КҮҮГҮМДӨГҮ КӨЛӨКӨ. (14-бөлүм.)

КҮҮГҮМДӨГҮ КӨЛӨКӨ Кызыктуу окуялар.

КҮҮГҮМДӨГҮ КӨЛӨКӨ.    (14-бөлүм.)

 

Кайран гана аты таттуу тирүүлүк,пендеңди он ойнотуп,тогуз толготуп,эпке келтирип,тагдырын чүкөдөй чөк да,бөк да түшүрүп,алеки заматта айкүр кондурганына не бересиң.Жолго чыккан үч караандын ою үч бөлөк.Күлгүндөй өмүрү,кыз алган жары менен кечирген бир бакча өмүрү,кастарлаган кайындары,алдынан аттап өтпөгөн абысын ажыны,улуу деп сыйлаган

улуу айылы,түбөлүк жазданаар топурагы калып,көз алдынан урунттуу нерсесинин баарын өткөргөн кара жыгачтай катып,сы-

ры кетсе да,сыны кетпеген сыр аяк

тай болгон Сыпаа,жол четиндеги көрүстөндүн тушуна келип,Айпери-

нин мүрзөсүнө токтоп,отура кетти

-Кечир,каралдым.Мен калкалай ал-

бадым сени,сени бөлөктүн көзүнөн,

бөтөндүн сөзүнөн коргоп,жолуңду

карап,колтугумда кордук көргөзбөй

агып,энеңдин аманатына кыянат-

тык кылып,чөөгө жем кылганымды

эстегенимде,өзүмдү кечире албайм

Кечир,мени көлөкөм.Акыретте мен

сага жолукпаганга аракет кылам,се

ни кантип тик карай алам карал-

дым.Бармактайымда баш кошуп,

өмүрдүн ысык-суугун чогуу тарткан

адам аттуу айбан менен жашаган-

дыгымдын өзү менин кемчилигим.

Каралдым,эмнеге чыдадың зөөкүрдүн зомбулугуна,күлгүндөй

жаш денеңе каапыр кантип батын-

ды,акылым айран.Кенедей жүрөгүңө баарын кантип батырдың

жаркылдаган жарыгым,кантип «ата»дегенге оозуң барып,зымга тизгендей,сыр бербедиң.Акылың-

ды калчап,ажалды тандадың ка-

ралдым,жигин билгенде,ошол жер

төлөөгө өз кепинин өзүнө кийгизип,

жексен кылып,азыр сени ээрчитип,

басып кетпейт белем.Балалыгың-

дын балдай убагын убайым менен

өткөрүп,менин эмнемди аядың,ал

өзүн өзү жазалады,ал ошондой өл-

үмгө татыктуу болду.Чын жашоо

ошол тарапта болсо,жолуңдан чык-

пасын,тозоктун отунда чыркырап,

сени чыркыраткан жанын от көзө-

сүн,жарыгым.Жан бөлөк экен,ажал

да бейчеки келе бербейт тура,сага

садака чабылсам кана.Биз тирүү-

лүктүн кучагында болгондуктан,

жашоо үчүн сапар алдык,карал-

дым.Ушуну менен кайрылып келем

би,келе албаймбы,айта албайм,ка-

ралдым,тынч жат.Өлүк жер танда-

бас,кайсыл жерден топурак буйруйт,

ким билет,карегимдей карай албай

соолуттум,кош жарыгым,тирүүмдө

карегимдесиң,ал акырын турду да,

мүрзө топурагын уучтап,шуу жыттады да,алдыга басты.

 

Эски көрүстөндүн этегиндеги жаңы жалгыз мүрзө,чалыныкы экенин айттырбай билген Сыпаа,кыздарына баса бергиле дегендей ишарат кылды да,өзү мүрзөгө жакын келип,көчүк басты:-Кара жерден айланайын,сенин сөөгүңдү ит-кушка жем кылбай катып алганына баа бердим.Болбосо,сенин жексурлугуңду,маңкурттугуңду билип туруп,бир ууч топурагымды ыраа көрбөс элем.Сени кайсы шайтан сүзүп,кенедей кызыңды чыркыраттың,кантип дитиң барды,эмгиче денем дүркүрөйт,сен төрт аяктуу айбан экендигиңди билгенимде,өз колум менен тытып,өлтүрөөр элем.Мындан бир канча жыл мурун жер төлөөгө музоо түшүп кетиптир деп,экөөбүз эки үч ирет чыгарган элек,көрсө сен арам малдын да,абийирин булгап жүргөн турбайсыңбы?Кардым эмес кадырыма наалат айтам,сени менен бир жаздыкка койгон кайран башым,ала жип аттабаган,өмүр бою сенден башка бир адамга ачпаган этегим,бөтөн эркектин колу эмес,сөөмөйү тийген

де,үрккөн денем,кайран гана бир

чөөгө тепселенген жаштыгым,уйпа-

ланган өмүрүм.Адам менен эмес,

айбан менен эмес,маңкурт менен

текке кеткен тагдырымдын бүтүндөй ойрону чыгып,ак кепин-

деп,аруу жууп,бегим,береним деп,

кошок кошпой,өз босогоңдон сөө-

гүңдү чыгарбай,дүңгүрөтө «эсил кайдан» айтылбай,караңды жамынбай,чычкандын өлү-

мүндөй өлүмгө өзүң өзүңдү татык-

туу кылып,эскини жаңырта,этектей

жерди ыраа көрүп,сени жашырган

кара жерге наалат.Сенин сөөгүң кө-

мүлбөй,айылдын төрт көчөсүнүн кабанаак иттери,башыңды тоголотуп,жилигиңди жерге тийгиз-

бей,жула качып,талап жегенин көрсөм,моокумум канмак.Наалатым сага,көзүмдүн тирүүсүндө,тозоктун отуна күй,жер

да батыра албай,сөөгүң көрүңдөн чыгып,кепиниңди кемирип,тирүү-

нүн көзүнө урунба.Чырактай кызымдын арбагы урсун,жерге бат-

пагыр,тирүүңдө. көзүңө айтсам болмок,ылайым,сөөгүң чачырап,ал

жайда да,жай алба.Мына ушунун

баарын айткан Сыпаа жеңилдеп,»апа» деген үндөн селт дей түштү.Чоң машина жолдон,Айгерим кыйкырып жаткан

эле,жеңил машинанын токтоп тур-

ганын көргөн Сыпаа,кадамын тез-

детти да,кайта кайрылып келемби,

келбеймби деген ой менен,бир азга

токтоп,айлананы тегерете карап туруп,жөнөдү.

 

 

«Төлөккө шар бара жаткан машина экен,апа.Ырас болбодубу»деген,Үмүтжан,апасын олтургузду да,эңкейип чекесинен өөп койду.Сыпаа өрттөнүп турган,ишенип таштаган балапанын жоготуп,өзүн күнөөлүү сезген Сыпаа үчүн,бул көрүнүш эне-бала ортосундагы түбү жок мамиленин эң кымбаты эле.Айдоочу өтө шайыр,сүйлөөк неме экен:-Секрет болбосо,кимдикине баратасыңар деп сурады.»Кошаалынын

Мырзабегиникине баратабыз,ал менин инимдин баласы»деди,Сыпаа.-Аа,Мырзабек байке Төлөктө эмес да,ал берки кардондо эле турат эмеспи.Тойго эрте бараткансыздар го,кечээ эле мени «ээ кыйсыпыр,жеңелүү кылайын,алтынчы

күнү бошсуңбу»дегенинен,сиздин бир ооз сөзүңүз,катта майрам дегенмин.Ушул алтынчы күнү алып келет дейби деп тактап сураган айдоочунун сөзү,тигилерди чекеге томуйта бирөө черткендей болду.»Каяктан алат экен» деп,сураган Сыпаага:-Билбейм,башка айылдан го,болбосо мени айдатпайт эле,өзү деле жакында машина алган.Сонун адам да,байкуш аялы да,жакшы жеңе эле,сизге абдан окшош болчу,сизди көргөндө,Асия жеңени көргөндөй болдум деген айдоочу да бир ирет,Үмүтжанды карап койду.Үмүтжандын ою бузулду,апама айтып,артка кайтып,Апар тайэжемдикине кетсекпи,бир ооз бир нерсе айтты деп эр издеп келе жатканымды кара,чын эле үйлөнгөн жатса,үйрү тобубуз менен барып калганыбыз кандай болот деп оюнун аягына чыга электе,тар жолдун чекесине чыга токтогон кара мерседестен,Мырзабекти даана тааныды,Үмүтжан.-Мына,өзү тосуп келе жаткан турбайбы,ал катар токтоду да:-Мырзабек байке,конокторуңузду мен алып келе жатам деди,башын терезеден чыгарып,артыман айдаңыз деген «кыйсыпырга»:-Кайсы коногум,

мен запчастька бараткам,борборго деген Мырзабек алдыңкы орундагы

Сыпааны көрүп,машинесинен шашып түштү да,эшигин ачып,кубанганын жашыра албай:-Мен өзүм барып алып

келейин деп жаткам,кана менин машинеме түшүңүздөр деп,чоң эле киши калдастап,бардыгын өз машинесине отургузду.-Омей,байке

жеңем өзү келе жатыптырбы деген

«кыйсыпыр» оозун ачып,мерседес-

тин чаңында кала берди.

(Уландысы бар.)

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️