5-болум
Ата-а!- Кой, кызым, жокту баштабай тынч бол.- Уктуңбу, балам, фирманы жетектеп өзүңөр үчүн жашагыла, тоюңарды өткөрө албай калдым, арман ай! — деп алды Надырбек.- Өзүңдү кыйнай бербечи, атасы.- Уктум, ата, — деп Турсун бир жагында отурду.- Тагаларыңды качанкыга чакырдың эле?- Бүгүн келишмек.- Анда камыңарды көрө бергиле, жок дегенде кудаларым менен чай ичишкенге жараармын, — деп жылмайган болду. Света күйөөсүнүн жанында болду, Гүлина менен Турсун базарга кетишти. Кечке маал Турсундун бир тууган тагасы аялы менен иниси Жүрсүндү алып, мындайыраак тууганы Бекболу аялы менен келип калышты. Тойго деп бир жылкыны машинага жүктөп, элүү миң сомду ала келген тагасы Шерикбай жана башкалар кудасынын ооруп калганын угуп, кейип калышты. Бекболу Надырбекти билет экен. Союз учурунда өкмөт жиберген жакка барчу эмес беле, Надырбек райком комсомолунун биринчи секретары болуп барганын айтып сүйлөшүп отурушту.Турсунбек, Жүрсүнбек деп, ата-энеси балдары токтобой жүрүп койгон экен, баарын айтып келишти, карындашы Сажирага Гүлина жаккан жок. Жакшылап коноктоп, эки-үч күн аерде болуп, анан жолго чыкканда Турсундун телефону чырылдап калды. Надырбекти ооруканага алып кетишкен. Света Турсунду кара жолтой болду деп ичинен жаман көрүп калды, бирок туугандары келгенче андан башка жүгүрөөр эч кимиси болбогондуктан, телефон чалган. Гүлина жанында болчу. Бекболулар жаман абалда калышты, тойго келебиз деп мындай болоорун кайдан билиптир. Акыры кудасын койгуча күтмөк болуп калышты. Гүлина боздоп ыйлап жатты. Тууган-уругу келип, кадыр-барк менен жерге беришти.Турсундун тагдыры ойлогон оюнан да ашып түшүп, эки тизгин, бир чылбыр колуна тийди. Заңгыраган үйдө жашайт, чоң килейген фирма колунда. Алдында машинасы бар. Инисин жанына алып, окутуп койду. Акырындык менен бир жерден орун алып, эч кимге билгизбей үй салдырууга киришти. Гүлина эчтеке менен иши жок, фирмага барууну ойлоп койбойт, күндө салонго барып жасанып-түзөнүп, кечинде күйөөсүнө эркелегенди гана билет.- Кызым, — деди бир күнү Света, — күйөөңдүн ишине бир карап койсоң болот эле, эмне кылып жатат?- Ой, апа, мен Турсунга ишенем.- Ишенгениң го дурус, бирок көз салбасаң болбойт.- Койчу, апа, эмнесине көз салам, баары ойдогудай, — деп өз бөлмөсүнө кирип кетти. Миллиондогон сумманын тегерегинде продукция чыгарчу фирма акырындап банкротко учурап баратты. Эки жылдын ичинде Турсун үйүн салып бүтүп, башка аял алмак болду. Анын шылтоосу Гүлинанын боюна болбогону болду. Бирок эч кимге билгизбей бир кыз менен тымызын сүйлөшүп жүрдү. Ошол күнү ал кызды үйүнө жеткирип коюп, кеч келди.- Жа-аным, эмнеге кечиктиң? — деп Гүлина мойнуна асылды.- Иш көп, жаным, иш көп, атам фирманын иши артка кеткенин байкап, сары санаадан кан басымы көтөрүлүп кеткен тура.- Эмне, артка кетип жатабы?- Банкрот болуу алдында турабыз, көп иштеш керек, — деп колуктусун кучактап өөп, — Бир аз чыдасаң кайра ордуна алып келем, ошонун айынан күндөп-түндөп иштеп жатам, — деди сыр билгизбей.- Менин жардамым керек эмеспи?- Жо-ок, өзүм жетишем, — деп кайненеси даярдаган чайдан ичип, курсакты тойгузгандан кийин өз бөлмөлөрүнө келишти. — Жаным, качанкыга апам эле тамак жасап берип турат бизге, сен жасабайсыңбы? — Мен жасай албайм.- Үйрөнүшүң керек, кокус өзүбүзчө жашасак кантесиң?- Үй кызматчы алабыз.- Кандайча, толгон бүлөбүз болбосо, экөөбүз үчүн бир кызматчы жалдап кереги эмне?- Өзүм үчүн жалдайм, атам мени эч качан казан кармабайсың деген, мен эч качан тамак жасабайм.- Макул-макул, жаным, качан балалуу болобуз?- Мен жыйырмага эми чыгам, эми эле балалуу болуунун эмне кереги бар, эмитен бала багып…- Мейли, жаным, жапжаш, супсулуу болуп жүрө бер, балалуу болууга жетишебиз, — деп кучакташа спальныйга жата кетишти. Гүлина ага эркелөө менен гана алек. Света күйөө баласынан күмөнсүп, бир күнү фирмага барсамбы деп ойлоду, бирок уялды. «Турсун эмне дейт, кокус көрүп калса эмнеге келдиңиз десе эмне дейм, балким жакшы эле болуп жаткандыр» , — деп кала берди. Ал күнү кечинде:- Балам, иштериң кандай? — деди акырын.- Жакшы, апа.- Эсеп-чотун берсең боло, эки жылдан бери бир дагы жолу эсеп бербедиң, кайда кетип жатат, банкка да акча салына элек.- Эртең эсептешейин, апа, бир аз кетенчиктеп кеткен экен, эми буйруса жакшы, — деп Турсун тайсалдай түшкөндө Света баарын түшүндү.Көздөрүнөн бир шойкомду сезип:- Турсун, эртең фирманын жетекчилигин Гүлинага өткөрүп бер. Мен өзүм баш-көз болбосом болчудай эмес, — деди акырын.- Апа, негизи эле фирма банкрот болуп калган экен, мен бир аз жылдырып койдум, бул бойдон сиз жүргүзө аласызбы?- Мен баарын билем, балам, фирма банкрот болгон эмес, атаң мага канча акча айланаарын айткан, ай сайын банкка акча салчубуз. Сен жакшы жөндөй албай жаткандырсың? — Жо-ок, апа, баары жайында, — деп Турсун кызарып-татарып кетти.Гүлина: — Апа, эмне эле болуп жатасыз, Турсун эле иштей берсин, — деп чоюлуп туруп кетти.- Ай кызым ай, сенин айыңдан атаң өлдү, эми мени өлтүрүп алсаң талаада калаар бекенсиң?- Апа, кантип эле мен Гүлүнү таштап койойун?- Андай дегеним жок, байкабаган уу ичет болбосун дейм да, балам, фирманын иши жакшы болсо өзүңөр үчүн.- Макул, апа, эртең Гүлинага өткөрүп берем, сиз барбай эле коюңуз, экөөлөп иштейли анда, жүрү десем эле өзү барбайт, — деген Турсун ордунан туруп, сыртка чыгып туталанып жатты. «Келесоо кызы фирманын ишин билип коймок беле? Шашпагыла, мен эми силерди так сызга отургузам» , — деп чылым чегип, көпкө басып жүрдү. Анын жоголуп кеткенинен улам Гүлина эшикке чыкты.- Турсун, кайда жүрөсүң?- Эмне болду?- Кирбейсиңби? — Азыр, — деп чылымдын бөчөгүн ары ыргытып, үйгө кирип, аялынын жанына отурган соң: — Апам мага ишенбей жүрөт окшойт, — деди үнү кекээрлүү.- Эмнеге, жөн эле айтып жатат, койчу ээ аны, өзүм сага ишенип баарын берип жатам го? — деп асыла кетти. — Жатчы, апам айта берет.- Азыр, жаным, мен чарчадым, нерв чарчап калат экен.- Турсун, кел фирманы башка бирөөгө өткөрүп берип, эсептешип эле турабыз?- Эмнеге? — Турсун чочуп кетти, кызыл-жашыл акчалардын башка бирөөн
