

Үйдөгү чайнектен бери уурдап алган Айсалкын көчүп кетиптир.

Эми Керимдин сөөгү кележатат экен дегенди уккан Айсалкын башка жигиттин башын айландарып жатты.

А бирок Керим көзүн ачты.

Адам чыдагыс ооруга чыдай албай айбанча боздой баштады.

Рас болду деп табасы канган коңшулар,тааныштар сурап келбеди.

Эки баласын ээрчитип Алима келди.

Сүйлөшүп отурушту Алима эми адам болот деген үмүтү үзүлбөдү.

 

— Керим боюмда бар экен ,сүйүнчү эгиз экен экөөтең эркек.. деди Алима.

Керим башын ийкеп койду.

Эми оңолсом ичпейм деп сөз берип жатты,өзүнө өзү.

 

Больницадан Керимди насилькада алып келишти.

Керим Айсалкынды көргүсү келип турду.

Кашыктап тамак ичип ,кароонун негизинде 6 айда балдак менен басып калды .

Эгиз уулдарын эркелетип ,адам кейпин кийе баштады.

Бирок Айсалкынга барып ,сен үчүн балдарымы,атамы кечтим эле,сен башкага тийип алыпсын дегиси келип жүрдү.

Бир күнү баарибир Айсалкынга келди.

Айсалкын арагым өтсүн деп,алдап дагыделе сүйөөрүн айтып бир ише арак ичирип койду.

Сыздап ооруган бутун сезбей калды.

Дагы мас болгон Керимди эки уулу атка жүктөшүп үйгө алып келди.

Иштин чоо жайын түшүнгон Ата Айсалкынды сабап салды.

Күндөр өтүп мурдагы алынан Керим тайып оорунун азабынан кабагы ачылбады.

Эми соо болсо деле Алиманы чачтан сүйрөп башына уруп токмоктоп жатты.

Алиманын тили он карыш ажаан катынга айланды.

Каргап шилеп жүрүп тамагын берет.

Алима боюна дагы бүтүп ,бир кыз төрөп алайын деп чечти.

Дагы уул төрөдү.

Эми беш уул болду

Эргешбай ооруп оңолоалбай койду.

Алкаш уулуна ишенбей малдын баарын сатып төрт небересинин документтерин алып,борбордогу Түрк лицейине,контрагын алдын ала төлөп сүйлөшүп койду.

Керим муну угуп,атасын ур тепкиге алып,арыкка сүйрөп алып барып таштап койду.Бир убакта айыл сыйлаган,абройлуу Эргешбай канынан жаралган баласын,сенда мендей болуп арыкта жатып өл деп акыркы деми чыкканга чейин каргап жатты.

Эргешбайды жерге берип отуруп калышты.

Алиманын алтынчы уулу төрөлдү,

 

Бир күнү Алима бузулган тракторун оңдоп аткан Керимдин жанына келип ,

-Балдарын түрк лицейге өткөзүп келейин …-деди.

-Энеңди сенин урайын,сеники өттү.Акчаны мен чыгартып алам.Менин акчам,алжыган абышка кайдагыны баштап.

Керим акчаны алам деп көп жолу барган лицейге,бербей койгонда.Лицейдин түрк директору Эргешбай менен болгон келишимди көргөзүп,законго таянып,акчаны бербей койгон.Оозунан ак ит карип кара ит чыккан Керим түрк директорду ур токмокко алып,ашатып сөгүп,чыгып кеткен.Ошолорду эстеп,

жини менен ,болгон күчү менен Алиманы трактордун ключу менен башка чапты.Алима колундагы баласын кармай албай,башы айланып,көзү караңгылашып,бир туңгуюкка түшүп баратты.

Жерге шалк деп,кулап түшкөн Алима Керимдин жүрөгүнүн үшүн алды.Өлүп калды окшойт деп түртүп да койду.Чыркырап жерде жаткан кенже уулун,колуна алып,үйүн көздөй жөнөдү.

Алиманын башынан ылдый аккан кызыл кан бул дүйнөнүн жалган экенин даңазалап турду.

Эмчектеги баласы басылбай ыйлаган Керим чоң уулун тайтасына жөнөттү.

-Таятаңа апам өзү жыгылып калды деп айт ,деди.

Тез эле ызы чуу түшүп,Алиманы Керим өлтүрүп койду деген сөз айылга тез эле тарады.

Кокуйлап чуркап келген

Таятасы мынтыгын алып келиип Керимге такады

—Ой эмне кылдың кызымды?….

Өлтүрө чаптыңбы?

Ит аткандай атып салайынбы?

-Ата,ата…өзү ,өзү

-аталаба мени, деп калтыраган колдору мынтыкты кезеп турду.

Чоң уулу

— апам өзү жыгылды

деген сөзүнөн Чынарбай кайра кайтты.

Ооруканада эс учтан танып,

Алима башынан операция болуп оор акыбалда жатты.

Кайра кайра башынан суу алдыра берип эчкимди тааныбай атты.

Сүлайып кечке жаткан,акылынан танган Алима үйүн эстеди.

Бирок балдарын,өзүнүн ким экенин эстей албай койду.

Алиманын атасы да апасыда бир жылда өтүштү,кызынын күйүтүнөнбү билбейм.

Алима ооруканадан үч айдан ашык жатып,эч майнап чыкпай жиндиканага которулду.

Алима бир жыл жинди канада жатты ,себеби Алима такыр оңоло албай койду.

Балдарын да тааныбайт ,Керимдин келтегин деле сезбейт.

Алиманы үйүнө чыгарып келгенден бери уйку жок,себеби Алима түнү менен карышкырча уулуп жылаңач болуп алып үйдөн кача баштады.Мүрзөнү аралап бирде адамча бирде айбанча уулуган Алима элдин үрөйүн учурду.

Балдарынын чоңураактары апасын эрте менен таап келишип,терезеси жок сарайга камап койушат.Балдары намыстанганы менен Керимге баарибир болчу акыркы күндөрү Алиманы бир айда бир үйүнө алып келишип,жуундуруп тамак берип коюшат.

Керим чуркап жүрүп 6 баласына пособия чыгарып алды.

Төрт баласын Түрк лицейиние өткөзүп берди.

Өзү көчөдө ,тиши жок ,кебетеси жиркеничтүү Айсалкынын алып келип алды.

Бири жинди бири алкаш айалдары менен жашап атты.Адамдык касиеттен кайткан

Айсалкын Алиманы башка көзгө чапкылап үйгө киргизбейт.

Алима айылда каткырып күлүп ,карышкырча уулуп жүрө берет.

Бирок, Керимдин үйүнүн дарбазасын эстеп келеберет.

Балдарына келсе керек байкуш энеда,ким билет.

Айыл аксакалдары чогулушуп Алиманы төрт жылга жинди канага сүйлөшүп,жаткызып келишет.

Эки кичинекей баласын Алиманын эжеси багып алды.

Балдардын пенсиясын алып эчтекеден кем болбой Керим менен Айсалкын жыргап жашап калышты.

Төрт жылда Алиманын чоң уулу мектепти бүтүп турцияга иштегени кетти.

Алима кайра айылга келди.

Төрт жылда сакаймак турсун кайра андан бетер акылынан адашты.

Кайра баягы көрүнүш ,Алима кайра эле Керимдин үйүнө бараберет .

Кайра үңүлдөп ыйлап бейитти аралап качып жүрдү.

Айыл мындай көрүнүшкө көнүштү.

Жарым жылаңач Алиманы көрүстөндөн тутуп келип чоң уулу үйгө алып келди.

Алима тааныбады.Чоң уулу тың чыгып Апасын турцияга лечение алып кетти.

Бирок 39 жаштагы келин,20 жылдын ичинде недеген кордукту көрбөдү.

Түрция да жардам берелбады.

Айылга апасына карай турган адам жалдап ,үй салып берип коюп өзү кайра турция кетти.

Апасынан үмүтү үзүлбөгөн уулу эми Израильге алып барууну чечти.

 

А Алима баягы бойдон эле Керимдин үйүнө качып барып,каткырып күлүп бейит аралап чуркап жүрдү.Атайын уулу жалдаган,

Алиманы караган киши тутуп келип,үйгө алып келип курсагын тойгозуп ,суукта тоңуп өлбөсүн деп керебетине байлап коет.Темир чынжыр колдон,буттан алып тозокто жашаган Алиманын оорусү күчөдү.

 

 

Ошондоой тугандар….

Бир кем дүйнө деген ушу болот.

Бирөөгө бала бербесе ,зөөкургө алты уулду

берет

Бирөөгө ден соолук бербесе,зөөкүр адам өлтүргүчтөр сайраңдап жашап жүрөт.

 

Илгери,бир таалайына таарынган бир көр пенде бул жалган дүйнөдөн чындыкты,акыйкаттыкты издеп узаак жолго чыккан экен.

Аска тоолорду ашып,эрме чөлдү,аккан сууларды,токойлорду кыдырып таппай койгон экен.

Ошондо бир көөп жашаган адам .

-Чындык жердин жети түбүндө жашайт ,деп жолун көргөзүп берген экен.

Көр пенде чындыкты таптым деп сүйүнүп,элдин баарына айтып барам чындык бар экен бул дүйнөдө деп,кудуңдап алат.

А бирок Чындык дегени 300 жыл жер алдында жашаган түрү суук,жезмогуз кемпир экен.

Бетинин бырышканы,жагымсыз жыты арыык денеси көр пендени таң калтыбай койбойт.

Күн көрбөгөн,түрү суук чындык эч кимге жакмак эмес.

Ошондо көр пенде

-Чындык сени мен издеп,азап тозок менен таптым,мени чындык жок деп маскарлагандарга эми мен эмне деп барам.Ушундай түрүүң суукпу чындык ???

Анда чындык…

—Жердин жети түбүнөн чындыкты таптым өтө сулуу,жагымдуу суйкайган сулуу периште экен деп, бар, деген экен…

Уландысы бар.

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE