Пример HTML-страницы

Кичинекей кезимден атамдын болушун аябай кааладым.

https://kyrgyzcha.site/?p=53821&preview=true Кызыктуу окуялар.

Кичинекей кезимден атамдын болушун аябай кааладым. Атасы ээрчиткен, атасы тууралуу айтып берип жаткан

балдарды көргөндө суктанчумун. Барабара бул суктануу ызага айланып, атама болгон жек көрүү күчөдү. Ага ушунчалык таарындым. Келип мени ойнотпойбу, жөн эле көргөнү келбейби дечүмүн. “Атам кайда, эмнеге келбейт, өлүп калса айтпай жүрүшөбү?” Айтор, мындай суроолор эс тартканы дайыма оюма келе берчү. Апама бул суроону көп бердим. Бирок жооп ала алган жокмун. Кийин ойлосом, улам улам сурап байкуш апамдын жүрөгүн жанчып жүргөн экенмин. «Кичинекей балага айтпай эле турайын» деп жүргөнүн анда кайдан түшүнмөк элем? Мектеп курагында бир күнү апам жумуштан келери менен. – Апа, атам кайда? Жөн эле асмандан түшүп калбасам керек?- деп бир тийдим. Апама бул сөз катуу тийди окшойт.

– Суроонду жоопсуз калтыргандан мен деле тажадым, балам. Жөндүү нерсе болсо айтып эле коймокмун. Бир

күнү сени көргөнү келер дедим. Атанды жаман көрүп калбасын деген ойдо ооз ачпай келдим. Мына, сен эми

эрезеге жеттиң ушул убакка чейин бир келбеди. Үмүтүм деле калган жок, деп көзүнө жаш алды.

– Тирүү турбайбы. Ал азыр кайда? – Мурун Казакстанда жашачу. Азыр ушул эле шаарда жашайт. – Эмнеге

бизди таштап кетти?

– Сен төрөлгөндөн кийин башка кызды сүйүп калып, аны ээрчип кеткен. Ага үйлөнгөн, балдары да бар, деп көп нерселерди айтып жатты.

Селдейип отуруп калдым. Көз жашын төгүп жанымда турган энемди аядым. Кадырына жетпеген бир адам үчүн бүтүндөй өмүрүн жалгыз өткөрдү. Мени багып өстүрдү, окутту. Бүт эмгегин мага арнап, мен үчүн жашаган энем үчүн эмне гана кылбайын, аздык кылат. Чындыкты билгенден кийин бир саамга чоңоё түштүм. Ошондон баштап колумдан келген иштерди кылып, акча таба баштадым. Машина жууп иштедим, коробкаларды чогултуп саттым. Айылдарды кыдырып соода кылгандарга жардам берип, кийин кафе ресторан, айтор, көп эле жакта иштедим. Аракет кылсаң баарына жетет экенсиң. Ар кайсы эшикти сүзгүлөп жүрүп иштин көзүн таптым. Акыры жеке ишкер болдум. Бизди 20 кыл күттүргөн атам үчүн эми жүрөгүмдө орун жок эле. Бир күнү чоң жолдордун биринен жол тандабас менен сүзүштүм. Дендароо болуп жерге түштүм. Ушунча жыл мени издебеген атам менен тагдыр ушинтип бетме бет жолуктурду. Анын ким экенин изилдеп, көрүп билип койгом. Бирок өз баласынан жүз буруп кеткен атага басып баргым келген жок. Көчөнүн ортосунда ата- бала бири бирин тиктеп турушту. Мындай атага айтар сөзүм жок болчу. Ал дагы сыртымдан карап жүргөн өңдөнөт. Эч нерсе деген жок. Карады да калды. Көздөрүмдөн жайнаган суроолорду окуган чыгар. Эгер мен эмес, башка бирөө болгондо жакадан алып, машинасынын талкаланган жерин көрсөтсө керек эле. Мага анте албады. Артка кетенчиктедим да шарт бурулуп унаама отурдум. Кудай жалгап от алды.

Айнеги сынган, мурду талкаланган унаамда газды болушунча басып, өпкөм өпкөмө батпай ыйлаган бойдон кетип бара жаттым. Эмнеге ыйладым, ага жолукканымабы, унчукпай койгонунабы же ушунча жылдан бери бир да жолу «балам бар эле» деп бир кайрылып койбогонун эстеппи?…

 

Балким, ушул ый менен болгон ызам чыгып кеткендир. Ал адамга биздин жашообузда орун жок деп кыйын болгонум менен, жүрөктө баары бир күтүү сезими жашайт экен. Күтүлбөгөн кез келүүдөн кийин кайрадан атамды күтө баштадым. Мүмкүн, ал да келе албай жүргөндүр. Ата, сен келесиң же өзүм барам… Бере турган суроолорум көп. Эми өз оозуңдан жооп алгым келет…

 

 

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE