Пример HTML-страницы

Кайнене-келин баяны 10-БОЛУМ

https://kyrgyzcha.site/?p=51914&preview=true Кызыктуу окуялар.

Кайнене-келин баяны 10-БОЛУМ

— Өтө тың экен. Бул түрү менен байкуш жалаякка жетпей, идиш жууйсуң го.

 

— Азырынча тез-тез жолугуп туралы. Бир жылдан кийин Армандын аялындай болуп, досторуңа жолукпайсың деп койсо, карааныңа зар болуп жүрбөйлү. Бой жеткенче апаңды, кийин аялыңдын тилин алышың керек, это закон,— деп каткырып күлүшпөдү беле.

 

Маяга да жолдош келиндери:

 

— Алам десе эле адыраңдап, жетелешип келе бербей окуп, ойноп күлүп, кем-карчыңды саттырып алып, жаштыкты жаштыктай өткөзүп албайт белең.

 

— Эр түгөнүп баратса да.

 

— Бизге го айла жок, алакачып алышкан.

 

— Оо, алдыда далай уруш-талаш, жогорку сотунан аксакалдар сотуна чейин жеткен аң-дөңдөр көп болот, — деп Маяны таң калтыргандарына маашырлана өздөрүн көптү көргөн акылман сезип биринен бири калбай бежирешкен. Узун халат кийип жүдөбөй, базарда кыпкыска халат, сонун шортиги менен бар. Ошондой кийбейсиңби. Мүчөң киши кызыгаарлык го. Элдин баары сени карап, күйөөң башканы карабай кызганычтан өлүп турсун. Күйөөңдүн айтканы менен болуп, башынан жаман көндүрбө. Кийин кийим, керектүүңдү алып бербей коет,— деп, дагы көп сөздөрдү жебирешкен.

 

— Ээ ошондойбу, ай-ий мен күйөөгө тийсем эле, көчөдөгү баласын көтөрүп жүргөн бактылуу үй-бүлөлөрдөй болом деп жүрбөйүмбү, — деп таңкалган болуп койду. Бирок чынында Мая аларды уккусу келген эмес эле. Анын өз акылы бар. Бактылуу болуу өз колумда жана бактылуу болом деген ишеничинде бекем турган. Эч жамандык оюнда жок, баарын үйрөнүшүм керек деп жүрүп, жөнсүз жерден кемсинткен сөздөрдү укканына арданып кетти.

 

Ошол күнү кечки тамакты жыйнап, бөлмөсүндө ойлуу жатты. Кемел жок. Эшикте жамгыр шытырап катуу жаап жатты. Күн күркүрөп ого бетер үй сүрдүү болуп, чагылгандын жарыгынан кээде үй жарк эте калып кайра көзгө сайса көрүнгүс караңгылык басып жатты. Терезени ачып, эшиктен топурак жыттанган нымдуу абадан кере–кере дем алды. Айнекти ачып койгондон, караңгылыктан, күндүн күркүрөшүнөн, жарганаттын кайкып учушунан коркту. Жайкы чилдеде жаан жаап, күндүн күркүрөшүн биринчи көргөндөй таң калды. Мурунку жылдардын кандай болгонун эстей албай койду. Жаан көнөктөп, куюп жатты. Аяштар чын эле айтса керек. Ою менен болуп, күйөөңдү башынан жаман көндүрбө дешпеди беле. Аларга ишенбей душмандык кылышты десем, чын белем деп Кемелге ызаланып, ыйлап жатып апасы эсине түштү. Ага жолугуп, акыл сурагысы келди. Бирок кантип? Мая апасын али да күтө берет. Ал өзү өсүп-чоңойгон жетимдер үйүнө да турмушка чыккан жеринин дарегин таштап кеткен.

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE