Пример HTML-страницы

“Күйөм өлүп, денем күйүп, көчөдө калдым…”

Кызыктуу окуялар.

Жазира: “Күйөм өлүп, денем күйүп, көчөдө калдым…”

 

800 долларды актайын деп… Мектепти бүтүп шаарга келип жогорку окуу жайларынын бирине экономика факультетине тапшырдым. Окууга өтөөрүмдө эжем 800 доллар берип өткөргөн эле. Эжемдин эмгегин актайын деп күнү-түнү окуп атып окуумда ийгиликтер боло баштады. Биринчи курсту аяктаган соң айылыма барып ата-энеме эркелеп келдим. Окуум башталып сентябрь айы ортолоп калган мезгилде сабактан жатакананы көздөй баратканымда колу-бутуман кармап бир машинеге салып кетишти. Олбурлуу жигиттер экен алым келбей койду.

Ошентип мени Таластын бир айылына алып барышты. Мен тие турган жигиттин ата-энеси каза болуп калыптыр, ал үйдүн улуусу экен. Апамдар отургузуп коюшту.   Боюңдан алдыр, – деп күйөөм токмоктоду Окууңду улантып аласың деген макул болуп отуруп калдым. Тагдырыма баш ийип жашоомду Азирет менен уланттым. Башында мыкты күйөө болуп аткан. Турмушка чыккандан 6 айдан кийин боюма бүттү. Боюма бүткөнүн жолдошума айтсам, сүйүнмөк турсун көңүлү чөгө түштү. Курсагымдагы балам 3 ай болуп калган болчу. Жолдошум келет деп кечки тамакты жасап жаткан элем. Бир маалда Азирет жумуштан кызуу келди. Мен жасап койгон тамакты оозтийип да койгон жок. Кирип келип эле курсагыма асыла баштады. “Эси жок катын, эмнеге төрөйм деп жанталашып атасың.

Азыр жашсың, карыганча дагы канча убакыт бар төрөгөнгө жетишесиң! Курсагыңдагыны эртеңден калбай алдырт!” – деди. Мен эмнеге алдырмак элем, жашоону кургандан кийин балалуу болушубуз керек да, балалуу болгуң келбесе мени эмнеге алдың? – десем эле курсагыма тепкилеп кирди.   Көзүмдү ачсам реанимацияда экенмин Көзүмдү ачсам реанимацияда жатыптырмын. Боюмдагы балам түшүп калыптыр. Ордуман турайын десем. Денем жанчылып калыптыр, кыймылдай албай койдум. Больницада 20 күн жаттым. Апамдарга айтайын десем, байкуш апам өзү жүрөгү ооруп араң жүрөт. Жакшы болуп кетээр деп айткан жокмун. Кайнатамдын карындаштары ортого түшүп атып экөөбүздү кайра жашатышты. 5 эркек эле, алардын кирин жууп, тамагын жасап малайдай эле иштедим.

Күйөөм менин үйүмдө чогуу иштешкен келинди өпкүлөп… Жолдошум айыл өкмөтүндө иштечү. Нооруз болуп үйгө коллектив келет даярдан деп калды. Дасторконду жайнатып даярданып баштадым. Бир бөлмөгө чай берип, экинчи бөлмөнү эт бергенге даярдап койгон элем. Коноктор келишти, жакшы отурушкан. Бир маалда жолдошум эт чыгарам деп кеткен, көпкө жоголгонунан эт бышырган очокко барсам ал жакта жок экен. Үйгө кирип эт тарта турган бөлмөнүн эшигин ача калсам көзүң жамандыкты көрбөсүн, күйөөм өзү менен чогуу иштеген Назгүл аттуу келиндин көкүрөгүн мыжыгып бетинен өпкүлөп атыптыр. Азирет! – десем, эшикти жап деп уят сөздөр менен мени сөктү эле ал бөлмөдөн кантип чыгып кеткенимди билбей калдым. Конокторго  маанайымдын түшкөнүн билдирбей тамактарын берип жайдары узатып алдым.   Кыз төрөдүм Алар кеткенден кийин күйөөм мени аябай сабады. Анда да суу ичип 15 күн төшөктө жатып калдым.

Ал окуяны да апамдарга айткан жокмун. Арадан 2008-жылы Нурсеи т аттуу уулдуу болдук. Ошондон кийин жолдошум мындан ары төрөбөйсүң деп катуу эскертти. Мен башында бул эмнеге төрөбө деп уруша берет деп такыр түшүнчү эмесмин. Бир жолу базарга барып калдым. Азык-түлүк алып жүрсөм эле бир кыз мени айланчыктап сынап карап жүрдү анан жаныма келип, Азиреттин аялы сенсиңби жүдөгөн деди. Ызама чыдабай Азиретке келип ыйладым. Алменин биринчи сүйгөнүм, апасы мага бербей башкага турмушка чыккан- деп мени жоошутуп койду. Уулубуз болсо араң дегенде адам болду. Ооруканадан ооруканага жатып атып чоңойду. 3 жылдан кийин дагы боюма бүттү. Ошондо катуу оорудум. Ооруканага жатып калдым, анда да Азирет төрөбө деп сабаган эле, мен сага даяр бала алып келем десе, тамашалап жатат деп маани деле берчү эмесмин.

Кызымды аман-эсен төрөп алдым.   Барын жолдошума айттым Кызыбыз экиге чыгып калганда үй бүлөөбүз менен Ысык-Көлгө эс алып келели деп балдарыбызды алып көлгө жөнөп калдык. Жакшы эс алдык, балдарыбыз да биз да капкара болуп күнгө күйдүк. Келе жатканда Нурсейит менен Жамила уктап калышты. Ошондо Азирет экөөбүздүн үйлөнгөгүбүздү айтып сөз баштап калды. Аркы-беркини сүйлөшүп келе жатканбыз анан мен анын ушул убакка чейин мага кылган жаман мамилесин, балдарым боюма бүткөндө эле тепкилеп балалуу болгусу келбегенин, баягы үйгө алып келип менин көзүмчө бирөөнү өпкөнү, айылдагы бир келинден инфекция  жугузуп келип, мен ооруп калганда жалап деп сабаганынын баарын айтсам, ыйлап менден кечирим сурады.

Арадан бир аз убакыт өткөндө күйөөмдүн чогуу иштешкен келин менен болгон мамилесин уктум. Ал экөөнүн ортсунда эки эркек да бар экен.   Бир ай жомоктогудай жашадык Бир ай экөөбүз ынтымактуу жашадык. Ал мени башкача аяп, каалаганымды сатып берип, мен каалагандай жашоо жаңы гана башталганда жашоом аңтарылды! Азирет күндөгүдөй эле иштен келип диванда кыйшайып жатып телевизор көрүп аткан. Бир маалда суу сурап мен суу алып келгичекти эле кырылдап калыптыр. Доктурлар инсульттан каза болду дешти. Ошентип жаш балдарым менен жесир калдым.

Кайним казандагы тамакка мени түртүп жиберди Айылдагы 1 кайним үйлөнүп шаарга бөлүнгөн. 3 кайним калды. Алардын дагы бирин үйлөнттүм, бири шаарга кеткен иштегени. Үйлөнгөн кайнимдин аялы начар чыкты. Мага атаандашат, өз билгенин кылат. Бир күнү келиндей болуп эрте туруп уй саап койсоң колуң деле түшүп калбайт десем кайним ага болушуп тамак бышып жаткан казанга мени түртүп жиберди. Денем шорпого күйүп калды. Коркконунан мени төркүнүмө жеткирип койду. Баягы окуп жаткан окууман жок, же күйөөмөн жок, же жашаган үйдөн жок талаада калдым. Кыздар күйөөгө кеч тийсеңер да окууңарды толук аяктап анан турмушка чыккыла. Турмушда күтүүсүз трамплиндер көп болот экен.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE