…..КАДЫРЫҢ КЫМБАТ….
5-БӨЛҮМ.
Мен киммин?Жоок мен эмнемин?
Адам кейпин чечип айбан кейпин кийип алдымго…Ташташым керек..Бирок мен Ширинди кечирбейм!!—деп Нурбек каарды кырч кырч басып кетип баратты..
Ширин болсо чалкасынан жата албай оорусу тызылдап таңга жуук уктап кетти…Ай келин тур турсаңң..
Ийи эмне?Бас таң атты тиги көчөнүн башындагы Атайдын баласын айдатып догдурга баралы…
—-Жоок ата барбайм айыгып кетет.Балдарым ар кайсы жакта калбайбы…
—Апееей ботом ушундай кандай болсун…
—Ай мейли тим кой жаш айыгып кетет.Тиги ээри мас болуп балдарынада бирдеме кылып койбосун….
Ошентип түшкө жакын Нестанды алып үйгө айлласыз кайтты…
Үйдүн эшиктери ачык..Сууук..Кирип эле Нестанды берки эки баласына жиберип өзү от жагып баштады..
Эки жакты жыйнап,боорсок жасап куран окуткандар келип калбасын деп.Бүт жагын ирееттеп тамак кылып, коркуп Нурбекти күтүп отурушту..Бул күнү Нурбек масыраак келди…Буларды көрбөгөн түр көрсөтүп бышкан этти мыжыгып жеп отурду…Балдар уктагандан кийин Шириндин жанына келип көөпкө сөз баштай албай жатты..
—Ширин Ширин дейм уксаң..
—-Угуп жатам…
—Мен оңолом,ичпейм бирок сени менен ажырашкандан кийин…Кел ажырашып кетеличи..Кааласаң ушул жакта кал,кааласаң шаарга көчүп кет.Каалаганыңды ал..Балдаргада чоңойсо ошол бирден квартира өткөзүп берем..Баарын жеңем,эстетпейм деп ойлогом бирок Салиямды жоготконума күйүнүп кеттим…Сени көрсөм эле асынып турган кызымды эстеп кетем..Эртеңден калбай кет..Чыдайм жашайм десең мен ичип өлгүчөм же өзүң таяк жеп өлгүчөң чыдашың керек…
—‘Маакул мен эмне демек элем..Сен оңолуп кетишиң үчүн маакул кетем..Сага нараазы эмесмин..Бактылуу бол…Кийин өзүң ыраазы болуп алып өкүнүп беттер болбосоң болгону..Жашап көр чыдабасаң эшигибиз сага ар дайым ачык….Таң атпай Нурбек кайра чыгып ичип,чегип алдыда келип Ширинге кайра жабышып калды..Ушундай сабайт тообо өчү бардай..Бетин жаап гөмкөрөсүнөн жатып алса өзүн коргоп итке таланган жерлерине тийет тепкиси..Бул кылыктан тажаган Ширин туугандарын чогултуп кайненесинин кыркын он беш күндө эле өткөзүп салууну чечти..Кыркы өтөөр менен эле жыйналып баштады.
Эртеси кийимдерин эле алып Ширин өзүнүн каарыган апасынын үйүнө көчүп кетти..Бир четинен жалгызсырабай сүйүнсө бир четинен кызынын турмушу бузулганына кейийт.
Жумушуна кайтып.Башы менен ишке кирип кетти.Бул убакта Салия СМС кылып билдирүү жөнөттү..
«»Мама кандайсыңар.Ажырашып кеткениңерди уктум,өкүнүчтүү папам жалгыз калыптырда…Мейли оорубагыла.Биз жакшыбыз..Сүйүнчү кыз төрөдүм..Жакында барышыбыз мүмкүн»»-деп жазган.Окуп алып көңүлү оордуна түшүп калды…Билинбей арадан жылдар өтүп Нестан мезгил мезгили менен даарыланып жатты…Нурбек өзүнүн классташына үйлөнүп чоң баласын Ширинден сурап алып кетти.Эркек бала атасы менен чоңойо берсин деп Ширинда унчуккан жок.
Нестан тыпылдап окуудан алдыңкы окуучулардан эле..Беш жашында эле мектепке барып 14жашында 9-классты бүтүп Шириндин каалоосу менен Медучилищеяга тапшырды.
Бир жыл окуп атестат алып Медакадемияга которулду.15жаштагы кыз чооң жолдун босогосун аттап өз жашоосу башталды..Шириндин иши жүрүшүп дагы бир филиал ачып бизнес тармагындада оозго алына баштады.
Бул убактын ичинде Ренаттын аялы Гуля баласы кетип калгандан көп өтпөй андан кийинки баласын алып окутам деп чет өлкөгө кетип калган.
Ренат менен баарын бүтүрүп ажырашып кеткен.Ренат куу баштай же баладан же аялдан же сүйүүсүнөн жок жалгыз калган…Жумуш үй болуп жүрүп жеке жашоосу менен деле иши жок.Кеебирде жатып Ширин тууралуу ойлонуп кетет..
Ошондо бекер кылган экенмин.Жагынып бактымды кечип жүрүп жеткен байлыгымды,бийлигимди мен эми эмне кылмак элем…Арзыбаган нерселерди мен Ширинге теңепминго.
Мен барып кызымды көрүп келем.
Барам…Күйөөсү Нурбек эмне деер экен я..Билдирбей кызымды четтен көрсөм эмне болот?
Жумушунан суранып жатып Бишкеке которулуп келди..Сураштырып жүрүп жашаган жерлерин билди..Бирок Нурбек менен ажырашат деген ой эчбир башына келбей ал тууралуу сураган жок…
Бир жума бою аңдып Нестанды бир эле жолу көрө алды..Дароо өз каны экенин сезди.Барып таанышып кучактагысы келет бирок айла жокта жакындай албады..
Нестанды Ширин өзү жашап үйрөнсүн деп бир бөлмөлүү квартира алып берип бир курбусу менен чыгарып койгон..Ширин кичинекей кызын апасын карап жашайт..
Күндүзү аял эмес эркек жумушчуларында каттуу кыйкырып башкарган күчтүү аял үйгө келгенде өз бөлмөсүнө жатканда кадимки ажырашкан жалгыз бой алсыз аялдын кейпин кийип жаздыгын суулап көз жаш кылып чыгат.
—Мамаа маам…..
—Кызым угуп жатам…
—Мама мен мына чоңмунда э?Ошого сүйлөшөлүчү,чоң адамдардай.Менден эчнерсе жашырбачы.Кичинемден ойлоп келген суроомду берейин..
Менин өзүмдүн чыныгы атам ким?Эмнеге ал мени өзү баккан эмес..
—Эхх кызым айтып берсем чооң окуя…Туура сенин атаң башка эртеби кечпи укмаксын.Мынтип өзүң сурап жатканда айтайынчы..Мен жумуштар менен эле жүрүп бир сулуу баланы жактырып калгам.Экөөбүз үйлөнгөнбүз анан сен боюмда болгондо башка жака иштеп кетип калган.Ошол бойдон таппай калгам..Мынаа кызым эми сен баарын билесиң..Ширин чындыкты Нестанды никесиз кызмын дебесин деп жашырды.Сен ошондуктан адашпайын десең жашы улуураак токтоо жигитти тандап күйөөгө тийгин..Ал сени сыйлап,жаш деп аяп өтөт…Ар дайым чындыкты сүйлө..Сүйүп жашаганды үйрөн деп акыл айтып жатты…
Көөптөн бери артынан көп жүргөн киши Нестанга тааныш туюлуп калды.Эч артынан калбайт.Бир күнү ошол адамды адаштырып артынан келип жанына олтурду..
—-Кетпесеңиз байке..Сиз кимсиз?Ардайым жанымдан көп көрчү болдум..Сизге эмне керек?
—Нестан деген сенби?Шириндин кызысыңбы?
—Ооба,сиз кайдан тааныйсыз?
Ренат бүт баарын айтып берип кызымсың сен…Сени издеп келдим деди..
Турдуда Нестан ары карап экинчи келбе деп басып кетти.
Бул кылыгы өзүн эстетип турду.Муруун 16жыл мурун Шириндида мейманканада мени издеп келбе деп айткан сөзүн эстеди..Баары өзүнө кайтты..Кайтаар дүнүйө деген ушул экенда…
Нестан атасы тууралуу аябай каттуу ойлонуп жүрдү.Өз атасынын мээримин көрүп мойнунан жыттап эркелегиси келип турду.Бирок оюнда мурун мамамды таптыртпай таштап кетсе.Ал үчүн мамам Нурбек папамдан каанча таяк жесе..Нурбек папамда бизди ушул үчүн таштап кетти,Салия эжекемда ушул үчун үйгө келбей жүрөт.Эгер мен кечирип сүйлөшүп алсам Мамам таарынат,каттуу тийет деп Ренаттан алыс жүрдү..
Ошол күндөрдүн биринде Ширин баягы төрөлгөнүндө жабышкан оорудан азап тартып мунусунда бөйрөгүнөн ооруп калды…Баягы аты өчкөн Гемодиализде жатып калды..
Акча сапырылып кетип үйдө иштеген адам жок…Чогулткан акчалары даарыга короп жатты.
Өңү бозоруп Ширин тез эле азып шалпыйып эле жатып калды…Операцияга берейин десе доннор жок…Нестан көтөрө албайт жүрөгү оорукчан, каарып калган апасыныкы жарабайт.46жашка келген Ширин кемпир кейпин кийип калды..Медицина тармагында окуган Нестан баарын түшүнүп турду.Айласыз эч кимге көрсөтпөй ыйлап ыйлап алат..Кантсин өзү жарым жан болуп мамасына жардам бере албаса..Ыйлагандан башка арга барбы жандай көргөн апасы колунда соолуп жок болуп баратса…Ширин бул оору менен күрөшүп ичинде Нурбекти күнөөлөп турду..Ошол акмак кышты кыш дебей бир кофтачан сүйрөп бөйрөгүмө тепкилегенден болдуда.Бутуңа шал тийгир..Эми эки кыз кайсы күндү көрөт.Апамго каары экен..Апамда өлүп калса булар кимге калат…?
Эх кудаай дарт бердиң эми дабаасында бер..Жалбарып сурайм кыздарым көчөдө калбасын…
Бул жалбарып чыккан ыйды кокустан келип калган Нестан угуп калды..Жанына барып кучактап ыйлаганга алы жетпеди..Апасынын алдан тайган жүзүн көргүсү келбеди.
Кайра сумкасын алдыда чыгып кетти..Чууркап кете берди кайсы тарапка баратканын өзүда аңдабай калды..Артынан жүргөн Ренат кызын мындай акыбалда көрүп артынан баратты..Көөптөн кийин Нестан жүрөгүн мыкчып отуруп калганда жанына жетип барды..
——Нестана кызым эмне болду?
Жүрөгүңдү эмне кармайсың?
Ооруйбу??
—Сумкасын чукулап араң тапкан даарысы кычырата чайнап жута салып какап кетти..Машинадан суу алып чыгып ичире койду…Азмаз олтурган Нестан өзүнө келе түшкөндө Ренатты карап!—Эмне керек сага?Сен үчун мамам Нурбек папама тийип папам Мамамды сабап жүрүп оорукчан кылып койду.
Мына эми бөйрөктөн Гемодиализде жатат..Саналуу күндөр калгандай..Донор жок же акча жетпейт…Эми мен энесиз каламбы..
А сен сенчи айбан экенсиң менго мейли чыдайм.Мамамчы кантсин.Мени билбейт дейт.Мен билем күндө төшөк чүмкөнүп үнсүз чыккан ыйы жүрөгүмдү оорулуу кылды…Сени эстеп ыйлайт..Нурбек папам урбагандада ыйлачу мурун..Сенде сезим барбы?Айтчы таш-боорсуңбу же ушунча.Жек көрөм.Экөөңдү тең жек көрөм.Экөөңөр тең Мамамдын алсыздыгынан пайдаланып таштап кеттиңер…Көзүмө көрүнбө деп бүктөлүүп отурду..
Кызын машинага көтөрүп салдыда туура эле Шириндин үйүнө кирип барды..Алдынан чыккан Ширин Ренатты көрүп колунан чынысы түшүп кетти..
—-Нестан сага эмне болду?Бул адамды кайдан тааныйсың?
—Нестанды урушпа кызымды көргүм келип өзүм издеп келгем..Бүгүнкү акыбалын көрүп чоочудум,жеткизип келдим..Сен жөнүндөда уктум…Эми куусаңда айыккычаң кетпейм..
—Сенден ким сурап жатат..Бар кет ажаандай катының тебелеп кетпесин тынч жашагым келет…Нурбек менен ажырашканым сени менен жолугушам дегеним эмес..Сен мен үчүн өлгөнсүң..
—-Маакул өлсөмда суранам мага жардам берүүгө уруксат берчи..Ошол аялым эбаак эле мени таштап кеткен.Башка үй-бүлөөсү бар имиш..Ал эми азыр маанисиз сени айыктыруубуз керек..Акча менде бар канча болсода…
—Ха дагыделе акча менен эсептешип жүрөм дечи..Акча менде деле бар.Мага ошол жанынын жарымын берчү адам жок..Кудайдын жазганын көрөм.Акыбалым ансызда начар кетчи…Ширин мен берем,мына мен берем жанымдын жарымын эмес сага бүтүн берейинчи..Ошончо берген азабым үчүн жанымды берип кутулайынчы..Мени кечир,кечирчиии….!!—деп Ренат жабылып калган эшике жабышып өмүрү чыкпаган көз жашы чыгып жалбарып турду…
Уландысы бар…










