Коштошо албайм  14 болум (АЯГЫ)

https://kyrgyzcha.site/?p=67901&preview=true Кызыктуу окуялар.

Коштошо албайм

 

14 болум

– Апа, мен катуу айтып койдумбу, кечириңиз апа, мына балаңыз, – Мээрим күлүп балтыр бешик баланы Анаранын колуна алып келип берди, – Кечир апа.

– Кечирим сурай бербе балам, – деп Анара жарк-жарк этип күлүп жаткан наристени көрүп эми элеги ачуусу тарап Урматты эркелетип эбедейи эзилип жатты, – Көлөкөм го менин, кичинекей эрмегим го ушул, күлгөнүңдөн кагылайыным десе.

– Апамды кара, – Токон күлүмсүрөй Мээримге апасын көрсөттү, – Небересин эркелетип жыргап калганын көрдүңбү жаным, сен алаксыбай дипломдук ишиңди жаза бересиң туурабы?

– Эмчектен чыкканча кыйналат го? – деп кыйылды Мээрим.

– Антип айтсаң атамдар таарынып калат унчукпа.

– Ма-акул, кеттик анда, – Кабагын бүркөй баласын барып өөп-өөп алды.

– Кетели, – Токон ата-энеси менен коштошуп Мээрим экөө жолго чыгышты, жол бою унчукпай келе жаткан келинчегин улам карап коюп келе берди Токон.

– Мээрим капа болуп калдыңбы?

– Урматты ойлонуп жатам, ыйлабады бекен?

– Апам эле болсо аны ыйлатпайт.

– Билбейм, бирдемем кала бергенсип эле жаман болуп жатам.

– Көнүп кетебиз жаным, бербей баса берсек капа болушмак.

– Ансыз деле апам жаман болуп кетпедиби, өзүм уялдым.

– Бага берсин, акыры биздин балабыз да, – Алар кете беришти, баласын таштап келгенге Гүлнара дагы бир топ оңкулдады, анан көнө баштады. Токон күндө окуусуна кетип кеч келет. Бир күнү телефону шыңгыр эткенинен караса кайненесиники, Токон жаңы эле келип сыртка чыккан:

– Алоо, апа кандай жатасыздар? – дегиче ары жактан баласынын үнү угулуп калды, ыйлап жатыптыр, ыйлагысы келип, – Апа Урмат ыйлап жатабы? – деди чыдай албай Мээрим.

– Сагындыңбы балаңды? – деп сырттан Токон кирди, көптө барып:

– Мээрим, балаңдын үнүн уктуңбу? – деди Анара күлүп.

– Ооба, атайын ыйлатып телефондон уксун дедиңизби?

– Ооба, кандай сагынганын билейин дедим да, Токон болсо берчи балам, – деди Анара, телефонду Токонго берди.

– Апа угуп жатам, кандай жатасыңар, атам жакшы эле жүрөбү?

– Токон туулган күнүң менен балам, отуз бир жашка толдуң уулум!

– Апей, мен унутуп калган турбайынбы? – деп Токон күлүп калды, – Рахмат апа.

– Өмүрүң узун, ден-соолугуң таза болуп аман жүр балам, – деди Анара, анан телефонду өчүрдү.

– Кызык, ата-эне байкуштар киши болуп калсаң деле ушинте беришет, туулган күнүмдү ойлогон да эмесмин.

– Бүгүнбү, карасаң экөөбүз тең унутуппуз, – деп Мээрим күйөөсүн эки бетинен өөп, – Куттуктайм, өмүрүң арчадай узун, дөөлөтүң асмандай ачык, бийик болсун, – деп жылмайды, – Кана анда конок чакыралыбы?

– Өзүң бил жаным, чакырбай койсок деле макулмун.

– Андай болбойт алтыным, азыр дароо конок камын көрөбүз, сен дүкөнгө барып келе кал, этканага бар, – деп Мээрим күйөөсүнө баштык, акча берип жөнөттү.

– Туулуп жатсам жумшайсың да.

– Барып келе кал, анан бешикке бөлөйм.

– Болуптур, – деп чыгып кетти Токон, Мээрим кээде бир нерселерди көргөндө мурда бир жерден көргөндөй болуп бирок кайдан көргөнүн билбей калчу, азыр дагы көз алдына жасап жаткан иши менен бир майрам тозгондой белги тартылып кетти: “Кызык, эмнеге минте берет, мен мурда бир дал ушул жашоодо жашагансыйм, баары тааныштай сезиле берет, бул эмнеси”, – деп ойлонуп туруп ишине киришти. Залына дасторкон үстүн толтурду, эки курбусун күйөөсү менен чакырды, анан апасына чалды, аларга дагы Токондун туулган күнүн айтты эле:

– Кызым кечээтен айтып койбойт белеңер? – деди Гүлнара.

– Ой апа, экөөбүз тең унутуп калыптырбыз, апамдар чалып куттуктаганда гана билдик, – деди күлүп, көп өтпөй Токон бир койдун эти менен жашылчаларды, толгон таттууларды жер жемишти алып келди. Тамак асып койгондон кийин экөө конокту күтүп калышты, аздан кийин алгач Баатырбек менен Гүлнара келди, андан кийин курбу достору келип үй ичи бака-шака болуп жатып калды, чынында мындай күндөр унутта калып калчу, бир аз отурган соң Баатырбектер кетип жаштар өздөрү отура берсин дедиби өздөрү калышты. Бака-шака түшүп тосттор айтылып, каалоолор жаады. Көбүнчө булар чогулган жерде илимий сөздөр сүйлөнө турган, ар кимиси өздөрүнүн дипломдук иштери жөнүндө сөзгө өтүп бара жатканда:

– Жолдош мырзалар жана айымдар, – деди Мээрим тамылжый, – Бүгүн бул жерде илимдин иши эмес менин мырзам жөнүндө сөз болушун каалайм.

– Албетте, бүгүн башканы коюп манасты айт дегендей Токон жөнүндө, туулган күн жөнүндө сөз болушу керек, – деди Марина деген Мээримдин курбусу.

– Ырас эле, карасаң бизди дароо эле өз ишибизди айтып кириппиз, – деп Акмарал күлүп калды.

– Кана эмесе, Токондун туулган күнүн куттуктап мен бир ырдап анан силерге таштайм, – деди Элдияр.

– Туура-туура, – деп коштоп калышты, ошентип алар бир убакка чейин отуруп конокторун узаткандан кийин Мээрим:

– Жа-аным, – деди көзү сүзүлө, – Ылайым уулуң экөөбүздүн маңдайыбызда аман жүрө бер, сен менин өбөгүм, жөлөгүмсүң, кыйшайсам жөлөөрүм.

– Сен дагы менин барымсың жаным, эми жаталы ээ?

– Ооба, эс алалы алтыным, – Экөө уктоочу бөлмөгө киришти, ошол түн алар үчүн эстен кеткис түн болду, алар уктаганча таң да атып кетти. Эми уйкуга кирген Мээрим магдырап кайдадыр кетип жатканын сезди, бирок кайда бара жатканын билбейт, зуулдап эле жүрөгү шуулдап кете берди, бир кезде ал өзүн көрдү, ал бир адам менен отурат, алардын жанына келип караса Токон, “Эй бул менмин го”, – десе эч кимиси укпайт, бир кезде өзүнүн туруп бир жакка бара жатканын көрдү, артынан барса ал бир чоң бөлмөгө кирип чоң үстөлгө отурду, андан соң ошол бийик заңгыраган имараттын үстүңкү кабатына кирсе ал жерде Токон отурат, булардын жанында үйүлгөн китептер көп, китептердин бетин ачса эле өзүнүн сүрөтү: “Бул менин китебимби”, – десе деле алар аны көрбөгөндөй болуп өз иштери менен алек, Токонго барса ал өзүнүн сүрөтү бар чо-оң китепти ачып отуруптур: “Токон мени көрүп жатасыңбы?”, – десе унчукпады. Бир кезде кандайдыр дабыш чыгып: “Бул силердин эмгегиңер, түбөлүк ушул китептердин ичинде каласыңар, бул акыркы жашооңор, мурда өз ордуңарды таппай кеткенсиңер”, – деген үн жаңырып басылганда көзүн ачса ордунда эле жатыптыр: “Бул эмнеси, жакшылык болот экен, эмгектерибиз буйруса колдоого алынып дипломдук ишим жакшы кабыл алынат экен, акыркы жашооңор дегеничи, ал эмнеси”, – деп көпкө ойгоо жатты, бирок табышмактуу түшүн эстеп жата берип таң атып кетти, эрте туруп камыр жууруп апасынан көргөндөй жети токоч жасамак болду. Андан кийин кечинде ошол бойдон калган үстөл үстүн жыйыштырды. Ошол убакта Токон туруп келди:

– Оо менин берекелүүм эрте турган го? – Келип Мээримдин бетинен өптү, – Аткан таңың менен күнүм.

– Өзүңдүн дагы.

– Бүгүн дем алышта эс алып жата турбайт белең?

– Жата бербей эрте турган жакшы эмеспи.

– Туура кыласың күнүм.

– Кел сен жуунуп чык, мен токоч жасай коеюн, ачып калды.

– Баары толуп турса токоч жасайсыңбы?

– Ооба, ата арбакка куран окуп коелу.

– Мейли, ата арбакты эскерип турган жакшы эмей, – деп Токон ыраазы боло жуунганы кирди, бир аздан соң экөө чай ичип отуруп куран окушту, анан эс алып отурушту, ошол убакта телефон чырылдады.

– Алоо, апа угуп жатам, – деди Мээрим, ары жактан Гүлнаранын үнү угулду.

– Кызым, Токон экөөңөр келип кеткилечи.

– Жайчылыкпы апа?

– Жөн эле кызым, тез келип кеткиле, – деди да өчүрүп койду.

– Макул, – деп Токонду карады, – Эмне кылабыз жаным?

– Ата-энебиз чакырып жатса баруу керек.

– Кеттик анда, – деп экөө ээрчише үйдөн чыгышты, алар барса Баатырбек дагы үйдө экен, казанда эт кайнап жатат, жаркылдап тозуп алышты, дасторкон четинде көпкө сүйлөшүп отурушту, эт бышып алдыга келди, Гүлнарага Мээрим жардам берип жатты, алар кетмек болгондо Гүлнара.

– Эми жүргүлө биякка, – деди күлүп.

– Апа, биз кетишибиз керек, – Мээрим моюн толгоду.

– Бир-эки мүнөттү алаар көп болсо жүргүлө эми.

– Болуптур эми, – Мээрим Токонду карады, ал унчукпа дегендей баш чайкады, Баатырбек алардын артынан кирди, – Апа, бул бөлмөгө эмнеге кирдик?

– Шашылба, азыр көрөсүң, дегенче эшикти ачып жип унаасы көрүндү, – Бул бизден Токондун туулган күнүнө берген белегибиз, – деди Гүлнара.

– Бул ачкычы, – деди Баатырбек колундагы ачкычты көрсөтө.

– Кечээ шашылыш болуп калды, ошондуктан бүгүн силерди чакырып берүүгө туура келди, – деди Баатырбек күлүп, – Кут болсун балам.

– Ата, жөн койсоң болмок экен, – Токон ыңгайсыздана карады.

– Ата, апа бул болбойт, биз өз эмгегибиз менен табуубуз керек, – Мээрим дагы капаланды, – Бекер убара болупсуңар да.

– Кызым, бул белекти албасаңар бизди бир өмүр таарынтып аласыңар.

– Ооба, албасаңар биз сынып калабыз.

– Ата таарынбагыла, – деп Токон уялып кетти, – Албетте белек деген белек, биз сиздерге ыраазыбыз.

– Мейли эми, айла жок, – деди Мээрим дагы күлүп.

– Кана эмесе күйөө бала, машинага отур, – деди Баатырбек, ошентип алар эки унааны айдап чыгышты, кабат үйдүн алдындагы унаа койчу орунда эми алардын эки унаасы орун алды, Мээрим ата-энесине ичинен ыраазы, бирок бекер оокаттан тажап кетет, өз эмгеги менен тапкысы келет, Токон андан бетер ойлонуп сабактан кийин Мээримге билгизбей унаа жуугуч болуп иштей баштады. Анын иштегенин көргөн бир таанышы унаасын жуудуруп жатып:

– Айдаганың шикарный машина, анан машина жууп иштейсиңби? – деди.

– Оокат кылуу күнөө эмес, ууру кылып кайырчылык кылганча эмгектенип таза акча тапкан жакшы, – деп Токон басып кетти, күндө тапкан акчасын катып жүрө берди, үч айга чукулдап калган, Мээрим лексус менн келип калды, Токон байкабай келе жатканда ал унаадан түшүп келе жаткан, көрө калып ары бурула бергенде:

– Токон! – деди Мээрим, бир азга артын карабай туруп анан бери бурулду, – Сен бул жерде эмне кылып жүрөсүң? – деди жете келип.

– Мээрим…

– Ой сен иштеп жатасыңбы?

– Ооба, иштеш керек Мээрим.

– Жүрү кеттик, – деп болбой койду Мээрим, аргасыз ары жакка токтоткон унаасын айдап Мээримдин артынан жөнөдү.

– Мээрим, сен мени түшүнсөң, иштебесем болбойт го, сен мен түшүнчү.

– Болду Токон, экинчи иштегениңди көрбөйүн, сен окушуң керек.

– Мээрим, – деп Токон анын алдына топтогон акчасын алып келип койду. – дагы бир-эки жыл иштесем канча жыйнап коет элем, контракка, светке, сууга төлөгөнгө ар качан эле атамдардан ала беребизби?

– Сен окушуң керек Токон, эгерде аспирантурага өтүп калсаң өзүм жардам берем, – деп Мээрим такыр уккусу келбеди, анын ата-энесинин өз эсебине салган акчасы бар, керек болгондо ошондон алчу, болбосо өз айлыгы бар.

– Окуп жатам, мен деле түшүнөм, – деп күнөөлүүдөй отурганда телефону чырылдады, – Ало апа, эмне болду? Атамбы? Эмнеси ооруп жатат, болуптур азыр эле чыгабыз, ооба-ооба, – деп телефонду өчүрдү.

– Эмне болду? – Мээрим суроолуу тигилди.

– Атам ооруп калыптыр.

– Жөнөйлү анда, адегенде мен жумушума чалып коеюн, сен окууңа чал, – деп экөө бир унаа менен жолго чыгышты. Күүгүмдө келишсе Кубат эти ысып чабалактап ооруп жатыптыр, Мээрим өзү көрүп тынчтандырчу укол сайды.

– Эмне болду балам, акыбалы кандай? – деди Анара.

– Эчтеке эмес апа, сууктап эле калыптыр, күчтүүлөп тамак бериш керек, мен дары-дармектерди бүт алып берип кетем, – деди Мээрим, Токон урматты көтөрүп ары бери басып жүрөт, Жума анын жанына келди.

– Качан үйлөнөйүн деп жатасың? – деди Токон ага.

– Билбейм, аял алуу оңой эмес го?

– Эмнеге?

– Сүйлөшсөң эле машинаң барбы, кайсыда окуйсуң дешет экен.

– Анан, ошого үйлөнгүң келбей калдыбы?

– Анан эмне кылмак элем, качан иштеп акчалуу болуп машина алып, окууга тапшырсам анан үйлөнөм да, – Булардын сөзүн аларды көздөй келе жаткан Мээрим укту да күлүп калды:

– Сен айылда жүрө бербей шаарга барып иштебейсиңби?

– Иш оңой табыла коймок беле?

– Табылат, чындап издесең табасың.

– Барайынбы жеңе? – деди Жума күлүп.

– Ооба, барып иштесең баары болот.

– Болуптур, сиздер менен кетем, – деди Жума кубанып. Алар эртеси туруп Кубат түзүк болуп калганда кетишти, Жуманын иштеген акчасына мал алып коюшкан, жанына бир аз акча алып Жума алар менен кошо кетти. Аны Токон унаа жуугучка иштетип койду, ичкен жегени, жаткан жери бекер, Лексусту Мээрим ага берди, унаага ээ болгон Жума кубанып жүрдү, бирок тапкан акчасын тегин коротпойт, май куят, калганын катып кечке иштейт, андан тажаганда унааларжы оңдогон мастерскойго кирип алды, мурдагыдан көп таап калды, арадан алты ай өткөндө эс алмак болду, кыш келип жаңы жыл болчу, көчөдө кетип жатып байкабай бир кыз менен сүзүшүп алды, ал башка жакты карап келе жаткан.

– Көзүңдү карабайсыңбы, – деди кыз ачуусу келе.

– Кечирип кой чоң кыз, байкабай калдым, – деп кечирим сурады.

– Түштөн кийин кечирим сурап коет, – деп басып кетти, ал жылаары менен Жума жерде жаткан сотканы көрүп ала коюп кыздын артынан жүгүрдү:

– Чоң кыз, телефонуң түшүн калды, чоң кыз токто! – деп жете келди.

– Эмне керек? – Кыз ачуулана карады.

– Телефон сиздикиби? – Колун…

– Жоголчу! – деп бара жатып сумкасын карап издеп калды да таппай калды окшойт, – Кайдан алдың? – деди орой.

– Жерден.

– Макул, келе бер, – деди да Жуманын колунан жулуп алып басып бара жатып артына бурулду, кыязы ыраазылык билдирмек болсо керек, өзүнөн калбай келе жаткан чоочун жигитти көрүп кайра ары карап кетти.

– Чоң кыз, дагы бир нерсеңиз жокпу? – деди Жума катарлаша калып.

– Жок, баары жайында.

– Анда неге артыңызды карайсыз, буюмуңузду менин көзүмчө толуктап алыңыз, мен кеткенден кийин жаман ойлоп жүрбөй, – деди эле кыз: “Айтса айтпаса төгүнбү”, – дегендей аны бир карап алды да четке чыгып сумкасын караган болду:

– Баары жайында, сизге рахмат, – деди жумшара, бул Алишердин карындашы Зымырат болчу, анын окууга тапшырганына бир жыл болгон, шаарга анча көнө албай жүргөн болчу, окууга өтүп тагасынын үйүндө турат, Алишердин үйүнө барбай койгон, жалгыз жашагандан коркуп ал жерге барбайт.

– Эчтеке эмес, капыстан кагып алдым ушунча ачууланасызбы?

– Ачуу келет да, эмнеге артымдан калбай келе жатасыз?

– Бараар жагыма бара жатам.

– Ушул жакта турасызбы?

– Ооба, чоң кыз таанышып албайлыбы, менин атым Жума, – деп Жума кызга жылмая колун сунду.

– Зымырат, – деди кыз дагы жылмая колун берип.

– Атыңыз жакшы экен.

– Макул мен кеттим, – деп бурула берди, кыз андан жөн эле качкан эле, – Мен бул жакта жашайм.

– Мен дагы ушул жактамын, сөзгө алаксып кетип жатыпмын да, – деп Жума дагы кайрылганда кыз калдастай түштү, – Мени сиз менен көрүп коюшса өлтүрөт, сиз кийин деле барыңызчы үйүңүзгө, – деп жалдырай айтканда Жума:

– Макул-макул чоң кыз, кабатыр боло бербе, эртең деле бара берем, – деди да токтоп калды.

– Эмнеге? – Кыз кайра бурулду, мен жарым саатта кирип кетем, анан сиз үйүңүзгө бара берсеңиз болот.

– Жо-ок, балким азыр дагы көрүп коюшкандыр, сиз бара бериңиз, мен каттым, – деди эле кыз ага таңгалып артына бурулду, улам артын караган сайын калыбынан жазбай тура берди. Зымырат эптеп далдоого барып андан кайра жолго чыкмак, Жума андан кайра чыгаарын сезип тротуарда эки жакты карап турса Зымырат эки жагын карап коюп шыпылдап кетип жатыптыр. Аны чоочутпай элдин шары менен аны акмалап кете берди… Ошентип Жума Зымырат менен сүйлөшүп калды, ал өзү кичи пейил, боорукер кыз эле, экөө бир жылдай сүйлөшүп жүрүп анан үйлөнмөк болушту. Жума бир жылдан ашык убакытта бир топ акча жыйнаган, баарын өзү даярдап коюп кызды жайкы каникулга чыгаары менен алып кетти, киши жиберип жеңетай тоюн алып келип кетишти. Ошол учурда Алишердин буту сынып ооруканада эле, аны Аида карап жаткан, Закир аялы менен, Калмурат, анын улуу баласы болуп беш алтоо кубалап келишти. Кубат менен Анара кубанып куда тозуп бака-шака түшүп үйүндө той болуп жатты, ошентип ал дагы үйлөндү, Токон менен Мээрим дагы жардам берип ошол жерде, Мээримдин экинчиси боюнда бар. Үлпөт той өткөрмөк болуп Жума ата-энесине кеңешип баарын даярдашып бир айдан кийин үйдөн өткөрмөк болду. Аида менен Алишер дагы катыша албады. Касиет менен Насият Кайдулаттардын карындашы эле, алар келди тойго, келини Нуржамал менен Арсенди ээрчитип келген. Нуржамалдын колунда балтыр бешик бала бар, атын Арген коюшкан, өзү дагы ага куюп койгондой окшош дагы, касиет жуунтуп жатып оң далысынын үстүнөн дал Аргендикиндей бармак басым капкара калды көргөн соң кудайга жалынып жети токоч, тогуз токоч өткөрүп өзүнчө эле убара болуп жүрдү: “Тобо айланайын, уулумдун эле өзү, түшүнө бекер кирбептир го, аман-эсен эле болушсунчу”, – деп купуя коркуп жүргөн. Кийин көнүп кетти, кудайга миң мертебе жалынып алат, эми минтип алар тойдо отурушат, жүздөрү жайдары, бул кезде бир гана көз армандуу көз жашын төгүп үйүндө отурду, ал Сейил эле, өз тагдырына өкүнүп жаткан эле…

Аягы.

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️