Пример HTML-страницы

КЕЛИН БАЯНЫ. (Болгон окуя)

https://kyrgyzcha.site/?p=52689&preview=true Кызыктуу окуялар.

КЕЛИН БАЯНЫ.

Он биринчи классты ийгиликтүү аяктап, эл катары жогоркуу окуу жайга тапшырдым. Айылдык кыз болгондуктан, биринчи курста шаарда бир топ эле кыйналып жүрдүм. Кээбир күндөрү маршруткада үйгө жетпей түшүп алган күндөр же өтүп кеткен күндөр болду. А кээбир күндөрү таттуу уйкуда уктап баратып,маршрутканын акыркы аялдамасында ойгоносуң.Деги эле шаарга көнүп жашап калыш үчүн баарын көрүш керек эле. Мен өзүм татынакай, уялчак, тартынчак, жигиттерге жакын эмес кыз элем. Жигиттер ошол себептен мага көп ашыгышчуу. Айылда кечкисин келишээр эле. Бирок мен бирөө менен жолугуп, ал гана эмес колумду карматканда эмесмин. Өзүм үйдүн чоң кызы болгондуктан байкем жок. Айылдаш байкелерим кечкисин келген балдарды кубалап, тутканын уруп-тээп сазайын берип, мени коргоп турушчу. Эми болсо шаарда кайдан? Дос кызым экөөбүз ижаарага үй алып алганбыз. Күндөрүбүз көңүлдүү өтүп жатты. Студенттик доорду сүрүп, оюн-күлкү болуп күндөр өтүп жатты. Дос кызым балдарга жакын болгону менен, балдар ага жакын эмес эле. Кээбир группалаш кыздарым акырын кулагыма шыбырап “өзүңө окшош татынакай кыздар менен жүрсөң боло” деп көп айтышчуу. А мен адамдын сырткы дүйнөсүнө кызыккандардан эмесмин. Мен үчүн жакшы адам болсо болду. Ошонун өзү жетиштүү.

Бир күнү үйдө отурсам дос кызым бир жигитти ээрчитип келип калды. Менин жигитим болот деп таныштырды. Же кет дей албай, же башка дей албай экөөнө чай коюп бердим. Мен аркы бөлмөгө кирип кеткем, досум кайра чакырып шерик болуп чай ичишимди айтты. Чынында аябай уялдым. Жат эркек үйүңө келип чай ичсе башкача болот экенсиң. Башымды жерге салып эле отурам. Аңгыча болбой үй ээси акчасын алганы келип калды. Дос кызым акчаны алып дароо сыртка чыгарып ичкери киргизбей сүйлөшүп турушту. Досумдун жигити менден көзүн албай карап тура берди. Же мен анын көзүнө карай албайм. Ал мага кадала карап, бул үйгө досум үчүн эмес, мен үчүн келгенин айтты. Мен ушунчалык коркуп кеттим. Ал дагыда кадала карап ,колумдан кармады. Мен дароо колумду тартып алдымда ордумдан туруп кетейин десем, ал кайра колумдан кармап отургузуп койду. Эмне кылаарым билбей турсам досум келип калды. Үйгө үй ээси буюмдарын коюп турат экен, жигитин кетишин айтты. Кой десем болбой досум чогуу узатып коёлу деп сыртка узатканы чыктык. Анын жигити улам-улам мага карап, сен мендиксиң дегендей кылат. Макул деп кош айтышып үйгө кирдик. Досум жуунганы ваннага кирип кетти. Мен балконго чыгып айланага көз чаптырсам, кандайдыр бир дабыштар угулуп калды. Жакшылап карасам досумдун жигитин эки-үч жигит коркутуп жатышыптыр. Байкуш унчуга албай эле башын жерге салып, эмнедесе макул деп турду. Агада болбой аны уруп-тээп салышты. Ал жан талашып алардан качып кетти. Урган балдардан бири мени карап турган экен. Коркуп кеттимда дароо үйгө кирдим. Эчнерчеге башым жетпей турду. Эртеси университеттен чыксам досумдун жигити бети-башы көк ала болуп чыга келди. Менден кечирим сурап, экинчи үйгө келбешин айтты. Араңдан-араң сизди ургандар кимдер деп суроо узаттым . Көрсө аны урган жигиттердин бири анын жигити болом дептир. Мен досуна келдим дегенине болбой ур-токмоко алышыптыр. Мунун баарын айттыда чуркаган бойдон кетип калды. Үйгө келип жаттым. Эми абайлап басчуу болдум. Досумада айттым үйгө эчкимди алып келбе деп. Анын жигити тап-такыр дайынсыз болуп кетти. Досум дагы башка жигит таап алып,кечиндеси жолугушуп жүрүштү. Мен канча айтсамда уккан жок. Барган сайын көптөгөн жигиттер телефон чалып,үйдүн астында гүл коюп кетчүү болушту. Майрам күндөрү эшиктин алдына чейин келишти. Көчөдөн жолушту. Бирок мен эчкимисине көңүл бурган жокмун.Оюмда жакшы окуп билим алуу гана болчу. Кышкы каникулгада чыктык. Үйүмдү аябай сагынган элем. Ошентип айылгада сапар тарттым. Мен чыккан унаа ар кимди жолдон үйлөрүнө таштап келатып акыркы мен калдым. Түнкү саат үчтөр чамасы. Биздин айылга дагы бир топ калганда унаа айдаган байке азыр балон алып алалы деп башка бир жака айдап баратты. Той болуп жаткан үйгө келдик. Жаш балдар айланып чуркап келин келди деп жатышты. Унаа токтоору менен эжелер,жеңелер унааны курчап эшикти менин түшүшүмдү айтышты. Мен таңкалып баарына карап калдым. Унаа айдаган байке “каадаланбай түшө берда, эң жакшы жерге келдиң” деп сүйлөп жатты. Мен ошондо сездим, көрсө мени шаардан бери ала качышкан турбайбы. Жолдо келатып түшүп калган эже байкелерда ушул жерде жүрүшөт. Ачуум келип ким мени кармаса сумкам менен чапчуу болдум. Бир топ жеңелер башына сумка тийип ачууланыштыбы акыры балдар келип,жулкуп-жулкуп кармап үйгө алып кирип кетишти.

Жашоом талкаландыбы же бакытым ушинтип келдиби эчтеке түшүнбөй апалап бакырып ыйлап жаттым. Мени эчким угуп койгон жок. Баягы эле салтына салып “бизда ушинтип келгенбиз” деп сүйлөп жатышты. Ошентип күч кеткенде башыма жолук салып отургузуп салышты. Уялчак жаным болочок жолдошум ким экенин да сурай албадым .

Ошентип уйкусуз таңда атты. Таң атаарга аз калганда бир кыз келип,ал акыбалымды сурап колун сунду. Сунган колду сындырбайын деп учурушсам колумду жанчый кармады. Көздөрүм жана түштү. Мен сиздин кайын синдиңиз болом. Мага жеңе болосуз деп коркутуп койду. Араң колумду тартып алып отуруп калдым. Эрте менен апамдар келишти. Апамды кучактап алып ушунчалык ыйладым. Өксүп-өксүп көзүмдөн жаш калбай калганча ыйладым.

Эхх, тагдыр экен, буйрук экен. Апамдарды мени куткарбастан отура бер, жакшы жер экен деп калтырып кетишти. Жакшы жерби? А күйөөмчү? Анысына кызыгышпайбы? Билбейм, тап-такыр түшүнбөй калдым. Ошентип нике кыйылып турмушка узап кеттим. Тойда болгон жок. Ушунчалык каалайт элем ак көйнөк кийип,өзүмдүн сүйгөн адамыма турмушка узашты. Канчалык көз жаш төкпөйүн тагдыр деген,тагдыр экен. Өзүнүкүн бербей койду.

Жолдошумда үйдүн чоңу экен. Алар үч бир тууган. Жолдошум ,карындашы жана иниси. Карындашы эки эркектин ортосунда эркек мүнөз болуп өсүп калыптыр. Колумду кыса кармаган ошол. Эки үч жума жакшы жашадык. Көп деле иш кылбайм. Конок тосконум-тоскон. Конок тосуу негизи мага абдан жагаар эле. Жолдошум оор басырыктуу, сүрдүү. Тигиле карап койсо эле колдорум калтырай түшөт. Бир күнү шаардан досум келип калды. Группалаштарымда көргөнү келишкен экен. Чогуу отуруп тамактандык. Эми аларды үйдөгүлөрда жаман көрөт бекен десем, жок баары жакшы мамиле кылып жатышты. Досторум сонун жерге тийиптирсиң деп суктанып жатышты. Жолдошумду көрөйүн дешти бирок ал иштери менен чыгып кеткен эле. Чогуу жашаган досумдун айтуусу боюнча,менин күйөөгө тийгенимди балдар билген соң үйгө такыр келбей калышыптыр. Ошентип алардыда узатып үйгө кирсем кайын синдим алма жеп отуруптур. Кышында алманы кайдан таап алды? Мени көрүп каткырдыда жаныма келип, моюунумдан бууп дубала такап,экинчи бул жака эчкимди алып келбешимди айтты. Өлүп кала жаздадым. Жан ширин экен, дароо макул болдум. Ал чыгып кеткен соң демимди чыгарбай, жоолугумду тиштеп алып ыйлай бердим. Кечинде жолдошум айтам деп үйдү жайнап, кечки тамака аш жасадым. Баары отурушту. Ашты салып чай демдеп келсем столдо апам эле отурат. Колунда кашыгы бар. Мага карай бир урду. Ысык чай колума төгүлүп чайнек сынды. Ыйлак жан элем, дароо ыйлап кирсем ыйлаба деп урушуп ашты жешимди айтты. Ашты жеп көрсөм тузу ушунчалык ачуу болуп кетиптир. Туздун өзүн жегендей эле болдум. Кантип? Кантип мындай болуп кетти? Мен салып жатканда акыры өзүм татып көрбөдүм беле? Деп аң-таң болдум. Колумдун күйгөнүн унутупда калдым. Кечинде жолдошум үйгө алып кирип алып аябай урушту. Мен сызып-сызып гана ыйлап жаттым. Ушунчалык урушуп ката кылбашымды айтып жатып алды. Бир топко уктабай жатты. Мен соронуп, баарына чыдашка аракет кылып,жашымды тыйдымда. Бүгүн үйгө дос кыздарым келгенин айтып, алар кеткен соң карындашынын кылыгын айттым. Ал дароо ордунан туруп ошондо биринчи жолу шапалактап көмөлөтө чапты. Кантип диванга кулап түшкөнүмдү билбей калдым.

Ал жөнүндө арызданбашымды айтып урушуп жатты. Жакшы жер болгону менен жакшы эрге туш келбептирмин. Ошол күндөн тартып жашоом азап-тозоко айланды. Түнү менен ыйлап уктай албай чыктым. Апамдарга чалайын же телефонум жок. Эрте менен эшик шыпырып жүрсөм апам чыгып малдарга от салышымды буйруду. Эми мал кароо ишида мага кошулду. Мал канага кирип алып улам-улам көзүмдөн аккан жашты аарчып чөп салып жаттым. Менин сырдашым, уйлар,музоолор болду. Аларга сырымды айтам. Музоолорун кучактап ыйлап-ыйлап алам.

Бир күнү кыштын күнү кир жууп жайып койсом, кайын синдим келип бирөөсүн сыгып суусун агызып көрдүда самыны кетпей калыптыр деп баарын жерге ыргытып салды. Ыйлагым да келбеди. Анткени ыйлаганга жашда калбагандай сезилет. Муздап-тоңуп титиреп атып, кийимдерди кайрадан чайкап жууп, жайып койдум. Ошонун айынан грипп болуп ооруп, төшөктөг туралгыс болуп калдым. Ошого карабай нан жаптырышты. Нан жаап, отко кактанып оорудан айыккансып калдым. Бирок негедир алым келбей, алсыз болуп тураар элем. Тандырга нанды жаап, экинчисин даярдап келсем тандырдын бети ачык калыптыр. Нанымдын баары апапак болуп бышбай калыптыр. Түшкөнү түшүп күйүп жатыптыр. Кайрадан көзүмдөн жаш тамчылап нандарды алып өөп тизип жаттым. Ошол убак кайын энем келип калды. Чыдабай кеттим ордумдан так туруп:

-кызыңыз тажатып жиберди! Качанкыга чейин! Качанкыга чейин азап-тозок көрүп жүрө берем! Деп айтаарым менен бетим кызыл чоктой болуп жана түштү. Апам шапалактап чаап болушунча урушуп, каргап-каргап күнөөнү кызынан эмес, өзүмдөн издешимди айтты.

Же үйгө качып кете албайм,же башка кыла албайм. Аябай ыйладым. Малдардын астын тазалап жатып, ошол тезекчелик кадырым жок экенин ойлосом жашагым келбей кетет. Апам бул жака калтырып кетээринде эми менин үйүм ушул жер экенин айткан эле. Бул жактан кетсем кайда барам? Башка кайсы үйүм бар деп кете алган жокмун. Кечинде жолдошум апама атырыла сүйлөгөнүм үчүн дагы шапалактап, урганга чейин барды. Көздөрүм көгөрүп,беттерим кызарып жүрдүм. Агада болбой тамак жасап,канчалык жакшы тамак кылып жагынсамда буларга жакпай эле койдум. Кудайга жалынып андан жардам сурап жаттым. Бир күнү көздөрүмдүн көгү кетип калганда сыртта мал карап жүргөм. Үйдөгүлөр коноко кетишкен эле. Иттер жол тарапта үрүп-каап калганынан жол жака чыксам тап-татынакай болуп, келишкен тай акемдин баласы туруптур. Ал экөөбүз аябай жакын элек. Мени көрүп колунда баштыктарын коё калып, чуркап келип кучактап алды. Биринчи жолу жылуулук, жакындык сезип жаткандай болуп аябай бекем кучактадымда ыйлай бердим. Аны аябай сагыныптырмын. Өзүмдүн бир тууган байкем жок болгондуктан аны байке катары көрчүмүн. Экөөбүз үйгө кирдик, чай ичтик. Мен ага кыйналгандыгым тууралуу эчтеке айткан жокмун. Канчалык айткым келседа баары жакшы деп турдум. Ал үйдө көпкө турган жок. Россияда бир жылдан бери иштеп, эми эле келген экен. Болгондода биринчи мага келиптир. Үйгө барайын деп бир баштыгын мага таштап кетти. Ичинде сонун-сонун көйнөктөр бар экен. Аны узатып коюп көйнөктөрдү кийип күзгүгө көрүнүп жатсам уйлар мөөрөп калышты. Суугаруучу убагы келип калганда өздөрү эле ушинтип мөөрөп калышат. Бул күнү менден өткөн бактылуу адам жок эле. Уйлардын жибинен чечип жатып өзүмчө сүйлөп кубанып жатсам, уйларда таңкалып турушкандай сезилет.Музоолору кубанычымды тең бөлүшүп ары секирип,бери секирип ойноп жатышты. Кечинде баар келди. Тамагым даяр. Мен бара-бара мээнеткеч болуп, баягы тартынчаактыкты таштап шуулдап турган кызга айландым. Тамак жасап ары кетээрим менен кайын синдим келип туз кошуп кетет. Акырын барып суусун көбүрөөк куюп коём. Кээбир күндөрү суусу көп болуп калгандыктан, тап-такыр туз кошпой тамак кылчуу болдум. Анткени туз кошчуу кайын синдим бар. Апамда урушаарга шылтоо тапбай баштады.Кудайым жардам берди деп Кудайга ыраазычылыгмды билдирип жүрө бердим. Бир күнү биринчи жолу жолдошум менен бирге тойго бардык. Ал жерде башкалардын аялына караганда өзүмдү жакшы алып жүрдүм. Жолдошумдан башканы карабадым. Мен баарын билип турдум. Баарынын жолдошу мага суктанып, аялы мендей болушун тилеп турушту. Жолдошумда аны сездиби айтоор көпчүлүктүн арасында мага ыраазы болуп отурду. Кечинде күлүп жайнап келдик. Апасы ушунчада жүрөсүңөрбү деп урушунуп кирди эле, жолдошум мага болушуп,мени ичкери киргизип ийдида мага сөз тийгизген жок. Эртеси карындашы келип “байкемдин башын айланттың” деп шапалактады. Мен үчүн ал шапалактар шамал желпип өткөндөй гана туюлар эле. Макул десең кутуласыңда. Баарына макул болуп коюп мал карап жүрө берем. Мал караш ушунчалык кыйын эле. Барган сайын мал кароо деген эс алуу дегенге айланды. Күнүнө төрт жолу чөп салып астын тазалайм. Күнүнө төрт жолу эс алам десем болот. Жазда келди. Барган сайын кайын синдим мага өчөшүп кылбаган нерсеси калбады. Күрөш катуу жүрүп жатты. Акыркы күндөрү эрте менен учурашчуу болду. Колумду адаттагыдай жанчый кармайт. Араңдан-араң жаным чыдап, кээбир күндөрү чөгөлөй отуруп калам. Каткырып-каткырып кетип калат. Баарына чыдаган сайын шаштымды кетирди. Күзда келип, кетээрге аз калганда дарактан түшкөн жалбырактарды топтоп өрттөдүм. Тазасын малга берем. Малда баарын жей бербейт. Бир күнү жалбырактарды өрттөп коюп үйдөн дагы ширеңке алганы кирип чыксам, кайын синдим бир нерселерди жалбырак менен кошо жагып жатыптыр. Жаман сасык жыттана баштады. Чуркап бара калсам тай акемдин баласы алып келген көйнөктөр экен. Ала калайын десем баары күйүп жабышкак болуп калыптыр. Кайын синдиме кадалап карап:

-бул эмне кылганыңыз? Акыры бул көйнөктөр мен үчүн кымбат эле деп ыйласам,каткырдыда кетип калды. Боюмда баламда бар эле. Ошол жерде аябай ыйладым.Көптөн бери ыйлабай калган элем. Бугумду чыгарып ыйлап-ыйлап алдым. Кийимден чыккан жаман жыт мага катуу тасир эткенби ошол жердин өзүндө кулап калыптырмын. Көзумдү ачсам бейтапканада экенмин. Бир жумадай жаттым. Кайра үйгө келип жумуштарымды жасай баштадым. Акыркы эки күн кайын синдим үйгө келбей калды. Баары издеп жатышты. Көрсө аны ала качып кетишкен экен. Менда артынан кууп барайын десем болбой апамдар өздөрү кетишти. Отургузуп келишиптир. Кайжака тийгенин сураганда жокмун. Анткени балээлерден кутулган элем. Өзүм менен өзүм болуп жүрө бердим. Бир күнү жолдошум карындашын көргөну барып келебиз деп калды. Чынында баргым келбеди. Ошентседа кандай жашап жатканы мага кызык болду. Жолдошумдун унаасында апам үчөөбүз бардык. Эмнегедир таныш жерлер. Менин тай ата, тай энемдердин айылыго бул.

Ушул жака күйөөгө чыктыбы деп ойлоп бараттым. Ошентип анын үйүнөда жетип келдик. Тай акемдин баласы үй тараптан чыгып бизди тосуп алды. Эчтеке түшүнбөй калдым. Бул жака келе элегим үч-төрт жылдын жүзү болгондугуна байланыштуу бир ааз унутуп кетиптирмин. Көрсө кайын синдим тай акеме турмушка чыккан экен. Туугандарым баары ушул жерде экен. Аларды аябай сагынган элем. Апамда, атамда атайын келишиптир. Баарын кучактап, сагынчымды таратып алдым.

Жолдошумда билбейт экен алда таңкалып жүрдү. Мен бир убакта эки адамды сындырдым. Биринчиси кайын синдим болсо, экинчиси кайын энем.

Баарынанда кайын синдимден өч алчуу күн келди. Ал тамак жасаптыр. Аш басып эттерин бөлүп жатканда жардамдашкан киши болуп очок жака бардым. Тай акемдин баласы ошол жерде экен эле. Сүйлөшүп алалы деп аны кетирип жибердим. Четте турган туздан колум уучтап алып, кайын синдиме:

-табакты бери кыл деп буйрудум. Ал унчуга албай бери кылды. Табактагы ашка туздан себелеп-себелеп салгым келди. Кайын синдим үн чыгарбай ыйлап жаткан эле. Жеңе мени уят кылбаңыз,эмне десеңиз баарын кылам деп кечирим сурап жатты. Тузду кайра ордунда салдымда көздөрүнө кадала карап:

-эсиңде болсун! Мен баягы унчукпай кала турган жеңен эмесмин. Мен баягы сенин шапалагыңа ыраазы болуп, колун жанчый кармасаң чөгөлөп отуруп калчуу жеңен эмесмин. Шапалактасаң менда шапалактайм. Колумду кыссаң колуңду балкалап таштайм. Чачыңды бирден жулуп өлөр-өлгөнүңчө кордук көрсөтөм. Астыңкы тишиң менен үстүңкү тишин алмаштырып коём керек болсо уктуңбу? Мен апаңдыда, сенида кечирем бирок бир шартым бар. Баягы кылыктарыңды токтотуп жакшы келин болгун. Кудай бар,ушинтип эле башыңа салып коёт. Сен өз келиндик милдетиңди аткар, мен өз кызматымды аткарам. Мен ишенем, экөөбүз сындашкан эмес, сырдашкан жандар болобуз. Ал эми апаңа келсек, ал менинда апам. Ал мага канчалык кордук көрсөтсөда мен ага чыдайм. Келиндик милдетимди аткарам. Бирок мен келечекте болуучу келиндериме андай кордук көрсөтпөймүн. Баса сен өрттөп жиберген көйнөктөрдү жолдошуң алып берген эле. Эми ар бир баскан кадамыңды ойлоп таштагын. Ойносоңда ойлоп сүйлөгүн. Бар эми ашыңды бер, муздап кала электе.

 

Ошентип үйгөда келдик. Кудай көрсөтөт деген ушул окшойт. Апамда кызын ойлодубу же эмне болду билбейм мага аябай жакшы мамиле кылып баштады. Мени менен бирге мал карайт. Үйгө кириңиз десем болбойт.

Жолдошум мени эми сүйдүбү кээбир күндөрү гүл көтөрүп келчүү болду. Бир иш кылса кеңешип иш кылчуу болду. Үйгө барам десем өзү алып барып, кайра өзү алып келип коёт.

Мен айтаар элем. Кимге? Баардык келиндерге,кайын энелерге. Келиндер сабырдуу болуп, кайын энелер аларга кордук көрсөтпөй ынтымактуу болушсун. Бири-бирин сыйлап келин өз ордун билип, өзүн тыйып жүрсүн. Кайын энелер келиндерге баарысын үйрөтүшсүн. Келиндер жолдошторуна мээримдүү болуп, ысык чайын берип,ашыкча сөз сүйлөбөй, каяша айтышпай аларга баш ийишсин. Ортодо сый-урмат болсо бактылуукда болот…

Болгон окуянын негизинде…

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE